Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакындарыбыз ишенимибизди жактабаса...

Жакындарыбыз ишенимибизди жактабаса...

Ыйык Китептин көзкарашы

Жакындарыбыз ишенимибизди жактабаса...

ЖҮРГҮЗҮЛГӨН эсептердин бири боюнча, дүйнөдө 10 000ден ашуун дин жана диний агымдар бар. Бир өлкөдө жашаган чоң адамдардын дээрлик 16 пайызы — бир динден экинчи динге өткөндөр. Ошол себептүү туугандар менен курбу-курдаштардын диний ишениминин ар башка болушу учурда көп таңыркатпайт. Бирок кээде андай айырмачылыктар өз ара келишпестиктерге алып келиши мүмкүн. Андыктан чындык жолундагылар башка диндеги туугандарына кандай мамиле кылышы керек деген суроо туулат.

Өзгөчө мамилелер

Маселен, ата-энелер менен балдардын ортосундагы өзгөчө мамилелер тууралуу Ыйык Китепте эмне делерин карап көрөлү. Чыгуу 20:12деги: «Ата-энеңди сыйла»,— деген буйрук азыр да күчүндө. Ыйса Матай 15:4—6-аяттарда ошо буйрукту кеп кылганда, чоңоюп калган балдардын ата-энесин сыйлоого тийиш экендигин белгилегени таасын көрүнүп турат.

Ыйык Жазмадагы Накыл сөздөр китебинде ата-энеге бейсый мамиле жасоого каршы эскертүүлөр айтылат. Накыл сөздөр 23:22деги кеңеште: «Энеңди карып калганда да жек көрбө»,— делген. Ал эми Накыл сөздөр 19:26да: «Атасын бүлүнткөн, энесин кууп чыккан уул — абийири жок, уятсыз уул»,— деп олуттуу айтылат.

Ошентип, Ыйык Китепте ата-энебизди сыйлап-урматтоого тийиш экенибиз баса белгиленген. Андыктан ата-энебиз диний көзкарашыбызды жактабаган күндө да алар менен болгон ич ара мамилебиз бузулбоого тийиш. Ыйык Китептин жогорудагы принциптери үй-бүлөбүздүн башка мүчөлөрү — биртуугандарыбыз же жубайыбыз — менен болгон мамилебизге да тиешелүү. Ырас, чындык жолунда жүргөндөр адеп талабы боюнча да, Ыйык Китеп талабы боюнча да өзүлөрүнүн жакын адамдарын сүйүүгө милдеттүү.

Эстүүлүк маанилүү

Албетте, Ыйык Китеп «акылсыз адамдардын» таасиринен оолак карманууга чакырат, андай таасир адамдын өз туугандарынан да келиши ыктымал (1 Корунттуктарга 15:33). Кудайдын көптөгөн байыркы ишенимдүү кызматчылары, ата-энеси карама-каршы тарапты жакташса да, өзүлөрүн туура алып жүрүшкөн. Буга Корактын уулдары жакшы мисал болушкан (Сандар 16:32, 33; 26:10, 11). Ыйсанын чыныгы жолдоочулары башкаларга, туугандары болсо да, жагынуу үчүн ишенимине каршы келген иштерди жасоого барышпайт (Элчилер 5:29).

Айрым жагдайларда ата-энелерибиз же биртуугандарыбыз диний көзкараштарыбызды жактырбай, катуу каршылык көрсөтүшү, ал тургай айрымдары чындык жолунун душманы болуп кетиши да ыктымал. Андай учурда Ыйсанын жолдоочулары өз рухийлигин сакташ үчүн, эстүүлүк менен иш-аракет жасашат. Ыйса: «Адамдын душмандары — өз үйүндөгүлөрү. Ким атасын же энесин Менден артык сүйсө, ал Мага татыктуу эмес. Ким уулун же кызын Менден артык сүйсө, ал Мага татыктуу эмес»,— деп бекеринен айткан эмес (Матай 10:36, 37).

Бирок көпчүлүк учурда Ыйсанын жолдоочуларына туугандары катуу каршылык көрсөтүшпөйт, болгону, алардын ыйык китептик окууларга болгон көзкарашын жакташпайт. Ыйса шакирттерин ишенимдеш эмес адамдарга «момундук» жана «кичи пейилдик» менен мамиле кылууга чакырган (2 Тиметейге 2:25; 1 Петир 3:15). Ыйык Китеп: «Теңирдин кулуна урушуп-талашууга болбойт, тескерисинче, ал бардыгына кичи пейилдик менен мамиле кылуусу... зарыл»,— деп кеңеш берет (2 Тиметейге 2:24). Элчи Пабыл да ишенимдештерине: «Эч кимге жаман сөз айтышпасын, жаңжалчыл эмес, жоош болушсун жана бардык адамдарга момундук менен мамиле кылышсын»,— деген (Титке 3:2).

Мамилеңерди үзбөгүлө жана сүйүү көрсөткүлө

«Бутпарастардын арасында таза жашагыла,— деген чакырык айтылат Ыйсаны жолдогондорго 1 Петир 2:12де.— Алар... жакшы иштериңерди көрүп, Кудай өздөрүнө келген күнү Аны даңкташсын». Жакындарыбыз көп учурда диний көзкарашыбызга ортоктош болбогону менен, Ыйык Китептин таасири менен жашообузда жасаган өзгөрүүлөрдү байкашат. Ошондой эле алгач Ыйык Китептеги чындыкка кошкөңүл карагандардын же ал түгүл каршы чыккандардын ичинен оюн өзгөрткөндөр аз эмесин унутпайлы. Балким, алардын айрымдары жубайларынын же балдарынын жакшы жүрүм-турумуна көп жылдар бою көз салып жүрүп, анан гана ошол жүрүм-турумдун артында турган себепти изилдей башташкандыр. Эң негизгиси, адамдын Ыйык Китептеги чындыкты кабыл албашына анын чындыктагы жакынынын карабай кетиши себеп болбосун.

Албетте, жашоодо ар кандай жагдай болот. Мисалы, айрым Жахабанын Күбөлөрү ата-энелеринен алыс жашашат. Канчалык каалашпасын, алар үчүн бат-баттан көрүшүп туруу мүмкүн эместир. А бирок жакындарыбыз менен кат жазып, телефон чалып же кандайдыр бир башка жолдор менен үзгүлтүксүз байланышып турсак, аларды жакшы көрөрүбүздү билдиребиз, ошого ишендиребиз. Кудай жолунда эместердин деле көбү ата-энесин, биртуугандарын, алар кандай дин тутушпасын, жакшы көрүшүп, кол үзүшпөй, байма-бай байланышып турушат. Анда чыныгы Кудайга ишенген Күбөлөр тууган-туушкандарына кантип жакшы мамиле кылбай коюшсун?

[24-беттеги сүрөт]

Үзгүлтүксүз байланышып туруу менен жакындарыбызды жакшы көрөрүбүзгө ынандырабыз.