Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кошбойлуулук маалы коопсуз өтүшү үчүн

Кошбойлуулук маалы коопсуз өтүшү үчүн

Кошбойлуулук маалы коопсуз өтүшү үчүн

МЕКСИКАДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

БИРИККЕН Улуттар Уюмунун элдик фондунун билдирүүсү боюнча, жыл сайын кошбойлуулуктан улам пайда болгон ар кандай кабылдоолордон жарым миллиондон ашуун аял набыт болот. Ошол эле уюмдун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жылына боюнда бар аялдардын 60 миллиондон ашууну олуттуу кабылдоолорго чалдыгышарын жана алардын (жабыркоолор менен инфекциялардын) үчтөн бир бөлүгү өмүр бою залакасын тийгизерин белгилейт. Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө аялдар биринин артынан бирин төрөй берген учурлар көп кездешет. Андайда аялдар өз денсоолугуна тийиштүү кам көрүшпөгөндүктөн, күч-кубаты кетип, ар кандай оору-сыркоолорго чалдыгышат. Кошбойлуулук денсоолукка зыян тийгизип, олуттуу коркунуч туудурган учурлар да болот. Кошбойлуулук маалы коопсуз өтүшү үчүн аял кандайдыр бир иш-чара көрө алабы?

Кошбойлуулукка чейин денсоолукка кам көрүү

Алдын ала ойлонуштуруу. Жубайлар, баарыдан мурда, канча балалуу болгусу келерин чечип алууга тийиш. Айталы, өнүгүп келаткан өлкөлөрдө бир канча кичине балдары бар, ошол эле учурда, дагы бирин эмизип, дагы бирин курсакта көтөрүп жүргөн энелерди көп көрүүгө болот. Алдын ала жакшылап ойлонуштуруп алуу аялга удаа-удаа төрөбөй, тыным жасап, төрөгөндөн кийин ал-күч топтоп алууга мүмкүнчүлүк берет.

Тамактануу. Кошбойлуулуктун оң жыйынтыгын көздөгөн Коалициянын билдирүүсү боюнча, аялдын организми бала көтөрөр алдында ар кандай токсиндерден арылып, баланын өрчүшүнө зарыл заттарды топтоп алышы үчүн, эң аз дегенде, төрт ай талап кылынат. Мисалы, болочок эненин организминде фоли кислотасы жетиштүү болсо, курсактагы баланын жүлүн каналы туура жабылып, омуртка тутумунда жылчык пайда болуш ыктымалдыгы кыйла төмөндөйт. Түйүлдүктүн жүлүн каналы кошбойлуулуктун 24—28-күнү (адатта, аялдардын көбү боюнда барын али биле электе) жабылат, ошон үчүн бала көтөрүүгө даярданып атышкан аялдардын кээси алдын ала фоли кислотасын кабыл ала башташат.

Дагы бир зарыл микроэлемент — темир. Аялдын организминин темирге болгон муктаждыгы бала көтөрүп жүргөн маалында эки эсе жогорулайт. Ошондуктан темир жетишпеген аз кандуулук өрчүй башташы мүмкүн. Мындай жагдайга өнүгүп келаткан өлкөлөрдөгү аялдар көп туш болушат. Удаа бойго бүтө берсе, сарпталган темирдин ордун толтурууга убакыт жетпей, организмге ого бетер күч келиши мүмкүн *.

Курак. Боюнда бар 16 жашка чейинки кыздардын өлүмгө дуушар болуш ыктымалдыгы 20 жашка чыккандарга караганда 60 пайызга жогорураак. Ал эми 35тен өтүп калган аялдардын балдары тубаса аномалия (оору же майыптык) менен, мисалы, Даун оорусу менен төрөлүш ыктымалдыгы жогорулайт. Өтө жаш же кеч төрөгөн энелер кошбойлуулуктун 20-жумасынан кийин артериялык кан басымынын жогорулашы, суу шишик жана заарада белоктордун көбөйүшү менен мүнөздөлүүчү преэклампсияга — кеч талгактыкка — көбүрөөк дуушар болот. Кеч талгактык баланын да, эненин да өлүмгө дуушар болуш ыктымалдыгын жогорулатат.

Инфекциялар. Бойдо бар кезде сийдик-жыныс органдарынын же ичеги-карындын инфекциялары күч алып, баланын ара төрөлүшүнө, ошондой эле кеч талгактыкка алып келиши ыктымал. Кандай инфекция болбосун, аны кошбойлуулукка чейин дарылоо абзел.

Кошбойлуулук маалында

Врачтын көзөмөлдөөсүндө болуу. Кошбойлуулук маалынын башынан аягына чейин врачтын көзөмөлүндө болуу эненин өлүмгө дуушар болуш ыктымалдыгын азайтат. Бейтапканага же консультацияларга үзгүлтүксүз баруу мүмкүн болбогон өлкөлөрдө деле сабаттуу акушерлерди табууга болот.

Кошбойлуулук маалында врачтарга көрүнүп жүрүү аларга көп түйүлдүктүү кошбойлуулуктан, кан басымынын жогорулап кетишинен, жүрөк, бөйрөк ооруларынан же диабеттен улам пайда болуучу кыйынчылыктарга даяр болууга мүмкүндүк берет. Айрым өлкөлөрдө, жаңы төрөлгөн баланы селейме оорусунан сактоо үчүн, аялдын боюнда бар кезде ал ооруга каршы эмдөө жүргүзүлөт. Ошондой эле кошбойлуулуктун 26—28-жумасында анализ алып, В тобундагы стрептококк бары-жогун текшеришет. Эгер стрептококктор жоон ичегиде кездешсе, төрөт маалында балага өтүп кетиши мүмкүн.

Болочок эне врачтарга өзүнүн денсоолугу тууралуу бардык маалыматтарды берүүгө даяр болууга, медициналык карточкасын да камдап алууга тийиш. Суроо берүүдөн уялбаш керек. Аял жыныс кынынан кан же жатындан суюктук келип жатса, бет териси дүүлүгүп атса, башы катуу же көпкө басылбай ооруса, манжалары сыздаса, начар көрө баштаса, ичи катуу ооруса, тынымсыз кусса, чыйрыгып же ысыласа, ичиндеги баласынын кыймылдаш ылдамдыгы же аралыгы өзгөрсө, заара ушатканда оору сезими пайда болсо же зааранын чыгышы начарласа, тезинен медициналык жардамга кайрылыш керек.

Ичимдик менен баңгизат. Спирт ичимдиктерин же баңгизаттарды колдонгон (ошондой эле тамеки тарткан) болочок энелердин балдары акыл-эс жагынан кеч өрчүп, денелик кемтиктери менен төрөлүп же ал түгүл кыймыл-аракети, тартиби бузулушу мүмкүн. Баңгизат колдонгон энелер төрөгөн балдардын кээсинде баңгиликти же ичкиликти таштап аткандарга мүнөздүү белгилер байкалат. Айрымдар кошбойлуу аял кез-кезде бир аз шарап ичип койсо эч нерсе болбойт деп эсептешкени менен, адистер, адатта, бала көтөргөн маалда ичимдиктен таптакыр баш тартууну сунуш кылышат. Болочок энелер тамеки тартып аткандар менен бирге болуп, түтүнүнөн дем алуудан да сак болушу керек.

Дары-дармектер. Дары-дармекти аялга анын боюнда барын жана алардын кандай терс таасир бериши мүмкүн экенин билген врач жазып бербеген болсо, ал өз алдынча эч кандай дары ичпеши керек. Кээде витаминдер да зыян алып келиши мүмкүн. Мисалы, А витамини өтө көп болуп кетсе, түйүлдүктүн өрчүшүнө зыян тийгизиши ыктымал.

Толуу. Кошбойлуу аял тең салмактуу болушу керек. Алардын тамактануусу жөнүндөгү бир китепте чарчап калуу ыктымалдыгы салмагы аз төрөлгөн балдардын арасында орто салмак менен төрөлгөндөргө караганда 40 эсе жогору экени белгиленген («Krause’s Food, Nutrition and Diet Therapy»). Ошол эле учурда, болочок эне эки адам үчүн тамактанса, семиргенден башка эч пайда чыкпайт. Адатта, кошбойлуулук маалынын экинчи чейрегинен тартып орду менен салмак кошуу болочок эненин өзүнүн учурдагы муктаждыгына жараша тамактанып атканын көрсөтөт *.

Гигиена жана башка маанилүү нерселер. Ваннага же душка түшсө болот, бирок жыныс кынын ичине суу жүгүртүп жууган болбойт. Боюнда бар аял кызамык же кызылча менен ооругандар менен байланышуудан сактаныш керек. Токсоплазмоз пайда болбошу үчүн, жакшы бышпаган этти жеп же кармоодон, мышыктын заң-заарасынан сактаныш зарыл. Тазалыктын негизги эрежелерине кармануу, айталы, колду жана азык заттарды жууш керек. Кошбойлуулук маалында жыныстык катнашка, адатта, тыюу салынбайт. Бирок төрөөр алдындагы акыркы жумаларда кан келе баштаса же булчуңдар карышып атса, мындан мурункусу бойдон түшүп калган болсо, жыныстык катнашты токтотуу сунуш кылынат.

Аман-эсен көз жаруу

Эгерде аял боюнда бар кезде денсоолугуна тийиштүү түрдө кам көрсө, төрөт маалындагы көптөгөн кыйынчылыктардан сактанат. Мисалы, ал кайда — үйүндөбү же төрөтканадабы — төрөөрүн алдын ала ойлонуштурат; кандай жагдайларга даяр болушу керегин билип алат; тажрыйбалуу акушер же врачтар менен кеңешип, аларга кандай абалда төрөгүсү келерин жана эпизиотомия (төрөт жолун тилүү), кыпчуур, ооруну басаңдатуучу дарылар менен электр феталдык монитордун колдонулушуна кандай караарын билдирет; үйдө төрөгөн маалда кандайдыр бир кабылдоолор пайда болуп, кыйынчылык туулса, кайсы төрөт үйүнө же ооруканага кайрыларын тактап алат. Ошондой эле эгер кан көп кетсе, кандай чара көрүлөт? Төрөт маалында көп кан жоготуп набыт болгон аялдардын саны аз эмес, ошон үчүн аял андайда кан куйдургусу келбесе, канга аралжы суюктук камдалып коюлушу керек. Кесарь кесүү талап кылынып калса да эмне кылышты чечип алуу талап.

Ыйык Китепте балдардын Кудайдын батасы, «мурас» экени айтылат (Забур 126:3). Аял кошбойлуулук тууралуу канчалык көп билсе, ал маал ошончолук коопсуз өтөт. Денсоолугуна боюна бүткөнгө чейин да, кийин да кам көрүү менен жана төрөткө байланыштуу маселелерди алдын ала ойлонуштуруп алуу менен аял кошбойлуулук маалы коопсуз өтүшү үчүн бардык күч-аракетин жумшаган болот.

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Фоли кислотасы менен темир боордо, чанактууларда, жашыл жалбырактуу жашылчаларда, жаңгактарда, витаминделген дан өсүмдүктөрүндө болот. Темирге бай азыктар жакшы сиңиши үчүн, аларды С витамини бар азыктар (мисалы, чийки желчү жашылча-жемиштер) менен бирге жеген жакшы.

^ 16-абз. Орточо салмактагы аялга бала көтөргөн маалынын аяк ченинде өзүнүн баштапкы салмагына 9—12 килограмм гана кошуу сунуш кылынат. Бирок өспүрүм курактагыларга же кошбойлуулугуна чейин начар тамактанган аялдарга 12—15 килограммга толуу сунуш кылынат. Толук аялдарга болсо 7—9 килограмм гана толууга кеңеш берилет.

[14-беттеги кутуча]

КОШБОЙЛУУ АЯЛДАРГА КЕҢЕШ

● Кошбойлуу аялдардын күнүмдүк тамактануусуна жашылча-жемиштер (айрыкча, кочкул жашыл, сары кызгыл, кызыл өңдөгүлөр), чанактуулар (чанак, соя, жасмык, буурчак), дан өсүмдүктөрү (буудай, жүгөрү, сулу, арпа, эгер алар бүкүлү дан түрүндө же витаминделген болсо, андан да жакшы) жана башка азык-түлүктөр (балык, тоок, уй эти, жумуртка, быштак жана сүт, мүмкүн болсо, майлуу эместери) кириши керек. Майлуу азык, тазаланган кант же туз колдонууну азайтыш абзел. Сууну көбүрөөк ичкиле. Кофеин кошулган суусундуктарды ичпөөгө жана консерванттар, жасалма боёк, ароматизаторлор сыяктуу кошундулары бар азыктарды колдонбоого аракеттенгиле. Кир крахмалдоодо колдонулуучу химиялык крахмал, топурак жана башка желбөөчү нерселерди жеш туура азыктанууну бузуп, талгактыкты чакырышы ыктымал.

● Мүмкүн болушунча рентген нурларына чалдыгуудан жана зыяндуу химиялык заттардан сактангыла. Үй тазалоодо аэрозолдор менен химиялык заттарды колдонууну азайткыла. Өтө ысуудан, дене тарбия көнүгүүлөрү менен ашыкча машыгуудан, көпкө туруудан жана өтө чаалыгуудан сактангыла. Коопсуздук курун туура тагынгыла.