Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчуна таанылган жаңгак

Төгөрөктүн төрт бурчуна таанылган жаңгак

Төгөрөктүн төрт бурчуна таанылган жаңгак

Жержаңгакты (арахисти) жакшы көрөсүңбү? Ал — көптөр жакшы көргөн жаңгактардын бири. Жер жүзүндө жыйналган жержаңгактардын 50дөн ашуун пайызы Индия менен Кытайда, калкы эң көп эки өлкөдө, өстүрүлөт.

Кошмо Штаттарда жылына миллиард килограммдан ашуун жержаңгак алынат (бул — анын дүйнө жүзү боюнча жыйналуучу түшүмүнүн 10 пайызы). Жержаңгак өндүрүү боюнча алдыңкы орунга чыккан өлкөлөргө, башкалар менен катар, Аргентина, Бразилия, Малави, Нигерия, Сенегал, Судан, Түштүк Африка Республикасы кирет десек болот. Жаңгактын бул түрү кантип мынчалык кеңири таралган? Аны жегенге болбой турган учурлар болобу?

Байыртан белгилүү

Жержаңгактын мекени болуп Түштүк Америка эсептелет. Буга Перудан табылган, Америка Колумб тарабынан ачыла элек маал менен даталанган идиш далил. Анын сырткы көрүнүшү жержаңгакка окшоштурулуп жасалып, капталдарына жержаңгактын сүрөтү түшүрүлгөн. Бул ошол байыркы мезгилдерде эле жержаңгактын бааланчу экенин көрсөтөт. Алгач Түштүк Америкадан көрүшкөн жержаңгактын деңиз саякатында жакшы азык болорун ойлоп испан баскынчылары аны өзүлөрү менен кошо ала кетишет. Европага жержаңгак ошолор аркылуу жеткен. Ал жактын эли аны өз билгениндей колдонуп, кофе катары да иче башташкан.

Кийинчерээк португалиялыктар аны Африкага алып барышат. Жергиликтүү калк анын башка өсүмдүктөр жакшы өспөгөн, күрдүүлүгү төмөн жерлерде деле өсө берген баалуу өсүмдүк экенин бат эле байкашкан. Аны өстүрүү топурак күрдүүлүгү төмөн жерлердин азотко байышына да шарт түзөт. Ал эми Африкадан Түндүк Америкага жержаңгак кул сатуучулук маалында жетет.

1530-жылдары аны португалиялыктар — Индия менен Макаого, испаниялыктар Филиппинге алып барышат. Ошол өлкөлөрдөн соода-сатык кылып баргандар аркылуу ал кытайлыктарга да таанылат. Кытайлыктар болсо аны өлкөдөгү ачарчылык менен күрөшүүгө жакшы жардам берерлик азык болорун дароо эле аңдашкан.

XVII кылымда ботаниктер жержаңгакты жербуурчак деп изилдеп чыгып, аны чочколорго эң сонун тоют болорлук өсүмдүк деген жыйынтыкка келишет. XVIII кылымдын башында Түштүк Каролинада (АКШ) аны өндүрүштүк максатта өстүрө башташкан. Америкадагы 1861-жылы тутанган жарандык согуш учурунда жержаңгак жаңжалдашкан эки тараптын аскерлеринин азыгы болгон.

Бирок ал кезде көптөр аны жардылардын тамагы деп эсептешчү. Ошол себептүү да америкалык дыйкандар аны сатык үчүн өстүрүшкөн эмес. Анын үстүнө, 1900-жылдары атайы жабдуу ойлоп чыгарылганга чейин жержаңгак эгүү машакаттуу иш болгон.

Америка агрохимиги Жорж Уошингтон Карвер 1903-жылы жержаңгак өсүмдүгүн пайдалануунун жолдорун издей баштаган. Арадан анча мезгил өтпөй ал андан суусундук, косметика, боёк, дары, кирсамын, курт-кумурска жана чымын-чиркейден коргоочу каражат, басмакана боёгу сыяктуу 300дөн ашуун продукт ойлоп чыгарган. Карвер дыйкандарга жердин күрдүүлүгүн төмөндөткөн пахтаны жержаңгак менен кезектештирип өстүрүп жүрүүнү кеңеш кылган. Ошол кездерде пахта шиш тумшугунун айынан пахтанын түшүмү зыянга көп учурап кала турган. Ошон үчүн дыйкандардын көбү Карвердин кеңешин кабыл алышат. Ал кандай натыйжаларды берген? Жержаңгак өстүрүү ийгиликтүү болгондуктан, ал АКШнын түштүк аймактары үчүн негизги кирешелүү өсүмдүктөрдүн бирине айланган. Бүгүнкү күндө Дотанда (Алабама штаты) Карверге эстелик орнотулган. Пахта түшүмүн зыянга учураткандыктан дыйкандар жержаңгак өстүрүүгө өтүшкөн деп, пахта шиш тумшугуна да ошол эле штаттын Энтерпрайз шаарында эстелик коюлган.

Жержаңгак өстүрүү

Чынында, жержаңгак жаңгак эмес, чанактуулар тукумундагы чөп өсүмдүк. Ал өсүп чыгып, өз алдынча чаңдаша алган сары гүл байлайт.

Уруктангандан кийин мөмөлүү гүл сабагы узарып өсөт да, топуракка көмүлөт. Көмүлгөн сабак тереңге кетпей жайыла баштайт. Анан андан бизге тааныш формадагы чанак-жаңгак жетилет. Кээде бир түбүндө 40ка жакын чанак болот.

Жержаңгак жылуучул, күнөстүү жана жаан-чачындуулугу орто климатты жакшы көрөт. Сортуна жана аба ырайына жараша, жержаңгактын эгилгенинен терилгенине чейин 120—160 күн өтөт. Түшүм жыйнаганда дыйкандар жержаңгакты тамыры менен кошо жулуп, көңтөрүп таштайт: бул алардын жакшы кургап, көпкө бузулбай сакталышы үчүн жасалат. Учурда бир эле маалда казып, кагып, көңтөрүп таштоочу заманбап жабдуулар колдонулууда.

Пайдаланылышы

Жержаңгактын тамак баалуулугу бир кыйла. Ал азыркы азык-түлүктөрдүн көбүндө жетишсиз булага бай, анда витаминдин — 13 түрү, минералдын 26 түрү бар. «Уйдун бооруна караганда жержаңгакта белок, минералдык заттар, витаминдер көп»,— деп айтылат «Британ энциклопедиясында». Бирок өз салмагы үчүн тынчсыздангандар абайлашы керек! Себеби жержаңгакта «май коюу каймактагыдан да көп» жана «анын тамак баалуулугу (калориясынын өлчөмү) канттыкынан жогору».

Бул жаңгак дүйнө жүзү боюнча ар кандай тамак-аштарда кеңири колдонулат. Ал эми анын өзүнө гана таандык даамы жазбай таанылат. «Жержаңгак кандай тамакка кошулбасын, анын өзгөчө, өзүнө гана тийиштүү даамы сөзсүз байкалат,— дейт тамак-аш даярдоо боюнча китептердин автору Аня фон Бремцен.— Ошондуктан индонезиялык жержаңгак соусунун, Батыш Африка сорпосунун, кытай кесмесинин, перуан дымдамасынын жана жержаңгак-паста сыйпалган нандын даамы бирдей».

Жержаңгактын өзүн жегенди жакшы көргөндөр да көп. Андыктан, алсак, Индияда жержаңгакты башка да кургатылган чанактуулар менен аралаштырып сатышат. Бир китепте белгиленгендей, айрым өлкөлөрдө нанга сыйпап желүүчү жержаңгак майын «1890-жылдары сент-луистик [АКШ] бир дабагер улгайган адамдар үчүн мүнөз тамак катары» чыгарыптыр («The Great American Peanut»).

Жержаңгактан башка да азык заттар жасалат. Мисалы, Азияда андан суу май алынат. Абдан кызыта ысыткан соң, ага тамак жасаса да болот. Ал май куурулган же бышырылган азык-түлүктөрдүн жытын сиңирип албайт.

Бразилияда жержаңгак уну — жержаңгак майын сыгып алгандан кийинки калдыктары — мал тоютуна кошулат. Ошол эле учурда, бул жаңгак кеңири колдонулган көптөгөн каражаттардын курамына кирет. (Жогорудагы тизмени карагыла.)

Абайлагыла: жержаңгак аллергиясы!

Жержаңгак тоңдуруусуз көпкө сакталат. Ошентсе да абайлаш керек. Көгөрүп кеткен жержаңгакта афлатоксин бар. Ал уу зат рак оорусун пайда кылат. Анын үстүнө, кээ бир адамдардын жержаңгакка аллергиясы бар. «Привеншен» журналында маалымдалгандай, аллергия реакциялары ар кандай: мурун бүтүү, бөрү жатыш, ал түгүл анафилактикалык шок болушу мүмкүн. Бир нече изилдөөнүн натыйжасы учурда жаш балдар арасында жержаңгакка болгон аллергиянын мурдагыдан да көп кездешерин көрсөткөн.

«Привеншен» журналында ата-энесинин экөөнүн тең астмасы же экземасы бар болсо, аллергия болуп мурундары бүтсө, баласынын жержаңгакка аллергия болуш ыктымалдыгы жогорулаары да белгиленген.

Энесинин аллергиясы бар же өмүрүнүн алгачкы жылдарында эле сүткө аллергия боло баштаган балдар да бул жаңгакка аллергия болушу мүмкүн. «Андай үй-бүлөлөрдө жержаңгак-пастаны өйдөрөөк жайгашкан текчеге коюп, балдарга, жок дегенде, үчкө чыкмайын бербөө дурус»,— дейт АКШдагы Жон Хопкинс атындагы медициналык борбордун дабагери Хью Сампсон.

Жөнөкөй, ошентсе да төгөрөктүн төрт бурчуна таанылган бул жаңгактын канчалаган тармактарда колдонуларын билген соң, көбүрөөк баалай баштайт чыгарсыңар.

[16-беттеги сүрөт/кутуча]

Төмөнкү кеңири колдонулган каражаттардын курамына кээде жержаңгак да кириши мүмкүн.

• Кургак шыбак

• Меш отуну

• Мышыктардын заң-заарасын сиңирүүчү материал

• Кагаз

• Кир кетиргич заттар

• Май

• Темир сайкалдоочу каражаттар

• Агартуучу каражаттар

• Сыя

• Дөңгөлөк май

• Сакал алуу үчүн бетмай

• Бетмай

• Самын

• Линолеум

• Резина

• Косметика

• Боёк

• Жардыргыч заттар

• Суу самын

• Дары

[Булак]

Source: The Great American Peanut

[14-беттеги сүрөт/таблица]

Жалбырактары

Мөмөлүү гүлсабак

Жердин кыртышы

Тамыры

Жержаңгак

Жорж Уошингтон Карвердин эстелиги.

[Булак]

The Peanut Farmer magazine

[15-беттеги сүрөт]

Кошмо Штаттар

Африка

Азия

[Булак]

FAO photo/R. Faidutti

Жержаңгак азыктары.

[16-беттеги сүрөт]

Айрым өлкөлөрдө жержаңгак-пастаны жакшы көрүшөт.