Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Байлык кудайдын берген батасыбы?

Байлык кудайдын берген батасыбы?

Ыйык Китептин көзкарашы

Байлык кудайдын берген батасыбы?

«Теңирдин батасы гана байытат, өзү менен кошо кайгы алып келбейт» (Накыл сөздөр 10:22).

ЖОГОРУДА айтылган аят Кудайдын өз кызматчыларына батасын берип байытарын билдиреби? Кээ бирөөлөр ошондой көзкарашта. Австралиялык бир жазуучунун, элүүнчү күнчүлөр үгүтчүсүнүн айтканын мисалга алалы. Ал мындай деген: «[Өзүмдүн] ушул китебимде адам эмне себептен көбүрөөк акчага муктаж болорун жана экинчиден, канткенде көбүрөөк акча таба аларын кеп кылмакчымын... Эгерде силер ой жүгүртүүңөрдү өзгөртүп, акчага карата туура көзкараш өрчүтүүгө даяр болсоңор, Кудай силерге батасын берип, насибинен кем калтырбасына жана ошондо акчадан өксүк тартуу дегенди унутарыңарга ишенем».

Бирок мындай ырастоолор колунда жок адамдарды Кудайдын жактырбасын билдирбейт. Материалдык жыргалчылык чын эле Кудайдын батасыбы?

Байлыкты бата менен алгандардын мисалы

Ыйык Китепте Кудайдын ишенимдүү кызматчыларына батасын берип байытканы баяндалган жерлер бар. Маселен, үйүнөн колундагы жалгыз таягынан башка эч нерсеси жок кеткен Жакып ортодон 20 жыл өткөн соң мал-жандуу, очор-бачар болуп, эки топту башкарып кайтып келген. Ыйык Китепте Жакыпка байлыкты Кудай бергени айтылат (Башталыш 32:10). Дагы бир мисал — Аюб. Ал бардык мүлкүнөн ажырап калган. Бирок Жахаба кийин бата бергенде, ал «он төрт миң майда малдуу, алты миң төөлүү, бир миң жуп өгүздүү, бир миң ургаачы эшектүү болгон» (Аюб 42:12). Жахаба Сулайман падышага да эбегейсиз байлык берген; анын байлыгы ушул күнгө чейин кеп кылынып келет (1 Падышалар 3:13).

Ыйык Китепте Кудайдын көптөгөн ишенимдүү, тил алчаак кедей кызматчылары тууралуу да айтылат. Чынында, Кудай бирөөлөрдү жазалап кедей кылып, башкаларга батасын берип байытпайт. Анда ал айрымдарга эмне максат менен байлык берген?

Ар бир учурдун өзүнчө себеби болгон. Жакыпка байлык берилиши убадаланган Тукум чыга турган элдин калыптанышына өбөлгө болгон (Башталыш 22:17, 18). Аюбдун байышы анын бактысыздыгына ким себепкер болгонун айкын көрсөтүп, Жахаба Кудайдын ысмын актаган (Жакып 5:11). Сулайман болсо Кудайдын батасы менен ээ болгон мүлкүнүн басымдуу бөлүгүн заңгыраган ийбадаткана курууга колдонгон (1 Падышалар 7:47—51). Көңүлгө аларлык жагы, Жахаба Сулайманга байлыктын пайдасы чектелүү экенин өз тажрыйбасынан түшүнгөнүн кийинки муундар үчүн жаздырып койгон (Насаатчы 2:3—11; 5:10; 7:12).

Кудай кандай бата берет?

Ыйса жолдоочуларына эмне бар, эмне жогун ойлоп түйшүк тарта бербөөнү айтуу менен акчага карата туура көзкарашта болуунун маанилүүлүгүн түшүндүргөн. Ал атактуу Сулаймандын да талаада өскөн лилия гүлдөрүнүн биринчелик кийинбегенин белгилеген. «Талаада өсүп турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди алардан артык кийиндирбейби, ишеними аздар!» — деген ал. Ыйса өзүн жолдогондорду, Кудайдын Падышалыгы менен адилеттигин биринчи орунга коюшса, тамак-аш, кийим-кечек жана турак жай кошулуп берилерине ишендирген (Матай 6:25, 28—33). Анын бул убадасы кандайча аткарылат?

Ыйык Китептин кеңештерин колдонгондо адам биринчи кезекте рухий баталарды алат (Накыл сөздөр 10:22). Албетте, мунун башка да пайдалары бар. Мисалы, Кудай Сөзүндө Ыйсанын жолдоочуларына: «Ким уурулук кылып жүрсө, мындан ары уурулук кылбасын... өз колу менен пайдалуу нерсе жасасын»,— деген көрсөтмө берилет (Эфестиктерге 4:28). Ошондой эле: «Эринчээк кол адамды жарды кылат, тырышчаак кол байытат»,— делген (Накыл сөздөр 10:4). Ушул кеңештирди колдонгон Ыйсанын чынчыл, эмгекчил жолдоочулары иштеген жеринде жакшы жумушчулар катары бааланышат. Бул да өзүнчө бата.

Кудайга ишенгендерди Ыйык Китеп кумар оюндарын ойноо, чылым чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү адаттарынан сактанууга үйрөтөт (1 Корунттуктарга 6:9, 10; 2 Корунттуктарга 7:1; Эфестиктерге 5:5). Бул кеңештерди колдоно баштагандар акчасы үнөмдөлөрүн, денсоолугу кыйла жакшырарын байкашкан.

Алтын менен күмүштөн алда канча баалуу

Ошентип, материалдык жактан өксүксүз жашоо сөзсүз эле Кудайдын адамды жактырарын, ага батасын берип байытып атканын көрсөтпөйт. Мисалы, Ыйса Лаодикеядагы жолдоочуларынын айрымдарына: «Сен: „Мен баймын, байып калдым, эч нерсеге муктаж эмесмин“,— деп айтып жатасың. Бирок сен өзүңдүн бактысыз аянычтуу, жакыр, сокур жана жылаңач экендигиңди билбейсиң» — деп, алардын рухий жактан жакыр экенин эскерткен (Аян 3:17). Ал эми Смирнадагы материалдык жактан жакыр, бирок рухий жактан бай жыйналыштагыларга Ыйса: «Мен сенин ишериңди, тарткан азаптарыңды жана жакырдыгыңды билем (бирок сен байсың)»,— деген (Аян 2:9). Ал жердеги Ыйсанын жолдоочулары ишенимдүүлүгү үчүн куугунтук көрүп жатышкандыктан, материалдык жактан кыйналышса керек. А бирок алар күмүш менен алтындан баалуу байлыкка ээ болушкан (Накыл сөздөр 22:1; Эврейлерге 10:34).

Жахаба Кудай анын эркин аткарууга аракеттенгендерди батасыз калтырбайт (Забур 1:2, 3). Аларга оор маалдарды басып өтүүгө, үй-бүлөлөрүнүн утурумдук муктаждыктарын камсыз кылып, биринчи кезекте Падышалыктын кызыкчылыктарын көздөөгө зарыл күч-кубат, жардам берет (Забур 36:25; Матай 6:31—33; Филипиликтерге 4:12, 13). Ошондуктан Ыйсанын жолдоочулары дүнүйө-мүлктү Кудайдын башкы батасы катары карашпайт: алар «жакшы иштерге бай болууга» умутулушат. Жараткан менен өз ара тыгыз мамиле өрчүтүү менен алар «өздөрүнө келечек үчүн жакшы негиз боло турган кенч жыйнашат» (1 Тиметейге 6:17—19; Марк 12:42—44).