Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бардык адамдар үчүн китеп

Бардык адамдар үчүн китеп

Бардык адамдар үчүн китеп

АЗЫРКЫ ДҮЙНӨ кыйынчылыкка жык толгон. Никелер ажырашуунун айынан бузулууда. Үй-бүлөдө зордук-зомбулук көрсөтүү боло жүргөн ишке айланып баратат. Жүз миллиондогондор чала тоюттан жабыркашууда. Кылмышкерликтин барган сайын күч алышы төбө чачты тик тургузууда. Тынчтык жана коопсуздук болсо куру кыялга айланды. Эмне үчүн дүйнөдөгү абал ушундай? Бул көйгөйлөрдү кандай жол менен чечүүгө болот?

Ыйык Китеп бул суроолорго гана жооп бербестен, күндөлүк жашообузду кандай өткөрүшүбүз керектигин да көрсөтөт. Анда ал китепте айтылгандарга кызыкканыбыз орундуу эмеспи?

Айрымдар Ыйык Китепти уламыш, миф же элдик даанышмандык камтылган китеп катары эсептешет. Башкалар болсо анын Кудайдын жетеги астында жазылганына ишенишет. Булардын кимисиники туура? Бул суроого «Бардык адамдар үчүн китеп» деген китепче жооп берет. Биз силерди фактылар менен таанышып чыгууга чакырабыз. Ким билет, балким, мунун аркасында жашооңор түп-тамыры менен өзгөрөттүр.

□ «Бардык адамдар үчүн китеп» деген китепчесин ... тилинде алууну каалайм.

□ Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдегим келет.

[32-беттеги сүрөттүн булагы]

Alexander the Great: Roma, Musei Capitolini