Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Толук эмес үй-бүлөлөрдүн саны өсүүдө

Толук эмес үй-бүлөлөрдүн саны өсүүдө

Толук эмес үй-бүлөлөрдүн саны өсүүдө

«„Эртең эмне кылышты билбейм“ — деп Кудайга тиленип, көз жашымды төккөн нечен түндөрүм болгон» (Глория, үч балалуу жалгыз бой эне).

АЗЫР толук эмес үй-бүлөлөр коомдун ажыратылгыс бөлүгүнө айланды *. Күйөөсү менен аялынан жана балдарынан турган кадимки үй-бүлөлөр башкача үй-бүлөлөр менен алмашылып жаткандыктан, дүйнө жүзүндөгү демографтар менен социологдор мындай көрүнүштүн эмне себептен күч алып баратканына жооп издешүүдө.

Социология илиминин профессорлору Саймон Дункан менен Розалинд Эдвардс «коомдо үй-бүлө курамынын жана аял менен эркектин ортосундагы мамилелердин эчактан бери өзгөрүп келатканын» белгилешет. Мындай жагдай эмнеден улам келип чыккан? Байкоо жүргүзгөндөрдүн айрымдары анын себеби азыркы экономикалык, маданий жана социалдык өзгөрүүлөр тынымсыз жүрүп жаткан шарттарда жашоолорун кантип өткөрүштү адамдар өз билгениндей чечишкендигинде деп эсептешет.

Ошол өзгөрүүлөрдүн жана адамдардын өз билгениндей чыгарган чечимдеринин айрымдарын карап көрөлү. Баарыдан мурда, көптөрдү запкы чектирген — жашоонун түйшүк-мүшкүлдөрү. Адамдар таң эртеден каш карайгыча жашоонун кыстоолору менен алпурушушат. Мурун үй-бүлө менен чогуу өткөргөн убакыт бүгүн жол же Интернет, сыналгы, телефон сыяктуу башка нерселерге сарпталат.

Экономикалык көйгөйлөрдүн да кысымы бир топ. Учурдагы тиричилик ыңгайлуулуктары үчүн акча төлөш керек, ошондуктан көптөгөн үй-бүлөлөрдө ата-эненин экөө тең иштөөгө аргасыз болушат. Азыркы коомдо жумушуңду, жашаган жериңди которуп кетүү салыштырмалуу оңой болгондуктан, туугандарынан жана жакындарынан, ал түгүл жубайларынан алыс жакта жашап, иштеп жатышкандар аз эмес. Көптөгөн өлкөлөрдө кеңири колдоого алынган азыркы көз караштардын таасири менен адамга туруктуулук сезимин туюнткан үй-бүлө, нике өңдүү түзүлүштөрдүн жоюлушу күчөп барат *.

Жалгыз бой эненин жаңы бейнеси

Бүгүнкү күндө жалгыз бой эненин бейнеси мурункудай мамлекет бөлгөн жөлөкпулга жашаган, күйөөсү жок жаш келинди элестетпейт. Күйөөсүз эне болуу мурдагыдай уят деп эсептелмек турсун, «жылдыздар» менен атактуу адамдар тарабынан мактоого татырлык иштей көрсөтүлөт. Анын үстүнө, өткөн маалдарга салыштырмалуу, аялдардын көбү билимдүү, өзүлөрүн камсыз кылууга жөндөмдүү болушкандыктан, балдарды каражат менен камсыздоо үчүн никелешүү мурункудай зарыл көрүлбөйт.

Айрым жалгыз бой энелер, өзгөчө, бала чагында ата-энелери ажырашып кеткендер, балдарынын атасынын үй-бүлөсүн таштап кеткенин көрүп кыйналышын каалашпагандыктан, турмушка чыкпоону чечишет. Өз ыктыяры менен эмес, күйөөлөрү таштап кеткендиктен жалгыз бой калган аялдар да көп. Жозеф Раунтринин наамындагы британ фондунун адистеринин айтуусунда, «адатта, адам өзү каалап же өзүмчүлдүгү үчүн жалгыз бой калбайт, ошондой эле ата-энесинин бири гана багып жаткан балдарга жетиштүү көңүл бурулбай, тарбиясыз калат деген негизсиз».

Анткен менен толук эмес үй-бүлөлөрдүн санынын өсүшү тынчсыздандырбай койбойт, себеби алар өзүлөрү, алардын балдары эмоциялык, экономикалык, социалдык кыйынчылыктарга кабылышууда. Айрымдар андай үй-бүлөлөрдө балдарга тийиштүү тарбия берүүгө мүмкүн эмес деген көз карашта. Жалгыз бой ата-энелер кандай кыйынчылыктарды баштан өткөрүшөт? Кудайдын жолунда жүргөн жалгыз бой энелер менен аталар балдарын канткенде ийгиликтүү тарбиялай алышат?

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Социологдор жалгыз бой энелердин саны «жалгыз бой аталардын санына караганда бир кыйла жогору экенин» белгилешет. Ошондуктан бул макалаларда көбүнчө ошондой энелер тууралуу айтылды, бирок талкууланган принциптер жалгыз бой аталарга да тийиштүү.

^ 6-абз. Эне болуунун кыйынчылыктары «Ойгонгула!» журналынын 2002-жылдын 8-апрелиндеги санында «Эне болуу үчүн өзгөчө жөндөмдүүлүктөр талап кылынабы?» (ор.) деп аталган катар макалаларда көбүрөөк каралат.

[4-беттеги кутуча]

Айрым аныктамалар

Балдарын жалгыз тарбиялап жаткан энелерге карата ар өлкөдө ар кандай терминдер колдонулат. Жалпы жонунан, «жалгыз бой эне» деген аныктама турмушка чыкпаган же ар кандай себептер боюнча балдарын эркектин жардамысыз тарбиялап аткан энелерге карата айтылат. Андай энелер, мисалы, жесир калгандар, ажырашып кеткендер, күйөөсүнөн бөлөк жашагандар же турмушка чыкпагандар болушу мүмкүн.

Ушул катар макалаларда «жалгыз бой» деген термин балдарын жубайы жок багып жаткан аталарга да, энелерге да колдонулду.

[5-беттеги кутуча]

Толук эмес үй-бүлөлөр — кеңири таралган көрүнүш

Кошмо Штаттар: «1970—2000-жылдарда жалгыз бой энелердин саны — 3 миллиондон 10 миллионго, жалгыз бой аталардын саны 393 миңден 2 миллионго жетти» (Кошмо Штаттарынын эл каттоо боюнча билдирүүсүнөн).

Мексика: «Хорнада» гезитинде билдирилгендей, өлкөдөгү боюнда барлардын жалпы санынын 27 пайызын өспүрүм кыздар түзөт.

Ирландия: толук эмес үй-бүлөлөрдүн саны 1981-жылы 5,7 пайыз болсо, 1991-жылы 7,9 пайызга жетти. «Үй-бүлөлөрдүн бузулушу — жалгыз бой энелердин пайда болушунун башкы себеби» («Single Mothers in an International Context», 1997-жыл).

Улуу Британия: «Толук эмес үй-бүлөлөрдүн саны биринчи жолу 25 пайыздан жогору көтөрүлдү. Бул турмушка чыкпаган энелердин жана ажырашуулардын санынын акыркы 30 жыл ичинде абдан жогорулаганын көрсөтөт» («Таймс», Лондон, 2-март, 2000-жыл).

Франция: «1970-жылдардын аягынан тартып толук эмес үй-бүлөлөрдүн саны 50 пайыздан жогору көтөрүлдү» («Single Mothers in an International Context», 1997-жыл).

Германия: «Акыркы 20 жыл аралыгында жалгыз бой ата-энелердин саны эки эсеге көбөйдү. Толук эмес үй-бүлөлөрдүн дээрлик баарында... энелер башчылык кылат» («Single Mothers in an International Context», 1997-жыл).

Япония: «1970-жылдардан бери жалгыз бой энелердин саны өсүп баратат». 1997-жылы үй-бүлөлөрдүн жалпы санынын 17 пайызын жалгыз бой энелер башкарган үй-бүлөлөр түзгөн («Single Mothers in an International Context», 1997-жыл; «The World’s Women 2000: Trends and Statistics»).

Греция: «[Грециядагы] күйөөсүз энелердин саны 1980-жылдан бери 29,8 пайызга көбөйдү. Европа союзунун билдирүүсү боюнча, никесиз төрөлгөн балдардын саны 1980-жылы 1,1 пайыз гана болсо, 1997-жылы 3,3 пайызга жеткен» («Неа» гезити, Афины, 4-сентябрь, 1998-жыл).

Австралия: үй-бүлөлөрдүн бузулушунун, ата-энелердин өз ара мамилесинин начарлашынын натыйжасында орто эсеп менен ар бир төртүнчү бала ата-энесинин бири менен гана жашайт. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, жакынкы 25 жыл аралыгында толук эмес үй-бүлөлөрдүн саны 30—66 пайызга көбөйөт (Australian Bureau of Statistics).