Толук эмес үй-бүлөлөр жана алардын кыйынчылыктары
Толук эмес үй-бүлөлөр жана алардын кыйынчылыктары
«Ар кандай ой-сезимдер менен күрөшүүгө туура келет. Кээде ваннага кирип түнү бою ыйлап чыгам. Аябай кыйналам» (Жанет, үч балалуу жалгыз бой эне).
ТОЛУК ЭМЕС үй-бүлөлөрдүн пайда болушунун ар кандай себептери бар. Мисалы, кээде согуш, табигый кырсык же оору жубайлардын биринин өмүрүн алып кетет.
Ортосунда балдары болсо да, никеге тургусу келбегендер болот. Айталы, Швецияда балдардын дээрлик жарымы никесиздерден төрөлгөн. Ажырашуунун айынан жалгыз бой калгандар да көп. Айрым изилдөөлөр боюнча, Америкадагы балдардын 50 пайызынан ашууну балалыгынын канча бир убагын толук эмес үй-бүлөдө өткөрүшөт.
Кыйынчылыктар болорун түшүнүү
Жесир калган энелерге айрыкча оор. Бир жактан, жарынан айрылып кабыргасы кайышып жатса, экинчи жактан, мойнуна үй-бүлөсүнө кам көрүү милдети жүктөлөт. Андай жаңы жагдайга көнүш үчүн айлар эмес, жылдар талап кылынышы мүмкүн. Каражат жагы кыстайт, балдарын да сооротуш керек. Бул кошумча жоопкерчиликтердин баарын аткарууга жетишүү жесир эне үчүн кайдан оңой болсун. Андыктан эне-атанын жардамына, жөлөк-таякка өзгөчө муктаж болуп турган кезинде балага тийиштүү көңүл бурулбай калышы мүмкүн.
Өз баласынын атасы менен баш кошпогон жалгыз бой энелер, адатта, жаш, ары тажрыйбасыз да болушат. Кээде алар окуп жаткан окуусун аягына чыгарбай калышат. Натыйжада, кесиби жок болгондуктан, көбүнчө маянасы аз жумушта иштеп, жарды турушат. Ал эми туугандары, айталы, эне-атасы жардам бербесе, балдарды күндүзү карап турган киши табыш керек — бул да өзүнчө машакат. Күйөөсү жок эне өзүн жалгыз сезгендиктен, уялгандыктан жан кыжаалат болот. Айрымдар баламдан чыга албай жүрүп, теңимди таппай каламбы деп коркушат. Андай үй-бүлөдө тарбияланган балдарды эс тарткан сайын жоопсуз калган суроолору тынчсыздандыра баштайт, мисалы, атасы же энеси жок болсо, анын ким экенин билгилери келишет.
Ажырашып кеткендер да кыйналышат. Бирлер заарданышса, башкалары өзүн киши катарынан чыккандай, жерилгендей сезишкендиктен, балдарына эмоциалык жактан жөлөк-таяк боло алышпашы мүмкүн. Биринчи жолу жумушка орношууга туура келген энелерге үй-бүлөсү үчүн кам көрүү жоопкерчилигин толук көтөрүү, чынында, жеңил эмес. Андыктан ата-энесинин ажырашканынан улам чоң өзгөрүүлөргө көнүүгө аргасыз болуп жаткан балдарынын учурдагы муктаждыктарын канааттандырууга анын убактысы да, кудурети да жетпечүдөй сезилиши мүмкүн.
Ажырашкандардын
кыйынчылыктарыАр баланын муктаждык-керектөөлөрү ар башка болорун, алардын ой-сезимдери өзгөрүп турарын жалгыз бой эне болобу, ата болобу, түшүнөт. Ажырашкан ата-эне үчүн, өзгөчө, балдарына рухий тарбия берүү оңой эмес болушу мүмкүн.
Айрым ажырашкан ата же энеге балдарынын комкорчусу болуу укугу берилген эмес. Андайлар Жахабанын Күбөлөрүнүн арасында да бар. Алар балдары менен жолугушар убактысын жыйналышка чогуу барууга ыңгайлуу боло турган убакка ылайыктоого аракеттенишет. Ошондо ата-энесинин ажырашуусунан улам кыйналып жаткан бала жыйналыш менен үзгүлтүксүз байланышып, чоң сооронуч алат.
Ал эми балдары менен бат-баттан жолугуп тура албаган ата-энелер бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, аларды жакшы көрөрүнө ишендирүүгө аракеттениши зарыл. Ан үчүн алардын өзгөрүп турган эмоциялык муктаждыктарын түшүнө билүү керек. Бул, айрыкча, балдар өспүрүм куракка жетип коомдук жашоо-турмушка, дос тандоо суроолоруна кызыга баштаган маалда маанилүү.
Камкор ата же эне баланын алынын чектелүү экенин, кулк-мүнөзүн жана ой жүгүртүүсүн түшүнө билет (Башталыш 33:13). Андан сырткары, баласы экөө бири-бирине ынак болушкандыктан, каалаган учурунда ачык, чын көңүлдөн, кысынбай-тартынбай пикир алышат. Эне менен бала же ата менен бала бири-биринин жашоосунда маанилүү орун ээлешет.
Эстүүлүк керек
Ата-энеси ажырашкандан кийин деле баланын экөө менен тең байланышып турушу абзел. Бирок эне-атанын бири — Жахабанын Күбөсү, башкасы Күбө эмес болсочу? Андайда байма-бай, ачык пикир алышуу менен куру чыр-чатактардан сактанууга болот. Элчи Пабыл: «Момундугуңар [«эстүүлүгүңөр», Филипстин англисче котормосу] бардык адамдарга маалым болсун»,— деп жазган (Филипиликтерге 4:5). Балдарга атасы да, энеси да жекече диний көз карашка ээ болууга укуктуу экенин түшүндүрүш, үйрөтүш керек.
Эгерде баланын Жахабанын Күбөсү эмес атасы же энеси өз дининин жолугушууларына катышууну талап кылса, Күбө атасы же энеси эмне кылыш керек? Ал да өз ишеними тууралуу баласына айтып бере берсе болот, ал эми бала чоңойгондо, Тиметейге окшоп, эмнеге ишеништи өзү чечет. Тиметейге кичинесинде ыйык китептик принциптерди апасы менен таенеси үйрөтүшкөн көрүнөт (2 Тиметей 3:14, 15). Эгерде бала башка диний жолугушууларга барганда өзүн оңтойсуз сезип жатса, ага Ыйык Китептеги бир каарманды — Нааманды — эстөө жардам береттир. Ал чыныгы Кудайга ишенгенинен кийин деле төрөсү Римон үйүнө сыйынганы барганда, өз милдетин аткарып, аны жандап барчу. Бул окуя баланы, өзүнө өөн көрүнгөн диний жолугушууларга барууга туура келип жатса да, Жахабанын аны жакшы көрөрүнө жана түшүнөрүнө ынандырат (2 Падышалар 5:17—19).
Жакшы ата же эне баласынынбы, балдарынынбы, ой жүгүртүүсүн калыптандыра, алардын сезимдерин түшүнө алат (Мыйзам 6:7). Балким, эч качан үйлөнүп же турмушка чыкпаган ата же энелер өзүлөрүнүн мурунку жашоосунан уялып жүрүшкөндүр. Ошентсе да алар баласынын атасы да, энеси да бар экенин түшүнүүгө тийиш. Балдар экөө менен тең көрүшкүсү келет. Алар өзүлөрүнүн кокустуктун айынан эмес, эне-атасы каалашкандыктан пайда болгонун, андыктан өзүлөрүнүн сүймөнчүк экенин сезүүнү каалашат. Аны менен жашаган атасы же энеси алар менен чогуу жашабаган энеси же атасы тууралуу бейсый сүйлөбөөгө, баланын берген суроолоруна жашына жараша түшүнө алгыдай кылып жооп берүүгө, анын ошол маалда билиши керек болгон гана нерселерди айтып берүүгө аракеттенет. Ошондо ал баласын жакшы көрөрүнө ишендире алат.
Ата-эне баланын сүйүү, кадыр-барк жана башчылыкты урматтоо жөнүндөгү алгачкы түшүнүктөрү биринчи кезекте алар менен болгон мамилесинен калыптанарын билүүгө тийиш. Сүйүү менен башчылык кылып, ата же эне баласына Жахаба менен тыгыз мамиле өрчүтүүгө жана жыйналыштагы тартипти урматтай билүүгө үйрөтө алат (Башталыш 18:19).
Балдардын кызматташтыгы
Толук эмес үй-бүлөдө тарбияланып жаткан балдар үй-бүлөнүн жыргалчылыгы алардан да көз каранды экенин эстеринен чыгарбоого тийиш (Эфестиктерге 6:1—3). Тил алуу менен алар ата-энелерин жакшы көрөрүн жана алардын үйдөгүлөрдүн бактылуу, кубанычтуу болушсун деп жасап жаткан мээнеттерин баалаарын көрсөтүшөт. Пикир алышуу эки тараптын катышуусун талап кылат. Андыктан толук эмес үй-бүлөлөрдөгү балдар атасы же энеси жайдары маанай менен пикир алышууга аракеттенип жатса, аны даярдуулук менен колдогону туура (Накыл сөздөр 1:8; 4:1—4).
Көбүнчө андай балдар атасы да, энеси да бар үй-бүлөдөгү балдарга караганда жоопкерчилик көтөрүүгө эрте бел байлашат. Эне же ата уулуна же кызына сүйүү, чыдамкайлык менен тарбия берип, керектүү иштерди аткарууну үйрөтүп, өзүн-өзү сыйлоо сезимине ээ болууга жана өзүн ишенимдүү сезүүгө жардам берет. Аларга үй ичин иретте кармоо үчүн, кандайдыр бир иштерди да тапшырып коюуга болот.
Бирок жалгыз бой ата-эненин көздөгөнү баланы эч кимге көз каранды болбогон кичинекей «чоң киши» кылып тарбиялоо эмес. Албетте, баланы кароосуз калтыруу, өзүн-өзү билип иш кыла беришине жол берүү — чоң ката.
Өзүлөрүн балдары менен теңтуштарча алып жүрүшү керек деген жаңылыш көз карашта болгон аталар же энелер бар. Ырас, балдар менен ишеничтүү мамиледе болгон жакшы. Ошентсе да аларга ата-эне керек: алардын ой-сезимдери али силердин бөлүшкөн санаа-сырларыңарды көтөрө алган теңтушуңар болгудай деңгээлде жетиле элек. Балдар силердин өзүңөрдү ата-энедей алып жүрүшүңөргө муктаж.
Жалгыз бой ата-энелер менен балдары, үй-бүлөсү бак-таалайлуу болуш үчүн, чогуу-чараан аракет кыла алышат. Толук эмес үй-бүлөлөр улам көбөйүп бараткандыктан, алардын кандай кыйынчылыктарга кабылышарын түшүнүп, аларга даярдуулук, сүйүү менен жардам көрсөтө билүүгө тийишпиз.
[9-беттеги кутуча]
Балдар жапа чегишет
Атасы да, энеси да бар балдарга караганда, атасы же энеси жалгыз багып жаткан балдардын ар бирине жекече аз гана убакыт бөлүнүшү мүмкүн. Кээде жалгыз бой эне же ата өзү менен никеде турбаган адам менен жашайт. Бирок, андай мамилелер никедеги мамилелерге салыштырмалуу туруксуз келет. Мындай чөйрөдө тарбияланып жаткан балдар кээде үйүнө улам бир адамдын келип-кетип жатканын көрүп чоңоюшат.
Айрым изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, «көбүнесе ата-энесинин экөө тең бар балдарга караганда, ата-энесинин бири жок балдар адептик жана эмоциялык жактан төмөн жашоо өткөрүүгө аргасыз болушат». Бирок маалыматтарды кылдат аныктай келгенде, «ар башка шарттарда өскөн балдардын бири-биринен эмне үчүн айырмаланарын түшүндүргөн эң негизги себеп» каражаттын тартыштыгы экени көрүнөт. Бул, албетте, толук эмес үй-бүлөдө чоңойгон балдардын келечеги жок дегендик эмес. Эгер туура жетекчилик менен тийиштүү тарбия берилсе, алар бардык кыйынчылыктар менен татаал жагдайларды жеңип өтүп, ийгиликке жете алышат.