Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Самын — дайыма колдо бар вакцина

Самын — дайыма колдо бар вакцина

Самын — дайыма колдо бар вакцина

«ДҮЙНӨДӨ жаш балдарды өлүмгө дуушарландыруу боюнча экинчи орунду ээлеген оору безгек да, учук да, СПИД да эмес. Ал... ич өткөк оорусу»,— деп белгиленет «Экономист» журналында. А бирок эгер ошол балдардын өзүлөрү жана жакындары колдорун ар дайым самындап жууп жүрүшсө, көбү аман калышмак.

Айтылуу журналда маалымдалгандай, Лондон тазалык жана тропик медицинасы институтунун изилдөөчүлөрү «кол тийиштүү түрдө жуулса, ич өткөк менен коштолгон ооруларга чалдыгуу учурлары 43 пайызга кыскарарын» байкашкан. «Балдардын эң көп санын өлүмгө дуушар кылган дем алуу жолдорунун оорулары тууралуу да ошону айтууга болот. Америка аскер кызматындагылардын арасында жүргүзүлгөн кеңири изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, аскерлер колдорун күнүнө 5 ирет жууп турушканда, жөтөлүү менен чүчкүрүү 45 пайызга азайган». Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө да самын дээрлик бардык үй-бүлөлөрдө бар. Ошол себептүү самынды «дайыма колдо бар вакцина» деп туура аташкан. Анын үстүнө, ал — ийне сайдырып, денеңди оорутууну талап кылбаган вакцина.

Ыйык Китепте да тазалыктын маанилүүлүгү баса белгиленген. 2 Корунттуктарга 7:1де: «Денебизди жана рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан арылалы»,— деп айтылат. Кудай бизди, эң алды, рухий жактан таза болууга чакырат, бирок денелик тазалыктын да маанилүүлүгүн кемитпейт (Лебилер 12—15-баптар). Албетте, ал биздин чектен аша чаап кетишибизди каалабайт. Бирок ажатканага кирип чыккандан, баланы тосуп, жуунткандан, жалаягын алмаштыргандан кийин жана тамак даярдаарда же жээрде, деги эле оору козгоочу микробдор менен вирустарды башкаларга жугузуп алышыбыз мүмкүн болгон бардык учурларда колубузду жууп жүрүүгө көнүшүбүз керек. Колубузду ар дайым жууп жүрүү менен биз үй-бүлөбүздөгүлөргө жана башка пикир алышкан адамдарыбыздын баарына Ыйсанын жолдоочулары катары сүйүү көрсөтөбүз (Марк 12:31).