Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өзүм теңдүүлөрдүн кысымына канткенде туруштук бере алам?

Өзүм теңдүүлөрдүн кысымына канткенде туруштук бере алам?

Жаштар сурайт:

Өзүм теңдүүлөрдүн кысымына канткенде туруштук бере алам?

«Өзүң менен теңдердин кысымын бардык жерден сезесиң» — (Жесси, 16 жаш).

«Мектептеги теңтуштарымдын кысымы мен үчүнэң кыйын сыноолордун бири болчу» — (Жонатан, 21 жаш).

Курбулардын кысымына көңүл бурбай коюу мүмкүн эмес. Ошентсе да сен ага каршы турмак турсун, андан пайда ала аласың. Канткенде?

Ыйык Китепте жакшы кеңеш берилет. «Акылдуу адам күчтүү болот»,— делген Накыл сөздөр 24:5те. Кандай акыл сени «күчтүү» кылып, теңтуштарыңдын кысымына туруштук берүүгө жардам берет? Бул суроого жооп алардан мурун, курбуларыңдын кысымына кандай учурда алдырып коюшуң мүмкүн экенин талкуулап көрөлү.

Ишенимдүүлүктүн жетишсиздиги кооптуу

Жахабанын Күбөлөрү болушкан өспүрүм кыздар менен балдарга теңтуштарынын кысымына туруштук берүү кээде оңой эместир. Анткени алар башкаларга өз ишеними тууралуу айтып бериши керек (Матай 28:19, 20). Сен кээде башка жаштар менен ишенимиң жөнүндө сүйлөшүүдөн тартынасыңбы? Тартынсаң, андай сезимде болушкандар аз эмес. «Башка балдар-кыздарга өзүмдүн Жахабанын Күбөсү экенимди айтыш мынчалык кыйын болот деп ойлогон эмесмин,— дейт 18 жаштагы Мелани.— Мына эми сөзсүз айтам деп кайраттансам да, кайра эле корко баштайм». Мелани курдаштарынын кысымынан улам чечкиндүү боло алган эмес көрүнөт.

Ыйык Китеп ишеними күчтүү эркек-аялдар да Кудай тууралуу башкаларга айткандан калтаарышканын көрсөтөт. Мисалы, жаш Жеремия Кудайдын буйругуна баш ийип, пайгамбарлык кыла баштаса, шылдыңга алынып, куугунтук көрөрүн билген. Анын үстүнө, ал өзүн ишенимдүү сезген эмес. Эмне үчүн? Себебин ал Кудайга: «Сүйлөгөндү билбейм, анткени мен али жашмын»,— деп түшүндүргөн. Кудай Жеремияны туура ойлойт деп эсептеди беле? Жок. Ал: «„Жашмын“,— дебе» — деп, анын жаш, жазганчаак экенине карабастан, маанилүү иш аткарууну тапшырган (Жеремия 1:6, 7).

Эгер өзүбүздү ишенимдүү сезбесек, айланадагылардын терс таасирине каршы туруу кыйын болмок. Муну айрым изилдөөлөрдүн жыйынтыгы да көрсөткөн. Музафер Шериф аттуу окумуштуу 1937-жылы көптөргө маалым бир тажрыйба жүргүзөт. Ал адамдардан караңгы бөлмөдөгү жарык чекиттин жылган-жылбаганын, жылса, канчалык жылганын аныктап, айтып берүүнү сураган.

Чынында, чекиттин жылышы жөн гана оптикалык иллюзия болчу: ал ордунан жылган эмес. Адегенде адамдар бир-бирден сыналышкандыктан, ар бири өз оюн айтышкан. Андан соң өз ойлорун башкалардын көзүнчө айтышы керек болчу. Анда эмне болгон? Алар өз байкагандарынын тууралыгына шектенип, бири-биринин таасирине алдыра башташкан. Сыноо кайталанган сайын, жооптор барган сайын көбүрөөк окшошуп олтуруп, акыр-аягы, өзүнчө «топтук көз караш» калыптанган. Катышуучулар кайра жалгыздан сыналышканда да, берген жоопторунда баягы көптүн ою үстөмдүк кылып жатканы байкалып турган.

Бул тажрыйба адамдардын бир кызыктуу өзгөчөлүгүн — өзүнө ишенбеген адам айланадагыларынын таасирине оңой алдырарын — көрсөткөн. Кандайча? Айталы, үйлөнүүгө чейин жыныстык катнашта болууга, баңгизат колдонууга, ал түгүл, кандай максаттарга умтулуу керектигине байланыштуу кеңири таралган көз караштар адамдын жеке көз карашына олуттуу таасир этиши мүмкүн. Эгерде биз жашообуздагы ушу сыяктуу маселелер боюнча чыгарган чечимдерибизди «топтук көз карашка» негиздесек, келечегибизге олуттуу кесепети тийиши ыктымал (Чыгуу 23:2). Андан кантип сактанууга болот?

А сенчи, жарык чекиттин эч жакка жылбаганын билсең, аны жылып атат дейт белең же жылган жок деп жооп берет белең? Балким, калгандардын ою сага таасир этмек эместир. Ан үчүн ишеним талап кылынмак. Кандай ишеним, аны кантип өрчүтсө болот?

Жахабага ишеним артуу

Өзүбүзгө кандайдыр бир деңгээлде ишенүү зарыл экени көп айтыларын өзүң деле билеттирсиң. Бирок аны кантип, канчалык өрчүтүш керектиги жөнүндө карама-каршы ойлор аз эмес. Ыйык Китепте төмөндөгүдөй тең салмактуу көз карашка кармануу кеңеш кылынат: «Өзүңөр жөнүндө керектүүдөн артык ойлобогула, тескерисинче, Кудай ар бириңерге бөлүп берген ишенимиңерге жараша туура ой жүгүрткүлө» (Римдиктерге 12:3). Жазманын башка котормосунда бул ой мындайча берилген (БМК): «Баарыңарга айтамын: өзүңөр тууралуу тийиштүүдөн жогору ойдо болбогула, акылдуулук менен ойлонгула».

Бир эсептен, өзүбүзгө туура баа бере билүү бой көтөрүүдөн, текебердиктен, өзүбүзгө корстон болуудан сактайт. Ошол эле учурда, тең салмактуу көз караш өзүбүздүн тийиштүүдөй ойлонууга, туура ой жүгүртүүгө жана жакшы чечим кабыл алууга жөндөмдүү экенибизге шектенбөөгө жардам берет. Жаратканыбыз бизге абдан баалуу белек — аң-сезим, берген (Римдиктерге 12:1). Мына ошону эстен чыгарбасаң, көз карашыңды айланадагылардын калыпташына жол бербей, өз алдыңча чечим чыгара аласың. Башкалардын кысымынан мындан да натыйжалуу коргоочу дагы бир ишеним бар.

Дөөт падыша Кудайдын жетекчилиги менен: «Сен менин үмүтүмсүң, Теңирим, Кудайым, жаш кезимден бери мен Сага ишенип келем!» — деп жазган (Забур 70:5). Ооба, Дөөт жаштайынан асмандагы Атасына бекем ишенген. Пелиштилик Голийат ысрайыл жоокерлеринен бирин жекеме-жеке таймашка чыгууга чакырганда, Дөөт али «жаш», сыягы, өспүрүм болгон. Ошондо жоокерлердин бири да Голийаттын чакырыгын кабыл алууга даай албай койгон (1 Шемуел 17:11, 33). Балким, жоокерлер бири-бирине терс таасир этишкен чыгар. Алардын Голийаттын дөөдөй алптыгы, балбандай күчтүүлүгү тууралуу кеп кылышканы шексиз. Андыктан, аны менен таймашка акылынан адашкан бирөө гана чыкпаса, соо киши чыкпайт деген чечимге келишкен. Бирок Дөөт андай көз караштарга алдырган эмес. Эмне үчүн?

Ал Голийатка: «Сен мага каршы калкан, найза, кылыч менен келе жатасың, мен болсо сен шылдыңдаган Ысрайыл аскеринин Кудайынын, Себайот Теңирдин атынан келе жатам»,— деген (1 Шемуел 17:45). Албетте, ал Голийаттын боюн, күчүн жана жабдуусун көрүп турган. А бирок Жахаба Кудайга салыштырмалуу анын бүргө чекитке да тең келбесин билген, буга ал төбөсүндө асман турганына жазбай ишенгендей ишенген. Жахаба өзү колдосо, Голийаттан эмнеге коркмок? Кудайга бекем ишеним арткандыктан, Дөөт өзүн коопсуз сезген. Айланадагылардын эч кандай кысымы, терс таасири аны шектендире алган эмес.

Сенин да Жахабага болгон ишенимиң ошондойбу? Дөөттүн күндөрүнөн бери Жахаба эч өзгөргөн жок (Малахия 3:6; Жакып 1:17). Кудай тууралуу көбүрөөк билген сайын, анын Ыйык Китептеги айткандарынын ишенимдүүлүгүнө дагы да терең ынана бересиң (Жакан 17:17). Бул китептен өмүр бою пайдасы тиерлик, башкалардын кысымына туруштук берүүгө жардам берерлик ишенимдүү жетекчилик табасың. Ооба, Жахабага ишеним артуу абдан зарыл. Андан тышкары, дагы бир кадам жасоого болот.

Жакшы кеңешчилерди тапкыла

Кудай Сөзүндө жакшы кеңеш издөөгө олуттуу маани берилет. Накыл сөздөр 1:5те: «Акылдуу адам акылдуу кеңештерди табат»,— деп айтылган. Андай кеңештерди жыргалчылыгыңды ойлогон ата-энеңден алсаң болот. Индира аттуу бир кыз мунун калетсиздигине өзү ынангандыктан, мындай дейт: «Акыл айтканда ата-энем дайым Ыйык Китепке кайрылышып, Кудайдын барын жана менин жашоомо кайдыгер карабасын түшүнүүгө жардам беришкендиктен, мен азыр чындык жолунда жүрөм». Бул кыздын айткандарын көптөгөн өспүрүмдөр да айта алышат.

Эгер сен Ыйсанын жолдоочусу болсоң, жыйналыштагы аксакалдар менен рухий жактан жетилген башка да бир туугандар эң сонун кеңешчилер болуп бере алышат. «Мен жыйналышымдагы аксакалдарды аябай сыйлайм. Бир жолу төрагалык кылуучу көзөмөлчүбүз атайы жаштарга арналган баяндама айтты. Дос кызым экөөбүз ошондо ушунчалык таасир алдык, анткени ал биздин сезимдерибиз жөнүндө, биз менен болуп жаткан нерселерди айтып жаткандай сезилди»,— дейт Надя аттуу кыз.

Теңтуш-курбулардын кысымына же терс таасирине каршы турууга жардам берген дагы бир кубаттуу курал — бул өз курактууларыңдын оң таасири. Эгерде сен досторду акылдуулук менен тандасаң, алар сага жакшы максаттарды көздөөгө, жашоодо туура жол-жоболорго карманууга жардам беришет. Досторду кантип туура тандаса болот? «Акылдуу адамдардын арасында дайыма болгон адам акылдуу болот, ал эми акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат»,— деген кеңеш дайым эсиңде болсун (Накыл сөздөр 13:20). Надя мектептен дос тандоого абдан олуттуу карачу: ал өзү менен бирдей адеп-ахлактык нормаларды сактаган ишенимдештери менен достошчу. «Биз мектептен балдар „сүйлөшчү сөз бар эле“ деп калышканда, бири-бирибизге кеңешибиз менен жардам берүүгө даяр болчубуз»,— деп эстейт ал. Жакшы досторубуз биздеги эң сонун сапаттарыбызды өрчүтүүгө жардам беришет. Андай досторду табуу үчүн кеткен күч өзүн актайт.

Демек, Жахабага таянып, жыйналыштагы жетилген ишенимдештериңен кеңеш издеп, досторду акылдуулук менен тандасаң, курбуларыңдын кысымына туруштук бере аларына шектенбесең болот. Мындан сырткары, досторуңа өмүр жолунда бекем турууга өзүң да жардам берип, оң таасир тийгизесиң.

[26-беттеги сүрөт]

Сага окшоп Кудайды жана анын жол-жоболорун жакшы көргөндөр менен достош.

«Акылсыз адамдар менен достошконадам бузулат» (1 Корунттуктарга 15:33).

«Акылдуу адамдардын арасында дайым болгон адам акылдуу болот» (Накыл сөздөр 13:20).