Жек көрүүнүн кишенинен бошондум
Жек көрүүнүн кишенинен бошондум
АЙТЫП БЕРГЕН — ХОСЕ ГОМЕС
МЕН 1964-жылы 8-сентябрда Франциянын түштүгүндөгү Роньке деген шаарчада жарык дүйнөгө келгем. Ал эми ата-энем менен алардын ата-энелери Алжир жана Мароккодо (Түндүк Африка) төрөлгөн. Алар андалустук сыгандардан болушкан. Башка сыгандардыкындай эле, биздин үй-бүлө да абдан чоң жана тууган-туушкандарыбыз көп эле.
Атам каардуу мүнөзү менен айырмалана турган, ошондуктан балалык күндөрүмдү эстеген сайын, анын апамды сабаганы эсиме түшөт. Бир нече убактан кийин апам атам менен ажырашып кетти, бул сыгандар үчүн өөн көрүнүш болуп эсептелет. Апам иним менен эжемди, мени алып Бельгияга кетип калган, ал жерде сегиз жыл тынч жашадык.
Анан жагдай өзгөрдү. Биз, балдар, атабызды көргүбүз келгендиктен, апам биз менен кайра Францияга келип, атам менен элдешти. Атам менен чогуу жашоо кыйынчылык туудура баштады. Анткени Бельгияда биз апамды дайым ээрчип жүрчүбүз. Бирок атамдын төркүнү эркек эркек менен гана сүйлөшүш керек дегенге карманышчу. Алар эркектердин укуктары, а аялдардын милдеттери гана бар деп эсептешчү. Маселен, бир жолу кечки тамактан кийин эжекеме (атамдын карындашына) үстөлдүн үстүн жыйнаганга жардам берейин десем, байкем (атамдын иниси) мени гомосексуалист деп салган. Идиш-аяк жуу алардын үйүндө аялдардын гана жумушу деп эсептелчү. Алардын көз карашы акырындап мага да өтө баштады.
Көп өтпөй атам апама баягыдай эле зөөкүрдүк менен мамиле кыла баштады. Иним экөөбүз апама болушабыз деп атамдан таяк жеп кала жаздап терезеден качып чыккан күндөрүбүз болгон. Эжем да таяктан кур калчу эмес. Ушулардан улам үй бетин көрбөй тентип кетчүмүн. Ошентип, 15 жашымда келечекке байланыштуу эч кандай максатым жок болчу.
Убакыттын өтүшү менен тегеректегилер менден корко баштады, а мен ошого курсант элем. Кээде балдарга атайын тийишчүмүн, бирок алар мага, көпчүлүк учурда бычак же чынжыр алып жүргөндүгүмдөн, даай алышчу эмес. Анан машине уурдап сата баштадым. Кээде машинелерге жөндөн жөн эле өрт коюп жиберчүмүн да, өрт өчүргүчтөрдүн жан алакетке түшүп иштеп жатканын жыргап карап отурар элем. Кийинчерээк дүкөндөрдү, кампаларды талкалап уурулукка кире баштадым. Бир нече жолу камакка алынгам. Кармалган сайын, Кудайга жардам сурап кайрылар элем!
Ооба, Кудайга ишенчүмүн. Бельгияда жашап жүргөнүбүздө диний мектепке бара тургам. Андыктан кылгандарымдын натуура экенин да түшүнчүмүн. Бирок Кудайга болгон ишенимим жүрүм-турумума такыр таасир этчү эмес. Кудайдан кечирим сурап койсом эле кылган күнөөлөрүмдүн баары кечирилет деп ойлочумун.
Уурулук үчүн 1984-жылы 11 айга кесилип, Марселдеги Бометт түрмөсүнө жөнөтүлдүм. Аяктан денемдин ар кайсы жерлерине оймо-чиймелерди, жазууларды чектирип алдым. Арасында «Жек көрүү жана өч алуу» деген жазуу бар болчу. Түрмө мени
оңдомок турсун, тескерисинче, бийликтегилерге, дегеле, адамдарга болгон жек көрүүмдү күчөттү. Аякта үч эле ай жатып чыккандан кийин баштагыдан да каардуу болуп калдым. Бир нече убактан кийин жашоомо абдан катуу таасир тийгизген кырсык болду.Өч алуу жашоомдун маңызына айланды
Биздин үйдөгүлөр башка бир сыгандын үй-бүлөсү менен урушуп кетишти. Байкем (атамдын иниси) экөөбүз алар менен сүйлөшүүнү чечтик. Алар да, биз да куралчан элек. Жолугушуу учурунда Пьер байкем менен атамдын аталаш тууганын атып өлтүрүп салышты. Эмне кылар айламды таппай, акылынан ажыраган адамча тапанча кармаган бойдон көчөдө кыйкыра бериптирмин. Ошондо туугандарыбыздын бирине колумдагы тапанчаны күч менен алууга туура келди.
Атамдай көргөн Пьер байкемдин өлүмүнөн каңырыгым түтөдү. Кайгырып, сыгандардын салтына ылайык, аза күтүү жөрөлгөсүнө кармандым. Бир нече күн сакал-мурутумду албай, эт жебей, сыналгы көрбөй, музыка укпай жүрдүм. Өч алууга ант бердим, бирок курал сатып алууга туугандарым жол бербей коюшту.
1984-жылы августта аскерге кеттим. 20 жашымда БУУнун тынчтык орнотуу күчтөрүнүн катарына кошулуп Ливанга жөнөдүм. Мага, бирөөнү өлтүрөмбү же өзүм өлөмбү, баары бир болчу. А кезде гашишти аябай көп тартчумун. Ал мени магдыраткандан тышкары, эч нерсе мага зыян келтире албачудай сездиртчү.
Ливанда курал табуу оңой эле, ошондуктан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып байкемдин өлүмү үчүн өч алуу планын ишке ашырууну чечтим. Ошол жерде жашаган адамдардын бирөөнөн огу менен эки тапанча сатып алдым да, аларды ажыратып, эки радиокабылдагычка катып, Францияга, үйгө жөнөтүп жибердим.
Аскердик кызматтын мөөнөтү аяктаарына эки эле жума калганда, чогуу кызмат кылган үч бала болуп казармадан уруксатсыз кетип калдык. Кайтып келгенибизде, баарыбызды камакка алышты. Түрмөдөн аябай ачуум менен кайтаруучуга кол салдым. Кайдагы бир пейонун — сыган эмес бирөөнүн — мени кемсинткенине болуп көрбөгөндөй ардандым. Эртеси күнү офицер менен кагылыша кеттим. Акыры мени аскердик кызматымдын мөөнөтү аяктагыча Лиондогу Монлюк түрмөсүнө жөнөтүп жиберишти.
Түрмөдөн эркиндик таптым
Монлюктагы түрмөгө барганымда эле бир жаш жигит жылуу тосуп алды. Ал Жахабанын Күбөсү экенин жана башка ишенимдештериндей, колуна курал алгысы келбегени үчүн эле түрмөдө отурганын билдим. Бул мени абдан кызыктыргандыктан, анын көзкарашы тууралуу көбүрөөк билгим келди.
Жахабанын Күбөлөрү Кудайды чындап сүйөрүн жана адеп-ахлактык жактан бийик нормаларга карманып жашашарын көргөнүмдө абдан таасирлендим. Ошентсе да суроолорум али көп болчу. Өзгөчө, өлгөндөр тирүүлөр менен түш аркылуу сүйлөшөр-сүйлөшпөсүн билгим келди, анткени сыгандардын көпчүлүгү ошого ишенишет. Жан-Поль аттуу Күбө мага «Сен жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашай аласың» * деген китептин жардамы менен Ыйык Китепти изилдөөнү сунуш кылды.
Китепти бир түндүн ичинде окуп чыктым жана анда жазылгандар мага терең таасир этти. Бул жерден, түрмөдөн, чыныгы эркиндик таптым! Түрмөдөн чыкканда ыйык китептик адабияттарга толо сумкам менен поездге түшүп, үйгө жөнөп кеттим.
Үйгө келгенимде Жахабанын Күбөлөрү менен байланышуу үчүн, Мартиг шаарындагы Падышалык залына бардым. Ыйык Китепти изилдөөнү Эрик деген толук убакытта кызмат кылган жигиттин жардамы менен уланттым. Бир нече күндүн ичинде тамекини таштап, мурдагы кылмышкер досторум менен байланышымды үздүм. Накыл сөздөр 27:11деги: «Уулум, акылдуу бол, менин жүрөгүмдү кубант. Ошондо мага жаман сүйлөгөн адамга жооп бере алам»,— деген сөздөргө ылайык жашаганга чечкиндүү түрдө көңүлдөндүм. Жахабанын мээримдүү Ата экенин таанып-билгендиктен, анын жүрөгүн сүйүнткүм келди.
Өзгөрүлүү оңойго турган жок
Кудайдын принциптерин иш жүзүндө колдонуу мен үчүн жеңил болгон жок. Маселен, бир жолу алсыздыкка алдырып, бир нече жума бою баңгизат кабыл алып жүрдүм. Бирок баарынан
да өч алуу каалоосунан кутулуу оор болду. Эрикке көрсөтпөй жаныма дайыма тапанча алып жүрчүмүн жана баштагыдай эле байкемди өлтүргөндөрдөн өч алууга байланыштуу пландарымды ойлонуштура берчүмүн. Таң аткыча ал адамдарды издеп нечендеген түндөрдү өткөрдүм.Бул тууралуу Эрикке айтканымда, ал мага куралымды, өч алуу каалоомду жок кылмайын Кудай менен жакшы мамиле өрчүтө албасымды ачык түшүндүрүп берди. Эми чечим чыгарышым керек эле. Элчи Пабылдын Римдиктерге жазган катынын 12:19дагы: «Сүйүктүүлөр, өзүңөр үчүн өч албагыла, тескерисинче, Кудайдын каарына орун бергиле»,— деген кеңешинин үстүнөн аябай ойлондум. Ушул аяттагы сөздөр жана жалындуу тиленүүлөр сезимдеримди башкарууга жардам берди (Забур 54:23). Акыры, куралымды жок кылдым. Ыйык Китепти изилдеп баштаганымдан бир жыл өткөндөн кийин, 1986-жылы 26-декабрда Кудайга арналганымды билдирип сууга чөмүлтүлдүм.
Үй-бүлөмдүн мамилеси
Жүрүм-турумумдун өзгөргөнүн көрүп, ата-энем да Ыйык Китепти изилдөөгө түрткү алышты. Алар кайрадан баш кошуп, 1989-жылдын июлунда апам чөмүлтүлдү. Кийинчерээк башка туугандарыбыз да чындыкка кызыгышып, Жахабанын кызматчыларынын катарына кошулушту.
1988-жылы августта толук убакыттагы кызматты баштадым. Жыйналышыбыздагы Катя аттуу бир жаш тууганга ашык болуп калып, ал экөөбүз 1989-жылы 10-июнда баш коштук. Аялдарга карата мамилемди өзгөртүшүм керек болгондуктан, үй-бүлөлүк жашообуздун биринчи жылы жеңил болгон жок. Күйөөлөрдү аялдарын урматтоого чакырган 1 Петир 3:7деги сөздөргө ылайык иш кылуу мен үчүн оор болду. Бой көтөрчөөктүгүмдү жеңүүгө, оюмду өзгөртүүгө күч бер деп Кудайга канча ирет кайрылууга туура келди! Акырындык менен бардыгы жөнгө салынды.
Байкемдин өлүмү баштагыдай эле ичимди туз куйгандай ачыштырат, кээде ал жөнүндө ойлогондо эле көзүмө жаш тегеренет. Анын өлгөнүн эстегенде эле пайда болчу сезимдер менен алиге чейин күрөшкөнгө аракет кылып келем. Чөмүлтүлгөндөн кийин да көптөгөн жылдар бою кандуу касташкан үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн бири менен жолугушуудан коркуп жүрдүм. Алар мага кол салышса эмне кылам? Өзүмдү кармай аламбы? Эски адатым кармап калбайбы?
Бир күнү кошуна жыйналышка баяндама айтып бардым. Аяктан Пепаны — байкемди өлтүргөн кишинин тууганын — көрдүм. Ал жолугушуу мен үчүн Ыйсанын жолдоочусу катары чындап эле сыноо болгонун моюнга алгым келет. Бирок сезимдеримди жеңе алдым. Кийин Пепа чөмүлтүлгөндө, аны кучактап, Жахабага кызмат кылууну чечкени үчүн куттуктадым. Мурда болуп өткөндүн баарына карабастан аны рухий биртууганым катары кабыл алдым.
Жек көрүүнүн кишенинен бошонууга жардам бергендиги үчүн Жахабага күн сайын ыраазылыгымды билдирем. Анын ырайымдуулугу болбосо, бүгүн кайда болот элем? Учурда Кудайдын ырайымынан улам гана үй-бүлөлүк жашоого ыракаттануудамын. Ошондой эле келечекке — жек көрүү жана зордук-зомбулук болбой турган жаңы заманга — да үмүтүм бар. Ооба, Кудайдын: «Ар бири өзүнүн жүзүм сабагы менен анжыр дарагынын түбүндө отурат, аларды эч ким коркутпайт, анткени муну Себайот Теңир Өз оозу менен айтты»,— деген убадасы аткарыларына кымындай да шектенбейм (Михей 4:4).
[Шилтемелер]
^ 18-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.
[19-беттеги сүрөт]
Ливанда БУУнун тынчтык орнотуу күчтөрүнүн катарында, 1985-жыл.
[20-беттеги сүрөт]
Катя жана балдарым Тимео, Пьер менен.