Жүрөк оорутарлык сөз сүйлөөдөн качкыла
Ыйык Китептин көзкарашы
Жүрөк оорутарлык сөз сүйлөөдөн качкыла
«Бир эле ооздон даңктоо да, каргоо да чыгат.Бир туугандарым, мындай болбошу керек» (Жакып 3:10).
СҮЙЛӨӨ жөндөмдүүлүгү — бизди башка макулуктардан айырмаланткан кереметтүү жөндөмдөрдүн бири. Тилекке каршы, бул жөндөмүн кыянат колдонгондор көп. Тилдөө, каргоо, уят-сыйытсыз, одоно сөздөрдү айтуу, акарат келтирүү, сөгүнүп-сагынуу кезегинде адамды оору-сыркоодон да катуу жапа чектирет. «Маңызсыз сүйлөгөн адам кылычтай жаралайт»,— деп айтылган Ыйык Китепте (Накыл сөздөр 12:18).
Оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан адамдар көбөйүүдө. Мектепте окуган балдар да адепсиз сөздөрдү көп колдоно башташканы маалым. Жадесе: «Аны менен адам жинин чыгарып алат, ошон үчүн пайдалуу»,— деп ырасташкандар да бар. Саясый илимдер боюнча билим алып жаткан бир студент мындай деп жазган: «Балит сөздөрдү сезимдерибизди жөн сөздөр менен жеткиликтүү түшүндүрө албаганда колдонушубуз керек». Кудайга ишенген адамдар
ушундай жеңил ойду колдошу керекпи? Бул боюнча Кудайдын көзкарашы кандай?Уят-сыйытсыз тамашалардан алыс болгула
Уят сөздөр жаңы пайда болгон жок. Алардын элчилер жашаган маалда эле, мындан 2 000 жыл мурун, колдонулчу экенин билсеңер, таң калаттырсыңар. Мисалы, Ыйсанын колостук жолдоочуларынын кээси ачууга алдырганда балит сөздөрдү айтып жиберишчү көрүнөт. Балким, алар андай сөздөрдү таарынткан адамдан өч алуу үчүн колдонушчудур. Бүгүнкү күндө да көптөр оозго алгыс сөздөрдү көбүнесе ачууланганда колдонушат. Ошондуктан Пабылдын колостуктарга жазган каты азыр да орундуу. «Силер мунун баарын: ачууну, каарды, жамандыкты, заар тилди, адепсиз сөздөрдү таштагыла»,— деген ал (Колостуктарга 3:8). Мындан Ыйсанын жолдоочулары ачууга алдыруудан, адепсиз сөздөрдү колдонуудан оолак болууга чакырылганы айкын көрүнүп турат.
Албетте, көптөр адепсиз сөздөрдү бирөөнү мазактайын, таарынтайын деген ой менен деле айтышпайттыр. Көп учурда уят сөздөр ойлонулбай колдонула бергендиктен, күндөлүк кепке терең сиңип калган. Айрымдар андай сөз кошуп кетмейин сүйлөй албай калышкан. Элди күлдүрүш үчүн да ошенткендер бар. А бирок адепсиз сөздөр тамаша катары айтылса, эрөөн көрүлбөшү керекпи? Анда ой жүгүртүп көрөлү.
Уят-сыйытсыз тамашалар — бирөөлөрдү «бүргөдөй секиртиш», бирөөлөрдү күлдүрүш үчүн айтылат. Эмки адепсиз сөздөр көбүнчө секске байланыштуу. Өзүлөрүн адептүү эсептегендердин арасында да андай кеп-сөздөрдү көңүл ачарлык тамаша көрүшкөндөр аз эмес (Римдиктерге 1:28—32). Андыктан белгилүү куудулдар менен артистердин да тамаша-азилдеринин секс менен жыныстык бузукулуктарга негизделиши таңыркатпайт. Адепсиз тамашалар кинолордо, сыналгы менен үналгыларда да көп кездешет.
Ыйык Китеп андай «тамашаларга» кандай мамиле кылышты айтпай койбойт. Элчи Пабыл Эфестеги ишенимдештерине мындай деп жазган: «Араңарда ойноштук, ар кандай ыпыластык жана дүнүйөкорлук жөнүндө сөз да болбошу керек, себеби ыйыктарга мындай кылуу жарабайт. Ошондой эле уятсыз, маңызсыз жана маскаралаган сөздөрдү сүйлөбөгүлө» (Эфестиктерге 5:3, 4). Ачыгын айтканда, уят сөз сүйлөө — ойлонуп сүйлөнөбү, ойлонбой сүйлөнөбү — Кудайга каршы жасалган акарат, бузукулук. Андай сөздөр катуу жарат калтырат.
Заар тилди Кудай жек көрөт
Жүрөк оорутарлык сөздөргө уят сөздөр гана кирбейт. Тилдөө, какшыктоо, шылдыңдоо жана одоно сөз да жан кейитет. Албетте, тилинен жаңылбаган эч ким жок. Өзгөчө, азыркы маалда бири-бирин какшыктоо, көзү жокто бирөөнү ушактоо өңдүү адаттар кеңири таралган (Жакып 3:2). Ошентсе да Ыйсанын чыныгы жолдоочуларына андайга жеңил ойлуулук менен мамиле кылууга болбойт. Бирөөнүн жүрөгүн ооруткан сөз айтууну Жахаба Кудай жактырбасын Ыйык Китеп таасын билдирет.
Мисалы, Ыйык Жазманын 2 Падышалар китебинде Элиша пайгамбарды балдар тилдегени жазылган. Алар аны: «„Кашка баш, кет! Кет, кашка баш“,— деп шылдыңдашкан». Буга ал балдардын жүрөгүн, ниетин көрүп турган Жахаба көңүл кош караган эмес. Ошон үчүн пайгамбарды мазактаган 42 баланы, Ыйык Китепте баяндалгандай, Кудай өлүм менен жазалаган (2 Падышалар 2:23, 24).
Ысрайыл эли «Кудай жиберген элчилерди шылдың кылышып, алардын сөздөрүн барк албай, Анын пайгамбарларын маскаралашкан, ошондо Теңир Өз элине абдан каарданды. Аларды Теңирдин каарынан эч нерсе куткарып кала алган жок» (2 Жылнаама 36:16). Кудайды, негизинен, элдин жалган кудайларга сыйынышы, тил албастыгы каардантканы менен, Ыйык Китепте алардын пайгамбарларга тил тийгизгендиги да өзгөчө белгиленген. Бул — Кудайдын андайды жактырбасынын ачык-даана далили.
Ошондуктан Ыйык Китеп: «Кары кишини жемелебе»,— деп эскертет (1 Тиметейге 5:1). Мындагы принципти биз баарына кылган мамилебизде чагылдырсак болот. Ыйык Китеп «эч кимге жаман сөз айтпоого, жаңжалчыл эмес, жоош болууга жана бардык адамдарга момундук менен мамиле кылууга» чакырат (Титке 3:2).
Оозго ээ болуу
Кээде адам бирөөгө кер какшык айтып жибере жаздап өзүн араң токтотот. Балким, ал таарынткан кишиге орой жооп берүүгө же көзү жокто аны жамандай берүүгө өзүн укуктуу эсептейттир. Бирок Ыйсанын жолдоочулары андай каалоо менен күрөшүүгө аракеттенишет. Накыл сөздөр 10:19да: «Көп сүйлөгөндө күнөөгө батпай койбойсуң. Тилин тыйган адам — акылдуу адам»,— деп айтылган.
Кудайдын периштелери — биз үчүн жакшы үлгү. Периштелер адамдардын кетирген каталарынын баарын айдан ачык көрүп турушат. Алар адамдардан күчү, жөндөмдүүлүктөрү боюнча бир кыйла жогору турушса да, «Жахабаны сыйлашкандыктан» (ЖД), бизди күнөөлөп, тил тийгизишпейт (2 Петир 2:11). Кудайдын ар бир адамдын баскан-турганын көрүп турганын жана бардыгын оңдоп коюуга кудурети жетерин билишкендиктен, алар адамдарга каршы сүйлөшпөйт. Ошондой эле башкы периште Михаел атүгүл Ибилисти да кордоп сүйлөгөн эмес (Жүйүт 9).
Ыйсанын жолдоочулары периштелерден үлгү алууга умтулушат. Алар Ыйык Китептин: «Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле, тескерисинче, бардык адамдардын алдында жакшылык кылууга аракеттенгиле. Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула. Сүйүктүүлөр, өзүңөр үчүн өч албагыла, тескерисинче, Кудайдын каарына орун бергиле. Анткени Ыйык Китептин: „Теңир мындай дейт: „Өч Меники, мен тиешесин берем“,— деп жазылган»,— деген чакырыгына кулак салышат (Римдиктерге 12:17—19).
Сөздүн кандайча айтылганы, үндүн бийиктиги да көп маани ойноорун белгилей кетиш керек. Чатакташып кетип, бири-биринин жүрөгүн ооруткан жубайлар аз эмес. Көптөгөн ата-энелер балдарына кыйкырышат, аларды жекирип тилдешет. Бирок өз сезимин билдириш үчүн сөзсүз эле кыйкырып же орой сүйлөштүн зарылдыгы жок эмеспи. Ыйык Китеп: «Кыжырдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, заар тилден жана ар кандай жамандыктан арылгыла»,— деп чакырат (Эфестиктерге 4:31). Ошондой эле «Теңирдин кулуна урушуп-талашууга болбойт, тескерисинче, ал бардыгына кичи пейилдик менен мамиле кылуусу... зарыл» экени айтылат (2 Тиметейге 2:24).
Жан сергите сүйлөө
Азыркы дүйнөдө жекирүү, уят сөз сүйлөө жат көрүнүштөрдөн болбой калгандыктан, Ыйсанын жолдоочулары анын таасирине каршы турууга дайым даяр болууга тийиш. Кудайдын Сөзүндө бул боюнча бизге жакындарыбызга болгон сүйүүбүз чоң жардам берери белгиленет (Матай 7:12; Лука 10:27). Жакындарыбызды чын дилден жакшы көрүп, алар үчүн кам көрсөк жан сергите сүйлөйбүз. «Оозуңардан эч кандай жаман сөз чыкпасын, тескерисинче, уккандарга пайдалуу боло турган, ишенимди бекемдей турган жакшы сөздөрдү сүйлөгүлө»,— дейт Ыйык Китеп (Эфестиктерге 4:29).
Ошондой эле акылыбызды Кудайдын Сөзү менен сугарсак, сүйлөгөн сөзүбүз менен бирөөнүн жүрөгүн оорутуудан оолак болобуз. Ыйык Жазманы окуп, ой жүгүртүү «жаман адаттарды таштоого» түрткү берет (Жакып 1:21). Ооба, Кудайдын Сөзү адамга ой жүгүртүүсүн оңдоого жардам берет.