Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жылмаюунун күчү

Жылмаюунун күчү

Жылмаюунун күчү

БИР азга эле созулганы менен, эсиңде өмүр бою калышы мүмкүн. Ал баа жеткис, бирок аны менен бөлүшө албагыдай жарды же ага муктаж болбогудай бир да бай адам жок. Бул эмне? Жылмаюу.

Жылмаюу булчуңдар жыйрылганда көздөр күлүңдөп, эриндердин бурчтары анча-мынча көтөрүлгөндө пайда болот да, канааттанууну билдирет. Ымыркай төрөлгөндөн бир нече жума өткөн соң жылмая баштайт, бул, албетте, бактылуу ата-энени кубанычка бөлөйт. Ымыркайдын ошондогу жылмаюусу шартсыз рефлекс деп эсептелинет. Адистердин айтуусунда, алар көп учурда уктап атканда ошентип жылмайышат жана бул адамдын сезимдери менен борбордук нерв системасынын иштешине байланыштуу болот. Атүгүл чоң кишилерде да, маселен, тамактангандан кийин же музыка угуп жатканда ошондой рефлектордук жылмаюу пайда болот.

Төрөлгөнүнө алты жумадай болгондо бала башкалардын ымдоосуна же үнүнө жооп кылып жылмая баштайт. Адамдардын кыймыл-аракетине жооп иретинде жылмаюу — ыктыярдуу кыймыл-аракет — баарыбызга: жашыбызга да карыбызга да кубаныч тартуулайт. Ал ошондой эле денсоолукка да жакшы таасир этет деп айтышат. «Жылмаюу жана денсоолук» дарылоо жайынын башчылары Мирта Манно жана Рубен Делауро аттуу доктурлардын айтымына караганда, жылмайып эриндерибизди чойгонубуздун өзү эле мээбизде гипофиздин аткарган кызматын жөнгө салуучу электрондук белгилерди пайда кылат. Гипофиз болсо мээбизде эндорфиндерди — кубануу сезимин пайда кылуучу химиялык заттарды — бөлүп чыгарат.

Жылмаюу башкаларга оң таасир тийгизгендиктен да баалуу. Чын жүрөктөн жылмайганда башкаларга сөзү жок эле сезимдерибизди жеткире алабыз, мисалы, саламдашканда, жактырганыбызды билдиргенде же кайраттаганда. Кээде көздөрүн жоодурата жылмайып турган наристенин сүрөтүн көргөндө эле жылмаябыз.

Жылуу жылмаюу жандүйнөбүздү тынчтандырып, стресс жана турмуштагы кыйынчылыктар менен күрөшкөнгө көмөк кылат. Ыйык Китепте: «Колуңда жакшылык кылууга күч бар болуп турганда, муктаж болуп турган адамга жакшылык кылуудан баш тартпа»,— деген кеңеш бар (Накыл сөздөр 3:27). Жөнөкөй эле жылмаюу өзүбүзгө да, башкаларга да зор пайда алып келе алат! Келгиле, ушул баа жеткис белекти — жылуу жылмаюуну — адамдарга тартуулай берели!