Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тандоо эркиндигибизди кантип пайдаланышыбыз керек?

Тандоо эркиндигибизди кантип пайдаланышыбыз керек?

Ыйык Китептин көзкарашы

Тандоо эркиндигибизди кантип пайдаланышыбыз керек?

КУДАЙ биринчи адамдарды, Адам менен Обону, жекече чечим чыгаруу жөндөмдүүлүгү менен жараткан. Ал Адам атага Эйден багына кам көрүүнү жана бардык жаныбарларга ат коюуну тапшырган (Башталыш 2:15, 19). Баарынан маанилүүсү, Адам менен Обо Кудайга тил алууну же албоону өздөрү чече алышмак (Башталыш 2:17, 18).

Адамдар андан бери миллиарддаган чечимдерди чыгарып келишти; алардын арасында акылдуусу да, ийгиликсизи да, туура эмеси да болду. Адамдын айрым туура эмес чечимдери жаман натыйжаларга алып барган. Ошентсе да Кудай бизди эч качан тандоо эркиндигибизден ажыраткан эмес. Мээримдүү ата катары ал бизге Ыйык Китеп аркылуу туура чечим чыгаруубузга жардам берип келет. Ошондой эле туура эмес чечимдердин кесепеттүү экенин да эскертүүдө. Ыйык Китепте айтылгандай, ар ким сепкенин орот (Галаттыктарга 6:7).

Жекече чечим чыгарууда

Айрым суроолор боюнча Кудай так көрсөтмөлөрдү берүү менен өзүнүн эркин ачык билдирет. Бирок көптөгөн суроолорго карата Кудай Ыйык Китепте так-даана эреже бербей, аларды өзүбүздүн чечишибизге мүмкүндүк берүүдө. Ал бизди жалпы-жонунан эле жетекчилик менен камсыз кылып, кандай чечим чыгарууну өз эркибизге коёт. Маселен, Ыйык Жазмада эс алуу жана көңүл ачуу тууралуу эмне айтыларына көңүл бурсаңар.

Жазмада Жахаба «бактылуу Кудай» деп аталат (1 Тиметейге 1:11, ЖД). Анын Сөзүндө «күлө турган да», «бийлей турган да» убак бар экени айтылат (Насаатчы 3:1, 4). Ыйык Китепте Дөөт падышанын башкаларга музыкалык аспапта ойноп бергени тууралуу баяндалат (1 Шемуел 16:16—18, 23). Ал эми Ыйса үйлөнүү үлпөтүнө барып эле койбостон, ал жерден сууну шарапка айландырган (Жакан 2:1—10).

Бирок Ыйык Жазма: «Акылдуу адамдардын арасында дайыма болгон адам акылдуу болот, ал эми акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат»,— деп эскертет (Накыл сөздөр 13:20). «Маскаралаган сөздөр», адеп-ахлаксыз иштер Кудайга жакпайт жана аны менен болгон мамилебизди бузушу мүмкүн (Эфестиктерге 5:3—5). Достук жолугушууларда ичимдиктин суудай агылышы олуттуу кыйынчылыктарга алып барат (Накыл сөздөр 23:29—35; Ышайа 5:11, 12). Ошондой эле Кудай зордук-зомбулукту да жек көрөт (Забур 10:5; Накыл сөздөр 3:31).

Ыйык китептик бул аяттар эс алууга карата Кудайдыкындай көзкарашка ээ болууга жардам берет. Кудайдын кызматчылары көңүл ачуунун түрүн тандоодо ыйык китептик көзкарашка бекем карманууга аракеттенишет. Баарыбыз тең, кандай тандоо жасасак, ошого жараша натыйжасын көрөбүз (Галаттыктарга 6:7—10).

Кудайдын кызматчылары кийимге, никеге, балдарды тарбиялоого жана жумушка байланыштуу маселелерде да Жазмадагы принциптерге жетектелүүгө чакырылышат. Ал эми айрым суроолор боюнча Ыйык Китепте ачык көрсөтмө берилбесе да, андагы принциптер абийирибизге ылайык чечим чыгарууга жардам берет (Римдиктерге 2:14, 15). Ыйсанын жолдоочулары жекече чечим чыгарууда: «Ичсеңер да, жесеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла»,— деген принципке негиздеп иш кылышы керек (1 Корунттуктарга 10:31).

Мындан тышкары, жекече чечим чыгарууга байланыштуу Кудайдын ар бир кызматчысы «өз ишин кылышы керек» экенин эсибизден чыгарбаганыбыз талап (1 Тесалоникалыктарга 4:11). Ыйсанын жолдоочуларынын, көп учурда, Кудайдын эркине каршы келбегидей кылып ар кандай чечимдерди чыгарууга мүмкүнчүлүктөрү болот. Ошондуктан кимдир бирөө бир вариантты ылайык көрсө, башка бирөө дагы башка вариантты тандайт. Эгерде алар бири-бирин айыптай турган болсо, Кудайга жакпай калар эле (Жакып 4:11, 12). Ыйык Китепте: «Силердин араңарда эч ким... бирөөнүн ишине кийлигишип азап тартпасын»,— деген акылдуу эскертүү берилет (1 Петир 4:15).

Кудайга кызмат кылуу чечими

Ыйык Китеп Кудайга тил алганыбыз өзүбүзгө пайдалуу болорун көрсөтүп жатат. Ошентсе да Кудай адамдарды өзүнө кызмат кылууга мажбурлабайт, тескерисинче, аларды өз ыктыяры менен кызмат кылууга чакырат. Маселен, Ыйык Жазмада: «Келгиле, Жаратуучубуздун, Теңирибиздин алдында табыналы, таазим кылалы, тизебизди бүгөлү»,— деп айтылган (Забур 94:6).

Бул сөздөр байыркы ысрайыл элине багытталган. Мындан 3 500 жыл мурун ысрайыл эли Синай тоосунун этегинде турганда, Кудай аларды өзүнө жаккан сыйынуу системасынын принциптери менен Мусанын мыйзамы аркылуу тааныштырган. Эми алар Кудайга кызмат кылар-кылышпасын чечиши керек эле. Алар эмне деп жооп беришкен? «Теңир эмнени айтса, ошонун бардыгын аткарабыз [«өз ыктыярыбыз менен аткарууга даярбыз», ЖД], Аны угабыз»,— деп бир ооздон жооп беришкен (Чыгуу 24:7). Жахабага кызмат кылууну ысрайылдыктар өздөрү чечишкен.

Биринчи кылымда Ыйса Машайак Кудайдын Падышалыгы тууралуу кабар айткан (Матай 4:17; 24:14). Ал эч кимди бул ишти аткарууга мажбурлаган эмес. Ыйса башкаларды жумшак гана: «Менин артымдан ээрчи»,— деп чакырган (Марк 2:14; 10:21). Көптөр анын сунушун кабыл алып, ага кошулуп кабар айта башташкан (Лука 10:1—9). Убакыттын өтүшү менен айрымдар анын жолун жолдоодон баш тартышкан, а Жүйүт болсо ага каршы чыккынчылык кылууга чейин барган (Жакан 6:66; Элчилер 1:25). Кийинчерээк элчилердин иш-аракетинин аркасында дагы көптөгөн адамдар, мажбурлангандыктан эмес, а өз эрки менен Машайактын шакирти болушкан. Алар «туура маанайда» болушкандыктан чыныгы ишенимди кабыл алышкан (Элчилер 13:48; 17:34). Ыйсанын бүгүнкү күндөгү чыныгы жолдоочулары да өз ыктыяры менен Кудай Сөзүнө жана Ыйса Машайактын окутуусуна ылайык иш кылып жатышат.

Кудай биздин тандоо эркиндигибизди пайдаланышыбызды каалайт. Ал бизге Ыйык Китеп аркылуу акылдуу чечим чыгарууга жардам болорлук кеңештерди берип жатат (Забур 24:12). Чечим чыгарарда Ыйсанын жолдоочусу Кудайдын принциптеринин үстүнөн терең ойлонушу зарыл. Ошондо гана Кудайга «аң-сезимдүү кызмат» кыла алабыз (Римдиктерге 12:1; СК).