Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ажайып кооз орхидейлер

Ажайып кооз орхидейлер

Ажайып кооз орхидейлер

КОСТА-РИКАДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

«Алар көз жоосун ала керилип, карапа тосмо менен курчалып турушат. Айдарым желге ыргалып бирде көлөкөгө жашынышса, бирде күнгө бетин тосо калышат. Алар, өзгөчө, бүгүн анык көркүнө чыккансыйт».

САН-ХОСЕДЕ (Коста-Рика) жыл сайын өткөрүлүүчү Орхидейлердин улуттук көргөзмөсү жөнүндө гезитке чыккан жарыя мына ушундай сөздөр менен башталган. Бул өсүмдүктүн аталышын укканда эле, көз алдыңа алыскы өлкөлөрдө өскөн, дүйнөдөгү эң бир кооз гүлдөр элестейт. Бир аял айтылуу көргөзмөгө келгендердин биринин: «Мына бул кереметтүү гүлдөрдү карап туруп, ушуларды Кудай жаратканына адам кантип шектенет?!» — дегенин уккан. Ырас, орхидейлер көзгө көрүнбөгөн сапат-касиеттери жараткан нерселеринен ачык-айкын көрүнгөн Жахаба Кудайга даңк алып келет (Римдиктерге 1:20).

Орхидейлер байыртадан бааланат. Бар маалыматтар боюнча, аларды мындан 4 000 жыл мурун эле кытайлар өстүрүшкөн. Дүйнөнүн башка тарабында орхидейлердин айрым түрлөрүн азыркы Мексиканы 1502-жылдан 1520-жылга чейин башкарган ацкеттердин башчысы Монтесума да өстүргөн. Бирок бул өсүмдүккө болгон жалпы элдин кызыгуусу 1800-жылдары күч алган.

Англияда жашаган Вильям Каттлей деген бир кишиге 1818-жылы Бразилиядан бир топ тропик өсүмдүктөрү жөнөтүлгөн. Ал ошол өсүмдүктөрдүн арасынан байкаган кайсы бир өсүмдүктүн тамырга окшогон бөлүктөрүн жерге көмүп коёт. Кийин алардын кара кочкул болуп гүл ачканын көргөндө ал абдан сүйүнгөн. Орхидейлердин ошол түрү азыр каттлея деп аталат.

Он тогузунчу кылымда орхидейлердин сейрек кездешүүчү түрлөрүн багуу бай адамдардын арасында кызыгуу туудура баштаган. Орхидейлер, өзгөчө, жаңы түрлөрү абдан кымбат турчу. Ал эми кийинки жүз жылдыктын башында орхидейлерге болгон кызыгуу басаңдай түшкөн. А бирок бир нече он жылдыктан кийин аны арзан жасалма жол менен өстүрүү ыкмасы чыгарылганда, көпчүлүктүн назары кайрадан ага бурулган. Ал эми бүгүнкү күндө бул кереметтүү гүлдү каалаган адам таап, көрүп, атүгүл өстүрө алат.

Түркүм түрү

Гүлдүү өсүмдүктөр бөлүмүндө дээрлик басымдуу бөлүгүн орхидейлер тукуму ээлейт дешке болчудай. Дүйнөдө алардын 20 000ге жакын түрү кездешет *. Аларды дээрлик бардык жерден — Түндүк уюл аймагынан тартып кагыраган жарым чөлдөргө чейин — жолуктурууга болот. Ал түгүл айрым түрлөрү деңиз деңгээлинен 3 000 метр бийиктиктеги Анд тоолорундагы бактардын кылда башында өсөт. Башкалары, мисалы, Австралияны мекендегендери «өмүрүнүн» көбүн топурак астында өткөрөт.

Орхидейлердин көлөмүнүн, өңү-түсүнүн, жытынын түрдүүлүгү таңыркатат. Папуа-Жаңы Гвинеяда узундугу бир нече метр, салмагы эки тоннадан ашуун келген алп орхидейлер өсөт. Ал эми кээ бир түрлөрүнүн гүлү ийненин башындай кичинекей болгондуктан, оймокко оңой батарлык. Бул өсүмдүктүн түрлөрүнүн көбү (эпифиттик орхидейлер) бак-дарак жана башка өсүмдүктөргө жайгашып өссө, кээси тамыры топуракка көмүлгөндө гана өсөт. Айрымдары өтө жагымдуу, кокос же дан куурай жыттанса, кээси кудум эле бузулуп кеткен эт жыттанат.

Бири-биринен ошончолук айырмаланган ал өсүмдүктөр кандайча бир тукумга кирет? Орхидейлердин өз ара айырмачылыктары бар болсо да, алар башка гүлдүү өсүмдүктөрдүн баарынан айырмаланткан эки өзгөчөлүккө ээ. Биринчиден, орхидейлердин баарынын желекчелеринин түзүлүшү бирдей. Экинчиден, алардын баарынын энелиги менен аталыгы биригип өскөндүктөн, гиностемий деп аталган түтүкчөсү бар.

Коста-Рика орхидейлери

Коста-Рика чакан республика болсо да, анда дүйнө жүзү боюнча орхидейлердин эң көп түрү — орто эсеп менен 1 400 түрү — өсөт. Бирок ал жактан алардын дагы да көп жаңы түрлөрү табылары бышык. Чыгыштан Кариб деңизинин, батыштан Тынч океандын таасири менен шартталган мээлүүн климат жана нымдуулуктун белгилүү бир деңгээли орхидейлердин ар кандай түрлөрүнүн өсүшүнө ылайыктуу шарт түзөт. Өлкөдө нымдуу тоо токойлору да көп; аларды кээде «булуттуу токой» деп атап коюшат. Орхидейлердин түрлөрүнүн көбү ошол жакта өсөт. Бир жолу ошондой токойдогу бактардын биринен орхидейлердин 47 түрү табылган!

Учурда бул өсүмдүктүн жок болуп бараткан түрлөрүн сактап калуу үчүн бир топ иш-чаралар көрүлүүдө. Бирок, бактыга жараша, Коста-Риканын нымдуу токойлорунда алардын башка түрлөрү оңой өсө берет. Азыркы кезде гүл ача турган орхидейлерди өстүрүүгө көптөр кызыкчу болду. Аларды өстүрүү оңой, бирок адам ага баш-оту менен кирип кетиши ыктымал. Себебин бир жазуучу: «Бир орхидей өстүрүү жержаңгактын бир данын жеген менен бирдей!» — деп түшүндүргөн.

[Шилтеме]

^ 9-абз. Орхидейлердин 100 000ге жакын аргындаштырылган түрү бар.

[23-беттеги кутуча]

Орхидейлердин улуттук көргөзмөсү

Орхидейлерге кызыгуучулар коому Коста-Рикадагы өзүнүн биринчи улуттук көргөзмөсүн 1971-жылы өткөргөн. Көргөзмө орхидейлер өсүүчү табигый чөйрөнү сактап калуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурдуруу максатында уюштурулган. Адегенде ал жупуну башталган: эл алдына бир нече үстөлгө эле батып калган 147 орхидей алып чыгарылган. Ал эми жакында эле болуп өткөн көргөзмөдө алардын 1 600 түрү көрсөтүлдү. Келгендер түркүм-түрлүү түстөгү, көлөмдөгү, тариздеги (формадагы) орхидейлердин кереметтүү дүйнөсүндө жүргөндөй болушту.

[Булак]

Jardín Botánico Lankester

[24-беттеги кутуча]

Ланкестер гүлбагы

Англис табият таануучусу Чарльз Ланкестер Уэллс тарабынан 1917-жылы түзүлгөн бейкут «бейиш» багы Түндүк жана Түштүк Американын ботаникалык бактарынын көрүнүктүүлөрүнөн. Ланкестер гүлбагында жергиликтүү жана башка өлкөлөрдөн алынып келинген орхидейлердин 800дөй түрү бар. Аларга он жарым гектардан ашуун токой жана гүлбак аянттары бөлүнгөн. Ал жер — орхидейлерди коруунун улуттук борбору. Кээде жапайы орхидейлерди, өзгөчө, алардын сейрек кездешүүчү түрлөрүн мыйзамсыз түрдө саткандар кармалат. Андайда бийликтер тарабынан конфискацияланган ал өсүмдүктөр Ланкестер гүлбагына сактоого жөнөтүлөт.

[Булак]

Photos above: Jardín Botánico Lankester de la Universidad de Costa Rica

[25-беттеги сүрөттөгү булак]

Үй шартында өстүрүү

▪ Орхидейлердин көбү шагыл же таарынды салынган гүлчелекте же себеттерде өсө берет.

▪ Орхидейлердин көбү топураксыз өскөнү менен, аларды үзгүлтүксүз, айрыкча, гүлдөп жаткан маалында жер семирткич менен сугарып туруш керек.

▪ Жарыктын канчалык талап кылынары орхидейдин түрүнө жараша болот. Айталы, ванда түштүк тараптагы жарыгы көп терезеде жакшы өсөт, ал эми каттлеяны батыш тараптагы жарык терезеге же түштүк тараптагы көлөкөлүү терезеге койгон жакшы. Фаленопсис батыш тараптагы же түштүк тараптагы көлөкөлүү терезеде жакшыраак өсөт.

▪ Орхидейлерди челегинин түбүндөгү тешиктерден суу тама баштаганча сугарып, кийинки жолу асты тоборсуй түшкөндө сугарыш керек.

▪ Орхидейлер нымдуулукту жакшы көрүшөт. Ошондуктан абасы кургак, нымдуулугу төмөн чөлкөмдө жашасаңар, бир идишке шагыл салып, үстүн жапкыдай суу куюп, орхидейдин челегинин астына коюп койгула.

[Сүрөттөр]

Фаленопсис

Ванда

Каттлея

[25-беттеги сүрөт]

Орхидейлердин эң чоңунун узундугу — 6 метрден, салмагы 2 тоннадан ашуун.

Дүйнөдөгү эң кичине орхидей, туурасынан алганда, бир миллиметрге араң жетет.

[Булак]

Jardinería Juan Bourguignon