Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бизди өзгөчөлөнткөн жөндөмдөр

Бизди өзгөчөлөнткөн жөндөмдөр

Бизди өзгөчөлөнткөн жөндөмдөр

«Окумуштуу табиятты суктангандыктан иликтейт; аны суктандырган нерсе — ошол табияттын сулуулугу» (Жюль Анри пуанкаре, француз математиги, 1854—1912).

ПУАНКАРЕ табияттын сулуулугуна, айрыкча, аны окумуштуу катары кызыктырган жаратылыштагы шайкештик менен ыраттуулуктун «негизинде жаткан сулуулукка» суктанган. Айланабыздагы жаратылыштын кооздугун, уюшулгандыгын байкаш үчүн окумуштуу болуштун эч зарылдыгы жок. Мындан үч миң жылча мурун забурчу Дөөт жаратуулардын баары, өзгөчө, адамдын денесинин ушунчалык ойлонуштурулуп жаратылганына таңданып, Кудайга мындай деп кайрылган: «Сени даңктайм, анткени мен таң каларлык жаратылганмын. Сенин иштериң керемет, аны менин жаным толук түшүнөт» (Забур 138:14).

Суктануу, кастарлоо сезими адамдарда гана болот: мындай сезимдер эң акылдуу деген айбанаттарда да жок. Бирок биздин жаратылыш дүйнөсүнө болгон кызыгуубуз ошону менен гана чектелбейт. Карыбы, жашпы, ой жүгүрткөн адам: «Табияттагы мынчалык шайкештик кантип жаралган? Ааламдагы тирүү жандыктардын баары кандай максат үчүн пайда болгон? Алардын ичинде бизге кандай орун берилген?» — деген сыяктуу суроолордун үстүнөн ой жүгүртөт. Бул суроолорго илимдин жардамы менен да, өз алдынча ой жүгүртүү менен да жооп табуу мүмкүн эмес. Ал эми Кудайдын жетеги астында жазылган Ыйык Китепте буларга толук жооп бар (2 Петир 1:20, 21).

Ошол байыркы Ыйык Жазмада «Кудайдын Өз бейнеси боюнча» жаратылгандыгыбыз үчүн биз кереметтүү жөндөмдөргө ээ экенибиз түшүндүрүлгөн. Андыктан Жаратканыбыздын жөндөмдөрүн, мейли, азын-оолак болсун, чагылдыра алабыз (Башталыш 1:27). Көзүбүз бүркүттүкүндөй курч болбосо да, кыраакы боло алабыз. Угуу жөндөмүбүз жарганаттыкындай курч болбосо да, пикир алышып, мукам обон, табияттагы миң түркүн кереметтүү добуштарды уга алабыз. Ички компасыбыз жок болсо да, Кудайдын Сөзүнө — Ыйык Китепке — кайрылып, жашообузда туура багыт берүүчү эң ишенимдүү жетекчилик ала алабыз (Накыл сөздөр 3:5, 6).

Ошондой эле рухий муктаждык адамдарда гана бар, мунун себеби да Кудайдын бейнеси боюнча жаратылганыбызда. «Адам бир гана нан менен эмес, Теңирдин оозунан чыккан ар бир сөз менен жашайт»,— деген Ыйса (Матай 4:4). Ал «сөздүн» өмүр үчүн зарыл экенин билип, Ыйык Китепти дайыма окуп-изилдейсиңби?

Кудайдын Сөзүн тийиштүү түрдө окуп-изилдөөнүн аркасында пайда болгон рухийлигибиз кадимки сезүү жөндөмдөрүбүз менен аңдап биле албаган нерселерди түшүнүүгө жардам берет. Эмнеге? Себеби ишенимибиз бекемделет. Ыйык Китепке негизделген чыныгы ишеним көзгө көрүнбөгөн Кудайды, Мусага окшоп, «көрүүгө» жана анын келечекке байланыштуу ой-ниеттерин түшүнүүгө өбөлгө түзөт (Эврейлерге 11:1, 27).

Кудайды «көргөндөр» үчүн кереметтүү келечек

Ыйык Китеп Жараткан Жахаба Кудайдын жерди жана андагы жандыктарды, өзгөчө, ага тил алган адамдарды жакшы көрөрүн билдирет. Ошондуктан Ал зулумдарды жана жерди ач көздүк менен кыйратып, булгап жаткандарды жок кылууну убадалайт (Аян 11:18; Забур 36:10, 11; 2 Тесалоникалыктарга 1:8). Ал эми Кудайды жакшы көрүп, тил алган адамдар түбөлүк өмүргө жетишет. Алар жерди гүлдөгөн бейишке айлантышат. Ушулардын баары чынында эле кереметтүү келечек эмеспи?! (Лука 23:43).

Денсоолугубуз чың, өмүрүбүз чексиз узак болгондо, канчалаган укмуштуудай иштер менен ачылыштар жасалат! Бир окумуштуу мындай деп жазган: «Жаратылыш бизди өзүнүн түгөнгүс кенчи, сулуулугу менен мындан ары да кызыктыра берет». Ыйык Китепте да бул тууралуу: «Адам Кудайдын жасап жаткан иштерин башынан аягына чейин түшүнө албаса да, Ал бардык нерсени өз убагында сонун кылып жасады, алардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салды»,— деп айтылган (Насаатчы 3:11).

Ыйык Китепте айтылган бейишке кантип жетүүгө болот? Ан үчүн Кудайдын ой-ниеттерин азыртадан билип, билгендерибизге жараша иш-аракет кылышыбыз керек. Ыйса: «Түбөлүк өмүр — жалгыз чыныгы Кудай Сени жана Өзүң жиберген Ыйса Машайакты таануу»,— деген (Жакан 17:3).

[10-беттеги сүрөт]

Сезүү жөндөмүңдү Жаратканга болгон ыраазычылыгыңды өстүрүш үчүн колдон.

[11-беттеги сүрөт]

Ыйык Китепти окуу — Жараткан тууралуу билүүнүн эң сонун жолу.