Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Суурлар менен жолугушуу

Суурлар менен жолугушуу

Суурлар менен жолугушуу

ИТАЛИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

БӨЙТӨЙГӨН жана жоруктары дээрлик эч кимди кош көңүл калтырбаган жандыктар менен таанышууну каалайсыңарбы? Анда эмесе, аялым экөөбүз үлпүлдөк жүндүү суурларга кантип жолугуп калганыбызды айтып берүүгө уруксат эткиле.

Экөөбүз Италиянын түндүгүндө жайгашкан Доломиттүү Альп тоолорунун бир бөлүгүндө жүргөн элек. Ал жерден эки улуу тоонун — Латемара менен Катиначчонун — чокулары көрүнүп турат. Биз Катиначчонун этегине алпарчу тик бет менен ашууну туура көрдүк. Жалгыз аяк жол кеткен талаадагы кызыл-тазыл гүлдөр тим эле көздүн жоосун алат. Кооз саранка лилиясына (Lilium martagon) суктана токтой калдык. Ванил аңкыган кичинекей орхидея да — кара нигрителла (Nigritella nigra) — көзгө урунбай койбойт. Таң кызып турган кез. Күн болсо бири-биринен алыс жайгашкан ийне жалбырактуу бактардын: Европа кызыл карагайларынын, кара карагай жана башка карагайлардын кабыгын кактап, аба кудум эле алардын буркураган жыпар жытына сугарылып калган өңдүү.

Бир аздан соң өсүмдүктөр сейрек кездешкен өрөөнгө келип жеттик. Оң жагыбызда — чөп баскан тик бет. Сол жагыбызда болсо — килейген кой таштар. Капысынан алдыбыздан бир нерсе былт эте түштү. Башымды шарт ошол жакка бурдум, бирок эч нерсе деле көрүнбөгөнсүйт. Жакшылап караганымда гана таштын үстүндө чокчоюп отурган суурду көрдүм. Сыягы, бул кой таштардын арасында суурлардын чоң тобу жашайт окшойт.

Суурлар тыйын сымалдар тукумуна кирген айбандардын эң чоң уруусу болуп эсептелинет. Кемирүүчүлөр түркүмүнө кирген бул жандыктардын кеңири белгилүүсү — Түндүк Америкада жашаган токой сууру. А бул жерде, Европада, топтошуп жашашкан Альп суурлары кезигет.

Биз жолубуздан бурулуп ага жакыныраак баралы дегиче болбой ал көздөн кайым болуп кетти. Бул коркок жандык кайра көрүнүп калабы деген үмүттө кеткен жокпуз. Бир убакта аялым колун жаңсап калды. Көрсө, тээ арыраакта бир суур ташка жашынып алып бизди акырын карап туруптур. Териси бозкүрөң болгондуктан, ал таштын жанынан такыр эле байкалбай калат экен. Алды жакты жакшылап караганымда, дагы бир кичирээк суурдун бизди аңдып турганын байкадым. Андан бир аз арыраакта дагы бирөө. Ал, сыягы, топтун атасы окшойт. Ишенимдүү түрдө ырастай албасак да, бул жерден суурлардын өзүнчө жашаган бир тобун көрө алдык деп үмүттөнгүбүз келет.

Бою 45 сантиметрчелик келген ата-суур алдыңкы эки бутун көтөрүп, кудум эле кароолчудай болуп тик турат. Ал ортодо эки суур рододендрон бадалдарынын арасында ары-бери безип жүрүшөт. Суурлар азык издөөдө алдыңкы буттарындагы курч тырмактарын жерди казуу үчүн колдонушат. Жакшы көргөн өсүмдүктөрүнүн тамырчаларын табышканда арткы эки бутуна чокчоюп отурушат да, алдыңкы буттары менен ширин тамагын мыкчып алып кемирип киришет. Суурлар таң эртеде жана кечке жуук оттошот, ортосунда болсо эс алышат. Чөп-чаардан сырткары алар чегирткелерди, коңуздарды, курттарды жана чымчык жумурткаларын да жакшы жейт, бирок ийиндерине азык топтошпойт.

Суурлар кызыктуу жандыктар болгондуктан, аларды карап эле тургуң келе берет. Бирок сүрөткө тартып алайын деп бир аз жылсам эле, үчөө тең катып туруп калат. Дагы кичине жылдым эле, тынчтыкты ата-суурдун кулак тундурган эки жолку аңкуштоосу бузуп койду. Ошондо эне-суур менен чөндөлөйү ичке жараканы көздөй чымын-куюн болуп, таштар арасына сиңип жок болушту. Ата-суур болсо мени бир паска тиктеп турду да, дагы эки жолу аңкуштап алып ал да житип кетти.

Алдыга бир аз баса түшкөндө жашынып алып акмалаганга ылайыктуу жай болчудай кой таш көрдүм. Ага жатып алып, тигилерди күтүп калдым. Арадан көп өтпөй эле ийинден эки суурдун башы кылтыйып көрүнө баштады. Бирөө кичирээк кой ташка чыкты да, тумшугун ылдый каратып жата кетти. Экинчиси болсо ошол эле кой ташка башка жагынан чыгып барды. Экөө бири-бири менен жолугушканда кадимкидей эле өбүшүп учурашып жатышкансыйт.

Мен суурларды дагы эле аңдып, алардын мезгил-мезгили менен узак тынымдар менен коштолуучу тез, булкма кыймылдарына суктана карап турдум. Былк этсем эле тигилер катып калат да, баштарын акырын көтөрө башташат. Ал эми чак түштө, алардын эс алуу маалы келгенде, менин ал жерде турушум алар үчүн баары бир болуп калат көрүнөт.

Айланамдагы чөп баскан жер ийиндерге толгон. Алар, казылганда пайда болгон үймөк топурагы ачык түстө болгондуктан, даана көрүнүп турат. Булар — суурлардын кыска мөөнөткө оттоп чыгышканда кандайдыр бир коркунучту сезишкенде баш калкалай турган ийиндери. Ийиндерде бир нече жолдорду байланыштырган борбор бөлмө бар. Ал жолдордун ар биринин узундугу 1 метрден 6 метрге чейин жетет. Мындай ийри-буйру жолдордо багытты оңой табууга суурларга вибриссалар деп аталган кара сезгич муруттары жардам берет.

Ызгаардуу кышта бул жандыктар 10—15тен чогулушуп, чээнге кирүүгө камданышат. Карысы да, жашы да жайкы ийиндеринен алдын ала чөп менен төшөлүп даярдалган кышкы ийиндерге топтолушат да, бири-бирине жанаша түйүнчөктөй болуп жатып алып уйкуга киришет. Алардын денесинин температурасы Цельсий боюнча 8 градустан төмөн түшөт. Жүрөктөрүнүн согушу мүнөтүнө үчтөн бешке чейин эле жетип, дем алуусу болсо мүнөтүнө эки-үч жолу эле дем алып калганчалык жай болуп калат, мындай абалда суурлардын араң эле жаны бардай сезилет. Болжол менен айына бир жолу алар уйкусунан ойгонуп, ийиндин башка бөлүгүндөгү оозу аба чыккыс болуп бекитилген атайы казылган «ажатканаларга» барып турушат. Кышкы ийиндеги башка бөлмөлөр да бири-биринен бөлүнүп турат, бирок алардын ооздору аба чыккыс болуп бекитилген эмес. Ушундан улам ийиндерде аба аздыр-көптүр алмашып турат.

Суурлардын ушундай оор шартта кантип кыштап чыгышарын окумуштуулар көптөн бери түшүнүүгө аракет кылып келишүүдө. Чээнде жатканда суурлардын организминде маанилүү ролду ички секреция бездеринин айрым түрлөрү, өзгөчө, калкан бези аткарары жакында эле белгилүү болду. Эгерде бул жаныбарларга гармондорду сайса, алар чээнге киришпейт. Кызыгы, жай суук болгондо суурдун денесинин температурасы нормада сакталып турушу үчүн, калкан безинин иш-аракети жана организмдеги заттардын алмашуусу күчөй баштайт. Кыязы, сокур сезим аларга чээнге кирүүгө али эрте экенин билдирип турат окшойт.

Бул кызыктуу жандыктарды карап отуруп, убакыттын кандай өткөнүн да байкабай калыптырбыз. Түш ооп калган экен, эми үйгө кайтышыбыз керек. Биз күүгүм талаш гана ылдый түшө баштадык. Жаратылыштан көптөгөн кереметтерди байкай алдык, бирок биз үчүн суурлар менен жолугушуу баарынан кызыктуу болду окшойт.

[16-беттеги сүрөт]

Суурлардын учурашуусу.

[17-беттеги сүрөт]

Альп гүлдөрү.

Коңгуроо гүл.

Саранка лилиясы.

Мамыры.

[15-беттеги сүрөттүн булагы]

Marmots: Gerken/Naturfoto-Online.de

[16-беттеги сүрөттүн булагы]

Marmots: Gerken/Naturfoto-Online.de