Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Суктандырган турна бийи

Суктандырган турна бийи

Суктандырган турна бийи

ИСПАНИЯДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

ТҮШТҮК Кореядагы Пусан шаарынын тургундары кызыктуу бир элдик бий аткарышат. Үстүлөрүнө — ак кийим, баштарына бийик кара калпак кийген эркектер айланып, жүгүнүп, колдорун сермеп, талпынып, ал эмес бир буттап тура калып бийлешет.

Алардын андай кызык кыймылдарынын түшүндүрмөсү жөпжөнөкөй. Бийчилер Түштүк Кореяны жүздөгөн жылдардан бери кыштап келаткан төбөсүндө кызыл тагы бар жапон турнасын туурашат. Ошол турналардын укмуштуу бийине суктанган жергиликтүү калк аларды туурап бий чыгарышкан.

Ал жерден жүздөгөн километр ары жаткан Хоккайдо (Жапония) аралында Кусиро Сицугэн улуттук багы бар. Ага жаратылышка кызыккан, кадимки турналарды өз көзү менен көргүсү келген эл көп келет. Азыр турналарды кычыраган кышта багыш үчүн атайы ыкмалар иштетилип чыгарылгандыктан, Жапониядагы кызыл тактуу турналардын саны бир нече жүзгө жетти. Моюну, канат чалгындары кара, төбөсүндө кызыл тагы бар ал турна жөн турганда эле ушундай бир көрктүү, ал эми ак кардын үстүндө чимириле бийлегенде көрүп ал... «Нэшнл жиогрэфик» журналынын кабарчысы Женнифер Акерман болсо өз сезимин аваре деген жапон сөзү менен билдирген. Ал өзү түшүндүрүп бергендей, бул сөз «кандайдыр бир кыска мөөнөттүк нерсенин сулуулугуна сонуркоодон пайда болгон сезимдерди» туюнтат экен.

Турналарга адамдар ар убак суктанып келишкен. Бул куштар Түштүк Африка менен Антарктидадан башка бардык континенттерде кездешет. Алардын сүрөтү Австралия, Африка жана Европадагы жар-үңкүрлөрдүн боорунан табылган. Турналар узак өмүр менен бак-таалайдын символу катары каралган Ыраакы Чыгышта көптөгөн сүрөтчүлөр аларды тартканды жакшы көрүшөт. Өмүр бою бир түгөй менен жашашкандыктан турналар үй-бүлөлүк бакытты чагылдырат деп эсептелинет. Ошондуктан алардын сүрөтү үйлөнүү үлпөтүндө кийилүүчү кимонолорго көп түшүрүлөт. Жапон турналары сейрек кездешүүчү, ары кооз куш болгондуктан, корейлер аларды «табият эстелиги» деп аташат. Ал түгүл бийлеп жаткан турналардын сүрөтү 1 000 иенге (жапон акчасы) да түшүрүлгөн. Кытайда болсо 2 500 жыл мурун «ак турна бийи» чыккан. Балким, адамдар бийге абдан жакын болгондуктан улам турналарга өзгөчө кызыгып келишет көрүнөт.

Турналар бийи

Турналардын 15 түрү тең «бийчи». Ал эмес жарык дүйнөгө келгенине эки күн боло элек ак күп балапандары да бийлемиш болушат. «Дүйнө жүзүндөгү канаттуу-куштар» аттуу маалымдамада мындай деп белгиленет: «Канаттуулардын башка деле түрлөрү бийлейт. Бирок алардын бири да бул куштарчалык чебердикке... жана көркөмдүккө жете албайт» («Handbook of the Birds of the World»). Турналардын бийи татаал да, абдан кызык да: алардын салмактуу денеси, келишимдүү басыгы, канаттарын кере таштап, талпына секириши тим эле сонуркатат. Жогоруда айтылган маалымдамада белгиленгендей, алардын бийи, адатта, «жай, ийкемдүү жүгүнүү, жеңил секирүү, майда арыштоо жана учуп-конуулардын татаал айкалыштарынан турат». Кудум эле адамдардай болуп, бир нече түгөйү бий баштады дегиче, баары түп көтөрө кошулуп калышат. Турналарга байкоо жүргүзүүчү адистер бир жолу Африкадан таажылуу боз турнанын 60 түгөйү бийлеп атканын көрүшкөн.

Турналар эмне үчүн бийлешет? Айталы, дене-баштарын жазып алуу, пикир алышуу, болочок түгөйүнө жагынуу, коркунуч тууралуу билдирүү же жөн гана кубанычын билдирүү үчүнбү? Бу аталган себептердин бири же баары аларды бийлөөгө түртүшү ыктымал. Алар түгөй менен бийлегенди жакшы көрүшөт; бий алар үчүн жупташуу маалында да маанилүү орунду ээлейт. Бирок чалгыны жетиле элек балапандары да «бийге түшө» беришет, айтмакчы, кайра ошолор «чоң» бийчи келишет. «Кандай себептерден улам бийлешпесин, аларды карап турган адамдын көз кычуусу канбайт»,— деп тыянак чыгарылат өйдөдө айтылган маалымдамада.

Турналардын учушу

Адатта, турналардын добушун өзүлөрү көзгө илине электе эле угасың: алардын жай каркылдашы бир нече километр алыстан эле угулуп, учуп келатышканын кабарлап турат. Антип үн салуу аларга узак жер которуу сапарында тобу менен карманууга жардам берет көрүнөт. Турналардын көпчүлүк түрү күзгүсүн түндүктөгү уялаган жерлерин калтырып, учуп кетишет: Канада, Скандинавия же Сибир сыяктуу жерлерден Кытай, Индия, Кошмо Штаттар (Техас) же Жер ортолук деңизинин аймактарына окшогон жылуу жактарга учуп барыш үчүн алар узак жол жүрүшөт. Андай саякат ары кооптуу, ары азаптуу. Бир жолу Гималай тоосунун үстүнөн деңиз деңгээлинен 10 000 метр бийиктикте Индияны көздөй сапар тартып бараткан боз турналардын тобу байкалган. Алар көпкө каалгып учууга мүмкүндүк берген жылуу абанын агымы менен ача кырка тизилип учуп баратышкан. Ал эми чалкар суу мейкиндиктеринин үстүнөн учуп өтүш үчүн, алар канаттарынын каруусуна гана таянууга аргасыз болушат *.

Испан орнитологу Хуан-Карлос Алонсо Испанияда кыштаган 70 000 боз турнанын жер которуш каттамына 20га чамалаш жылдан бери байкоо жүргүзөт. «Канаттуулардын кай жакка, кайсы багыт менен жер которушарын изилдөө үчүн, кээсин шакектеп, кээсине чакан радиокабылдагыч кадайбыз,— деп түшүндүрөт ал.— Анан Түндүк Германиядан ак күп кезинде өз колум менен шакектеген турнамды Испаниядан, алардын кыштаган жеринен, жолуктурганымда ой бир сүйүнөм. Турналардын жер которуу каттамы жүздөгөн жылдардан бери өзгөрүлгөн эмес. Финляндиядан шакектелген турна тээ түштүктөгү Эфиопияда кыштап жүргөн жеринен кезиккен. Ал эми Сибирден учуп кеткен турна Мексикадан жолуккан».

Адамдардын жардамы менен тиричилик үчүн күрөшүү

Учурда турналардын 15 түрүнүн 9у тукум курут болуу коркунучу алдында турат. Баарынан да Түндүк Американы мекендеген турналардын жагдайы татаал: 1938-жылы дүйнө жүзүндө алардын 14кө жакыны гана калган эле. Кыштаган жерлери менен жумуртка баскан жерлерин катуу кайтаруунун натыйжасында акырындык менен саны 300дөн ашты. Азыр алар бакма жол менен көбөйтүлүп, корук аймагына коё берилүүдө. Жакында эле орнитологдор жеңил самолёттун жардамы менен балапан турналардын тобуна жол көрсөтүп, жер которууга үйрөтө алышты. Орусиянын окумуштуулары да тукум курут болуу коркунучу алдында турган ак турналарды сактап калуу үчүн ушул өңдүү чараларды көрүп жатышат.

Жапонияда турналарга байланыштуу кызык бир окуя болгон. Хоккайдо аралындагы кызыл төбө турналардын кичине тобу кышкысын учуп кетпей, ошол жакка калып калышкан, кыязы, ысык булактардын жанындагы көлмөлөрдө кышында да азык жетиштүү болуп тургандыктан окшойт. Бирок 1952-жылы кыш өтө суук болуп, ал көлмөлөр да тоңуп калат. 30 турнадан турган чакан топ кырыла турган болгондо, жакын жердеги мектептин балдары муз үстүнө жем чачып жүрүп аларды сактап калышкан. Ошондон тартып турналарга дайым кошумча жем берип, багып турушат. Алиги чакан топ көбөйүп олтуруп, орто эсеп менен, 900гө жетти. Бул сан дүйнөдөгү кызыл төбө жапон турналарынын жалпы санынын дээрлик үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

Белгисиз келечек

Саздарды кургатуу жана дың жерлерди өздөштүрүү, көптөгөн куштардын тиричилигине кесепетин тийгизгендей эле, турналардын да санынын азайышына алып келет. Турналар тиричилик үчүн күрөшүп, адамдарга жакын жашоого үйрөнүүгө аргасыз болууда. Дегинкиси алар эл отурукташкан жерлерден бир нече километр алыс жактарга уя салышат. Анткен менен көп чочутпаса, алар адамдардын жанында деле жашоого көнүп кетишет. Индиядагы турналар, учууга жөндөмдүү канаттуулардын эң ириси, айыл көлмөлөрүнүн жанында жашоого байыр алган. Турналардын кээ түрлөрү жер которуп баратканда же кайсы бир жерге кыштоого калганда айыл-чарба талааларынан азыктана беришет.

Ар өлкөнүн табиятты коргоочуларынын биргелешкен аракети ушул кереметтүү куштарды сактап калууга өбөлгө болоруна үмүт берет. Болбосо, болочок муундар турналардын көркөм бийин көрбөй, күзгү асманда жылуу өлкөлөргө учуп кетип бараткандагы «карк-карк» салган үндөрүн укпай калышса, кандай гана кейиштүү болор эле.

[Шилтемелер]

^ 11-абз. Жаз, күз мезгилдеринде миңдеген боз турналар Израилдин үстүнөн учуп өтүшөт, атүгүл айрымдары ал жакка кыштап калышат. Жол болуп калса, кечкурун Иордан өрөөнүнүн төрүнөн, кар баскан Ермон тоосу тараптан топ-топ болуп учуп бараткан турналарды көрүүгө болот. Атаганат, ошондогу бир көргөнүң өмүр бою эстен чыкпас.

[15-беттеги сүрөт]

Кызыл төбө турналар, Азия.

[16-беттеги сүрөт]

Корей эмерегиндеги сүрөт.

Ала турналар.

[17-беттеги сүрөт]

Европа турналарынын учуп баратышы.

Таажылуу турналар.