Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Миллиондогондор барышат Силерчи?

Миллиондогондор барышат Силерчи?

Миллиондогондор барышат Силерчи?

▪ КАЯККА? Дүйнө жүзү боюнча жүздөгөн жерлерде өткөрүлө турган «Кудайды даңктагыла» аттуу облустук жыйынга. Жыйындын Жахабанын Күбөлөрү тарабынан даярдалган үч күндүк программасы Кудайды жакшы көргөн адамдарга Ага тийиштүү урмат көрсөтүп жашоого жардам берүүгө арналган.

Жыйындын биринчи күнүнүн темасы «Жахаба, сен даңкталууга... татыктуусуң» деп аталат (Аян 4:11, ЖД). «Кудайды бардык жаратуулары даңктайт» деген баяндамада Жахабанын сапат-касиеттерин «жараткан нерселерин карап чыгуу аркылуу көрүүгө» болору талкууланат (Римдиктерге 1:20). «Ыйсанын улуу даңкы жөнүндөгү көрүнүштөр иш-аракет кылууга түрткү берет!» деген темадагы кызыктуу өзөк сөз баарына Кудай Сөзүндөгү алдын ала айтылган жана биздин күндөр үчүн зор мааниге ээ окуяларга кошкөңүл карабоого түрткү берет. Жалпы аталышы «Амостун пайгамбарлыгы. Анын биздин күндөрдөгү мааниси» деген үч баяндамада ошол байыркы пайгамбардын эскертүүлөрүнө эмне себептен азыр да назар салышыбыз зарыл экени талкууланат. «„Жер соорусу“ — бейиштин бейнеси» аттуу баяндамадан Жахабанын кылымдар мурун өз элине берген берекелүү жери тууралуу көбүрөөк билебиз.

Жыйындын экинчи күнү Забур 95:3түн негизинде «Элдер арасында Анын даңкын жарыя кылгыла» деп аталды. Программанын негизги бөлүктөрүнүн бири — «Жахабанын даңкын күзгү сыяктуу чагылдырабыз» аттуу катар баяндамалар. Бул үч баяндамада кызматыбызды кантип натыйжалуу кылуунун жолдору каралат. Андан кийинки баяндаманын аталышы — «Себепсиз жек көрүндү болгондор». Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйындарында ар дайым чөмүлдүрүлүү өткөрүлөт. Андыктан бул жыйында да чөмүлдүрүлүүгө талапкерлерге арналган баяндама окулат. Түштөн кийин угармандар «„Чоочундардын үнүнөн“ сактангыла» аттуу баяндаманы угушат. Анда Кудайдын кызматчыларын «кошомат сөздөрү менен» алдоого аракеттенген жалган окутуучулардан сактанууга зарыл эскертүүлөр берилет (2 Петир 2:1, 3). Ал күндүн соңунда «Балдарыбыз — баалуу мурас» аттуу баяндама айтылат. Анын ата-энелерге да, балдарга да жагары шексиз.

Жыйындын акыркы күнү «Баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла» деген темага арналат (1 Корунттуктарга 10:31). «Жаштар Жахабаны даңкташат» аттуу баяндама учурунда бир нече интервью алынат. Программанын эртең мененки бөлүгүндө «Каршылыктарга карабастан кайраттуулук менен кабар таратуу» аттуу 45 мүнөттүк драма көрсөтүлөт. Учурда маалымат каражаттарында диний темалар көп талкууга алынып аткандыктан, жалпыга арналган баяндамада «Кудайды бүгүн кимдер даңктап жатат?» деген суроо талкууланат. Жыйын «Жахаба даңкталыш үчүн, „көп жемиш алып келгиле“» деп аталган баяндама менен соңуна чыгат.

Биз Жахабанын Күбөлөрүнүн «Кудайды данктагыла» аттуу облустук жыйынында окула турган бир нече баяндамаларды гана атап кеттик. Балким, силер жыйындын үч күнүнө тең толук катышкыңар келеттир. Жыйындын силерге жакын кайсы жерде өтүлөрүн билиш үчүн, жергиликтүү Падышалык залына барып же бул журналдын редакциясына кат жазып, Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот.