Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эми максатым согушту жактоо эмес, тынчтыкты кабарлоо

Эми максатым согушту жактоо эмес, тынчтыкты кабарлоо

Өмүр баян

Эми максатым согушту жактоо эмес, тынчтыкты кабарлоо

АЙТЫП БЕРГЕН — ТОСИАКИ НИВА

Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Американын кораблдеринечабуул коюуга даярданып жаткан япон учкуч-камикадзеситапшырмасын аткарар алдында эмнелер болгонун айтып берет.

ЯПОН аскерлеринин Мидуэй атоллунда кыйратылышы менен Япониянын Тынч океандагы аралдарына жасаган баскынчылыгы токтотулду. Ошондон тартып Япония Америка аскерлери жана алардын союздаштары менен жүргүзгөн салгылашуусунда улам жеңилип, басып алган аймактарынан ажырап жатты.

Бир миң тогуз жүз кырк үчүнчү жылдын сентябрында Япон бийлиги мурун аскер кызматынан бошоткон студенттерди кайра аскерге чакыра баштады. Андыктан декабрь айында мен да университеттен флотко жөнөтүлдүм. Анда 20дагы кезим. Бир айдан кийин деңиз авиациясынын учкучуна окутуп-үйрөтүлө баштадым. Ошентип, 1944-жылы декабрда «Зеро» истребителинин учкучунун окуусун бүтүрдүм.

Камикадзелердин Атайы чабуул бирикмеси

Япония жеңилер алдында турган. 1945-жылдын февралынан тартып өлкөгө Б-29 бомбалагыч самолётторунун чабуулу күчөдү. Ошол эле учурда, Американын экспедициялык корпусу, ири согуштук бирикмеси, жакын кирип келгендиктен, Япония согуштук кемелерге конгон бомбалагыч самолёттор аркылуу чабуулга ала баштады.

Мындан бир нече ай мурун Япония акыркы ыкмасын колдонуп өлүмгө баш байлаган учкучтар катышуучу согуш операциясын жүргүзүүнү чечкен эле. Ал кезде Япониянын жеңе албасы айдан ачык түшүнүктүү болуп калган. Бирок алиги чечим согуштун аякташын дагы созо түшүп, албетте, миңдеген адамдардын өмүрүн кыйып кетти.

Ошентип, Атайы чабуул бирикмеси, камикадзелер тобу, түзүлгөн. Бул бирикменин аталышы, бир уламыш боюнча, XIII кылымда монгол баскынчыларынын кемелерин деңизге чөктүрүп кеткен «кудайлардын бороонунун» — тайфундун, наамына аталган. Биринчи чабуулга ар бирине 250 килограммдык бомба жүктөлгөн беш «Зеро» истребители даярдалды. Андагы жан кечти учкучтар душмандын кемелери менен кагылышмак.

Деңиз авиациясынын мен кызмат өтөп жаткан Ятабе корпусуна ошондой учкучтардын атайы эскадрильясы түзүлсүн деген буйрук келип түшкөндө, баарыбызга анкета таратылып берилди. Ага ар бирибиз камикадзелердин катарына өтүүгө даяр же даяр эмес экенибизди көрсөтүшүбүз керек эле.

Мен ата журтум үчүн өмүрүмдү берүүнү парызым деп эсептечүмүн. Бирок өмүрдөн кечип, душманга каршы аттанганда, көздөгөн жериме жетпей деле өлүп калсамчы, анда ал тирилик менен бейпайда кош айтышканым да. Жашоодон үй-бүлөмдүн алдындагы милдетимди аткарбай өтүп кетсем, энем ыраазы болобу? Ушундай ойлор менен далай алпуруштум. Өзүмдү өмүрүмдү жан кечти учкуч болуудан өтөрлүк жакшы максатка арнай албасыма ишендириш үчүн, канча кыйналдым. Ошентип, акыры, ыктыярдуу учкучтардын катарына кошулдум.

Бир миң тогуз жүз кырк бешинчи жылдын мартында Ятабе атайы чабуул бирикмесинин биринчи эскадрильясы түзүлдү. Ага жолдошторуман жыйырма тогузу алынып, мен алынган жокмун. Атайы даярдоодон өтүшкөн соң, алар апрелде Кагосима префектурасындагы Каноедеги аба базасынан согуш тапшырмасы боюнча учуп чыгышмак да, курман болушмак. Аларга Каноеге жөнөөр алдында кезигип, өлүмгө баратканда кандай сезимде болуп жатышканын билгим келди.

«Биз өлүшүбүз керек,— деди ошондо алардын бири оор басырыктуу гана.— Бирок сен өлүүгө шашпа. Эгер арабыздан бирибиз аман калсак, башкаларга тынчтыкты баалап, аны коргоштун канчалык маанилүү экенин айтып беришибиз зарыл».

Ошол жылдын 14-апрелинде жолдошторум тапшырма алып учуп кетишти. Бир нече сааттан кийин баарыбыз операциянын кандай натыйжа менен бүткөнүн үналгыдан уктук. «Камикадзелердин Биринчи атайы чабуул бирикмеси Кикай аралынын чыгыш тарабындагы душмандын деңиз экспедициялык корпусуна чабуул жасады... — деди андагы диктор.— Салгылашта баары курман болушту».

«Ока» — киши-бомба

Эки айдан кийин Коноикедеги деңиз авиациясынын корпусуна которулуп, «Дзинрэй» (мааниси — «кудайлардын чагылганы») атайы чабуул эскадрильясына алындым. Ал эскадрилья кургакка конуучу «штурмовик» деп аталган самолёттордон, жандооч истребителдерден жана кемеге конуучу бомбалагыч самолёттордон турчу.

Ар бир эки кыймылдаткычтуу штурмовиктердин бортунда жанынан кечүүгө даяр болгон жаш учкучтарды символдоштурган «Ока» (мааниси — «чие гүлү») жайгаштырылган. «Ока» бир учкучка чакталган, канаттарынын узундугу 5 метр келген 440 килограммдык реактивдүү кыймылдаткычтуу планёр болчу. Анын башкы бөлүгүндө 1 тоннага жакын жарылма зат жайгаштырылган.

«Штурмовик» самолёт болжогон бутасына жакындап келгенде, учкуч андан бөлүнүп чыгуучу «Окага» олтурмак. Өзүндөгү ар бири 10 секунддан иштеген үч реактивдүү кыймылдаткычтардын жардамы менен «Ока» бир аз учуп барып, бутасы менен кагылышмак. Ошон үчүн ал «киши-бомба» деп да аталып калган. Учуп чыктыбы — бүттү: артка кайрылуу деген жок.

«Оканын» учкучтарынан окуу маалында «Зеро» истребителине олтуруп, 6 000 метрлик бийиктиктен болжолдуу бутага типтик ылдый түшүп келүү талап кылынчу. Ошол талапты аткарып жатып учкучтардын курман болгонун бир нече жолу көргөм.

Чабуул эскадрильясына которула элегимде, биринчи топ тапшырма менен учуп чыккан. Ал топ «Окалуу» 18 истребителден жана аларды жандаган 19 жандооч истребителден турган. «Окалуу» истребителдер оор болгондуктан, жайыраак учушчу. Алардын бири да болжогон жерине жеткен жок: баарын тең, жандаган истребителдери менен кошо, Американын истребителдери атып түшүрдү.

«Дзинрэй» эскадрильясынын жандооч истребителдери калбай калгандыктан, кийинки чабуулдарга аларсыз чыгууга туура келди. Ошондон кийин тапшырма боюнча учуп кеткендердин бири да кайтып келген жок. Баары тең Окинава аралы үчүн жүргүзүлгөн согушта курман болушту.

Согуштун акыркы күндөрү

Ошол эле жылдын августунда Оцудагы деңиз авиациясынын корпусуна которулдум. Анын базасы Киото шаарына жакын жердеги Хиэдзан тоосунун этегинен орун алган эле. АКШнын аскерлери Япониянын эң ири аралына кол салат деп күтүлүп жаткандыктан, ошол тоодон жан кечти учкучтар башкарган «Ока» бомбалары Америка кемелерине чабуул коёт деп пландаштырылган. Тоонун чокусунда самолёттор конуучу аянтча курулган.

Биз «учуп чыккыла» деген буйрукту күтүп жаттык. Бирок аны ошо бойдон укканыбыз жок. Хиросима менен Нагасакиге алтынчы жана тогузунчу августта атом бомбалары ташталгандан кийин, 15-августта, Япония АКШ менен анын союздаштарына эч каршылыксыз багынып берди. Ошону менен согуш басылды. Бактыма жараша, мен тирүү калдым.

Августтун аягында өз шаарым Иокогамага кайтып бардым. Келсем — үйүбүз Б-29 бомбалоочу самолётторунун чабуулунан улам жер менен жексен болуптур. Туугандарым кайгырып-капаланып жатышкан экен. Эжем менен жээним өрттөн каза табышыптыр. Бирок биз, жок дегенде, инимдин согуштан аман кайтканына сүйүнүп аттык.

Шаар урандыга айланган. Бир сындырым нан көздөн учат. Ошого карабастан, мен окуумду улантууга белсендим. Бир жылдан кийин бүтүрүп, жумушка орноштум. 1953-жылы Мичикого үйлөнүп, экөөбүз эки уулдуу болдук.

Тынчтык үчүн кадам жасоо

Бир миң тогуз жүз жетимиш төртүнчү жылы Мичико Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китеп изилдеп калды. Көп өтпөй ал алардын жыйналыштарына барып, алар менен бирге кабар тарата баштады. Мен анын бат-баттан үйдө жок болуп жатканын жактырчу эмесмин. Ал болсо аткарып аткан иши менен чыныгы тынчтыкка жана бак-таалайга салым кошорун түшүндүрүүгө аракеттенчү. Антсе, ичимен чынында эле ошондой болуп жүрбөсүн, андай экен, каршылык көрсөткөндүн ордуна, жардам бербеймби деп ойлоп калчумун.

Ошол арада фирмама кароолчу кылып жаш Жахабанын Күбөлөрүн алгам. Мен ал балдар менен уюму, аткарган кызматтары тууралуу сурап сүйлөшүп көрдүм. Таң калганым, алар өз курактуу жаштардан айырмаланып, көздөгөн максаттары бар, өзүмчүлдүгү жок балдар экен. Бирок Ыйык Китептин жардамы менен ошондой болушуптур. Алар Күбөлөрдүн ар башка өлкөлөрдө жашашса да, арасында расалык араздашуу-кысымдар болбосун, кайра, Ыйык Китеп талап кылгандай, Кудайды жана жакындарын сүйүүгө аракеттенишерин түшүндүрүп беришти (Матай 22:36—40). Ишенимдештерине улутуна карабастан бир туугандарындай мамиле кылышат экен (Жакан 13:35; 1 Петир 2:17).

Ичимен: «Өзүлөрүнө чаң жугузгусу келишпейт көрүнөт,— деп ойлодум.— Канчалаган диндер бири-бири менен араздашып келатышат. Жахабанын Күбөлөрү антпей эмне болушуптур?»

Мен аларга ошол күмөн ойлорумду айттым. Алар болсо Германияда нацизм учурунда Жахабанын Күбөлөрү бейтараптуулугун сакташкандыгы үчүн камакка алынып, ал гана эмес, өлүм жазасына тартылышканы баяндалган «Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китебин» көрсөтүштү. Чынын айтсам, Күбөлөрдүн Кудайдын чыныгы кызматчылары экенине мени ошо ишендирди.

Бир миң тогуз жүз жетимиш бешинчи жылдын декабрында аялым өзүн Кудайга арнаганын көрсөтүп, сууга чөмүлтүлүп чыкты. Ошондо мага Ыйык Китепти изилдей баштоону сунуш кылышты. Бирок мен мойнумдагы милдеттеримди ойлоп, балдарымдын окуусуна, үй-жайдын тейлөөсүнө акча төлөшүм керек деп, макул боло алган жокмун. Жыйналыштагы үй-бүлөлүү эркектер иштеген жумушу үйүндөгүлөргө жана жыйналышка жетиштүү убакыт бөлүүгө тоскоолдук кылбашы үчүн аракеттенишчү. Ошон үчүн менден да ошону күтүп жүрүшпөсүн деп ойлодум. Бирок Кудайга кызмат кылуу менен жумушту кантип эриш-аркак алып жүрүүгө болорун түшүндүрүп беришкенде гана, Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп көрөйүн деген чечимге келдим.

Тынчтыктын Кудайына кызмат кылууну чечтим

Ыйык Китепти изилдегениме эки жыл болгондо, мени менен изилдөө жүргүзгөн Күбө өмүрүмдү Кудайга арнагым келер-келбесимди сурады. Бирок ал тууралуу өзүм деле ойлонуп жүргөнүм менен, андай кадам жасоого али даяр эмес болчумун.

Бир күнү жумуштан тепкич менен ылдый шашып түшүп баратып, чалынып жыгылып кетип, тепкичтин ташына дал кара кушум менен бир тийдим. Эсимен танып калган экенмин. Өзүмө келгенде, башымдын жарылып кетчүдөй ооруп атканын сездим. Тез жардам келип, бейтапканага алып барышты. Кежигем шишип чыкканы менен, каракушумда жарака жок экен, ички кан агуу да болбоптур.

Ошондо тирүү калганыма Жахабага ушунчалык ыраазы болдум. Жашоомду эми Жахаба Кудайдын эркин аткарууга арноону бекем чечип, 1977-жылы июлда 53 жашымда чөмүлдүрүлдүм. Улуу балам Ясуюки да Ыйык Китепти изилдеп, эки жылдан кийин чөмүлдүрүлдү.

Чөмүлдүрүлгөнүмөн 10 жыл чамалаш өткөндө жумуштан ардактуу эс алууга чыктым. Иштеп жүргөн маалымда болсо жумушум Кудай алдындагы милдеттеримди аткарууга тоскоолдук кылбашына кам көрчүмүн. Азыр Иокогамада аксакалмын, кызматыма көп убакыт арнап атам. Ясуюки жаныбыздагы жыйналыштын аксакалы, толук убакытта кызмат кылып жүрөт.

Жан кечти учкучтардын эскадрильясы менен согуш тапшырмасы боюнча курман болбостон аман калып, азыр «Падышачылык жөнүндөгү... Жакшы Кабарды» таратып жүрөм, бул — мен үчүн чоң артыкчылык (Матай 24:14). Кудайдын эли менен чогуу кызмат кылуудан өткөн бакыт жок деп шектенүүсүз айта алам (Забур 143:15). Жакында келер жаңы дүйнөдө эч качан согуш болбойт, себеби «бир эл бир элге кылыч көтөрбөйт... согушууга үйрөнбөйт» (Ышайа 2:4).

Курман болгон курдаштарыма, Кудай каалап тирилишсе, жолуксам дейм. Ошондо аларга Кудайдын асмандагы Падышалыгынын астындагы бейкут жердеги бейиште силер да жашап, бактылуу өмүр сүрө аласыңар деп ушундай бир айтып бергим келет! (Матай 6:9, 10; Элчилер 24:15; 1 Тиметейге 6:19).

[19-беттеги сүрөт]

Деңиз авиациясында кызмат өтөп жүргөн кезим.

«Ока» — киши-бомба.

[20-беттеги сүрөт]

Тапшырма боюнча кеткен жолдошторум менен. Менден (солдон экинчисимин) башкасынын баары курман болушту.

[21-беттеги сүрөт]

Аялым — Мичико жана улуу уулум Ясуюки менен.