Чынында канча сезүү органыбыз бар?
Чынында канча сезүү органыбыз бар?
«Биз айлана-чөйрө менен ушунчалык эркин, оңой өз ара аракеттенишкендиктен, органдарыбыз — анализаторлорубуз — менен сезүү жөндөмдөрүбүздүн жөпжөнөкөй иш-аракеттери үчүн да эмне деген татаал функциялардын аткарылышы талап кылынарын толук элестетиш кыйын» («SENSORY EXOTICA—A WORLD BEYOND HUMAN EXPERIENCE»).
ТЫНЧ элеттин жолу менен велосипед тээп баратканыңды элестет. Педалды айланткан сайын, бутуңдагы рецепторлор, аны болжогон ылдамдыкта тебиш үчүн, канчалык күч жумшаш керектигин аныктап турат; вестибулярдык анализатор денеңдин тең салмактуулугун сактоого мүмкүндүк берет; таноолоруң жыпар жыттарды сездирет; көзүң теребелдин сулуулугун көрөт; кулагың беренде-куштардын сайраганын угат. Эгер суусасаң, суусундук куюлган бөтөлкөңдү манжаларыңдагы туйдургуч рецепторлордун жардамы менен таап аласың. Даам таттыргыч, ошондой эле суукту жана жылуулукту сездиргич рецепторлор аркылуу суюктуктун даамын, анын жылуу же муздак экенин сезе аласың. Териңдин рецепторлору жана андагы түктөр менен байланышкан рецепторлор шамалдын күчүн билдирип, көзүңдүн жардамы менен кандай ылдамдыкта жүрүп баратканыңды баамдаттырат. Териң денеңе сырткы чөйрөнүн жылуулугу менен нымдуулугу жөнүндө да кабар берет. Ал эми убакытты билүү жөндөмүң жолдо жүргөнүңө болжол менен канча убакыт болгонун аныктай билүүгө жардамдашат. Анан бир убакта ички сезүү жөндөмдөрүң сага бир аз тыным алып, кичине шам-шум этип алууну буйрук кылат. Чынында эле, жашоо — бул сезимдердин кереметтүү өз ара аракеттештиги!
Беш эле сезүү органы барбы?
Жогоруда айтылган сапар маалында канча түрдүү сезүү анализатору катышат? Көрүү, угуу, жыт сезүү, даам билүү жана туюу деп ажыратылган негизги беш орган — анализатор — ганабы? «Британ энциклопедиясында» маалымдалгандай, сезүү анализаторлорун мындай беш түргө байыркы философ Аристотель бөлгөн. Аристотельдин «таасири күчтүү болуп келаткандыктан, көптөр азыркыга чейин, башка сезүү органдары болбогон сыяктуу, беш эле сезүү органын кеп кылышат».
Анткен менен, ал энциклопедияда белгиленгендей, теринин сезгичтигин изилдөө «адамдын сезүү анализаторлору айтылуу бешөө менен гана чектелбейт деп ырастоого мүмкүндүк берет». Кандайча? Буга чейин туюуга кирет деп эсептелинип келген айрым жөндөмдөр учурда сезүү органдарынын өзүнчө түрү катары каралууда. Мисалы, оору сездиргич рецепторлор суук менен жылуулукту, механикалык жана химиялык таасирди сезүү үчүн жооп берет. Дагы
башка рецепторлор кайсы жердин кычышып атканын билдирип турат. Ал эми басымды сезүүчү рецепторлордун, эң аз дегенде, эки түрү бар деп ырастоо бейнегиз эмес: алардын биринчилери акырын тийгенди сезет, экинчилери андан күчтүүрөөк таасирлерге дүүлүгөт. Биздин организмде бир катар ички сезүү жөндөмдөрү да бар. Алардын аткарган кызматы кандай?Ички сезүү анализаторлору
Ички сезүү анализаторлорубуз организмибиздин ичинде болуп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу кабарлайт. Айталы, алар ачка болгонубузду, суусаганыбызды, чарчаганыбызды, ичибизде бир жерибиздин ооруп атканын, дем алуу же ажатканага баруу керектигин билдирип турат. Биздин биологиялык «саатыбыз» менен ички рецепторлорубуз кечинде чарчаганыбызды же бир нече сааттык алкактардан учуп өткөндө организмибиздин суткалык ритминин бузулганын сездирет. Ар түрдүү убакыт аралыктарын аң-сезимибиз менен ченеп, баалай алгандыктан, убакытты билүү жөндөмү сезүү анализаторлорунун дагы бир түрү катары саналат.
Ички кулагыбызда жайгашкан, денебиздин мейкиндиктеги абалы жөнүндө кабар берип туруучу вестибулярдык анализаторубуз да болот. Ал гравитацияга, ылдамдыкка жана айланууга жооп кайтарат. Ошондой эле булчуңдарыбыздын чыңалуусун жана көзүбүз жумулуп турса да, колу-бутубуздун кыймыл-абалын билдирип турган кыймылдаткыч анализаторубуз бар.
Албетте, сезүү анализаторлору катышкан жөндөмдөр адамдарга гана таандык эмес. Андай жөндөмдөр жаныбарларда да арбын. Ал түгүл аларда бизде жок бир катар кереметтүү жөндөмдөр бар. Эмки макалада ошолордун айрымдары каралат жана бизди жердеги жандыктардан өзгөчөлөнтүп, жогору тургузган кереметтүү жөндөмдөрүбүзгө көңүл бурулат.
[4-беттеги кутуча]
Адамдагы туюу керемети
Кишинин колунун туюусу укмуштуудай өрчүгөн. «Смитсониан» журналында берилген маалымат боюнча, изилдөөчүлөр колубуздун үч микрончолук эле келген бүдүрчөнү да сезерин аныкташкан. (Адамдын чачынын диаметри 50—100 микрон болот.) Бирок, «окумуштуулар бир гана бүдүрчөнү эмес, бети бүт бойдон бүдүрала келген нерсени алып тажрыйба жасашканда, колдун 75 нанометр (нанометр микрондун миңден бир үлүшүнө барабар) бүдүрчөлөрдү да сезерин байкашкан». Адамдын манжаларынын мынчалык сезгич келеринин себеби алардын ар биринин учунда 2 000ге жакын рецептор жайгашканында.
Туюу денелик жана эмоциялык саламаттыгыбыз үчүн чоң мааниге ээ. Мисалы, «Ю. С. ньюс энд уорлд рипорт» басылмасында: «Адамды бирөө сылаганда, оору же тынчсыздануу сезимин басаңдатуучу гормондор иштелип чыгарылат»,— деп айтылган. Айрымдар эгер кичине баланы кучактап, сүйүү көрсөтпөсө, сак-саламатта өсүшү мүмкүн эмес деп эсептешет.
[3-беттеги сүрөттөрдүн булагы]
Eye: The Complete Encyclopedia of Illustration/J. G. Heck; ear and inner ear: © 1997 Visual Language; hand: The Anatomy of Humane Bodies, with figures drawn after the life by some of the best masters in Europe . . . Oxford, 1698, William Cowper