Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балалык «алтын балалык» болушу үчүн...

Балалык «алтын балалык» болушу үчүн...

Балалык «алтын балалык» болушу үчүн...

БАЛА бала чагында бактылуу болобу-жокпу, көбүнесе ата-эненин туура тарбия беришинен көзкаранды. Бирок кандай тарбияны туура дешке болот? Силер бул боюнча балдарга убакыт бөлгүлө, бирдемени айтып берип жатышса, кунт коюп уккула, аларга ачык-так көрсөтмө бергиле, алардын тынчсызданууларын, кубаныч-кайгыларын тең бөлүшкүлө, аларга чыныгы дос болгула, бирок ата-энелик аброюңарды төмөндөтпөгүлө деген сыяктуу кеңештерди көп уксаңар керек. Албетте, баарыбызга маалым мындай кеңештерди колдонуу менен балдарга жакшы тарбия берүүгө болот. Бирок булардан да маанилүү, биринчи кезекте көңүл бурарлык нерсе бар.

Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон ата-энелер туура тарбия берүүгө ыйык китептик принциптер эң сонун негиз болоруна ынанышкан. Эмне үчүн? Үй-бүлөнү Ыйык Китептин жаратманы акылман Жахаба Кудай негиздеген (Башталыш 1:27, 28; 2:18—24; Эфестиктерге 3:15). Андыктан балдарга тарбия-таалим берүү боюнча Кудайдын шыктандырылган Сөзүнөн жетекчилик издеген туура. Ошол байыркы китеп бүгүнкү күндөгү мүнөздүү көрүнүшкө — балдарды эрте чоңоюуга мажбурлоого — байланыштуу кеп-кеңеш бере алабы? Суроого жооп алыш үчүн, айрым ыйык китептик пайдалуу принциптерди карап көрөлү.

«Балдарымдын басыгына жараша»

Ыскактын уулу Жакып көп балалуу болгон. Ыйык Китепте анын үй-бүлөсү менен жол тартып баратканда айткан мындай даанышман сөздөрү жазылган: «Балдарым жаш [«назик», «Мукаддас»]... мырзам [Эйсап, Жакыптын агасы] өз кулунун алдында кете берсин, ал эми мен... балдарымдын басыгына жараша жай жол жүрүп... келейин» (Башталыш 33:13, 14).

Жакып балдарын чоң адамдарга теңөөгө болбосун түшүнгөн. Алар, чынында эле, «назик» болушкан: чоңдорго караганда кичине, бейкаруу жана көбүрөөк көңүл бурууга муктаж эле. Жакып балдарын өзүнүн кенен салган арышын кууп жетүүгө мажбурлабай, өзү алардын басышына жараша жай жүрүп олтурган. Ал аларга асмандагы акылман Атабыздын жердеги балдарына кылган мамилесиндей мамиле кылган: Кудай мүмкүнчүлүк-жөндөмдүүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин билет, ошон үчүн бизге койгон талаптары ар качан акылга сыярлык (Забур 102:13, 14).

Айрым жаныбарлар да балдарына ушу сыяктуу мамиле жасашат, себеби Кудай аларга инстинкт түрүндө «акыл» берген (Накыл сөздөр 30:24). Мисалы, табиятты изилдеген окумуштуулар пилдердин тобу арасындагы «балакай» пил чоң пилдердин артынан үлгүрүүгө жарап калмайынча, жай, анын басыгына жараша басарын байкашкан.

Азыркы коомдо көптөр Кудайдын акылмандыгын чагылдырууну каалашпайт. Бирок, албетте, биз андай адамдарды туурагыбыз келбейт. Балдардын «назик» экенин эсиңерден чыгарбагыла. Аларга чоңдордун түйшүктөрүн көтөрүп, милдеттерин аткарууга али эрте — алы жетпейт. Ошон үчүн, мисалы, балдарыңарды жалгыз багып жатсаңар, алар менен кандайдыр бир кайгы-капаңарды бөлүшүп, сырыңарды айтып бергиңер келген учурларда өзүңөрдү тыя билгиле. Андан көрө, кыйынчылыгыңарды чечүүгө чындап жардам бере ала турган чоң адамга, досуңарга же ыйык китептик принциптерди колдонуу боюнча кеңеш бере алган рухий жактан жетилген бирөөнө, кайрылгыла (Накыл сөздөр 17:17).

Баланын күнтартибин балалык оюн-күлкүгө жылчык да калбаганчалык оор, чачтан көп иштер менен толтуруп салуудан сактануу да маанилүү. Ага өзүнүн ал-күчүнө жараша жекече күнтартип түзүп берсеңер болот. Аны азыркы дүйнөнүн шарданында жүрүүгө мажбурлабагыла. Ыйык Китеп: «Бул дүйнөгө ылайыкташпагыла»,— деген жүйөлүү кеңеш берет (Римдиктерге 12:2).

«Бардык нерсенин өз убагы бар»

«Бардык нерсенин өз убагы бар, асман астындагы ар бир нерсенин өз убагы бар»,— деп айтылат дагы бир ыйык китептик накыл сөздө. Ырасында эле, ар бир иштин өз кези болот. Балдардын иши, чынында, аз эмес: мектептен берилген тапшырмаларын аткарат, үй ишине жардамдашат, рухий иштерге катышат. Бирок жогорудагы накыл сөз «күлө турган да», «бийлей турган да убак» болот деп уланат (Насаатчы 3:1, 4).

Балдар табиятынан эч нерседен бейкапар ойноп-күлгөндү жакшы көрүшөт, бир жерге көпкө тынч алып отуруу алар үчүн оңой эмес. Эгер эртеден кечке мектеп, андан тышкаркы сабактар жана башка ушул өңдүү олуттуу иштерден колу бошобосо, алар оюнга болгон муктаждыгы канааттандырылбагандыктан кыжырланып, көңүл чөгөт болушу ыктымал (Колостуктарга 3:21).

Ошол эле ыйык китептик принципке башка жагынан да карап көрөлү. Эгерде бардыгынын өз убагы болсо, демек, балалык бала болор убак эмеспи? Бул ойду силер төгүн дебессиңер, бирок балдарыңар ага кошулбашы мүмкүн. Көбүнчө кичине балдар менен кыздар чоңдордун кылгандарына кызыгышат. Алсак, кыздар чоңдордой кийинип, чоңдордой көрүнгүсү келет. Буга жыныстык жактан эрте жетилүү да себеп болот.

Даанышман ата-эне мунун кооптуу экенин билет. Азыркы бузуку дүйнөдө айрым жарнамалар менен көңүл ачуу программалары балдарды өз жашынан эрте өрчүгөн, секс жагынан маалымдар болушкандай көрсөтөт. Жашы жете электердин боёнуп, зергер буюмдарды тагынып, адепсиз кийим кийип жүрүшкөнүн да көп көрүүгө болот. Бирок биз балдарды өзүлөрүнүн бузуку максаттары үчүн колдонгусу келген зөөкүр адамдардын көңүлүн өз балдарыбызга бурдурууну каалайбызбы? Балдарына жашына жараша кийинүүгө жардам берүү менен ата-эне Ыйык Китептеги: «Акыл-эстүү адам кырсыкты көрүп, жашынып калат»,— деген принципке жараша иш кылган болот (Накыл сөздөр 27:12).

Дагы бир жагдайды алалы. Эгерде баланын жашоосунда башкы орунду спорт ээлесе, «бардык нерсенин өз убагы бар» деген принцип бузулуп, тең салмактуулуктун изи да калбайт. Ыйык Китеп мындай акыл айтат: «Денени машыктыруудан пайда аз, ал эми такыбаалык бардык нерсеге пайдалуу, анда азыркы жана келечектеги жашоо үчүн убадалар камтылган» (1 Тиметейге 4:8).

Балдарыңар жеңишти гана пир тутуп албашы үчүн, туура көзкараш өрчүтүүгө жардам бергиле. Тилекке каршы, балдарын атаандаштык рухун өрчүтүүгө, эмне болбосун жеңишке жетүүгө умтулууга түртүшү менен көптөгөн ата-энелер аларга спорт менен машыгуудан же спорт оюндарын ойноодон кубаныч алууга бөгөт болушат. Ошондуктан кээ бирлери алдоого, оюнга катышкан башка балдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө, кыскасы, жеңишке жетиш үчүн бардыгын жасоого даяр. Бирок андай жеңишти жеңиш деп атоого болобу?

Өзүн башкара билүүгө үйрөнүү

Балдар кээде бардыгынын өз убактысы болорун толук түшүнбөгөндүктөн, каалаганына жеткиче чый-пыйы чыгып кетет. Азыркы дүйнөдө бары-жоктун баарынын кандай каалоону болбосун дароо канааттандырууга ыңгайлаштырылганы да жагдайды татаалдантат. Көңүл ачуу тармагы да элге «жашоодо каалаганыңа азыр жет» деген көзкарашты таңуулайт.

Андай таасирге жеңдирбегиле жана балаңар бир нерсени каалады дегиче колуна кармата берүүдөн сактангыла. «Балдар жана компьютер» деген китепте мындай деп белгиленген: «Күтө билүү — эмоциялык жактан жетилгендерге таандык маанилүү сапат» («The Child and the Machine»). Ошол эле китепте: «Өзүн-өзү кармай билүү жана башкалар менен тил табыша билүү — балдар арасында мектептен да, сырттан да көп кездешип жаткан зордук-зомбулуктан коргонуунун таасирдүү ыкмасы»,— деп белгиленген. Ыйык Китепте: «Эгерде кулду бала чагынан эркелетип тарбияласаң, анда акырында ал сага бала болгусу келет [«жакшылыкты билбеген неме болуп чыгат», ЖД]»,— деп туура айтылган (Накыл сөздөр 29:21). Бул аятта жаш кулдар кеп кылынып атса да, көптөгөн ата-энелер ушул эле принцип өз балдарын тарбиялоодо чоң жардам болорун көрүштү.

Ыйык Китепте белгиленгендей, тарбия берүүнүн дагы бир абдан маанилүү жагы — «Теңирдин үйрөтүүсү жана акыл-насааты» (Эфестиктерге 6:4). Балдарды сүйүү менен «үйрөтсөк», аларга өзүн башкара билүү, сабырдуулук көрсөтүү өңдүү сапаттарды өрчүтүүгө жардам беребиз. Бул сапаттар аларга өзүлөрүн өмүр бою бактылуу сезүүгө, бар нерсеге каниет кылып жашоого өбөлгө түзөт.

Балдардын балалыкка моокуму канар убак

Силерде: «Ушул пайдалуу принциптерди берген акылман, мээримдүү Кудай дүйнөнү азыркыдай абалда болсун деди беле? Ал балдардын азыркы тийиштүү тарбия бермек турсун, ар кандай коркунуч туудурган коомдо өсүшүн каалаганбы?» — деген сыяктуу суроолор туулаттыр. Жахаба Кудай менен анын Уулу Ыйса Машайак адамдарды, алардын ичинде балдарды да абдан жакшы көрүшкөндүктөн, жакында жер бетинен жамандыктын баарын жок кылышат (Забур 36:10, 11).

Ошол жаркын келечекти силер өз көзүңөр менен көргүңөр келеби? Анда Ыйык Китепте сүрөттөлгөн төмөнкү кереметтүү шартты элестетип көргүлөчү: «Карышкыр козу менен бирге жашайт, илбирс улак менен бирге жатат. Музоо, жаш арстан, өгүз бирге болушат, алардын баарын жаш бала жетелейт» (Ышайа 11:6). Балдарды балалыгынан ажыраткан же күн мурун чоңоюуга аргасыз кылган азыркы дүйнөдө Кудайдын адамдарга ушундай кереметтүү келечек убадалаганын билип үмүт менен жашоо кандай сонун! Жаратканыбыз балдардын балалыгынан ажыратылып, эрте чоңоюуга мажбур болушун эмес, балалыктын ырахатын көрүшүн каалайт.

[8-беттеги сүрөт]

Кыйналганда сырыңарды балаңар менен эмес, чоң адамдар менен бөлүшкүлө.

[9-беттеги сүрөт]

Балдар ойногонду жакшы көрүшөт.