Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайга баш ийүүнү тандаган улан

Кудайга баш ийүүнү тандаган улан

Кудайга баш ийүүнү тандаган улан

БИР МИҢ тогуз жүз отуз жетинчи жыл. Европа өлкөлөрүндө ар кыл идеологиялардан улам элдер арасындагы абал начарлаган коогалаң учурда Кудайдын кызматчылары олуттуу чечим чыгарууга дуушар болушкан. Алар Кудайга же адамдарга баш ийүүнү тандашы керек эле (Элчилер 5:29). Аскерге чакырылуу курагындагы уландар Кудайга баш ийгени үчүн өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экенин билишчү.

Испаниялык Антонио Гаргальо 19 жашында ушундай жагдайга кабылган. Ал генерал Франконун улуттук аскерине кызмат өтөөгө чакырылганда, Испаниядагы атуулдук согуштун жүрүп жатканына бир жыл болуп калган. Аскерге чакырыларынан бир жыл мурун Антонио Жахабанын Күбөсү катары чөмүлтүлгөн жана Ыйык Китептен Кудайдын кызматчылары саясый жактан бейтараптуулукту сакташы, ал гана эмес согушууга үйрөнбөшү керектиги тууралуу окуган болчу (Ышайа 2:4; Жакан 17:16). Согушууну жана жердештерин өлтүрүүнү каалабагандыктан ал Францияга качып кетүүгө аракеттенген, бирок кармалып калып, Франциянын чек арасынын жанында жайгашкан Хакедеги (Уэска провинциясы) аскерлер жашаган жерге жөнөтүлгөн.

Аскер трибуналы ага катуу шарт койгон: ал колуна курал алууну же өлүм жазасына тартылууну тандашы керек болчу. Антонио Кудайга баш ийүүнү чечет. Өлүм жазасына тартыларына аз калганда, Жахабанын Күбөсү болбогон апасы менен карындашына ал мындай деп кат жазган:

«Мени камакка алышып, жадагалса, сурак жүргүзбөй эле өлүмгө өкүм чыгарышты. Бүгүн кечинде жарык дүйнө менен кош айтышам. Күйүт тартып ыйлабагыла... анткени мен Кудайга баш ийдим. Эгер кааласа Кудай мага кайрадан мындан да артык өмүр белек кыла ала тургандыктан, мен көп нерсе жоготпой элемин... Азыр, өмүрүмдүн акыркы сааттарында, өзүмдү өзгөчө бейкут сезип турам. Силерди бекем кучактап, аябай сүйгөн уулуңуз жана байкең» *.

Үч аскер киши Антонионун жазалана турган жерге Жахабаны даңктап ырдап барганын айтышкан. Мындай курмандыктар Кудай менен анын Уулунун көзжаздымында калбайт. Антонио сыяктуу Кудайдын ишенимдүү кызматчылары тирилтилүү аркылуу өз сыйлыгын алышарына толук ишенсек болот (Жакан 5:28, 29).

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Антонионун каты апасына ошол бойдон жетпей калган, ал Испаниянын аскердик архивинде ондогон жылдар бою сакталып жаткан.