Кылчайбастан закымдаган балалык
Кылчайбастан закымдаган балалык
АСМАН бүркөк. Күрүлдөгөн үн кулак тундурат. Мына, чакан учак зымырап көккө көтөрүлдү. Арт жакта суроонун артынан суроо берип, улам-улам куттуктап жаалашкан кабарчылар менен журналисттердин калың тобу калды. Аларды мынчалык эмне толкундантты? Алардын кызыкканы учкуч-нускоочу да, жалгыз жүргүнчү да эмес, анын жети жашар кызы эле.
Учакты дал ошо секелек кыз айдамак. Ал графикте жазылганды жазылгандай аткарган эң жаш учкуч болуп рекорд коюуга тийиш. Аны коно турган жеринде кабарчылар менен журналисттер күтүп турушат. Аба ырайы тигинтип түнөрүп турса да, нускоочу, кичинекей «учкуч» менен анын атасы учууга даярданып жатышты. Башкаруу панели алдыдагы мейкиндикти жаап калбашы үчүн, кыз тыпырайып кошумча жаздыктын үстүндө олтурат. Педалдарына буту жетиш үчүн, атайы түзүлүш орнотулган.
Тилекке каршы, учак көпкө көкөлөй алган жок. Маңдайдан келаткан жаан-чачындан улам багытынан тайып, ылдамдыгын жоготкон учак жерге барып бир урулду. Ичиндегилердин бири да аман калган жок. Маалымат каражаттары жар салар жарыясын дароо өзгөртүп, жакшы кабардын ордуна кырсыкты кабарлап калышты. Айрым кабарчыларда бул каргашага маалымат каражаттары да аздыр-көптүр себепкер болуп жүрбөсүн деген бүдөмүк ой туулду. Ошондон кийин, көптөр балдарга учак айдатууга тыюу салууну талап кылышкандыктан, Кошмо Штаттарда бир катар мыйзамдар кабыл алынган. Бирок мындай кайгылуу окуя менен ага байланыштуу ой-тыянактар, чынында, анын тереңинде жаткан көйгөйдү айгинелейт.
Ал көйгөй азыркы көрүнүштөрдүн бири — балдарга, тырмактайынан чоң адамдардын милдеттери жүктөлүп, бала болууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканы — тууралуу ойлондурат. Албетте,
андай иш-аракеттин натыйжасы дайым эле кесепеттүү боло бербейттир. Бирок кээде анын терс, олуттуу таасири көпкө созулушу мүмкүн. Андыктан балдарды балалыгынан ажыратуучу жагдайлардын бир нечесин карап чыгалы.Тездетилген окуу программасы
Ата-эне балдарынын бардык жактан ийгиликке жетишин каалабай койбойт. Бирок андай каалоо акыл-эсти бийлеп алса, эне-ата баласына кичинесинен эле өтө чоң талаптарды коё баштайт. Адегенде баары жакшы ой-максат менен эле жасалаттыр. Айталы, алар баласын мектептен тышкары спорт, музыка же балет ийримдерине жаздырышат. Мугалим жалдап, кошумча сабак алышына кам көрүшөт.
Баланын кызыгуусун, жөндөмдүүлүктөрүн өрчүтүү жаман эмес. Бирок мында өтө аша чаап кетүү коркунучу да бар, себеби кээде балдарга артылган иштердин саны чоң кишилердикинен ашып түшпөсө, кем калышпайт. «Мурун бала деген баладай болор эле, азыр болсо алардын күнтартиби абдан оор. «Жели» ичине батпай ашып-ташыган балдардын кылган иш-аракеттеринин баары, бал аарыныкынан бетер, максатка баш ийдирилген»,— деп айтылат «Тайм» журналында.
Айрым ата-эне балдарын келечекте атагы чыккан спортсмен, музыкант же актёр болор деп үмүттөнүшөт. Ошондуктан алар балдарын, өрчүшүнө жардам болсун деп, төрөлө электе эле мектепке чейинки мекемелерге жаздырып коюшкан учурлары болот. Кээде болочок энелер курсактагы ымыркайларына музыка боюнча билим берүү максатында «төрөлө электер университети» деп аталган ийримдерге барышат.
Бир катар өлкөлөрдө алтыга чыга элек балдардын окуп, санай алышы бааланат. Бирок айрымдар ал эмоциялык жактан зыян алып келиши мүмкүн деген ойдо. Айталы, балабакчадагы бала «жетишкендиги боюнча артта калып» жатса эмне болот? Бир китептин автору Дэвид Элкинддин ою боюнча, мектептерде азыр балага өтө эрте, өтө тез мүнөздөмө бере салуу кабыл алынган. Ал аны билим берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн эмес, бала менен жекече мамиле түзүүнүн жолун издеп отуруудан качуу үчүн жасалат деп эсептейт («The Hurried Child»).
Балдарды кичинекей чоң адам кылууга умтулуунун кандай терс жактары бар? Элкинд эмки коомдо балдарды чоң кишилердин милдет-жоопкерчиликтерин аткарууга шаштыруу мүнөздүү көрүнүшкө айланып баратканына тынчсызданарын билдирет. «Бул балдарга жүктөлгөн милдеттердин утур көбөйүшүн көпчүлүк „кадимки көрүнүш“ катары эсептей баштаганын көрсөтөт»,— дейт ал. Ооба, балдар үчүн «кадимки» делип эсептелген милдеттер жөнүндөгү ой-пикирлер өтө тез өзгөрүп барат.
Жеңишти
көксөөАта-энелердин бир тобу баласына бардык жактан, өзгөчө, спорттон сөзсүз жеңишке жетиш керек деп үйрөтүүнү өөн көрмөк түгүл, туура деп эсептейт. Азыркы балдардын кызыкканы — олимпиялык байгеге жетүү. Кыска мөөнөттүк жеңиш үчүн жана келечекте өксүк көрбөй жашаш үчүн, айрым балдарга бала болууга дээрлик же таптакыр убакыт берилбейт.
Мисалга гимнастика менен машыккан кыздарды алалы. Алар толук калыптана элек денесине кичинесинен эле күч келтирип, жанын сабап машыга башташат. Ошентип, олимпиялык оюндарга бир канча жылдар бою машыгып, денелик да, психологиялык да жактан даярданып олтурушат. Бирок жеңишке ээ болгондор саналуу гана болору түшүнүктүү эмеспи. Анда жеңишке жетпей калгандар балалыгын арзыбас, чыныгы мааниси жок нерсеге коротпогонуна шектенбейби? Жеңгендерде деле кийин жеткен атагым чынында эле ошончо күч-аракетке арзыр нерсе беле деген күмөн ой пайда болушу ыктымал.
Бардык эмоциялык күчү келечекте чемпиондук атакка жетүүгө багытталгандыктан, андай кыздардын бала болууга чолосу тийбейт. Ошончо аёосуз машыгуулардан улам алардын денелик жактан өрчүшү кечеңдеши да мүмкүн. Спорт менен машыккан жаш кыздар арасында сөөк-скелет системасынын калыптанышы же тамактануу адаты бузулган учурлар көп кездешет. Алардын жыныстык жактан жетилүүсү да кээде бир нече жылга чейин жайлайт. Бирок азыркы кезде көптөгөн кыздар, тескерисинче, жыныстык жактан эрте жетилүүдө. (Жогорудагы кутучаны карагыла.)
Балалыгынан башкасынын баары бар балдар
Маалымат каражаттары таңуулап аткан көзкараш боюнча, балага каалаганынын баарын алып бериш керек. Кээ бир эне-ата бала-бакырасын бардык жактан: заңгыраган үй, кымбат кийим, каалашынча ойногудай түрлүү оюнчуктар менен камсыз кылалы деп кара жанын карч уруп иштешет.
Бирок антип тарбиялангандардын көбү ичкилик ичип же баңгизат колдонуп кетишет жана өжөрлүгү, ээнбаштыгы менен айырмаланышат. Эмне үчүн? Алар өзүлөрүн эч кимге кереги жоктой сезишкендиктен туталанып ошондой иштерге барышы мүмкүн. Балдар ата-эненин мээримине, көңүл буруусуна муктаж. Аларга жетиштүү убакыт бөлө албаган ата-эне өзүн «ушуларды эч нерседен кем болбосун деп тырмышып жүрөм го» деп акташы мүмкүн. Тилекке каршы, андай жакшы ой-максаттын жыйынтыгы кээде тетири болуп чыгат.
Балдар психологу Жудит Пафази «ата-эненин экөө тең иштеп, коомдун колунда бар катмарындагылардан
болуп эсептелишсе», «дитинин тереңинде алар материалдык жактан камсыз болуш үчүн үй-бүлөлүк бакытынан кечип атышканын билишкендиктен, балдарын эрке өстүрүшөрүн» белгилейт. Анын айтымында, андайда ата-эне «ата-энелик милдеттеринен акча төлөп бошонуп кетүүгө аракеттенишет».Анын капшабы акыры келип балдарга тиет. Эчтекеден өксүбөгөндөй көрүнгөнү менен, балдар өзүлөрүн чындап бактылуу сезиши үчүн зарыл нерселерден, ата-энелеринин сүйүүсү менен көңүл бурушунан, куру калышат. Баш-көз болор эч кими жок аларга дээрлик же таптакыр даяр эмесинде олуттуу суроолорду өз билгениндей чечүүгө туура келет. Мисалы, баңгизаттарды колдонуу же колдонбоо, жыныстык жашоо баштоо же баштабоо, бир нерсе жакпаса зордук-зомбулук көрсөтүү керекпи же жокпу деген сыяктуу суроолорго келгенде алар өз теңдүүлөрүнүн же сыналгы каармандарынын кылгандарын туурап иш кылышары турган иш. Натыйжада, бейкут балалыгы күтүүсүздөн, ал түгүл кайгылуу аякташы мүмкүн.
Чоң кишинин милдети артылган балдар
Ата-энеси ажырашып же экөөнүн бири каза болуп, же үй-бүлөсүнөн кетип калып, толук үй-бүлө толук эмес үй-бүлөгө айланса, балдар кыйналбай коюшпайт. Албетте, көптөгөн толук эмес үй-бүлөлөрдүн жашоосу жаман эмес. Бирок алардын айрымдарындагы балдарга мезгилсиз чоңоюуга туура келет.
Жалгыз бой ата же эненин жалгызсыраган учурлары болору түшүнүктүү. Ошондуктан алардын айрымдары баласына (адатта, улуусуна) жок атасынын же энесинин милдетин артып коюшу мүмкүн. Жаны чындап кейиген учурларда алар уулуна же кызына жүрөгүн өйүгөн нерселерин айтышы ыктымал. А бала болсо, андай жүктү көтөрүүгө али даяр эмес болот. Кээде жалгыз бой ата же эне эмоциялык жактан балдарына өтө эле көзкаранды болуп алышат.
Өз милдеттерин аткарбай, кайра, баласын чоң кишинин милдеттерин аткарууга мажбурлашкан эне-аталар да болот. Мындан мурунку макалада айтылып кеткен Кармен сиңдиси экөө үйүндө дал ошондой жагдайда болушкан. Өзүлөрү бала болушса да, алардан бөбөктөрүн карап-тарбиялоо талап кылынган, ал эми алардын андай милдетти көтөрүүгө алы жеткен эмес.
Балдарды бала болуу укугунан ажыратуу кооптуу, андыктан мүмкүн болсо, андан качуу абзел. Бактыга жараша, балдарынын балалыгы чындап «алтын балалык» болушуна кам көрүү — ата-энелердин колунан келерлик иш. Кандайча? Бу боюнча натыйжалуулугун убакыт далилдеген айрым кеңештерди карап көрөлү.
[6–беттеги кутуча]
Эрте бойго жетүүнүн кыйынчылыктары
Азыркы кыз балдарды бир кыйла эрте жетилүүдө деп ырастоого болобу? Бул боюнча илимпоздордун ою бирдей эмес. Айрымдар XIX кылымдын ортосунда кыздар, орто эсеп менен, 17 жашында жетилсе, учурда 13 жашында жетилүүдө деп ырасташат. 1997-жылы АКШда 17 000 кызга байкоо жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы кыздардын жыныстык жактан жетилүүсүнүн алгачкы белгилери ак расадагыларынын — 15 пайызында, кара расадагыларынын 50 пайызында 8 жашында эле пайда болорун көрсөткөн. Бирок врачтар бул билдирүүлөрдүн шектүүлүгүн белгилеп, ата-энелерди өтө эрте жетилүүнү кадимки көрүнүш катары эсептебөөгө чакырышат.
Кандай ойлор айтылбасын, мындай жагдай ата-энеге да, балага да ар кандай кыйынчылыктарды алып келет. «Тайм» журналында: «Организмде жүрүүчү өзгөрүүлөрдөн да мурун эрте жетилүүнүн балдардын психикасына тийгизген таасири кооптонуу туудурат, себеби ал кезде алар „артынан чуркагандарга“ жооп берүүгө жарай элек, али жомок окуп олтурар балдар бойдон да... Ансыз деле, балалык абдан кыска»,— деп айтылган. «Эгерде кыз баланы акыл-эстик жана психикалык жактан тийиштүү түрдө жетиле элегинде эле организми эрте бой жетип, чоңоюуга мажбур кылса, ал эмнеси менен кош айтыша берсе болот?» — деген суроо коюлат ал макалада.
Жыныстык жактан асылууга көп кабылышкандыктан, кыздар наристелигинен кол жууру күмөнсүз. «Өз жашынан чоң көрүнгөн кыздарды, аары балга жабышкандай, улуураак жигиттер бура бастырышпайт»,— деп бир эне ачык айтат. Андайга каршы тура албай, жыныстык жашоону өтө эрте баштагандар ошонусунун кесепетин тартышат: алар өзүн-өзү сыйлоо сезиминен, таза абийиринен, ал түгүл денелик жана психикалык сак-саламаттыгынан ажырашы мүмкүн.
[5-беттеги сүрөт]
Өтө көп милдет артуу терс натыйжаларды алып келиши ыктымал.
[6-беттеги сүрөт]
Балдарды атаандашуу рухун өрчүтүүгө түртсө, спорт оюндары аларды кубандырбай калат.
Ата-эненин көңүл буруусуна эч кандай кымбат белек тең келе албайт.