Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өсүмдүктөр дары-дармектин баалуу булагы

Өсүмдүктөр дары-дармектин баалуу булагы

Өсүмдүктөр дары-дармектин баалуу булагы

Адистердин эсеби боюнча, натыйжалуулугуна эл ишенген азыркы фармацевтикалык каражаттардын жалпы санынын төрттөн бир бөлүгү толук же жарым-жартылай өсүмдүктөрдөн алынган химиялык заттардын негизинде жасалат. Дары өсүмдүктөр менен дарыланууну сунуш кылгандар дал ошол себепти далил катары көп келтиришет.

Дары өсүмдүктөргө жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн дээрлик бардыгы алардан дарылык касиети бар курамбөлүктөрүн бөлүп алууга багытталган. Андай курамбөлүктүн жакшы мисалы — аспирин. Ал талдын бир түрүнүн кабыгындагы салицин деп аталган заттан алынат.

Өсүмдүктөн бөлүнүп алынган дарылык касиети бар курамбөлүктөрдөн дары жасалган соң, аны жетиштүү, дээрлик так өлчөмдө кабыл алууга мүмкүн болот. Бир маалымдамада мындай деп айтылат: «Аспириндин дарылык таасирин сезиш үчүн, талдын додо-додо кабыгын жегиче, бир таблетка ичип коюш оңой; дигиталис же оймок гүлдүн айыктыруучу касиети толук таасир бериш үчүн, анын өзүн керектүү өлчөмдө жеп олтургуча, таблеткасын жутуп койгон жеңил».

Ошол эле учурда, дарылык касиети бар курамбөлүктөрдү бөлүп алуунун кээде терс жактары да болот. Биринчиден, өсүмдүктүн азыктык баалуулугу жана анын курамындагы башка заттардын таасири шарттаган дарылык касиети жоголот. Экинчиден, медициналык каражаттардын оору чакыруучу микроорганизмдердин айрымдары менен күрөшүүгө күчү жетпей калууда.

Хин дарагынын кабыгынан алынуучу хинин — дары өсүмдүктөрдүн активдүү курамбөлүктөрүн бөлүп алуунун өзүнчө кемчилиги болоруна далил. Ал малярияны козгоочулардын көбүн өлтүргөнү менен, өлбөй калган мителери (калгандарынын баары өлүп калгандыктан) ого бетер күч алып көбөйө баштайт. «Дарынын күчү жетпей калышы медицинадагы алдыңкы маселелердин бирине айланды»,— деп түшүндүрүлөт бир маалымдамада.

[15-беттеги сүрөт]

Аспирин талдын ушул түрүнөн алынат.

[Булак жөнүндө маалымат]

USDA-NRCS PLANTS Database/Herman, D.E. et al. 1996. North Dakota tree handbook

[15-беттеги сүрөт]

Хинин алынуучу хин дарагы.

[Булак жөнүндө маалымат]

Courtesy of Satoru Yoshimoto