Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бут кийимиңер ыңгайлуубу?

Бут кийимиңер ыңгайлуубу?

Бут кийимиңер ыңгайлуубу?

Римдик бир акылман: «Чокой кайсы жеринен кысарын аны кийип жүргөндүнөзү гана билет»,— деген экен.

АКЫРКЫ жолу качан бут кийим сатып алдыңар эле? Ал чак келди беле? Ыңгайлуубу? Аны канча убак тандадыңар? Сатуучу же бут кийим тандоо боюнча адис адам жардам берди беле? Модели жаккандыгы үчүн сатып алдыңарбы же ыңгайлуулугу үчүнбү? Аны сатып алганыңарга азыр да — кийип жүргөнүңөргө бир нече убакыт болгондон кийин да — кубанычтасыңарбы? Кыскан жокпу?

Ооба, бут кийим сатып алуу оңой иштерден эмес. Ал эми бутуңа чагын издөөнү ийри-буйру жолдордо багыт таппай адашып жүргөндөгүгө салыштырса болот. Эмне үчүн?

Бут кийим тандоо

Адегенде кайсы таманыңар — оңбу же солбу — чоңураак экенин аныктагыла. Же силерге экөө тең бирдей сезилеби? Жакшылап ойлонгула. Тамандын өлчөмү төрт факторго жараша өзгөрүлүшү мүмкүн, ошон үчүн адам отуруп турабы (мындайда таманга күч келбейт), туруп турабы, басып баратабы же таманга жылуулук даражасы таасир этеби — ушуларды эске алуу керек. Ушул төрт фактор эмнеси менен айырмаланат?

Бут кийим тандоо жөнүндөгү бир китепте тамандын өлчөмү «тынч абалдагы кезинде — адам отуруп турганда — ченелери» айтылат. Таманга күч келип тургандагы өлчөмү туруп турганда ченелет. Мындайда тамандын өлчөмү менен формасы өзгөрөт. Ошол эле булакта: «Таман тынч абалда турган кезинде сөөктөр менен тарамыштарга толгон жумшак «капка» окшош, ал эми күч келгенде ал катуу боло түшүп, өлчөмүн өзгөртөт»,— деп айтылат («Professional Shoe Fitting»). Бирок дагы эки факторду эске алуу керек.

Тамандын өлчөмү кыймылдаганыңарга, мисалы, басканыңарга, чуркаганыңарга, секиргениңерге же дагы бир башка кыймыл-аракеттерди жасаганыңарга жараша өзгөрүлөт. Мындайда тамандын өлчөмү эле өзгөрбөстөн, формасы менен пропорциялары (бөлүктөрүнүн бири-бирине шайкештиги) да өзгөрүлөт. Төртүнчү фактор — жылуулук даражасынын таасири — нымдуулук менен нымдын тамандын өлчөмүнө кандайча таасир тийгизерин аныктайт. Ушул шарттарга жараша тамандын көлөмү 5 пайызга чейин кеңейиши мүмкүн. Ошондуктан кечинде бут кийимиңерди чечкениңерде, өзгөчө ал чак эмес болсо, жаныңар жыргай түшөрү таң калыштуу эмес. Мындай учурлар арбын кездешет.

Бут кийимдин өлчөмүн кантип аныктоо керек?

Эрик бир нече жылдан бери кеңдиги орточо, 10,5 же 11-өлчөмдөгү бут кийим сатып алып жүргөн. Ошончо убакыт бою аны балка сымал болуп ийилип калган бармагын чоор басып, ага кошумча дагы сол бутунун баш бармагына өскөн тырмак оорутуп кыйнап келген. Ортопед ага бут кийим тандоо боюнча адиске кайрылууну сунуш кылат. Ага ыңгайлуу боло турган бут кийимдин өлчөмү 12,5, ал эми кеңдиги «А» экенин билгенде Эрик аң-таң калган. «А» тамгасы кууш тамандуулукту билдирет. Бирок бут кийимдин өлчөмүн туура аныктоо үчүн эки эле нерсени — узуну менен туурасын — ченөө жетиштүүбү? Таманды кантип туура ченөө керек?

Айрым өлкөлөрдө буга карата атайы таман ченегич кеңири колдонулат. (Сүрөттү карагыла.) Анын жардамы менен үч негизги параметирди аныктайт: тамандын жалпы узундугун, согончоктон манжа сөөктөрүнүн муундарына чейинки аралыкты жана тамандын ошо муундар жайгашкан жеринин туурасын. Бирок ар бир адамдын таманынын формасы менен көлөмү ар башка болот. Мына ошо себептен бут кийим сатып алардан мурун аны кийип көрөбүз. Бирок ушу жерден жаңылып калышыбыз мүмкүн. Силерге бир туфли абдан жагып, бирок кийип көргөндө бир аз тарыраак келип калган учуруңар болду беле? А дүкөндүн кампасында ошондой туфлинин силерге чагы жок болчу. Сатуучу болсо: «Бара-бара кеңейет»,— деп ынандырган. Ошентип, аны сатып алып, бирок бир нече күн же жума кийгениңерден кийин өкүнүп калгансыңар. Бутуңарга дагы бир чор же өскөн тырмак, же бурсит (муундун былжырлуу баштыкчасынын сезгениши) мына ушундайча пайда болгон.

Чапчак келген бут кийим барбы?

Чапчак келген бут кийим табуу мүмкүнбү? Жогоруда айтылган китепте бул суроого түз эле жок деп жооп берилет («Professional Shoe Fitting»). Эмнеге? «Анткени буга тоскоол кылган бир нече маанилүү факторлор бар... Эки таманы тең бипбирдей өлчөмдөгү, опокшош формадагы, пропорциялары жана функционалдуу өзгөчөлүктөрү бипбирдей болгон адам жок». Ошондуктан өлчөмү чоңураак бутуңарга бут кийим чапчак келсе да, экинчи бутуңарга анчалык чак келбейт. «Бирок бул керектүү өлчөмдөгү бут кийимди табуу мүмкүн эмес дегенди билдирбейт, тек гана „чапчак келүү“ деген сөздү бир тараптуу түшүнүп албоо керек»,— деп айтылат китепте.

Бут кийимиңердин кайсы жерине өзгөчө көп күч келерин текшергиңер келсе, эски туфлиңерди карап көргүлө. Анын батегин карагыла. Кайсы жери көбүрөөк жешилиптир? Көбүнчө согончок жагы, апкыты жана манжалар жак жешилип кетет. Бул эмнени билдирет? «Бут кийимдин белгилүү бир жерлери тамандын тийиштүү жерлери менен дал келбегенин. Бут кийимдин айрым жерлерине өтө көп күч келип, башка жерлери болсо таманга такыр эле тийбей калып жатканын» билдирет.

Бут кийимдин ыңгайлуу болушу анын түзүлүшүнөн да көзкаранды. Ар кайсы моделдеги бут кийимдердин тилиги ар кандай экенин байкадыңар беле? Кээде берцтер (боо тагылуучу эки бөлүк) башынан баштап эле тыкыс тартылат. Бирок буту жоонураактар үчүн «конверт» түзүлүшүндөгү кончу кыска батинке ыңгайлуу, анткени берцтердин ортосунда боштук болот. (Сүрөттү карагыла.) Эмне үчүн бул өзгөчөлүк өтө маанилүү? Жогорудагы китепте: «Көп учурларда бут кийимдин тилиги тырыштыра байланып калгандыктан, согончоктун апкытка болгон басымы күчөп, согончок кычышып дүүлүгөт»,— деп айтылат.

Аялдардын бийик такасы тууралуу эмне айтууга болот?

Аялдар «ашык» болгон бийик така дененин ар кайсы бөлүктөрүнө кандайдыр бир күч келтирип турат. Бийик така адамдын турпатына таасир тийгизип, көп учурда ал эңкейип басып калат. Ошондуктан денени түз кармаш үчүн, тизени бир аз бүгүүгө туура келет. Бийик такалуу бут кийим балтыр булчуңдарына күч келтирип, алардын айкыныраак көрүнүп калышын шарттайт.

Ошентип, така бут кийимдин аял өзүн ыңгайлуу сезер-сезбесин шарттаган эң негизги бөлүгү болуп саналат. Жогоруда айтылган китепте аялдардын бийик таканы жакшы көрүшүнүн үч негизги себеби айтылат. Алар «биринчиден, аялдын боюн узунураак кылып көрсөтүп, «статусун» жогорулатат. Экинчиден, эстетикалык көзкараш боюнча алганда, алар бут кийимге өзгөчө бир кооздук берип, стилдүү кылып турат, үчүнчүдөн болсо, бут түзүлүшүн айкын кылып, аялдардын сүйкүмдүүлүгүн арттырат».

Аялдар бийик така кийгенде денесинин алдыга канчалык ийилерине көңүл бурушу зарыл. Анткени мындан салмак борборунун сызыгы таканын кайсы жери менен өтөрү көзкаранды болот. Эгерде ал сызык таканын арткы же алдыңкы бөлүгү аркылуу өтсө, анда ал белгилүү бир коркунучту пайда кылат. Ал эмне болгон коркунуч? Така сынып кетип, адам жыгылып бир жерин кокустатып алышы мүмкүн.

Жогоруда айтылгандардан айкын болуп тургандай, бут кийимди туура тандоого көбүрөөк убакыт, ошондой эле көбүрөөк каражат талап кылынышы мүмкүн, анткени жакшы бут кийим чыгаруу үчүн көп убакыт сарпталат эмеспи. Бирок бут кийимден өзүңөрдү ыңгайлуу сезер-сезбешиңер, атүгүл денсоолугуңар да көзкаранды. Ошондуктан шашпагыла. Бут кийимиңердин өлчөмүн жакшылап аныктап алгыла жана эстүүлүк көрсөткүлө. Фасонуна жана сырткы көрүнүшүнө алданбагыла.

[25-беттеги кутуча]

Сатып алууда эмнелерди эске алуу керек?

Жогоруда айтылып өткөн китептин жаратмандары Уилям Росси менен Рос Тенант төмөндөгүдөй кеңештерди берет:

«Таманды ченөө, айрымдар ойлоп жүргөндөй, силерге чак бут кийимдин өлчөмүн аныктабайт» («Professional Shoe Fitting»). Эмнеге? Анткени бут кийимдин өлчөмү көптөгөн факторлордон, мисалы, моделинен, таканын бийиктигинен, калыбынан, пайдаланылган материалдан жана аларды чыгарган фирмадан көзкаранды. Анын үстүнө азыр бут кийим көптөгөн өлкөлөрдө чыгарылат жана алардын ар биринин өзүнүн эрежелери, стандарттары бар.

Таманыңарды ченеткенде буттун манжалары бүгүлүп калбаш үчүн, байпагыңардын учун бир аз алдыга тартып койгула, болбосо таманыңар туура эмес ченелип калып, өтө эле тар бут кийим сатып алып каласыңар.

Туруп турганда ченеген туурабы же отуруп тургандабы? Жогоруда айтылган китепте: «Албетте, отуруп ченеген ыңгайлуу»,— деп айтылат. Бирок антип ченегенде өлчөмдөр туура ченелбей калат. Ошондуктан туруп турганыңар жакшы. Эки таманыңарды тең ченегиле. Сол бут адатта чоңураак келет деп ойлобогула, экөөнү тең ченегиле!

«Бут кийимди профессионалдуу түрдө тандоо буга тийиштүү түрдө көңүл бурган жогорку класстагы көптөгөн дүкөндөрдүн кызматчылары менен бирге иш жүргүзгөн жогорку класстагы адистердин аткарган өзгөчө кызматы болуп эсептелинет».

[24-беттеги сүрөт]

Бут кийимдин деталдары.

тилиги

батек

такага кагылуучу резина

таканын маңдайкы бети

таманы

башы

согончок батеги

берц

тили

тумшугу

така

башынын сызыгы

башы

жулук

таштаман

[25-беттеги сүрөт]

Таман ченегич

Бут кийимдин жети негизги түрү.

[26-беттеги сүрөт]

Батинкелердин түзүлүшү.

конверт

капталма баш