Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Айыл чарбачылыктын көкөй кести көйгөйлөрү

Айыл чарбачылыктын көкөй кести көйгөйлөрү

Айыл чарбачылыктын көкөй кести көйгөйлөрү

РИЧАРД, канадалык дыйкан, ата-бабалары 100гө чамалаш жылдан бери ээлик кылып келген жерди иштетет. Бирок 2001-жылы ал төрт муундан берки бабаларынын бири да кабылып көрбөгөн жагдайга туш болгон: кургакчылыктын кесепетинен анын мээнети бүтүндөй күйүп кеткен. Акыркы жылдардагы айыл чарба продукциясынын баасынын төмөндөшү, чыгымдардын көбөйүшү бул тармактын ансыз деле мүшкүлдүү ишин ого бетер кыйындатты. Ричард: «Иш начарлагандан начарлап эле баратат, эч оңолчудай көрүнбөйт»,— деп өкүтүн билдирет.

Кошмо Штаттардын жүгөрү эгилүүчү аймагында Ларринин 115 жылдан бери ата-тегинен өтүп келаткан жери бар эле. «Талаачылык ишинин токтобой, киреше берип турушуна өзүмдү жоопкер сезчүмүн... а бирок, акыры, багынып бергенден башка аргам калган жок»,— дейт ал. Ларри менен аялына талаасы менен кош айтышууга туура келген.

Ларри менен Ричарддыкындай жагдайга туш келгендер аз эмес. Шарп ылаңынын жайылышы Улуу Британиядагы малчыларга материалдык жактан олуттуу зыян келтирип, катуу кайгы жедирген. «Британияда чарбачылык кылгандардын жашоосу ылаң тийбеген күндө да оңой эмес,— деп айтылат бир билдирүүдө,— малчы-дыйкандар элден окчун жашашат, ар кыл түйшүк тартышат, насыя берүүчүлөр менен кер-мур дешет...». Өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн кээлеринде малчылар менен дыйкандар согуштан, кургакчылыктан, калктын өтө тез көбөйүшүнөн жана башка көптөгөн себептерден улам жапа тартышат. Өкмөткө азык-түлүктү башка өлкөлөрдөн сатып алууга туура келсе, көптөр тамак-ашка акчасын жеткире албай кыйналышат.

Дыйкандар менен малчылардын көйгөйлөрүнүн арты акыры жалпы калайыкка тиет. А бирок айыл чарбадагы мындай оор жагдайга шаар тургундарынын тынчсыздангандары аз. Мындан дээрлик 50 жыл мурун АКШнын президенти Дуайт Дейвид Эйзенхауэр: «Калемсапты соко кылып, жүгөрү аянтынан миңдеген чакырым алыс жакта олтурсаң, дыйканчылык оңой-олтоң иш сезиле берет»,— деп туура белгилеген. Учурда жер иштетип, мал баккандар коомдун басымдуу бөлүгү айыл чарбачылыктан алыстап кеткенин жана айыл чарбанын маанисин жетиштүү түшүнө бербесин айтышат. «Биз азык-түлүктөрдүн кайдан келерин көп ойлобойбуз. Жылтырак баштыкка оролуп, дүкөндөргө түшкөнгө чейин алар канчалаган адамдардын колунан өтөт»,— дейт канадалык бир дыйкан.

Айыл чарбадан ар бирибиз көзкаранды болгондуктан, андагы эмгекчилердин оор абалына көңүлкош кароо натуура болор эле. Социологдор Дон Диллман менен Дарил Хоббз мындай деп эскертишет: «Бардыгы өз ара тыгыз байланышкан азыркы коомубузда элет көйгөйлөрүнүн кесепети шаарга бат эле жетет. Тескерисинче да болот. Шаар менен элеттин биринин абалы начарласа, экинчиси көпкө гүлдөй албайт». Анын үстүнө, бир чоң айылга окшогон азыркы дүйнөдө бир өлкөдөгү экономикалык төмөндөө башка өлкөлөрдөгү айыл чарба продукциясынын баасына, ага болгон сурамга олуттуу таасир этиши ыктымал.

Нью-Йорк медицина жана денсоолук боюнча айыл чарба борбору чарбачылыкты «Кошмо Штаттардагы эң оор 10 кесиптин бири» катары аныктаган. Айыл чарба көйгөйлөрүнүн айрым себептери кайсылар? Дыйкандар менен малчылар андай жагдайлар менен кантип күрөшө алышат? Айыл чарба көйгөйлөрүнүн жоюларына үмүттөнүүгө болобу?

[4-беттеги кыстырма]

«Калемсапты соко кылып, жүгөрү аянтынан миңдеген чакырым алыс жакта олтурсаң, дыйканчылык оңой-олтоң иш сезиле берет».