Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн порнография мынчалык кулач жайган?

Эмне үчүн порнография мынчалык кулач жайган?

Эмне үчүн порнография мынчалык кулач жайган?

ЖЫНЫСТЫК каалоолорду ойготуу максатында жыныстык мамилелердин ачык сүрөттөө же көрсөтүү эчактан бери бар. Болгону, мурун порнографиялык материалдарды чыгаруу оңой болбогондуктан, ага көбүнесе байлар менен колунда бийлиги барлар гана жете алышчу. Бирок басмасөздүн, фотографиянын жана кинематографиянын пайда болушу менен жагдай толук өзгөрдү. Азыр порнографиялык продукцияга коомдун жарды катмары да оңой жете алат.

Порнографиянын таралышы видеомагнитафондун пайда болушу менен да тездеди. Эски кинотасма менен сүрөттөргө салыштырмалуу видеокассеталар жакшы сакталат, оңой көрсөтүлөт жана тез көбөйтүлөт. Анын үстүнө, алар үйдөн көрүүгө ыңгайлаштырылган. Акыркы жылдарда порнографияга оңой жетүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн кабелдик телекөрсөтүүгө жана Интернетке туташкан адамдардын саны көбөйдү. Маалымат каражаттары тармагындагы адис Деннис Мак-Альпендин ырастоосунда, порнографиялык фильмдерди сатып алганын тааныштары көрүп калат деп корккондор учурда «аны үйүнөн чыкпай туруп деле кабелдик телекөрсөтүүдөн же жөнөкөй сыналгыдан таап алышат». Андай телекөрсөтүүлөрдүн оңой табылышы көптөрдүн «порнографияга анчейин тынчсыздануу менен карабай калышына» алып келгенин белгилейт Мак-Альпен.

Порнографиянын кеңири таралышы

Порнографияны бүгүнкү күндө көптөр өөн көрбөй калгандыктан, ага карата эки анжы болгондор аз эмес. «Порнографиянын азыркы маданиятка тийгизип аткан таасири опера, балет, драматургия, музыка жана сүрөт искусствосу — бардыгы биригип тийгизген таасирден алда канча күчтүү»,— деп жазат Жермейн Грир. Азыркы коомдун ага болгон мамилесин «жылдыздардын» көбү колдоого алган кийим-кечектин «сойкулар стили», барган сайын ачык сексуалдык мүнөздөгү музыкалык клиптер, «порноэстетикага» негизделген жарнамалар көрсөтөт. «Коом оозуна эмнени кармасаң, ошону ылгоосуз жутуп жиберүүгө даяр... Барган сайын анын баары [порнография] жаманы жок нерсе катары кабыл алынып келатат»,— деп тыянактайт Мак-Альпен. Натыйжада, Андреа Дворкин өкүт менен белгилегендей, адеп-ахлаксыздык «элдин үрөйүн учурбай деле калды»: «алар аны кадимки нерседей кабыл алышууда».

Порнографиянын чыныгы «жүзү»

Ошол сыяктуу ойду ФБРдин мурдагы кызматкери Роджер Янг да айтат. Анын оюнча, көптөр порнографиянын «канчалык ыпылас, зыяндуу нерсе экенин түшүнө беришпейт». Айрымдарды терс таасир тийгизбейт деп ырастаган порнографиянын жактоочулары адаштырышат. «Порнография, болгону, кыял гана,— деп жазган Ф. М. Кристенсен.— Ага каршы чыккандар ошону эсепке албай калышат». Порнографиянын адамдардын акылына таасир этер күчү жок экен, анда жарнамалар кандай максат менен чыгарылат? Ошондой эле жарнамалардын түрткү берер күчү болбосо, анда эмне үчүн бирикме-компаниялар алардын ар кандай түрүн чыгарыш үчүн миллиондогон долларларын сарптайт?

Чебердик менен чыгарылган жарнамадай эле, порнографияда, биринчи кезекте, болуп көрбөгөндөй ашынган кумар ойготуу максаты көздөлөт. «Порнография кирешелүү бизнес гана,— деп жазышат изилдөөчүлөр Стивен Хилл жана Найна Сильвер.— Анда бардыгы, биринчи кезекте, аялдын денеси жана жыныстык катнашуу сатууга алып чыгарылат». Грир порнографияны азыктык баалуулугу аз, ар кандай татымалдар менен жасалма кошундулардан даярдалган тез татым азыгы менен салыштырат. «Маалымат каражаттары тарабынан сунуш кылынган „тез татым“ секс жасалма гана,— дейт ал.— Азык-түлүк жарнамалары — жасалма кошундулары көп тез татым азыктарын, ал эми жарнама секс „жасалма кошундулуу“ сексти сунуш кылат».

Айрым врачтардын ою боюнча, адам порнографияга кыныгып алса, аны жоюу баңгизатка болгон кыныгууну жоюудан да кыйын. Баңгиликти дарылоо, адатта, детоксификациядан (организмден зыяндуу заттарды чыгаруудан) башталат. Ал эми порнографияга кыныгып алуу, Пенсильвания университетинин кызматкери Мэри Энн Лейден түшүндүргөндөй, «адамдын аң-сезиминде ташка тамга баскандай сакталып, мээсинде жүргөн биохимиялык процесстерге таасир тийгизген элестерди калыптайт». Мына ошондуктан алиги элестер, көптөгөн жылдар өтсө да, адамдын көз алдына келе бериши мүмкүн. «Бул — организмден чыгарылбас эң күчтүү баңгизат»,— деп жыйынтыктайт Лейден. Анда порнографиянын таасиринен бошонуу мүмкүн эмеспи? Ал эмнеси менен зыяндуу?

[5-беттеги кутуча]

Интернеттеги порнография

▪ Порнографиялык сайттардын жалпы санынын орто эсеп менен 75 пайызы — Кошмо Штаттардан, 15 пайызы Европадан чыгарылат.

▪ Айрым эсептер боюнча, порнографиялык Web-сайттарга жумасына 70 миллионго жакын адам кирет. Алардын 20 миллиону — Канада менен Кошмо Штаттардын тургундары.

▪ Жакында эле бир ай ичинде жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, Интернеттеги порнографиялык сайттарга киргендердин саны боюнча Европа өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда — Германия, андан соң Улуу Британия, Франция, Италия жана Испания турат.

▪ Германияда Интернеттеги порнографиялык сайттарды көрүп жүргөндөр ага айына орто эсеп менен 70 мүнөт коротушат.

▪ Европада Интернеттеги порнографияга кызыккандардын «өспүрүм курагынан чыккандарга гана» арналган Web-сайттарды көрүүгө эң көп убакыт короткондору — жашы 50дөн ашкан адамдар.

▪ Бир басылмада белгиленгендей, порнографиялык сайттарга кайрылгандардын 70 пайызы күндүз кайрылышат.

▪ Айрым эсептер боюнча, 100 000ге жакын Web-сайт балдар порнографиясын камтыйт.

▪ Интернеттеги балдар порнографиясынын болжол менен 80 пайызы Жапониядан чыгат.

[4-беттеги сүрөт]

Бүгүнкү күндө порнографияга жетүү оңой.