Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Айыл чарба көйгөйлөрү жоюлат

Айыл чарба көйгөйлөрү жоюлат

Айыл чарба көйгөйлөрү жоюлат

«ДЫЙКАНДАРДЫН абалын көрүп жүргөндөр жер иштеткиси келгендердин али да бар экенине таң калышаттыр»,— дейт чоң атасы менен атасынын жолун жолдоп дыйканчылык кылып келаткан Родни. Анткен менен талаа ишине иришкендер миллиондоп саналат. Өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн айрымдарында жумуш табуу кыйын. Ал эми жер иштетүү үй-бүлөгө, жок дегенде, күнүмдүк нан таап турууга жардам берет.

Андан тышкары, көптөгөн үй-бүлөлөр чарбачылыкты кара жумуш гана эмес, жашоосу катары көрүшөт. Кургакчылыкка, ар кыл ылаңга, экономикалык жана башка кыйынчылыктарга карабастан, дыйканчылык ишин улантып, өзүлөрүнүн чыйрактыгын жана жер иштетүүнү жакшы көрүшөрүн далилдешкендер аз эмес. Айыл чарба көйгөйлөрү кандайча чечилерин талкуулаар алдында, келгиле, айрым дыйкандар менен малчылардын кыйынчылыктар менен кандайча күрөшүп келатышканын карап көрөлү.

Кыйынчылыктар менен күрөшүү жолу

Талаа иштеткен адам кээде качып кутулгус кыйынчылыктарга дуушар болот. Аба ырайын, экономиканы жана башка көптөгөн шарт-жагдайларды башкаруу мүмкүн эмес экенин моюнга алуу керек. «Жан үрөп иштөөнүн акыбети дайым эле кайта бербесин түшүнүү дыйканчылык кылгандардын көбү үчүн оңой эмес»,— деп белгиленет Түштүк Каролинадагы бир кызматтын отчётунда (North Carolina Cooperative Extension Service). «Ар бир дыйканга таандык күжүрмөндүк ар дайым эле майнап бере бербейт. Башкарууга мүмкүн болбогон жагдайлар менен шарттардын болорун билбеген дыйкан жоктур». Бир улгайып калган дыйкан кайгыга кантип жеңдирбей келгенин айтып мындай дейт: «Мен айрым жагдайлардан качып кутула албасыбызды аңдоодон башка арга жоктугун түшүндүм».

Байыркы бир накыл сөздө: «Шамалды караган адам эгин экпейт, булутту караган адам түшүм жыйнабайт»,— деп айтылат (Насаатчы 11:4). Ыргылжың же чечкинсиз болуу адамдын колун байлайт. Терс ойлорго алдыруунун ордуна, оң иш-аракеттерди жасоо менен адам стресске кабылуудан сактанат.

Туура тамактануу, жетиштүү эс алуу жана тийиштүү дене тарбия көнүгүүлөрүн аткаруу да жакшы натыйжа берет. Бир булакта денсоолугуна кам көргөн дыйкандардын «кабыл алган чечимдери туурараак болору» белгиленген («Western Producer»). Южин аттуу дыйкан аялы Кандес экөө «Ойгонгула!» журналына берген дилмаегинде мындай дешет: «Тийиштүү эс алуу бизге стресс менен күрөшүүгө жардам берет. Эс алып алсаң, кыйынчылыктар азая түшкөндөй жана чечүүгө жеңилирээк болуп калгандай сезилет. Туура тамактануу да, өзгөчө, үй-бүлө менен бирге олтуруп тамак ичүү маанилүү». Бул кеңеш Ыйык Китептеги: «Эгерде адам ичип-жеп, ар бир ишинин үзүрүн көрүп жатса, анда бул — Кудайдын белеги»,— деп айтылгандар менен дал келет (Насаатчы 3:13).

Үй-бүлөнүн жардамы

«Көптөгөн үй-бүлөлөргө жер иштетүүдөн тышкары дагы башка жумушка орношууга туура келет,— дейт бир дыйкан „Ойгонгула!“ журналына берген интервьюсунда.— А бирок бул тыйын-тыпырга байланыштуу кыйынчылыктардан арылтканы менен, үй-бүлөдө келишпестиктерди пайда кылышы ыктымал. Бир кездердеги ынтымактуу элет үй-бүлөлөрүнүн көбү ушул тапта жок». Үй-бүлөлөр кайдан жардам таба алышат?

Мындан 2 700 жыл мурун үй-бүлө башчыларына: «Адегенде үйүңдөн сырткары иштерди жаса, талаадагы иштериңди бүтүр, анан өз үйүңдү кур»,— деген кеңеш берилген (Накыл сөздөр 24:27). Ата-теги төрт муундан бери дыйканчылык кылып келаткан Ранди — үй-бүлөлүү ата — мындай дейт: «Үйүңдөгүлөрдү баалаарыңды көрсөтүүгө убакыт бөлүүнүн мааниси чоң. Ар бири жөлөк-таякка, сүйүүгө муктаж. Жылуу сөзүбүз, жасаган ишибиз менен ар бирине анын керектигин, аны баалаарыбызды көрсөтөбүз».

Үй-бүлөнүн жашоосунда олуттуу өзгөрүүлөр болгондо, өзгөчө, балдар жардамга муктаж болушат. Себеби алар ата-энеси ажырашып кетсе же каза болсо, өзүлөрүн кандай сезе турган болушса, ата-энесине жерин сатууга туура келгенде өзүлөрүн дал ошондой сезиши мүмкүн. Андыктан балдарга андай жагдайга алар күнөөлүү эмес экенин жана үй-бүлө мурункудай эле чогуу жашаарын түшүндүрүү зарыл.

Айланадагылардын жардамы

Башына кыйынчылык түшкөн дыйкандар же малчылар чүнчүп, досторунан да качып калышы мүмкүн (Накыл сөздөр 18:1, «ЖД»). Бирок дал ошондой оор маалда адамга башкалардын жардамы керек!

Айыл чарба көйгөйлөрүнөн жапа чеккен досуңар же кошуна-колоңдоруңар барбы? Анда жөн гана абалына кошкөңүл карабасыңарды көрсөтүү менен да аларга кадимкидей жардам бере аласыңар. «Жоро-жолдошторубуздун кыйналып жатканыбызды түшүнүшү эле бизди канча жубатат»,— дейт Рон аттуу дыйкан. Ошон үчүн демилгени колго алып, ошондой тааныштарыңар бар болсо, алар менен жолугушкула, жүрөк өйүгөн түпөйүл ойлорун айтып беришсе, уккула.

Жекке да ошондой маалда досторунун кабар алып турганы кадимкидей жардам берген. «Мен досторумдун көңүлкош калбастан, келип-кетип, кайраттандырып турушканын эстегенде ушундай бир ыраазы болом»,— дейт ал. Жөлөк көрсөтүү үчүн, айыл чарба ишин «беш колдой билүүнүн» зарылдыгы деле жок. Айткандары макаланын башында келтирилген Родни: «Досторумдун жумушум канчалык оор экенин түшүнгөнү мага кубат берет, андайда мен мүмкүнчүлүккө жараша колуман келгендин баарын жасагым келип калат»,— дейт. «Дос ар дайым сүйөт, башыңа иш түшкөндө ал бир тууганыңдай болуп келет»,— деп айтылат Ыйык Китептеги накыл сөздө (Накыл сөздөр 17:17).

Айыл чарба көйгөйлөрү жоюлар маал

Айыл чарба көйгөйлөрү адамдын жерди жана анын ресурстарын туура колдоно албасын көрсөткөн далилдердин бири гана. «Теңир, мен адамдын жолу өзүнүн эркинде эмес экенин, өзүнүн бутуна багыт берүү бара жаткандын бийлигинде эмес экенин билем»,— деген Жеремия пайгамбар (Жеремия 10:23). Ооба, адамзат Кудайдын жардамына муктаж. Жакында дал ошондой жардам аларыбызга эч шектенбесек болот.

Ыйык Китепте: «Эйден багын иштетсин жана сактасын деп, Кудай-Теңир адамды ошол бакка жайгаштырды»,— деп маалымдалат (Башталыш 2:15). Демек, айыл чарба ишине эң алгач Жаратканыбыз негиз салган. Арадан жүз жылдыктар өтүп Кудай ысрайыл элин Канаан жерине алып келген. Ошол жер тууралуу Кудайдын жетеги менен жазылган билдирүүдө: «Сен ээлегени бара жаткан жер... жамгыр менен сугарылган жер. Ал жер — Кудай-Теңириң кам көргөн жер. Кудай-Теңириңдин көзү жылдын башталышынан жылдын аягына чейин ошол жерде»,— делет (Мыйзам 11:11, 12). Жахаба Кудай Убадаланган жерди натуура колдонуудан коргогон мыйзамдарды да берген. Мисалы, ысрайылдыктар талааларын, жүзүмзарларын жана зайтун бактарын ар бир жетинчи жылы эс алдырып турууга тийиш болчу (Чыгуу 23:10, 11). Анын аркасында жердин күрдүүлүгү калыбына келтирилип турган.

Келечекте Кудайдын Падышалыгынын — Ыйса Машайак башчылык кылган асман бийлигинин — башкаруусунун тушунда жер болуп көрбөгөндөй мол түшүм берери шексиз (Ышайа 35:1—7). Ошол Падышалыктын дайындалган башчысы Ыйса Машайак жерде жүргөнүндө айыл чарбага кесепетин тийгизген табигый күчтөрдү башкара аларын көрсөткөн (Марк 4:37—41). Забурдун 71-бабында Ыйса ошол бийлиги менен жерди калыбына келтирип, анын тургундарын айыктыра баштаганда кандай шарттар өкүм сүрөрү баяндалат. Ал бапта: «Жерде да, тоодо да нан мол болот. Анын жемиштери Лебанон тоосунун токоюндай шуудурайт, шаарларда эл жердеги чөптөй жайнайт»,— деп айтылат (Забур 71:16). Ошол убадаланган жаңы заманда Кудайдын эли эбегейсиз мол түшүм жыйнап, чексиз кубанычка бөлөнөт.

[9-беттеги кыстырма]

«Жан үрөп иштөөнүн акыбети дайым эле кайта бербесин түшүнүү дыйканчылык кылгандардын көбү үчүн оңой эмес».

[10-беттеги сүрөт]

Үй-бүлөнүн эмоциялык жана рухий муктаждыктарына кам көрүү кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам берет.

[10-беттеги сүрөт]

Кудайдын Падышалыгынын тушунда жер мол түшүм берет.

[9-беттеги сүрөттүн булагы]

Garo Nalbandian