Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаныбарлардын кереметтүү сезүү жөндөмдөрү

Жаныбарлардын кереметтүү сезүү жөндөмдөрү

Жаныбарлардын кереметтүү сезүү жөндөмдөрү

КАРАҢГЫДА өзүн коопсуз сезген чычкан жем издеп жөргөлөп жүрөт. Ошол учурда денесинен чыккан жылуулукту оюк баш жыландын «көрүп» турганын ал макулук кайдан билсин. Андыктан жыланга оңой жем болот да калат... Ач акула сүзүп жүргөн аквариумда кумга көмүлүп кичинекей камбала балыгы жатат. Акула аны көзү менен көрбөсө да, жанына сүзүп келип токтойт да, тумшугу менен кумду жирей сала байкушту сугунуп иет.

Оюк баш жылан да, акула да адамда жок өзгөчө сезүү жөндөмүнө ээ жаныбарлар. Ал эми айрым жандыктар биздикиндей эле жөндөмдөргө ээ болгону менен, биздикине караганда алардыкы жакшы өрчүгөн жана кеңирээк диапазонду камтыйт. Мисалга көздү алалы.

Башка чөйрөнү көргөн көздөр

Биздин көзүбүз электр-магнит спектриндеги нурлануунун чектелүү гана бөлүгүн түзгөн нурларды көрөт. Мисалы, биз толкунунун узундугу кызыл нурдукунан узунураак келген инфракызыл нурларды көрбөйбүз. Оюк баш жыландардын болсо көздөрү менен таноолорунун ортосунда инфракызыл нурду сезүүчү эки чуңкурчасы бар *. Ошондуктан алар караңгыда да жылуу кандуу жемин оңой эле таап алышат.

Көзгө көрүнгөн кызгылт көк спектрден кийин ультракызгылт көк (УКК) нурлар жайгашкан. Аны адамдын көзү байкабаганы менен, көптөгөн жандыктар, мисалы, канаттуу-куштар менен чымын-чиркей, курт-кумурскалар көрүшөт. Мисалы, аарылар Күндүн жардамы менен, күн бүркөк болгон кезде деле, асмандан жарык нур таап, поляризацияланган УКК нурлардын жараткан «оймо-чиймесин» көрүп, мейкиндикте багыт табышат. Көптөгөн гүлдүү өсүмдүктөрдүн УКК нурларды көрө алган жандыктарга гана байкалган белгилери болот. Айрым гүлдөрдүн өз ширесин «жарнамалоочу», УКК нурун чагылыштырып, курт-кумурскаларды ширеге «чакырып» туруучу, белгилери бар. Айрым мөмө-уруктар да канаттууларды ушундай ыкма менен өзүлөрүнө тартышат.

Канаттуулар УКК нурларды көрө алышкандыктан жана ошол нурлар алардын канат-жүндөрүнүн көркүн арттыргандыктан, алар бири-бирине биз көргөндөн да кооз көрүнүшөт шекилдүү. Канаттууларды изилдөөчү бир орнитологдун ырастоосу боюнча, канаттуулар «өңдөрдүн биз элестеткенден да көп түрлөрүн ажырата алышат». УКК нурларды көрүү жөндөмү шумкарлар менен күйкөлөрдүн айрым түрлөрүнө талаа чычкандарына аңчылык кылганда, кыязы, абдан жардам берет. Кандайча? Бир журналда «[момолой чычкандардын эркектеринин] заарасы менен кыгында УКК нурларды жутуучу заттар бар экени жана алар басып өткөн жолун заарасы менен белгилээри» маалымдалган («BioScience»). Ошондон пайдаланган жырткыч куштар «момолой чычкандардын чогулган жерин таап», ошол жакты аңдыйт.

Эмнеге канаттуулардын көзү мынчалык жакшы көрөт?

Канаттуу-куштардын көрүү жөндөмү — өзүнчө бир керемет. «Мунун негизги себеби,— деп айтылат бир китепте,— алардын көзүнүн тордомо челинде жарыкты сезгич клеткалар башка жандыктардыкына салыштырмалуу көп болушунда. Андай клеткалардын саны көздүн кичинекей нерселерди алыстан көрө алуу жөндөмүн шарттайт. Адамдын көзүнүн тордомо челинин 1 квадрат миллиметр аралыгында 200 000 жарык сезгич клетка жайгашса, канаттуулардын көбүнүкүндө андан үч эсе көп жайгашкан. Ал эми шумкар, кондор, бүркүт сыяктуу куштардын көзүнүн 1 квадрат миллиметринде 1 000 000 же андан көп сезгич клетка жайгашкан» («All the Birds of the Bible»). Анын үстүнө, айрым куштардын ар бир көзүндө аралык менен ылдамдыкты эң мыкты баамдоого жардам берүүчү өзүнчө ойдуң (тордомо челдин бул жери өтө эле өткүр көрүүнү камсыз кылат) болот. Курт-кумурскаларды учуп баратып кармап жеген канаттуулар да ошондой жөндөмгө ээ.

Канаттуулардын көзүнүн дагы бир өзгөчөлүгү бар: чечекейи өтө ийкемдүү болгондуктан, көрүүгө тез ылайыкташа алат. Элестеткилечи, эгер учуп бараткан чымчык айланасын даана көрө албаса, токой же калың чер ичинде кантмек? Ырасында эле, канаттуулардын көзү акылмандык менен жаратылганы айгине! *

Электр сезүү жөндөмү

Жогоруда айтылган камбала менен акулага бир илимий тажрыйба маалында байкоо жүргүзүлгөн. Изилдөөчүлөр акулалар менен көөкөрчөктөрдүн тирүү балыктардан чыккан кубаты начар электр талаасын сезер-сезишпесин билгиси келишкен *. Ан үчүн акула жүргөн аквариумдун кумуна электроддорду көмүшкөн да, белгилүү бир деңгээлде электр чыңалуу берип турушкан. Тажрыйбанын натыйжасы кандай болгон? Акула электроддорго жакындаар замат «кол салган».

Акуланын пассивдүү «электр кабылдагычы» бар: ал электр талаасын, кулак дабыштарды атайы күч жумшабастан эле уккан өңдүү, сезет. Ал эми электрдүү балыктардын айрым түрлөрү активдүү «электр кабылдагычка» ээ. Бул балыктар, түрлөрүнө жараша, жарганаттар акустикалык добуш чыгарып, кайра анын жаңырыгын тосуп алган өңдүү, электр толкунун же добуш чыгарышат да, пайда болгон электр талааларындагы кандай өзгөрүүлөрдү болбосун атайы рецепторлор аркылуу тосуп алышат *. Ошондой жол менен электрдүү балыктар кандайдыр бир тоскоолдукту, азыгын же атүгүл болочок түгөйүн табышат.

Ички компас

Ичиңерге компас салынып коюлганын элестетсеңер. Анда силер адашуу дегенди такыр билбейт болчусуңар. Окумуштуулар көптөгөн жандыктардын, мисалы, бал аарынын, жилингир (форель) балыгынын организминен магнетиттин, магниттик касиети бар минералдын, микроскоптук кристаллдарын табышкан. Ал кристаллдарды камтыган клеткалар нерв системасы менен туташ. Ошон үчүн аарылар менен жилингирлер магнит талаасын сезүүгө жөндөмдүү. Аарылар магнит талаасынын таасирине карап уя салышат жана мейкиндикте багыт табышат.

Изилдөөчүлөр деңиз түбүндөгү чөкмөлөрдө жашаган бактериялардын белгилүү бир түрүндө да магнетит барын байкашкан. Деңиз астындагы топурак-чөгүндүлөр көтөрүлүп-сапырылганда, магнетиттерине Жердин магнит талаасы таасир тийгизгендиктен, алиги бактериялар кайрадан деңиздин түбүнө түшүрүлөт — ансыз алар өлүп калышмак.

Сыягы, жер которгон жаныбарлардын көбү: канаттуу-куштар, ташбакалар, лосостор менен киттер магнит сезгичтикке ээ. Бирок жер которуу маалында алар мындан сырткары дагы бир топ сезимдер менен жетектелишет көрүнөт. Айталы, лососторго «туулган жерин» туура таап баруу үчүн, абдан өрчүгөн жыт билүү сезими жардам берет. Европа чыйырчыгы — Күн боюнча, ал эми айрым куштар жылдыздар боюнча багыт табышат. Анткен менен, психология профессору Хауард Хьюз өз китебинде белгилегендей, «табияттын ушул жана башка сырларын толук түшүнүүдөн биз дагы деле алыс окшойбуз» («Sensory Exotica—A World Beyond Human Experience»).

Көз арттырар кулак

Адамдарга салыштырмалуу, жаныбарлардын көбүнүн угуу жөндөмү кыйла жогору. Биз 20—20 000 герц (бир секунд аралыгындагы термелүү жыштыгы) диапазондогу дабыштарды угабыз. Ал эми иттер — 40—46 000 герцке, жылкылар 31—40 000 герцке чейинки үндөрдү угушат. Пилдер менен бодо малдар адам уккан жыштыктан төмөнкү жыштыктагы 16 герц инфраүндөрдү да уга алышат. Инфраүн толкундары алыска тарагандыктан, пилдер бири-бири менен төрт же андан да алыс километрден «пикирлеше» алышат. Айрым изилдөөчүлөр жер титирөө болорун жана аба-ырайынын олуттуу өзгөрүлөрүн алдын ала билүү үчүн, жаныбарлардын жүрүм-турумуна байкоо жүргүзүү жардам бермек дешет. Себеби андай табигый кубулуштар инфраүн чыгарышат.

Чымын-чиркейлер да адамдын кулагына угулбаган үндөрдү кабыл ала алышат: алардын айрымдары — ультраүндү (адам уккан жыштыктан эки баскыч жогору), башкалары инфраүндү угууга жөндөмдүү. Кээ бир курт-кумурскалар ичке, жалпак, кулак жаргагына окшош жана денесинин (башынан башка) кайсы бир жеринде жайгашкан мембраналардын жардамы менен угушат. Дагы башкалары үндү гана турсун, ичке түкчөлөрүнүн жардамы менен адамдын колунун кыймылынан пайда болгон абадагы билинер-билинбес толкундардан өйдө сезишет. Ошон үчүн чымынды оңой менен чаба албайсың.

Курт-кумурскалардын басканын уга алсак эмне болмоктугубузду элестеткилечи. Андай укмуш жөндөмдүүлүккө жарганат ээ (сүт эмүүчүлөр түркүмүнө кирген жаныбарлардын ичинен жарганат гана учат). Ага караңгыда, жаңырык кабыл алгычтын же эхолокатордун жардамы менен чымын-чиркейлерди кармаш үчүн, өзгөчө угуу органы керек *. Профессор Хьюз мындай дейт: «Суу астында сүзүүчү азыркы кемелердин эң алдыңкыларындагыдан да татаал эхолокациялык түзүлүштү элестетип көргүлө. Эми алаканыңарга эле бата турган кичинекей жарганат так ошондой түзүлүшкө ээ экенин ойлогулачы. Жарганатка чымын-чиркейдин канча аралыкта жүргөнүн, кандай ылдамдыкта учуп баратканын, ал эмес алардын түрүн аныктоого мүмкүнчүлүк берген эсептердин баары тең бармагыңардын тырмагынан да кичинекей келген мээде аткарылат!»

Жаңырыктын так кабыл алынышы чыгарылган үндүн параметринен көз каранды болгондуктан, жарганаттардын «үнүн ушунчалык мыкты, операнын кайсы ырчысын болбосун көз арттырар деңгээлде башкара алышары» айтылган бир китепте *. Жарганаттардын кээ бир түрлөрү мурдундагы терисинин бүдүрлөрүнүн жардамы менен үндү топтоп, чыгарат. Бул жөндөмдөрдүн баары биригип, адамдын бир тал чачынын жоондугуна тең келерлик жандыктын да «акустикалык бейнесин» жарата ала турган жаңырык кабыл алуучу татаал түзүлмөнү түзөт.

Деңиз жаныбарларындагы эхолокация

Тиштүү киттердин да жаңырык кабыл алуу жөндөмү бар. Бирок окумуштуулар үчүн анын кандайча иштээри толук ачыла элек. Тиштүү киттер түркүмчөсүнө кирген дельфиндердин эхолокациясы, божомол боюнча, кекиртектен эмес, мурун көңдөйүндө жаралган шакылыктардын чыгышы менен башталат. Дельфиндин башынын маңдайкы бөлүгүндө жайгашкан май баштыкчасы үн толкундарын чыгарып, алардын жардамы менен алдыдагы мейкиндикти «жарык кылат». Алар өзүлөрү жиберген үндөрдүн жаңырыгын кантип угушат? Кулактарынын жардамы менен эмес, алдыңкы жаагы жана аны менен байланышып, ортоңку кулак менен туташкан органдар аркылуу «угушат» шекилдүү. Белгилей кетчү нерсе, дельфиндин ошол жерлеринде да май баштыкчасындагыдай май кездешет.

Дельфиндер чыгарган шакылыктардан тараган толкундардын формасын Габор эсептеп киргизген математикалык жол менен так сүрөттөөгө болот. Бул, Хьюздун айтымында, дельфиндердин шакылыкташы «математикалык көзкараш менен караганда, эң мыкты эхолокациялык сигналга жакын» экенин далилдейт.

Дельфиндер ар кандай кубаттагы (жөнөкөй «шыбырдан» «кулак» тундурган 220 децибелге жеткен «чыңырыктарга» чейинки) шакылык чыгара алышат. Андай шакылыктардын күчүн эмне менен салыштырууга болот? Дүңгүрөгөн рок-музыканын үнү — 120 децибелге, тынбай атылган замбиректин үнү 130 децибелге жетет. Эхолокациясы мындан да күчтүү бул дельфиндер тынч сууда 120 метр алыстыктагы, ал түгүл андан да чоң аралыктагы диаметри 8 сантиметр гана келген топту же ошол сыяктуу нерселерди оңой аныктай алышат.

Табияттагы жандыктардын ушул сыяктуу укмуштуудай сезүү жөндөмдөрү тууралуу ой жүгүрткөндө, кантип суктанбай, таңыркабай коёбуз. Момун, ой жүгүрткөн адамдар, адатта, ошондой сезимде болушат. Алар адамзаттын кандайча жаратылганы жөнүндө ойлонушат. Ооба, биздин айрым сезүү жөндөмдөрүбүз кээ бир жан-жаныбарлар менен чымын-чиркейлердикиндей курч өрчүгөн эмес. Ошентсе да биз, адамдар, гана жаратылыш кереметтерин көрүп таасирленебиз! Эмне үчүн? Эмне себептен биз айланабыздагы тирүү жандыктар тууралуу, алардын кандай максат үчүн пайда болгонун жана алардын арасында өзүбүздүн кандай орун ээлээрибизди билгибиз келет?

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Оюк баш жыландардын 100дөй түрү бар. Аларга жез түстүү калкан тумшук, чырылдак, суу калкан тумшук жыландары кирет.

^ 10-абз. Жер үстүндөгү тиричиликтин кандайча пайда болгонуна кызыккандарга Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жашоо кантип пайда болгон? Эволюция жолу мененби же жаратуу жолу мененби?» (ор.) деген китепти окуп чыгууну кеңеш кылабыз.

^ 12-абз. Бардык тирүү жандыктар, алардын ичинде адамдар да суу алдында өтө төмөн, бирок байкалуу электр талаасын пайда кылышат.

^ 13-абз. Бул жерде кеп кылынып жаткан электрдүү балыктар электр зарядын аз өлчөмдө гана жаратышат. Аларды душмандарынан коргонуу же жемин селейтүү үчүн анык күчтүү электр кубатын колдонуучу электрлүү көөкөрчөктөр же электрлүү жылан балыктар менен чаташтырып болбойт. Электрлүү жылан балыктардын электр кубаты жылкыны да өлтүрүүгө жетет!

^ 21-абз. Жарганаттардын 1 000ге жакын түрү бар. Кеңири таралган ойго каршылаш, алардын баарынын көзү курч. Бирок кээсинин эхолокациясы жок. Мисалы, жарганаттар түркүмчөсүнө кирген бут канат караңгыда жем издегенде көзүнүн өткүрлүгүнө таянат.

^ 22-абз. Жарганаттар бир эле учурда бир нече жыштыктагы — 20 000—120 000 герц же андан да жогору диапазон ичиндеги — үндү камтыган татаал сигнал чыгарышат.

Жарганаттардан сырткары, куштардын, эң аз дегенде, дагы эки түрү — карлыгачтар түркүмчөсүндөгү Азия жана Австралия саланганалары менен Американын тропик алкагындагы гуахаро — жаңырык кабыл алуу жөндөмүнө ээ. Бирок алар ал жөндөмүн өзүлөрү жатактаган караңгы үңкүрлөрүндө багыт табуу үчүн гана пайдаланышат көрүнөт.

[9-беттеги кутуча]

Чымын-чиркейди аңдыган жоо

«Күн сайын айлана үрүл-бүрүл тарта баштаганда, Сан-Антониого (АКШ, Техас штаты) жакын жаткан коктуларда укмуштуудай бир көрүнүш кайталанат,— деп айтылат бир китепте.— Бери жактан байкап турган адамга жер астынан калдайган кара булут көтөрүлүп чыккандай сезилет. Чынында, асман кара булут каптагандыктан эмес, Брейкен үңкүрүнөн 20 миллион жарганат (Tadarida brasilienses) жабыла учуп чыккандыктан түнөрөт» («Sensory Exotica—A World Beyond Human Experience»).

Жакында жасалган изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, Брейкен үңкүрүндөгү жарганаттардын саны 60 миллионго жетет. Анан түнкү асманда 3 000 метр бийиктикке көтөрүлүп, өзүлөрүнүн жакшы көргөн азыгына — чымын-чиркейлерге — «аңчылык» кыла башташат. Ошол маалда түнкү асман жарганаттар чыгарган ультра үндөргө толуп чыгат, бирок алардын бири да адашпайт, себеби ар бири өзүлөрү чыгарган үндү аныктап-таануунун татаал системасына ээ.

[Сүрөт]

Брейкен үңкүрү.

[Булак]

Courtesy Lise Hogan

[Сүрөт]

Tadarida brasilienses жарганаты (эхолокация).

[Булак]

© Merlin D. Tuttle, Bat Conservation International, Inc.

[7-беттеги сүрөт]

Бал аарылар (көрүү, магнит сезгичтик).

[7-беттеги сүрөт]

Бүркүт (көрүү).

[7-беттеги сүрөт]

Көөкөрчөк (электр сезгичтик).

[7-беттеги сүрөт]

Акула (электр сезгичтик).

[7-беттеги сүрөт]

Чыйырчыктар (көрүү).

[7-беттеги сүрөт]

Лосос (жыт сезгичтик).

[Булак]

U.S. Fish & Wildlife Service, Washington, D.C.

[7-беттеги сүрөт]

Ташбака (болжолу, электр сезгичтик).

[8-беттеги сүрөт]

Пил (инфраүн угуу).

[8-беттеги сүрөт]

Ит (ультраүн угуу).

[9-беттеги сүрөт]

Дельфиндер (эхолокация).