Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жөө басуунун кандай пайдасы бар?

Жөө басуунун кандай пайдасы бар?

Жөө басуунун кандай пайдасы бар?

КӨПТӨР фитнес-клубга барып, суй жыгылгыча машыкмайын, дене тарбия көнүгүүлөрү пайда алып келбейт деген ойдо. Бирок андай ой — жаңылыштык. Түштүк Каролина университетинин профессору Рассел Пейт мындай дейт: «Менин оюмча, элге түштөн кийин көчөгө чыгып басып келүүнү расмий түрдө сунуш кылышыбыз керек».

Жөө басуунун пайдасы чынында эле чоңбу? Аны менен денсоолукту байкалуу деңгээлде чыңдоого болобу?

Жөө жүрүүнүн пайдасы

Байыркы грек дабагери Гиппократ жөө басууну «оорунун эң мыкты дарысы» деп эсептеген. Бир макалда: «Менин эки дабагерим бар: бири — оң бутум, экинчиси — сол бутум»,— деп айтылат. Жөө басуу ошончолук пайдалуубу?

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, сейилдөөнү жакшы көргөндөр, аз кыймылдагандарга салыштырмалуу, ар кандай ооруларга сейрек кабылышат. Ошондой эле жөө басуудан жүрөк ооруларынын өрчүү, мээге кан куюлуу ыктымалдыгы төмөн болору билинген. Андан организмдин инсулинди сиңирүү жөндөмү жогорулап, диабет оорусуна чалдыгуу ыктымалдыгы азаят. Сөөк бекемделип, остеопороздун пайда болушуна бөгөт коюлат. Баскандан адам күч-кубат алып, ийилчээк, чыйрак болот. Анын жардамы менен арыктоого жана ашыкча салмак кошуудан сактанууга болот. Булардан тышкары, ал мээнин ишин жогорулатат, уйкунун сапатына, узактыгына оң таасир этет, атүгүл депрессия менен күрөшүүгө көмөктөшөт.

Мындан бир канча жыл мурун Түштүк Калифорния университетинин изилдөөчүлөрү тынчсыздануу сезими менен күрөшүүдө жеңил сеп алдыруучу каражаттарга караганда 15 мүнөт сейилдөө алда канча натыйжалуу болорун далилдешкен. Башка көнүгүүлөр сыяктуу эле, жөө басуу мээбизге эндорфиндерди — ооруну басаңдатуучу жана тырышкан булчуңдарды жазуучу заттарды — иштеп чыгарууга жардам бергендиктен, адамдын көңүлү көтөрүлүп, тынчсыздануу сезими басаңдайт.

Канададагы «Медикл пост» басылмасында жайбаракат сейилдөөнүн да денсоолукту чыңдаары маалымдалган. «Жаңы Англия медициналык журналына» жарыяланган изилдөө боюнча, күнүнө 800 метр басуу да мезгилсиз кайтыш болуу ыктымалдыгын азайтат. Жакында жүргүзүлгөн бир изилдөөдөн күн сайын 10 мүнөттөн үч ирет көнүгүү аткаруу натыйжалуулугу жагынан 30 мүнөт үзгүлтүксүз көнүгүү аткаруу менен бирдей болору аныкталган. Анда менчик унааңар менен көп жүрсөңөр, аны көздөгөн жериңерден алысыраак токтотуп, калган аралыкты жөө басып барсаңар болоттур? Же күндүзү бир аз сейилдеп алууну чечеттирсиңер.

Бат басуу андан да жакшы натыйжа берет. Ал тууралуу Атлантадагы (Жоржия штаты) Америка ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун адиси Карл Касперсен мындай дейт: «Аз кыймылдагандар жумасына бир нече жолу 30 мүнөттөн тез басып турушса, [көптөгөн оорулардын өрчүү] ыктымалдыгын кыйла төмөндөтүшөт». Белгилей кетерлик жагы, жөө басуу бардык жаштагыларга пайдалуу жана ага адамдын денсоолугуна байланыштуу тыюу салынган учурлар жокко эсе. Анын үстүнө, ал атайы даярдыкты жана өзгөчө спорттук шыкты талап кылбайт. Болгону, ыңгайлуу бут кийим гана керек.

Жөө басып денсоолугуңарды чыңдагыла

Адегенде ыңгайлуу, кенен кийим кийгиле. Үшүбөш үчүн ичиңерден жылуу, керек маалда чечип салууга жеңил бирдеме кийип алгыла. Бут кийим жеңил жана жумшак, баш жагы кененирээк, согончок жагы бийигирээк болууга тийиш. Андай бут кийимдин күнүгө кийген бут кийимиңерден бир аз кененирээк болгону дурус. Эгер жарым сааттан көп баса турган болсоңор, ал эми жолдон суу алууга мүмкүнчүлүк болбосо, бөтөлкөгө суу куюп алуу жакшы. Денени жибитүү үчүн, адегенде беш мүнөттөй шашпай баскыла. Далы-башыңарды түз кармагыла, чыканак-тизеңер бир аз бүгүлгөн, манжаларыңар бекем эмес, бир аз жумулган болсун.

Денеңер жибиген соң, кадимки бат басыкка өткүлө. Денеңердин салмагы адегенде согончокко салынып, анан акырындык менен тамандын учуна өткүдөй болсун. Ан үчүн, албетте, жумшак бут кийим керек. Бул сунуштарды эсиңерден чыгып кетет деп ойлоп жаткандырсыңар. Бирок көп тынчсызданбасаңар болот: адамдардын көбү табиятынан туура басышат. Сүйлөгөндө аптыгып, күйүгүп калганчалык ылдам баспагыла. Жөө басууну жакында эле баштаган болсоңор, убакытты, аралыкты, ылдамдыкты акырындык менен көбөйтүү абзел. Ал эми токтоордо ылдамдыгыңарды пастатып, басыгыңарды жайлаткыла *.

Жүрөктүн кагышынын жана дем алуунун тездеши, ошондой эле бир аз тердөө — организмдин кыймыл-аракетке болгон кадимки жообу. Жөө баса баштагандан кийин алгачкы бир нече күнү булчуңдарыңар оорушу мүмкүн. Организмдин «арызына» көңүл буруу зарыл. Эгер ашыгып кеткениңерди байкасаңар, жайыраак баскыла же бир аз тыныгып алгыла. Бирок басып баратканыңарда дем алууңар кыйындап, көкүрөк тушуңар ооруп, калчылдак басып, башыңар айланып, көңүлүңөр айнып, демиңер кыстыга баштаса, токтоп, дароо врачка кайрылгыла *.

Чуркоого жана аэробикага караганда басуунун кыйла артыкчылыгы бар. Анткени басканда организмге көп оордук келбейт. Муундарды кокустатып же булчуңдарды чоюп алуу ыктымалдыгы төмөн болот. Фитнес боюнча машыктыруучулар жөө басууну бир ооздон сунуш кылышат. Ошон үчүн денсоолугуңарды жөө басуу менен чыңдагыла!

[Шилтемелер]

^ 12-абз. Ашыкча салмактан арылууну каалагандарга маалымат: бир километр аралыкты 12 мүнөттө эмес, 9 мүнөттө басып өтүү менен бир мүнөт ичинде 30 пайызга көбүрөөк калория сарптоого болот. Ал эми бир километрди 9 мүнөттө эмес, 7 мүнөттө басып өткүдөй ылдамдык ала турган болсоңор, бир мүнөт ичинде 50 пайызга көп калория сарпталат. Жөө басуу жагынан тажрыйбасы барлар, адатта, бир километрди 7—9 мүнөттө басып өтүшөт.

^ 13-абз. Жаңы көнүгүүлөрдү аткарар алдында адам, өзгөчө, артериялык кан басымы жогору болсо, жүрөк оорусу же кандайдыр бир башка оорусу бар болсо, врач менен кеңешүүгө тийиш.

[27-беттеги кутуча]

АЙРЫМ КЕҢЕШТЕР

● Басканда денеңерди, ээк-башыңарды түз кармап, 6 метрчелик алды жагыңарды карагыла.

● Орточо ылдамдык алгыла. Энтиге сүйлөп калганчалык ылдам басуунун зарылдыгы жок.

● Арышыңарды атайылап кербегиле. Тезирээк басыш үчүн бат, кыска арыштагыла.

● Чыканагыңарды денеңерге жакыныраак кармап, колуңарды эки жакка эмес, алга-артка шилтегиле.

● Жерге таманыңарды тегиз койбогула. Кадам жасаган сайын салмагыңарды согончоктон буттун учуна оодарып, ошондо гана бутуңарды жерден көтөргүлө.

● Өзүңөрдү кошумча жүк көтөрүп басууга мажбурлабагыла: көнгөн кадамыңардан жазып, булчуң байламталарын же тарамыштарыңарды чоюп алышыңар ыктымал.