Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тикен «тондуу» макулук

Тикен «тондуу» макулук

Тикен «тондуу» макулук

БРИТАНИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

АНГЛИЯНЫН түндүгүндөгү Тайн дарыясы агып өткөн өрөөндү боз туман басып жатат. Кечки теребел уйкуга камынган өңдүү көшүлүп барат. Бир гана чаркарганын аянычтуу үнү алыска угулуп атты. Мен токойдогу чыйыр жол менен келаткам. Бир убакта кызыл, күрөң, сары болуп аралашып жер төшөп жаткан күзгү жалбырактардын арасы шырт дей түштү. Карай салсам — кичинекей бир жаныбардын тарбаңдаган арткы буттары көзүмө уруна калды. Ал жолго кыналыша агып жаткан суунун кургак жээгиндеги аңгекке жетти да, жок болуп кетти.

Ошол жакка жакыныраак басып барып үңүлө карадым. Кышкыга жалбырак, кургак куурай жана папоротник өңдүү чөп-чарларды салып камдап алган чакан чээнинен кирпи көрүндү. Алдына төшөгөндөрү кычыраган кышкы суукта ага күндүзү да, түнкүсүн да жылуу-жумшак төшөнчү болчудай.

Ооба, жазбай таптым, чээндин «кожоюну» тоолуу аймактарды, токойлор менен талааларды мекендеген кичинекей, сүйкүмдүү макулук — кирпичечен — экен. Анын башы менен моюну кайраттуу чаарала күрөң жүн менен капталган. Жонундагы «тону» болсо саргыч күрөң учтуу ийнелерден турат. Ошол топ-тобу менен жыш өскөн, узундугу эки сантиметрге жеткен ийнелеринин арасынан да кайраттуу кыска жүн байкалат. Терисинин бүдүрлөрүнөн дээрлик тик өсүп чыккан ийнелеринин ар биринде узатасынан кеткен 22—24 жолчо бар. Ийнелери түбүнөн бир аз ийилип тургандыктан, кирпи бийиктен куласа да, өзүнүн терисине сайылып жарадар болбойт. Кандай керемет!

Коркунуч сезди дегиче кирпи муштумдай болуп түйүлө калат. Анын чымыр булчуңдары жыйрылганда, булгаары баштыктын боосун бууй тарткан сыяктуу, «тонунун» капталдары менен алды-арты тартылат да, тикендүү «калкан» болуп, бооруна катылган башын, көкүрөгүн, буттарын, куйругун коргойт. Керек болсо, ал ошондой абалда көпкө жата берет.

Демейде, кирпи күүгүм тартканда чабытка чыгат. Ал курт-кумурска, чычкан, бака, келемиш, кескелдирик, кээде жаңгак жана жержемиштер менен азыктанат. Анын угуу жөндөмү жакшы өрчүгөн. Кууш тумшугу менен ным муруну болсо жыт сезүүсүнүн да мыкты экенин көрсөтөт.

Душмандары — адамдар менен жаныбарлар

Жаратылышта кирпилердин, түлкү менен кашкулактардан тышкары, душмандары аз. Кашкулак кирпинин ийнесинен коркпойт: аны манжаларынын учтарындагы курч тырмактары менен оңой эле жазып алат. Кээде кирпинин «тонун» көрүп калчумун, көрсө, ал кашкулактын жегенинен калганы белем. Ал эми түлкү анын ийнесинен жалтанганы менен, тоголотуп барып, сууга түртүп жиберет да, же жазылышын, же чөгүп кетишин күтөт. Бирок кирпи «чабакты» кыйын урат, ошон үчүн «түкөңдүн» колуна түшүп бербей, кээде жээкке чыгып, андагы таштардын арасына же уңкур-чуңкурларга кирип кетет.

Айыл жергесинде жашаган сыгандар жана башка элдер кирпини, топурак-чопо шыбап, бышырып жешет. Муздаган топурагын ажыратканда, кирпинин ийнелери кошо түшүп, колдо бышкан эти — «деликатес» — гана калары айтылат Жан-Поль Клебердин «Сыгандар» деген китебинде («The Gypsies»). Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө көчөлөрдөн машине тебелеп кеткен кирпилерди көп көрүүгө болот. Ал жаныбарлар кышкы уйкудан кийин тамак издеп чыгышканда алсыз болушат, андыктан ошондой кокустуктарга өзгөчө көп кабылышат. Эгер жогорудагы себептерден улам залака тартпаса, кирпи орто эсеп менен 6 жыл жашап, узундугу 25 сантиметрге жетет.

Көбөйүшү, чээнге кириши жана чабыты

Кирпилер май—июлдарда түгөйлөшөт. Бул убакыт ичинде ургаачысы ичиндегилерин 4—6 жума көтөрүп, адатта, үч-төрттөн эки ирет тууйт. «Ымыркайларынын» ар биринин салмагы 30 эле граммдай болот. Алар сокур, дүлөй туулушкандыктан, жашоосунун алгачкы эки жумасы кооптуу. Бара-бара жумшак жүнү ийнеге алмашылып, топтой болуп түйүлө калууга кадимкидей жарап калышат. Ага чейин коркунуч пайда болсо, кенедей кирпичечен торсоңдоп секирип, бышылдаган үн чыгарып коркутуп, андай жорукту күтпөгөн далай жырткычтарды «жолуна салат».

Кирпинин жылдын жылуу мезгилинде «байлаган казысы» кышкысын чээнде жатканда азык болуп берет. Уйкуга киргенде денесинин жылуулугу дароо төмөндөп, дем алганы билинер-билинбес гана болуп калат. Анын жылуулугун башкарып туруучу өзгөчө бези бар. Уктап жатканда денесинин жылуулугу өтө төмөндөп кетсе, ошол бези кирпи ойгонуп, жылуураак жерге орун которуп жатышы үчүн, денесин керектүү деңгээлде жылытып жиберет. Бирок кирпи «эс-учун билбей калгыча» уктабайт: айланасындагы дабыштарды угуп, бир аз кыймылдап да коёт.

Эгерде ал тосмолонуп коюлган бакчанын ичинде жүргөн болсо, сыртка чыгыш үчүн, кашаага же сугат түтүктөрүнө тырмышып чыгып кетмейи бар, себеби ал — «олжосун» алыстан таап келүүчү «аңчы». Ал — жапайы жаныбар, андыктан үй шартына оңой менен көнбөйт. Ага кене-мителер көп жармашкандыктан да аны үйгө багуу сунуш кылынбайт. Анткен менен Британиянын жаратылышынын бир бөлүгүн түзгөн ошол «жер кезер» сүйкүмдүү жаныбар үчүн Жаратканыбыз Жахаба Кудайга мен абдан ыраазымын.

[23-беттеги сүрөт]

Топтой болуп жыйрылып алган кирпи.

[24-беттеги сүрөт]

Беатриса Поттердин балдарга арналган китебинде тартылган сүрөт, 1905-жыл («The Tale of Mrs. Tiggy-Winkle»).

Кадимки кирпи, бир жумалык.

[25-беттеги сүрөт]

Түштүк Африкада кездешүүчү кидик кирпи.