Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ыйык Китеп жылы»

«Ыйык Китеп жылы»

«Ыйык Китеп жылы»

Австрия, Германия, Франция жана Швейцария 2003-жылды «Ыйык Китеп жылы» деп жарыялашкан. «Бул жолу да биринчи жолкусундай, 1992-жылдагыдай, [чиркөөлөр] элдин көңүлүн „өмүр китебине“ буруп, Ыйык Жазманын маданий баалуулугун баса көрсөтүүнү максат коюшту»,— деп маалымдалат немис тилинде чыгуучу «Франкфуртер альгемайне» гезитинде.

«Бибелрепорт» басылмасынын 2002-жылдын июндагы санына чыккан билдирүү боюнча, Ыйык Китеп 2 287 тилге (кээ бир тилдерге, эң жок дегенде, айрым бөлүктөрү) которулган. Айрым эсептерге караганда, дүйнө жүзү боюнча беш миллиардга жакын Ыйык Китеп таратылган. Мындай эбегейсиз жетишкендиктер адамдардын ал китепти кандай баалаарын айкындайт.

Азыркы кезде коомдо Ыйык Китептин жашоо үчүн колдонмо боло аларына басымдуу көпчүлүк күмөн санайттыр. Көптөр Ыйык Китептин жол-жоболорун «эскинин калдыгы», чыныгы жашоодон алыс деп эсептешет. Анткен менен Германиянын чиркөөлөрү «Ыйык Китеп жылынын» жардамы менен эки максатка жетүүгө үмүттөнүшөт. Биринчиси — адамдарга Ыйык Китептин эрежелерине көбүрөөк карманып жашоого түрткү берүү, экинчиси — чиркөөдөн алыстап кеткендердин Ыйык Жазмага болгон кызыгуусун жандандыруу.

Ыйык Китепти баштан-аяк окуп чыгуу — чоң иш, бирок ал — Ыйык Китептеги негизги чындыктарды түшүнүүнүн эң жакшы жолу. Жазмадан көбүрөөк пайда алгысы келгендер 2 Тиметейге 3:16, 17-аяттарда айтылгандарды эстен чыгарбашы абзел: «Ыйык Жазуунун бардыгы Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылган жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу. Ал аркылуу Кудайдын адамы жеткилең жана бардык жакшы ишке даяр болот».

Немис жазуучусу Иоганн Фольфган фон Гёте (1749—1832) мындай деген: «Мен Ыйык Китепти канчалык терең түшүнгөн сайын, анын ошончолук кызыктуу болоруна шектенбейм». Ооба, биз өзүбүздүн кандайча пайда болгонубузга, кандай максат үчүн жашап жатканыбызга жана келечегибиз кандай болоруна байланыштуу суроолорго Кудайдын Сөзүнөн гана айкын жооп ала алабыз (Ышайа 46:9, 10).