Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эл алдында сүйлөөгө кантип дасыксам болот?

Эл алдында сүйлөөгө кантип дасыксам болот?

Жаштар сурайт:

Эл алдында сүйлөөгө кантип дасыксам болот?

«Угуп отургандар кетирген ар бир катамды байкап, аябай толкунданганымды көрүп жаткандай боло берчү. Айтып жаткандарыма көңүл топтой албай калчумун. Баары магаичинен күлүп олтургандай сезилчү» (Сэнди *).

МЕКТЕПТИН аземдер өткөрүлүүчү залында эл жык-жыйма. Бир убакта сенин аты-жөнүң аталыбатканын угасың. Жүздөгөн көздөр дароо сага кадалат. Болгону, бир нече эле метр жерде турган сахнага өзүңдү эч качан жетпөчүдөй сезезиң. Алаканың тердеп, бутуң чымырайт, тамагың кургап, маңдайыңан ылдый тер кетет. Кандай кыйналасың! Андайда өзүңдү атууга алып бараткандай эле сезесиң.

Чынын айтсак, эл алдында сүйлөө деген ойдун өзү эле көбүбүздү жүрөксүнтөт (Жеремия 1:5, 6). Ал түгүл айрымдар эл алдына чыгып сүйлөгөндөн өлгөн оңой дешет! Балким, сен да ошондой ойдодурсуң. Бирок эл алдында сүйлөөгө дасыгууга орчундуу себептер бар. Ошол себептердин кээсин карап чыгып, канткенде мыкты оратор боло аларың тууралуу сүйлөшүп көрөлү.

Сага сөз берилгенде...

Оратордук чеберчилик курсуна чакырган бир жарыяда: «Ар бир адам эл алдында сүйлөгөндү билүүгө тийиш»,— деп айтылган. Эртедир-кечтир сага эл алдында сүйлөөгө туура келиши мүмкүн. Мисалы, мектептердин көбүндө башкалардын алдына сүйлөп чыгуу кадимки иштерден. «Классташтарымдын алдына чыгып сүйлөөгө туура келген учурлар көп болгон»,— деп эстейт Татьяна аттуу кыз. Окуучуларга эл алдында сүйлөөгө: оозеки баяндоого, кандайдыр бир китеп туурасында пикир билдирүүгө, техникалык каражаттардын жардамы менен жүргүзүлүүчү талкууларга катышууга даяр болуу зарыл.

Кийин жумушка орношсоң, сага эмгектештериңди бир нерсеге үйрөтүү, кардарларды өз долбооруң менен тааныштыруу, финансы эсеп-кысабын өткөрүү тапшырылышы ыктымал. Дегинкиси, сүйлөө чеберчилиги журналист, башкарма, коом менен байланышуу менеджери, соода өкүлү жана башка ушул сыяктуу адистиктердин өкүлдөрүнөн талап кылынат.

А эгер жөнөкөй жумушчу же офис кызматчысы боло турган болсоңчу? Анда деле жумушка алынар-алынбашың жакшы сүйлөй билишиңен көзкаранды болушу мүмкүн. Кийин иштеген кезиңде деле өз оюңду түшүндүрө алуунун пайдасы көп тиет. Мисалы, Коррин мектепти бүткөндөн кийин үч жыл официант болуп иштеген. «Эгерде эл менен жакшы сүйлөшө алсаң, сени жоопкерчиликти көтөрүүгө жарап калган чоң адам катары кабыл алышат. Бул жакшыраак жана маянасы көбүрөөк жумуш табышыңа жардам бериши мүмкүн же, жок эле дегенде, башкалар сыйлашат»,— дейт ал.

Андан сырткары, Ыйсанын жаш жолдоочулары башкаларга өз ишеними жөнүндө көп айтып беришет (Эврейлерге 10:23). «Өз оюңду так-таасын жеткире билүүнүн мааниси чоң,— деп белгилейт Таниша.— Анткени бизге Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоо артыкчылыгы берилген» (Матай 24:14; 28:19, 20). Чындык жолундагы жаштар жыйналышта да, кабар айтуу кызматында да «көргөндөрү менен уккандарын сүлөбөй коё» алышпайт (Элчилер 4:20; Эврейлерге 13:15).

Демек, оратордук чеберчиликтин көп жактардан пайдасы тиери айкын. Анткен менен сен эл алдында сүйлөөнү ойлогондо мурдагыдай эле толкунданаттырсың. Аны жеңүүнүн жолу барбы? Бар.

Коркуу сезимин жеңүү

«Ийгиликке жетиш үчүн сөзсүз эле атактуу же жеткилең болуу талап кылынбайт,— дейт стрессти изилдөө боюнча адис жана тажрыйбалуу оратор Мортон Орман.— Оратордук чеберчилик өрчүтүүдөгү башкы максат — угармандарга пайдалуу маалымат жеткирүүгө үйрөнүү». Башкача айтканда, өзүң тууралуу эмес, коркуп жатканың тууралуу да эмес, айткың келген оюң тууралуу ойлон. Биринчи кылымда айрымдар элчи Пабылды сөзгө чечен деп эсептешкен эмес, а бирок ал сүйлөгөндө чоң ийгиликтерге жеткен, себеби ал дайыма баалуу ойлорду айтчу (2 Корунттуктарга 11:6). Ошол сыяктуу эле эгер баалуу нерсе айтып жатканыңа шектенбесең, толкунданганың батыраак басылат.

Башка бир белгилүү оратор жана оратордук чеберчилик устаты Рон Сатхофф сүйлөгөндө топ элдин алдында турганыңды ойлобой, бирөө менен маектешип жатканыңдай элестетип сүйлөөнү кеңеш кылат. Ооба, жалпы элге эмес, улам бир адамга кайрылып маектешип жаткандагыдай сүйлөөгө аракеттен. Угармандарга жекече кызыгуу көрсөтүп, аларга өзүң көнгөн адатта сүйлө (Филипиликтерге 2:3, 4). Өзүңдү канчалык демейдегидей алып барсаң, ошончолук эркин сезесиң.

Жаңылып калуудан же угуучулар сынайт деп корккондуктан да тынчсызданасың. Дасыккан оратор жана ораторлук чеберчилик устаты Ленни Ласковски угармандар ар бир сүйлөнгөн сөзгө оң маанайда кароого жакын болорун эскертет. «Алар сени жакшы сүйлөсө экен дешет»,— дейт ал. Ошондуктан оң маанайда бол. Эгер мүмкүн болсо, залга кирип жатканда угармандардын айрымдары менен саламдашып ал. Аларды душманың катары эмес, досторуң катары кара.

Бирок, эсиңен чыгарба, толкундануу дайым эле зыяндуу боло бербейт. Бир адистин айтымында, «кеңири таралган көзкарашка каршылаш, толкундануу өзүңө, айтар сөзүңдүн сапатына оң таасир этет». Эмне үчүн? Анткени бир аз толкундануу — момундуктун белгиси, ал текебердиктен сактайт (Накыл сөздөр 11:2). Спортсмен, музыкант жана актёрлордун көбү анча-мынча толкундануу сахнага чыкканда оң таасир тийгизерин белгилешет. Бул эл алдында сүйлөөгө да тиешелүү.

Ийгиликке жеткирер кадамдар

Төмөндөгү жана дагы башка кеңештерди колдонуу менен Ыйсанын жаш жолдоочуларынын кээси кыйла тажрыйбага ээ болуп, окуган, иштеген жерлеринен жана жыйналыштан эл алдына чыгып сүйлөөдө албан ийгиликтерге жетишкен. Балким, алардын кеңештеринин айрымы сага жардам береттир.

Жейд: «Материалды өз сөзүң менен айтып бер. Баяндамаң көп пайда алып келерине өзүңдү ынандыр. Эгерде маанилүү нерселерди айтып берериңе өзүң ынанып турсаң, угармандар да ошондой ойдо болушат».

Рошел: «Видеотасмага тартылып, аны кайра көрүп чыксаң жакшы экен. Албетте, кемчиликтериңди көргөндө сүйүнбөйсүң, бирок ошонун пайдасы тиет. Өзүңө жаккан тема тандап алууга аракеттен. Ал сөзүңдүн сапатына таасир этет».

Маргретт: «Мен оюмду сөзмө-сөз жазып алганда эмес, план түзүп алганда эл алдында жасалмасыз, кадимкидей сүйлөөрүмдү байкадым. Сөзүмдү баштаар алдында терең дем алып алсам, толкунданганым бир аз басаңдай түшөт».

Коррин: «Өзүңө өзүң күлгөндөн коркпо. Жаңылбаган эч ким жок. Жөн гана колуңан келгендин баарын жасоого аракеттен».

Албетте, баарында: музыкада, спортто, сүрөт тартууда тажрыйба менен даярданууга эч нерсе жетпейт. Татьяна сөзүңдү эл алдына чыгардан алда канча эрте даярдап алып, улам кайталап жүрүүнү кеңеш кылат. Эч багынба. «Эл алдына канчалык көп чыксам,— дейт ал,— өзүмдү ошончолук ишенимдүү сезем». Ошол эле учурда, өзгөчө, Ыйык Китептеги чындыкты коргоо үчүн сүйлөй турган болсоң, дагы бир жактан жардам алса болорун унутпа.

Улуу Насаатчынын жардамы

Дөөттүн, ысрайыл элинин падышасынын, жаштайынан эле «сөзү акылдуу» экени элге маалым болгон (1 Шемуел 16:18). Ал ачык асман астында кой жайып жүргөн учурларында Улуу Насаатчы Жахаба Кудайга тиленүү менен көп кайрылып, өз ара тыгыз мамиле өрчүткөн көрүнөт (Забур 64:3). Ошондуктан ал оор сыноо маалдарында да чечкиндүү, ачык-даана жана ишенимдүү сүйлөгөн (1 Шемуел 17:34—37, 45—47).

Кудайга кызмат кылуу жагын алсак, ал сага да Дөөткө окшоп ишенимдүү сүйлөй алгыдай «акылмандардын тилин» берерине шектенбе (Ышайа 50:4; Матай 10:18—20). Ооба, азыр сүйлөө чеберчилигин жогорулатуу үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү колдоно берсең, келечекте дасыккан оратор болуп чыгасың!

[Шилтеме]

^ 3-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[18-беттеги кутуча]

Сүйлөөгө машыккандар

Дүйнө жүзү боюнча Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарында жума сайын Теократиялык кызмат мектеби деп аталган ыйык китептик билим берүү курсу өткөрүлөт. Ал Мектептин окуучулары талкууларга катышышат, жыйналыштын алдында сөз сүйлөшөт жана алардын ар бирине ийгилик жасоого жекече жардам берилет. Андан алар кандай пайда алышат? Ал тууралуу 19 жаштагы Крис мындай дейт:

«Мектепке жазылардан мурун бирөөлөрдүн көзүнчө сүйлөөдөн уяла берчүмүн. Сахнага чыгып, эл алдында сүйлөйм деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Бирок жыйналыштагы биртуугандар мени кайраттандырышып, сөзүмдү башынан-аягына чейин кекечтенип айтып берген күндө да, кандай аракет кылганымды билишкендиктен, абдан кубанышарын айтышкан. Алар сөз сүйлөп чыккан сайын, мени мактап жүрүштү. Мага ошо абдан жардам берди».

Кристин ал Мектепте окуганына беш жыл болду. Азыр ал өзүнүн биринчи 45 мүнөттүк баяндамасын даярдап жатат. Ал эми сенчи, Мектептен пайда алып жатасыңбы?

[16, 17-беттердеги сүрөт]

Оратордук чеберчиликтин жашоодо пайдасы тийбей койбойт.