Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Уйкуну кандыруу маанилүү

Уйкуну кандыруу маанилүү

Уйкуну кандыруу маанилүү

Жакшы уйку денсоолукка пайдалуу экенин эч ким деле танбастыр. Анткен менен түнкү уйкуга көптөр тийиштүү баа беришпейт. Канаданын Калгари шаарындагы университеттин профессор-психологу, доцент Шон Кёрри: «Ошонусунун азабын алар эртеси тартышат»,— дейт. Уйкусу канбаган адам бат кыжырланып, көңүл чөгөттүккө көп дуушар болот.

«Калгари геральд» гезитинде белгиленгендей, «окумуштуулардын ою боюнча, уйку мээнин иштиктүүлүгүн жөнгө салат жана уктап жаткан маалда мээ маалымат өздөштүрүүнү уланта берет». «Түнкүсүн күндүз келип түшкөн таасир-кабарлар эс тутумга киргизилип, чогулган маалыматтын баары иретке келтирилет. Мээни түнкүсүн эс алдырбаса, маалымат өздөштүрүү жөндөмдүүлүгү төмөндөйт»,— дейт Шон Кёрри. Анын үстүнө, Кёрринин айтымында, «уйкуну кандыра уктоо эмоциялык жактан тең салмактуу болууга өбөлгө түзөт».

Уйкуга канча убакыт бөлүнүшү керек? Адатта, орто эсеп менен 8 саат бөлүү сунуш кылынат, бирок, Кёрри билдиргендей, «ар адамдын уйкуга болгон муктаждыгы ар башка». Ошон үчүн ал, баарынан мурда, уйкунун тынч, терең болушуна кам көрүүнү кеңеш кылат. А бирок уйку качып атсачы? Төмөндө бул боюнча бир нече кеңеш берилди.

▪ Жатар алдында жылуу ваннага же душка түшкүлө.

▪ Жумасына бир нече жолу ченеми менен дене тарбия көнүгүүлөрүн жасагыла, бирок жатар алдында көп көнүгүү жасабоо кеңеш кылынат.

▪ Уктоочу бөлмөңөр тынч, караңгы жана салкын болсун.

▪ Уйку ритмин калыбына келтирүү үчүн, эртең менен дайыма бир убакта туруп жүрүүгө аракеттенгиле.

Түнкүсүн жакшы эс алуу денсоолук үчүн абдан маанилүү болгондуктан, уйкуну барк албай койбой, эстүүлүк кылып, кандырууга аракеттенгиле.