«Жакшы адамдын колуна тийиптир!»
«Жакшы адамдын колуна тийиптир!»
Патрисия Мексикадагы Куэрнавака шаарындагы өкмөттүк мекемелердин биринен кимдир бирөөнүн унутуп кеткен портфелин таап алган. Ачып караса, ичинде бир нече кредит карточкасы, толтурулбаган чектер жана бир архитектордун дареги басылган баракча бар экен. Үйүнө жетер замат ал портфелин таап алганын билдириш үчүн алиги кишиге телефон чалган. Айран-таң калган киши: «Кудайга шүгүр, жакшы адамдын колуна тийиптир!» — дейт.
Жоготконун алганы Патрисияныкына жашы ортолоп калган архитектор келет. Ал Патрисиянын Кудай жиберген периштедей болгонун айтат. Патрисия болсо ага өзүнүн Жахабанын Күбөсү экенин билдирип: «Мен чыныгы Кудай Жахабага кызмат кылам. Ошол Кудайдын айткандарын аткаргандыктан ушинттим. Алкыш Жахабага айтылышы керек»,— деп түшүндүрүп берет. Киши ала келген тартуусун сунуш кылганда, Патрисия алган эмес. Кайра өзү ага Ыйык Китепке негизделген адабият берип, аны окуп чыгып, пайда алышын каалаарын айткан.
Көптөгөн Жахабанын Күбөлөрүндөй эле, Патрисия «Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим» китебин изилдеп окуган. Андагы 19 бөлүмдүн бири «Кудайга жагарлык жашоо эмне үчүн бактылуу кылат?» деп аталат. Патрисия «Чынчылдык бактылуу кылат» деп аталган бөлүмчөдө жазылгандардын төгүнсүздүгүнө ошентип өзү күбө болгон.
192 беттүү ал китепти төмөндөгү купонду толтуруп, ушул журналдын 5-бетиндеги даректердин бири боюнча салып жиберүү менен силер да ала аласыңар.
□ «Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим» китебин ... тилинде алууну каалайм
□ Мени Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдөө кызыктырат