Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Денсоолукка таасир тийгизүүчү адаттар

Денсоолукка таасир тийгизүүчү адаттар

Денсоолукка таасир тийгизүүчү адаттар

ТУУРА тамактануу жана денсоолукту чың сактоо көбүнчө оңойго турбайт. Азыркы жашоодо чийки азык-түлүктөрдөн тамак жасоого караганда, тез татым азыктарын сатып алуу оңой көрүнүшү, бош убакытты кыймыл-аракетти талап кылган иштерге бөлүүдөн көрө, сыналгы же компьютердин маңдайында өткөрүү ыңгайлуу сезилиши мүмкүн. Бирок андай адаттар чоң адамдардын да, жаш балдардын да утур көбүнүн денсоолугуна зыян келтирүүдө.

Азияда, «Эйшауик» журналында маалымдалгандай, «калорияга бай тамак-аш ичип, аз кыймылдоо диабеттин эпидемияга айланышына алып келүүдө». Баарыдан мурда, бул оорунун «жашарып» баратышы тынчсыздандырат. Ал эми «Глоб энд мейл» басылмасында Канадада жүргүзүлгөн «изилдөө 10—12 жашар ар бир жети баланын бири гана мөмө-жемиш, жашылчаларды жетиштүү өлчөмдө жээрин [жана] балдардын жарымдайы гана оюн маалында тердегенчелик кыймылдашарын көрсөткөнү» айтылган. Ошондой эле мындай мүнөздөгү жашоо ал балдарды «30дарга барганда жүрөк ооруларына чалдыктырары» белгиленет.

Уйку көйгөйлөрүн изилдеген адистердин белгилөөсү боюнча, чоң адамдарга — күнүнө сегиз сааттай, жаштарга андан да көп уктоо зарыл. Мисалы, Чикаго университетинде жүргүзүлгөн бир изилдөө маалында денсоолугу чың жаш эркектерге алты күн бою төрт гана сааттан уктоого уруксат берилген. Натыйжада аларда адатта кары адамдар чалдыгуучу оорулардын белгилери пайда боло баштаган. Көптөр уйкуга бөлө турган баалуу убактыларын жумушка, окууга же көңүл ачууга коротушат, бирок анын эртеби, кечпи терс натыйжасы чыкпай койбойт. Нью-Йорктогу Корнелл университетинин уйку көйгөйлөрүн изилдөө боюнча адиси Жемс Маас мындай дейт: «Жөнөкөй кыймыл-аракеттерди аткаруу гана керек болсо, бир жөн... бирок сергек болуу, чыгармачылык шык менен иштөө, кыймыл көп көчөдө машине айдоо талап кылынса, бул такыр башка».

Албетте, саламаттыгыбыз көзкаранды болгон бөлөк да себептер аз эмес. Мисалы, оң маанайда болуу денсоолукка оң таасир тийгизет. Жашоодо чыныгы максатка ээ болуу да денсоолугубузга оң таасир тийгизүүчү жакшы адаттарды өрчүрүүгө түрткү берет.