Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Порнографиянын зыяны

Порнографиянын зыяны

Порнографиянын зыяны

ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮЛӨР, кинолор, музыкалык клиптер жана Интернет жыныстык мамилелер багытындагы маалымат „коруна“ кенен эшик ачат. Андагы сансыз порнография, жыныстык мамилелердин ачык же жымсалдатылып чагылдырылышы, көптөр ырастагандай, чынында эле зыянсызбы? *

Чоң адамдарга тийгизген таасири

Порнография, аны жактагандар эмне деп талашып-тартышпасын, адамдын жыныстык мамилеге болгон көзкарашына жана жыныстык катнаш маалындагы кылык-жоругуна орчундуу, терс таасирин тийгизет. Үй-бүлөлөрдү изилдөө жана аларга билим берүү мамлекеттик уюмунун изилдөөчүлөрү «порнография көрүү ар кандай жыныстык ыпылас кылык-жоруктардын пайда болушуна алып келет» деген тыянакка келишкен. Алардын билдирүүсү боюнча, «порнографияга кызыгып жүргөн эркектер арасында зордуктоо жөнүндө бурмаланган (мисалы, „аялдар өзүлөрү зордукталууну каалашат, ошону жактырышат, зордук жасаган эркектердин башкалардан эч айырмасы жок“ деген сыяктуу) ойлор кеңири таралган».

Айрым изилдөөчүлөр ырасташкандай, порнографияны көп көргөндөр никедеги кадимки жыныстык мамилелерге ыраазы болбой калышы ыктымал. Сексопатолог Виктор Клайн белгилегендей, порнопродукцияга болгон сурам өсүүдө. Бардыгы порнографияны аз-аздан көрүүдөн башталат, ал эми ага эч кандай чек коюлбаса, адам андан да ачык, ыпылас порнографияны көрүүнү көксөй башташы мүмкүн. Бул, Клайн белгилегендей, адамды жыныстык жактан бузуку иш-аракеттерге түртүшү ыктымал. Адамдын жүрүм-турумун изилдеген окумуштуулар да ошондой ойдо. Клайн «ошентип олтуруп жыныстык бузукулуктун кандай түрү болбосун өрчүп кетиши мүмкүн... адамды андан атүгүл абийиринин катуу айыпташы да баш тарттыра албай каларын» айтат. Натыйжада, порнография көрүүнү адат кылып алгандар ошондон улам өрчүткөн уятсыз ой-кыялдарын иш жүзүндө жасоого аракеттениши жана анын арты өтө кесепеттүү аякташы толук мүмкүн.

Клайн белгилегендей, андай ыпыластыкка кыныгуу акырындык менен, байкалбай өрчүй берет. «Ал рак оорусу өңдүү өрчүп, жайылып олтурат. Андай адат өзүнөн-өзү жоюлуп кеткен учурлар чанда гана болот. Аны менен күрөшүү же андан айыгуу бир кыйла оор иштерден. Адатта, эркектер андай нерсеге кыныгып алганын моюнга алгысы келбейт, андыктан ага олуттуу маани беришпейт. Бул дээрлик дайыма жубайлардын ортосундагы чыр-чатакка, кээде ажырашууга жана башка жакындары менен болгон мамилелердин бузулушуна алып келет»,— дейт ал.

Жаштарга тийгизген зыяны

Эсептөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, порнографиянын негизги окурман-көрармандары — 12—17 жаштагы балдар. Көптөр үчүн ал — жыныстык жактан «билим» алуунун негизги булагы. Мындай жагдай чочулатпай койбойт. «Порнографияда өспүрүм куракта бойго бүтүп калышы же жыныстык жол менен таралуучу СПИД өңдүү оорулар жугушу мүмкүн экенинин чети да чыгарылбайт. Ошондуктан порнографияда чагылдырылган жүрүм-турумдардын эч кандай зыяны болбойт деген сыяктуу бурмаланган түшүнүк калыптанат»,— деп белгиленет бир басылмада.

Айрым окумуштуулардын ырастоосунда, порнография балдардын аң-сезиминин туура калыптанышына тоскоолдук кылат. «Мээнин порнографиялык сүрөт-элестерге, добуштарга жооп кайтаруусу боюнча жүргүзүлгөн неврологиялык изилдөөлөрдөн көрүнгөндөй, порнография мээнин аң-сезимдүү иш-аракеттерин бузган биологиялык өзгөрүүлөрдү чакырат. Бул баланын „жаш“ мээси үчүн зыяндуу, себеби анын чыныгы жашоону кабыл алуу сезимин бузуп, акыл-эстик жана денелик саламаттыгына кесепетин тийгизип, жыргалчылыгына жана бактысына кедерги болушу мүмкүн»,— деп жыйынтык чыгарат Маалымат каражаттарын изилдөө ассоциациясынын төрайымы Жудит Рейсман.

Мамилелерге тийгизген кесепети

Порнография өзүнчө көзкараш калыптайт жана жүрүм-турумга таасир тийгизет. Ал, негизинен, чыныгы жашоого төп келбеген, жалган кыялдар менен сугарылгандыктан адамды өзүнө тартат. («Кайсынысына кошуласың?» аттуу кутучаны карагыла). «Порнографияны жакшы көргөндөр чыныгы жашоодо канааттандырууга мүмкүн болбогон кыял-үмүттөрдү өрчүтө баштайт, бул алардын айланадагылар менен болгон мамилелеринин бузулушуна алып келет»,— деп белгиленет бир билдирүүдө.

Порнографиянын таасиринен никедеги ишенич менен акниеттүүлүккө доо кетет, ал эми аларсыз нике бекем боло албайт. Адатта, адам аны жашырынып көргөндүктөн, калп айтууга да барат. Ошондой эле жарынын көңүлү эмне себептен муздай баштаганын түшүнбөгөн аялы же күйөөсү да тынчсызданып кыйналат.

Рухийликке тийгизген зыяны

Порнография рухийликке олуттуу зыян келтирет. Ал адамга Кудай менен өз ара мамиле өрчүтүүгө тоскоолдук кылат *. Ыйык Китепте дене кумарлары ачкөздүк жана жалган кудайларга сыйынуу менен бир катарга коюлган (Колостуктарга 3:5). Эгерде адам бир нерсеге кызыгып, ага баш-оту менен кирип кетсе, ал үчүн башка нерселердин баары көп маанилүү болбой калат. Порнографияга кынык алып алгандар өзүлөрүнүн жыныстык каалоолорун Кудай менен болгон мамилесинен жогору коюп, ошону кудай тутуп алышат дешке болот. Ал эми Жахаба: «Менден башка кудайларың болбосун»,— деген буйрук берген (Чыгуу 20:3).

Порнография ынак мамилелерди бузат. Үй-бүлөлүү элчи Петир Ыйсаны жолдогон күйөөлөрдү аялдарына урмат менен мамиле кылууга чакырган. Антпегендер Кудайга тиленүүсүндө кыйынчылыктар пайда болгонун байкашат (1 Петир 3:7). Аялдардын адепсиз элес-сүрөттөрүн жашыруун көрүп жүргөн адам өз жарын урматтаган болобу? Анысын билип калса, аялы өзүн кандай сезет? «Ар бир ишти соттогон» жана адамдардын ичиндегисин таразалаган Кудай эмне деп ойлойт? (Насаатчы 12:14; Накыл сөздөр 16:2). Порнография көрүп жүргөн адамда тиленүүсүн Кудай угарына толук ишенүүгө негиз барбы?

Порнографияга кызыгуунун түпкүрүндө кандай жол менен болбосун өз кызыкчылыгын канааттандырууну каалоо жатат, демек, андай кылык-жоруктун сүйүү менен эч байланышы жок. Эгерде Кудайга ишенген адам порнография көрүүнү жакшы көрсө, анын Кудай алдында такыбаалыгын жана адеп-ахлактык тазалыгын сактоого кылган аракети жокко эсе болот. «Кудайдын каалоосу... ойноштук кылуудан алыс болгула: ар ким өз денесин ыйык жана таза сактай билсин... дене кумарына батпасын; чектен чыгып, өз тууганын пайдаланып, бир нерседе өз кызыкчылыгын көздөбөсүн»,— деп жазган элчи Пабыл (1 Тесалоникалыктарга 4:3—7).

Порнографияны чыгарууга көбүнчө аялдар менен балдар колдонулат. Порнография алардын баркын түшүрүп, басынтат жана укугун тебелейт. Ал эми аны көргөндөр ошол ишке кошо катышып, аны жакташкан болушат. Изилдөөчүлөр Стивен Хилл менен Найна Силвердин айтуусунда, «эркек өзүн кандай адептүү эсептебесин... порнографиянын таралышына унчукпастан макул болсо... „түзүк“ дегенде [кошкөңүл калат]. Бирок ал өзүнүн кам көрөм деген аялын жек көрө башташы да мүмкүн. Мына, ошол жаман».

Ыпылас адаттан бошонуу

Порнография көрүү адаты менен күрөшүп жаткандар ийгиликке жете алышабы? Ооба, буга Ыйык Китеп үмүт берет. Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын айрымдары Кудай тууралуу чындыкты биле элегинде нике бузуп, ойноштук кылган, ачкөз адамдардан болушкан. «Бирок... жуулушкан»,— дейт Пабыл. Кандайча? Ал: «Кудайыбыздын Руху аркылуу... акталышкан»,— деп жооп берет (1 Корунттуктарга 6:9—11).

Кудайдын ыйык рухунун кубаттуулугун эч качан барк албай койбогула. «Кудай ишенимдүү,— дейт Ыйык Китеп,— Ал силердин көтөрө алгыс сыноо менен сыналышыңарга жол бербейт». Кудай андай ыпылас адаттан арылууга сөзсүз жардам берет (1 Корунттуктарга 10:13). Ага кандай кыйынчылык менен күрөшүп жатканыңарды ар дайым айтып, жан-дилиңерден тилене бергиле. Ошондо аракетиңер берекетсиз калбайт. «Өз түйшүктөрүңдү Теңирге тапшыр,— деп чакырат Анын Сөзү,— ошондо Ал сени колдойт» (Забур 54:23).

Албетте, тиленүүңө жараша иш-аракет кылуу да талап. Терең ойлонуп чыгып, порнографияны чечкиндүүлүк менен четке кагышың керек. Ишенимдүү досуң же үйүңдөгүлөрдөн кимдир бирөө чечимиңе бекем карманышың үчүн баалуу жардам көрсөтө алат. («Жардам алуу» аттуу кутучаны карагыла). Күрөшүм менен Кудайды кубантып жатам деген ой да чоң күч-кайрат берет (Накыл сөздөр 27:11). Ошондой эле порнография көрүү менен Кудайды кайгыртарыңды билүү сага андай азгырыкка алдырбоого жардам болот (Башталыш 6:5, 6). Албетте, бул оңой күрөш болбошу ыктымал, бирок жеңиш сен тарапта болоруна шектенбе. Себеби ал адатты жеңүү толук мүмкүн!

Ооба, порнография, чынында эле, зыяндуу. Ал — адамды бузуучу ыпылас нерсе. Ал аны чыгарып жаткандарды да, аны көрүп жаткандарды да бузат, эркек, аял, бала дебей — баарын мазактайт. Ошон үчүн аны көрүүдөн баш тартуу керек.

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Интернеттеги порнографиянын зыяндуулугу «Ойгонгула!» журналынын 2000-жылдын 8-июнундагы санынын 3—10-беттериндеги «Интернеттеги порнография эмнеси менен зыяндуу?» (ор.) деген катар макалаларда талкууланган.

^ 14-абз. Порнографияга карата Ыйык Китепке негизделген көзкарашты билиш үчүн, «Ойгонгула!» журналынын 2002-жыл, октябрь — декабрь айларындагы санын карагыла (22—24-беттер).

[10-беттеги кутуча]

Жардам алуу

Порнография көрүү адатынан арылуудан өткөн жеңил нерсе жок деп ойлоо — жаңылыштык. Себеби ал оор күрөштү талап кылышы ыктымал. Көптөргө ошол адаттан айыгууга жардамдашкан Виктор Клайн мындай дейт: «Андайда оңолом деген убадалар „ооздун жели“ гана болуп калат, жакшы ниет да „жарым ырыс“ боло албайт. [Порнография „баңгисине“ айланган адам] ал адаты менен жалгыз күрөшсө, ийгиликке жетпейт». Себеби, Клайндын оюнча, дарылануунун канчалык натыйжалуу болору өмүрлүк жарынан (албетте, эгер бар болсо) да көзкаранды. «Аялы-күйөөсү экөө тең катышса, дарылануу натыйжалуураак жүрөт,— деп эсептейт ал.— Себеби экөөнүн тең жараты бар. Экөө тең жардамга мутаж».

Никелик жары жокторго жакын досу же туугандарынын бири колдоо көрсөтө алат. Клайндын оюнча, ал адат кайра кайталанса, андан арылууга жардамдашып аткан адамдан жашырбоо өтө маанилүү. «Жашыруу зыяндуу,— дейт Клайн.— Ал уялууга жана өзүн күнөөлүү сезүүгө алып келет».

[7-беттеги сүрөт]

Кайсынысына кошуласың?

Порнография калыптаган көзкараш

▪ Ким менен, кайсы убакта, кандай шартта, кандай түрдө болбосун, жыныстык жактан байланыша берүүгө болот, анын кооптонторлук жери жок.

Ыйык Китепке негизделген көзкараш

▪ «Никеңер адал болсун, нике төшөгүңөр булганбасын. Бузулгандар менен нике бузгандарды болсо Кудай соттойт» (Эврейлерге 13:4).

«Ойноштук кылган адам өз денесине каршы күнөө кылат» (1 Корунттуктарга 6:18; Римдиктерге 1:26, 27ни да кара).

Порнография калыптаган көзкараш

Нике жыныстык катнаштан ыракат алууга жолтоо болот.

▪ «Жаш кезде алган... аялыңа кубан... анын махабаты менен дайыма ыракаттан» (Накыл сөздөр 5:18, 19; Башталыш 1:28; 2:24; 1 Корунттуктарга 7:3тү да кара).

Порнография калыптаган көзкараш

▪ Аял бир эле максат үчүн — эркектин жыныстык каалоосун кандыруу үчүн — керек.

Ыйык Китепке негизделген көзкараш

▪ «Кудай-Теңир мындай деди... Ага [адамга] ылайык жардамчыны жараталы» (Башталыш 2:18; Эфестиктерге 5:28ди да кара).

Порнография калыптаган көзкараш

▪ Эркек менен аял — өзүлөрүнүн жыныстык каалоолорунун кулу.

Ыйык Китепке негизделген көзкараш

▪ «Дене кумарын: ойноштукту, ыпыластыкты, кумардануучулукту, жаман каалоолорду жана бутка табынуучулук болуп эсептелген дүнүйөкордукту жок кылгыла» (Колостуктарга 3:5).

«Ар ким өз денесин ыйык жана таза сактай билсин» (1 Тесалоникалыктарга 4:4).

«Кемпирлерге энең катары, жаш аялдарга эже-карындаштарың катары адеп-ахлактуулук менен» кара (1 Тиметейге 5:1, 2; 1 Корунттуктарга 9:27ни да кара).

Айрым окумуштуулардын ою боюнча, порнография балдардын аң-сезиминин туура калыптанышына тоскоолдук кылат.

[8-беттеги сүрөт]

Порнография жубайлардын ортосундагы ишенич менен акниеттүүлүккө доо кетирет.

[10-беттеги сүрөт]

Жан-дилден тиленүүнүн жардамы чоң.