Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Көчүргөндүн эмнеси жаман?

Көчүргөндүн эмнеси жаман?

Жаштар сурайт:

Көчүргөндүн эмнеси жаман?

«Көчүрүп алгандын туура эмес экенин баары эле түшүнүшөт, бирок андан оңой иш жок да» (Жимми, 17 жаш).

ТЕКШЕРҮҮ иши маалында акырын бирөөдөн көчүрүп алгың келген учурларың болду беле? Чынында, андай азгырык көбүндө болот. 12-класста окуган Женна классташтарынын көбү уялбай-этпей эле көчүрө беришерин: «Алар кантип көчүрүп алышарын айтып мактанышат. А сенин көчүрбөсүңдү билишсе — кадимкидей таң калышат»,— деп айтып берет.

АКШда өткөрүлгөн бир сурамжылоодон жакшы окуган балдардын 80 пайызы көчүрүшөрү жана ошол «алдыңкы окуучулардын» 95 пайызы бир да жолу кармалбагандыгы билинген. Ар кандай жаштагы 20 000ден ашуун окуучунун оюн сурап чыгып, Жозефсон атындагы Этика институтунун адистери: «Чынчылдык менен акниеттик деген түшүнүктөр жоюлуп баратат»,— деген тыянакка келишкен. Көчүрүп алуу адатынын мынчалык жайылып кетиши мугалимдерди да тынчсыздандырат. Бир мектептин директору Гари Нилс өкүнүч менен мындай дейт: «Көчүрбөгөндөр бирин-экин гана».

Ата-энелердин көбү балдарынан окууга акниеттүү мамиле кылууну талап кылышат. Бирок, тилекке каршы, сабактан чынчылдыкка көз жумуп, көчүрө берген окуучулар көп. Алар кандай жаңы ыкмаларды колдонушат? Кээ бирөөлөрдүн көчүрүшүнө эмне себеп болот? Анын эмнеси жаман?

Көчүрүүнүн жаңы ыкмалары

Азыркы кезде көчүрүүнүн жаңы ыкмалары толтура. Техникалык жетишкендиктер бул тармакка да «салым» кошпой койгон жок. Андыктан айрымдар үчүн үй тапшырмасын бирөөдөн көчүрүү же алдын ала кагазга жазып алуу — «артта калгандык». Учурда экзамендин суроолорунун жообун бирөөдөн пейжер аркылуу же кошумча маалымат киргизилген калькулятордун жардамы менен билип алууга болот. Кийимдин ичине жашырылган кичинекей камера суроолордун жоопторун каалаган адамга билдирүүгө жана атайы түзүлмөлөр инфра кызыл нурлануунун жардамы менен башка класс же аудиториядагылар менен маалымат алмашып турууга мүмкүндүк берет. Интернет сайттарынан каалаган сабак боюнча зачёттук иштин даяр жообун таап алууга болот.

Албетте, мугалимдер мындай жагдайга каршы чара көрүүгө аракеттенишет, бирок ал оңой чечиле коёр иш эмес. Бардык эле окуучулар (же мугалимдер) окуудагы бейчынчыл иш-аракетке эмнелер кирерин бирдей түшүнүшпөйт. Айталы, окуучулар тобу менен бир иштин үстүнөн иштеп жатышкан учурларда чынчыл эмгектештик менен жалгандыкты даана айырмалоо дайым эле мүмкүн эмес. Менсиз деле бүтүрүп коюшат деген ой менен иштин баарын башкаларга жүктөп койгондор да болору күмөнсүз. «Кээ бирөөлөр жеткен жалкоо,— дейт коллежде окуган Юдзи.— Анан эле эл катары жакшы баа алып калышат. Менимче, бул деле алдамчылык!»

Эмнеге алдашат?

Бир сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, көптөгөн окуучулардын көчүрүшүнүн башкы себеби сабакка жакшы даярданбай барышында. Айрымдар — мектептеги атаандаштык рухунун таасиринен, башкалары өтө көптү күткөн ата-энелеринин талабын орундатууну каалагандыктан көчүрүүдөн башка аргам жок деген жыйынтыкка келишет. «Ата-энеме баа эле болсо болду,— дейт 13 жашар Сэм.— „Математика боюнча текшерүү ишиңен канча коюшту? Англис тилинен канча алдың ыя?“ — деп эле турушат.— Жаман тажадым!»

Кээ бир окуучулардан үйүндөгүлөрү жакшы баа гана алууну талап кылышкандыктан, көчүрүүгө өтүшөт. «Америкалык өспүрүмдүн жекече жашоосу» аттуу китепте: «Эгер билим алуу адамга канааттануу бербей, аны жакшы баага алдоо жолу менен болсо да жетүүгө түртсө, демек, билим берүү тармагынын бир жери натуура»,— деп айтылган («The Private Life of the American Teenager»). Бул айтылгандарга окуучулардын көбү кошулат. Анын үстүнө, зачёт же экзаменден кимдин эле кулап калгысы келсин. «Кээ бирөөлөр чынында экзаменден кулап калуудан коркушат,— дейт жогорку класстарда окуган Жимми.— Алар туура жоопту билишсе деле „андай эмес болуп калсачы“ деп көчүрө беришет».

Чынчылдыкка жеңил-желпи карашкандардын көбү көчүрүүнүн эч жаманы жок деген ойдо. Кээде көчүрүп эле алуу ыңгайлуу сезилет. «Кечээ текшерүү ишин жазып атканыбызда бир баланын менден көчүрүп атканын байкап калгам. Бүгүн текшерүү иштерибизди кайра алсак — анын баасы меникинен жакшы экен»,— дейт 17 жаштагы Грег. Айрымдар курбу-курдаштарынын көбүнүн көчүрүп атканын көрүп көчүрө башташат. «Кээ бирөөлөр: „Баары эле ошентип атышса, мен эмне болуптурмун?“ — деп ойлошот»,— дейт Юдзи. Бирок анткен туурабы?

Жаман адат

Көчүрүү далай жагынан уурулукка окшош. Эгер уурулар көп болсо, уруулук кылуу жакшы адат болуп калабы? «Жок»,— дейттирсиң сен (өзгөчө сенин акчаңды уурдап кетишсе). Көчүрүү менен биз бирөөнүн аркасы менен өзүбүздү жакшы көрсөткүбүз келет. Ошонубуз менен чынчыл бирөөгө зыян келтиришибиз да мүмкүн (Эфестиктерге 4:28). «Бул жакшы иш эмес,— дейт жакында мектепти бүткөн Томми.— Себеби „мен муну билем“ деп көрсөткүң келгени менен, чынында, билбейсиң. Демек, калп айтасың». Бу боюнча Ыйык Китепте кандай көзкараш жакталары Колостуктарга 3:9да: «Бири-бириңерге жалган айтпагыла»,— деп таасын көрсөтүлгөн.

Көчүрүү адаты терең тамыр байлап алса, аны жеңүү кыйын болуп калат. «Көчүрүп көнүп калгандар даярданбай туруп деле жакшы баа алып кетсе болорун көрүшкөндүктөн, ошого эле таянып калышат,— дейт Женна.— Бирок бир күнү алардын өз алдынча карыш жыла албасы анык болот».

Галаттыктарга 6:7деги: «Адам эмнени сепсе, ошону орот»,— деген принцип адил. Көчүрүүгө көнүп алсаң, таза абийириңен ажырап, досторуңдун ишениминен кетесиң. Окууга тийиштүү мамиле кылбагандыктан, жакшы билим да албайсың. Алдоо адаты рак шишигиндей жайылып олтуруп, жашооңдун башка да тармактарына өтүп, сен үчүн кымбат адамдарың менен болгон мамилелериңди бузушу мүмкүн. Баарынан олуттуусу, ал жалганчылыкка жийиркенүү менен караган Кудай менен болгон мамилеңе таасир этет (Накыл сөздөр 11:1).

Көчүрүүгө көнүп алгандар өзүлөрүн өзүлөрү алдашат (Накыл сөздөр 12:19). Алардын кылганы: «Биз жалганды өзүбүзгө баш паана кылып алдык, алдамчылыкка жашынып алдык»,— дешкен Иерусалимдин адепсиз эл башчыларынын кылгандарына окшош (Ышайа 28:15). Бирок Кудайдын көз алдында бир да жалганчы кылганын жашыра албайт (Эврейлерге 4:13).

Алдаба!

Демейде, кантип көчүрүштү ойлоп табуу окуучулардан бир топ аракет, тапандыкты талап кылат. Эгер ошол күч-аракеттерин окууга жумшашса, алар көп пайда алышмак. 18 жаштагы Эбби да ошону айтат: «Алар ар кандай айла-амал тапканындай тырышчаактык менен окушса, көп ийгиликтерге жетишмек».

Көчүрүп алуу абдан күчтүү азгырык болушу ыктымал. Бирок абийирди булгоочу андай иштен сактан! (Накыл сөздөр 2:10—15). Жалгандыкка каршы турууга эмне жардам берет? Эң алды, мектепке кандай максат менен барарыңды унутпа — албетте, билим алайын деп барасың да. Ооба, кээде жашооңдо эч качан пайдасы тийбес нерсени өздөштүрүү маанисиздей көрүнөттүр. Бирок билим алгандын ордуна көчүрө берсең, жаңы нерселерди өздөштүрө билүү, билгендериңди иш жүзүндө колдоно алуу жөндөмдүүлүгүн өрчүтө албайсың. Аракет жок жерде берекет жок. Ыйык Китепте: «Чындыкты сатып ал, акылмандыкты, билимди, акыл-эсти сатпа»,— деп айтылган (Накыл сөздөр 23:23). Сабактарга жана тапшырмаларды аткарууга олуттуу мамиле кыл. «Текшерүү ишине даярданып барсаң, өзүңдү ишенимдүү сезип, суроолоруна жооп бере аларыңа шектенбейсиң»,— дейт Жимми.

Албетте, айрым суроолорго жооп бере албай калып, начар баа алган учурларың болушу мүмкүн. Бирок көчүрбөйм деген чечимиңде бекем турсаң, дагы кайсы жактардан иштешиң керек экенин көрөсүң (Накыл сөздөр 21:5).

Жогоруда сөзү келтирилген Юдзи — Жахабанын Күбөсү. Классташтары көчүрүп алууну сурашканда, ал мындай кылат: «Биринчиден, мен аларга өзүмдүн ишенимим тууралуу айтам. Ошол — чоң жардам. Себеби алар Жахабанын Күбөлөрү чынчыл болорун билишет. Эгерде текшерүү иши маалында бирөө жообун айтып беришти сураса, мен ага жок деп түз эле айтам. Себебин ага кийин түшүндүрүп берем».

Юдзи элчи Пабылдын эврейлерге: «Өзүбүздү бардык нерседе туура алып жүрүүгө аракет кылабыз»,— деген сөздөрүнө толук кошулат (Эврейлерге 13:18). Эгерде башкалардан көчүрбөстөн чынчылдык менен окусаң, алган жакшы бааларыңдын чынында эле мааниси болот. Башкалар сени чынчыл адам катары билишсе, ата-энеңе мектептен алып келер эң баалуу белегиң — ошо (3 Жакан 4). Анын үстүнө, абийириң да таза болот жана Жахабанын жүрөгүн сүйүнтүп атканыңа өзүң да сүйүнөсүң (Накыл сөздөр 27:11).

Көчүрүү классташтарыңдын арасында канчалык таралбасын, аларды туураба! Ошондо айланадагылар менен, андан да маанилүүсү, чындыктын Кудайы Жахаба менен болгон жакшы мамилеңди сактайсың (Забур 10:7; 30:6).

[14-беттеги кыстырма]

Көчүргөн адам, чын-чынына келгенде, уурулукка барабар иш жасап атканын түшүнбөйт.

[14-беттеги кыстырма]

Көчүрүү бара-бара жалгандыктын олуттуу түрлөрүнө алып барышы мүмкүн.

[15-беттеги кыстырма]

ч кандай жалгандык Кудайдын алдында жашыруун калбайт.

[15-беттеги кыстырма]

Жакшы даярдык өзүңдү ишенимдүү сезүүгө жардам берет.