Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дары чөптөр дартка даба боло алабы?

Дары чөптөр дартка даба боло алабы?

Дары чөптөр дартка даба боло алабы?

ДАРЫ чөптөрдү адамдар алмустактан бери ар кыл ооруга каршы колдонуп келишет. Б.з.ч. XVI кылым менен белгиленген, «Папирус Эберс» деп аталган байыркы египеттик медициналык трактатта ар түрлүү оору-сыркоого каршы колдонулган жүздөгөн элдик каражаттар жазылган. Бирок дары чөптөрдүн «сыры» көбүнесе муундан муунга оозеки өтүп келген.

Батыш медицинасына дары чөптөр оболу I кылымдын грек дабагери Диоскориддин «Дары каражаттары жөнүндө» деген эмгеги менен кошо кирген. Анын эмгеги кийинки он алты кылым бою фармакология боюнча алдыңкы маалымдама болуп келген. Дары чөптөрдөн даярдалган элдик каражаттар азыр да дүйнөнүн булуң-бурчунда кеңири сурамга ээ. Германияда, саламаттыкка кам көрүү боюнча бийлик программасына ылайык, ооруган адамга жазылып берилген дары чөптөрдөн жасалган каражаттардын акысы төлөнүп берилет.

Муундан-муунга өтүп келаткан элдик медицинада колдонулуучу дары чөптөрдүн азыркы фармацевтик каражаттарга караганда зыяны азыраак деген ой кеңири таралган. А бирок алар деле зыян алып келиши ыктымал. Андыктан төмөнкүдөй суроолор туулат: дары чөптөр менен дарыланарда эмнелерди эске алуу зарыл? Кайсы бир жагдайлардан улам дарылануунун кандайдыр бир жолу башкасынан натыйжалуураак болушу мүмкүнбү? *

Чөптөр кандайча жардам бериши мүмкүн?

Чөптөр түрлүү дартка даба деп эсептелет. Алардын айрым түрлөрү — организмге инфекция менен күрөшүүгө, башкалары тамак сиңирүүгө, нерв системасын тынчтандырууга, ичти жумшартууга же бездердин ишин жөнгө салууга жардам берет деп ырасташат.

Чөптөр дарылык касиетке да, азыктык баалуулукка да ээ болушу мүмкүн. Айрым заара айдама өсүмдүктөр, айталы, ашкөк (петрушка) калийге бай *. Организмден заара менен кошо чыгып кетүүчү бул маанилүү элементтин ордун ашкөк толтура алат. Байыртадан сеп алдырма каражат катары колдонулуп келген мышык тамырда (Valeriana officinalis) кальций арбын. Кальций ал чөптүн нерв системасын тынчтандыруу касиетин жогорулатат.

Чөптөрдү пайдалануунун жолдору

Чөп көптөгөн жолдор менен, алсак, демделип, же кайнатма, тундурма түрүндө, же компресс катары колдонулат. Чай катары даярдаганда, ага кайнак суу куюп, демдеп коёт. Чөп билгилеринин айтымында, чай катары демделген чөптөрдү кайнатууга болбойт. Ал эми өсүмдүктүн тамыр-кабыгынан дарылык касиетке ээ курамбөлүктөрүн чыгарыш үчүн, адатта, алар кайнатылат.

Тундурма деген эмне? Бир китепте ал «чөп-чардын накта же суу, спирт, коньяк, арак кошулуп даярдалган экстракты» катары аныкталат. Ал эми компресс болсо, ар кандай жол менен даярдалып, адатта, жабыркаган же ооруган жерге тартылат.

Витаминдер менен дарылардын бир тобунан айырмаланып, чөп-чарлардын көбү азык катары каралгандыктан, ачкарын деле пайдаланыла берет. Чөптөрдү капсула түрүндө да ичүүгө болот: ал ыңгайлуу да, жагымдуу да. Эгерде силер чөп менен дарыланууну чечсеңер, аны жакшы билген адистин көзөмөлү менен жүргүзүү туура.

Дегинкиси, дары чөптөр адам сасык тумоологондо, тамак сиңирүү кыйындаганда, уйку качканда, ич катып калганда, көңүл айныганда да колдонулат. Кээде олуттуу ооруларды дарылаш үчүн же алардын алдын алуу үчүн пайдаланылат. Маселен, Германия менен Австрияда жыныс бездеринин гиперплазиясын же аденомасын (коркунучсуз шишигин) дарылоодо биринчи кезекте сойломо сереноа (Serenoa repens) колдонулат. Кээ бир өлкөлөрдө ал шишик эркектердин 50—60 пайызында кездешет. Бирок анын, рак шишигиндей болуп, олуттуу медициналык кийлигишүүнү талап кылар-кылбасын билиш үчүн, врачка көрүнүү өтө маанилүү.

Айрым эскертүүлөр

Жалпыда кайсы бир дары чөп эч зыянсыз деп эсептелсе да, сак болуу зарыл. Дары-дармектин көрсөтмөсүндөгү «табигый» деген жазууга алданбагыла. Чөптөр жөнүндөгү бир энциклопедияда мындай деп маалымдалат: «Чынында, айрым чөптөр өтө коркунучтуу. [Өкүнүчтүүсү,] көптөр кооптуусун да, коопсузун да этибарсыздык менен колдоно беришет». Чөптөрдөгү химиялык бирикмелер жүрөктүн кагуу ылдамдыгына, артериялык басымга жана глюкозанын көлөмүнө таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан жүрөгү оорулуулар, кан басымы жогорулар, зат алмашуунун бузулушуна байланыштуу оорусу, мисалы, диабети барлар өзгөчө этият болуусу зарыл.

Бирок көбүнесе чөптөрдүн кошумча таасири баш ооруу же айлануу, көңүл айнуу, кызамык чыгуу сыяктуу аллергиялык реакциялар менен гана чектелет. Чөптөр грипп өңдүү абал менен же дагы башка белгилер менен коштолгон «айыгуу кризисин» чакырышы да мүмкүн. Чөп менен дарыланганда жеңилденүүдөн мурун, оору күчөгөндөй сезилиши мүмкүн. Адатта, мындай абал чөп менен дарылануунун алгачкы баскычтарында организмден токсиндердин (уу заттардын) чыга башташына байланыштуу деп ырасташат.

Кээде айрым чөптөрдү натуура колдонуу өлүмгө алып келет. Бул этият болуунун жана билген адиске гана кайрылуунун зарылдыгын көрсөтөт. Маселен, арыктоо үчүн колдонулуп жүргөн чекенде деген өсүмдүк артериялык кан басымын да жогорулатат. Кошмо Штаттарда адамдардын чекендеден жасалган каражаттардан улам өлгөнү тууралуу 100дөн ашуун жолу маалымдалган. Бирок сан-францисколук патолог Стивен Карч: «Мен билгени, [чекенде ичүүнүн натыйжасында] коронардык артериясынын олуттуу оорусу барлар же аны өтө көп өлчөмдө ичип алгандар гана өлүмгө дуушар болушкан»,— дейт.

Өсүмдүктөрдөн алынган тамак-аш кошундулары жөнүндөгү китептин автору Логан Чемберлен «чөптөр зыян келтирген учурлардын акыркы жылдары каттоого алынгандарынын дээрлик баары адистердин көрсөтмөлөрүнө карманбагандык менен байланыштуу экенин» айткан. «Чөптөрдүн колдонууга жазылып берилген өлчөмү ишенимдүү, ал түгүл азайтылган. Чөптүн сырын билген адис менен кеңешмейин, аларды өзүңөр билгендей кабыл ала бербегиле»,— дейт ал.

Чөптөр боюнча адис Линда Пейж мындай деп эскертет: «Оорунун оор түрүндө да, дары чөптөрдү ченеми менен, өлчөмүн көбөйтүп жиберүүдөн сактанып кабыл алуу талап. Узак мөөнөттө болсо да, этият дарылануу натыйжалуу болот. Денсоолукту калыбына келтириш үчүн, убакыт керек».

Дары чөптөр боюнча бир китепте айрым чөптөрдүн ашыкча өлчөмдө кабыл алуудан коргоо касиетине ээ экени белгиленет. Мисалы, сеп алдыруучу бир өсүмдүктү көп ичип алса, адамды кустурат. Ал касиет бардык эле чөптөрдө боло бербейт, бирок андай касиетке ээ чөптөрдү деле ашыкча иче берүү натуура.

Айрымдар чөптү тийиштүү түрдө жана өлчөмдө ичкенде гана пайда берет деген ойдо. Кээде ан үчүн өсүмдүк экстрактын алуу талап кылынат. Буга мисал — байыртадан эстутумду жана кан айланууну жакшыртыш үчүн колдонуп келген кытай гинкгосу. Анын бир натыйжалуу өлчөмүн алыш үчүн бир нече килограмм жалбырагы керектелет.

Кооптуу өз ара аракеттенишүүлөр

Чөптөр медициналык каражаттар менен өз ара ар кандайча аракеттенип кетиши мүмкүн. Мисалы, алар дары каражаттардын организмден чыгышын тездетип, таасирин басаңдатышы же, тескерисинче, күчөтүшү ыктымал. Кээде алардын кошумча таасирин да күчөтүп жиберет. Германияда депрессияга чалдыккандарга көптөгөн дарылардын организмден демейдегиден эки эсе бат чыгышын шарттаган сары чай чөп жазып беришет. Ал дарылардын натыйжалуулугун кыйла төмөндөтөт. Ошондуктан эгер кандайдыр бир каражат (бойго бүтүрбөөчү каражаттарды да) ичип жүрсөңөр, врач менен кеңешмейинче, чөп менен дарыланууну баштабагыла.

Чөптөрдүн дарылык касиеттери жазылган бир китепте мындай делет: «Эгерде адам дары чөптөр менен кошо ичкилик ичип, марихуана, кокаин жана башка баңгизаттарды колдонсо же чылым чексе, өмүрү үчүн коркунуч туулушу мүмкүн... Ооруп жаткан маалдарда [андай баңгизаттардан] баш тартуу акыл менен иш кылгандык болот». Бул кеңеш кошбойлуу жана бала эмизген аялдар үчүн да маанилүү. Албетте, Кудай жолундагы адамдар Ыйык Китептин: «Денебизди жана рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан арылалы»,— деген осуятын аткаргандыктан, чылым менен баңгизаттардын таасирине кабылышпайт (2 Корунттуктарга 7:1).

Чөптөр тууралуу бир маалымдамада төмөнкүдөй кеңеш берилет: «Дары чөп менен дарыланып жатканда боюңарга бүтүп калса, врачыңарга билдиргиле. Аны менен кеңешмейин, чөптү ичүүнү токтото тургула. Чөптү кандай өлчөмдө жана канчадан бери ичип келатканыңарды так эстөөгө аракеттенгиле».

Бир энциклопедияда: «[Чөп менен] өзүн өзү дарылоонун бир нече коркунучу бар»,— деп белгиленет. Алар ошол энциклопедияга негизделген «Өзүн өзү дарылоо коркунучу» деген кутучада келтирилди.

Башка дарылар сыяктуу эле, дары өсүмдүктөрдү жөн-жайын билип алып, этияттык жана тең салмактуулук менен колдонуу керек. Ошол эле учурда, айрым ооруларды азыр айыктыруу мүмкүн эмесин унутпагыла. Кудайга кызмат кылгандар Анын Падышалыгынын адилет башкаруусу астында оору менен өлүмдүн башкы себеби — түпкү ата-энебизден тукум кууп келген жеткилеңсиздик — толук жок кылынарын чыдамсыздык менен күтүүдө (Римдиктерге 5:12; Аян 21:3, 4).

[Шилтемелер]

^ 4-абз. «Ойгонгула!» медициналык журнал эмес, андыктан чөптөрдүн же дагы башка каражаттардын жардамы менен дарылануунун же мүнөз тамактануунун белгилүү бир жолун сунуш кылбайт. Бул макалада жазылгандар тек гана маалымат катары берилди. Денсоолук менен медицинага байланыштуу чечимдерди окурмандар өз алдынча кабыл алууга тийиш.

^ 7-абз. Заара айдама каражаттар заара бөлүп чыгарууну тездетет.

[14-беттеги кутуча]

Өзүн өзү дарылоо коркунучу

Төмөндө адистин кеңешисиз дары чөп менен дарылануунун коркунучтары көрсөтүлдү.

Силер чынында эмне менен ооруп жатканыңарды билбешиңер мүмкүн.

Өзүңөргө диагнозду туура койгон күнүңөрдө да, дарылануу ыкмаңар туура келбей калышы ыктымал.

Өзүн өзү дарылоодон улам зарыл жана туура дарылоо кыйла кеч башталып калышы мүмкүн.

Пайдаланар чөбүңөр врачтын жазып берген каражаты менен, мисалы, аллергияга же кан басымынын жогорулашына каршы каражаттар менен туура келишпей калышы ыктымал.

Өзүн өзү дарылоо кайсы бир жеңил ооруга жардам бергени менен, башка олуттуу ооруну, мисалы, артериялык кан басымын күчөтүшү мүмкүн.

[Булак]

Булагы: «Rodale’s Illustrated Encyclopedia of Herbs».