Оюн өзгөрттүргөн китеп
Оюн өзгөрттүргөн китеп
БҮГҮНКҮ күндө «моданын» артынан кууп ыйбаасыз, жарашыксыз кийинген жаштар көп. Андыктан адептүү, тыкан кийинүүгө аракеттенген улан-кыздарды көрүү кубантпай койбойт. Мисалы, мурунку Советтер Союзунун курамына кирген Кыргыз республикасындагы Балыкчы шаарында жаштардын тобу орус тилиндеги «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонулуучу кеңештер» деген китептин мукабасындагы жаштардай болуп кийинип сүрөткө түшүүнү чечишет. Алар сүрөтканага барып, алиги китептин мукабасындагыдай сүрөткө түшүүнү каалашарын айтышат. Сүрөтчү аларды төмөндөгүдөй кылып сүрөткө тарткан.
Кетерде жаштар китепти сүрөтчү аялга калтырып кетишкен. Аял Ыйык Китепте жазылгандарга ишенбегендиктен, адегенде анча деле кызыкпаптыр. Бирок бир нече күндөн кийин жаштар сүрөт алганы келишкенде, ал мындай китепти өмүрүндө биринчи жолу окуганын айтат. Анан Ыйык Китепте иш жүзүндө колдонорлук сонун кеңештер бар деп ойлобогонун жана көбүрөөк маалымат алгысы келерин билдирет. Натыйжада, аны менен ыйык китептик изилдөө башталган.
Жаштарга азыркы кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам берүүгө арналган ал китепти силер да ала аласыңар. Ан үчүн төмөндөгү купонду толтуруп, журналдын 5-бетиндеги даректердин бирине салып жибергиле.
□ «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонулуучу кеңештер» китебин ... тилинде алууну каалайм.
□ Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдегим келет.