Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Катаал шартта гүлдөгөн ала гүл

Катаал шартта гүлдөгөн ала гүл

Катаал шартта гүлдөгөн ала гүл

Биз Ыйык Китепте эчак айтылган «оор күндөрдө» жашап жатабыз (2 Тиметейге 3:1). Үй-бүлөдөгү келишпестиктер, оору-сыркоо, акча-тыйындын жетишсиздиги — булар көптөрдүн жанына баткан көйгөйлөрдүн айрымдары гана. Кээде ушул өңдүү кыйынчылыктардан улам ырп этерге алыбыз калбагандай сезилет. Анткен менен эң эле катаал жагдайларда да басырынып, чөгүп кетпөөгө болот. Бир гүлдү мисалга алып көрөлү.

Тейде ала гүлү (Viola cheiranthifolia) Африканын түндүгүндөгү Тенерифе аралында 3 700 метр бийиктикте өсөт. Ал гүл ушу аралдагы Тейде жанар тоосунан улам ошентип аталып калган. Жанар тоонун боорунда өсүмдүк аттуудан эч нерсе өспөгөнсүп көрүнгөнү менен, бул байымдуу ала гүл жаздын алашалбырт маалында бир аз нымдуулук алып жанданат да, сыя түстүү гүлү менен кагыраган шагыл жерге көрк берип турат. Ал өзү ушунчалык үлбүрөп, назик көрүнгөнү менен, катаал шарттарга туруштук бермек гана турсун, гүлдөйт.

Тейде ала гүлүнө окшоп, силер да оор шарттарга туруштук бере аласыңар. Ыйык Китептин жардамы менен Жахабанын көптөгөн кызматчылары барып турган катаал маалдарда да кайратынан жазышкан эмес. Буга нацисттик Германиянын концентрациялык лагерлеринде олтургандар мисал боло алышат. «Алар камакка алынган башка топтогуларга караганда барып турган ырайымсыз мамиле көрүшсө да,— дейт швед журналистти Бёрнн Хальстрем,— Кудайга болгон ишениминин негизинде башкалардан кыйла кайраттуу болушкан».

Жашоодо кандай катаал жагдай-шарттарга кабылбагыла, Ыйык Китеп силерге да кубанычыңарды жоготпоого жардам берет. Жашаган жериңердеги Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылып же ушул журналдын 5-бетиндеги даректердин бирине кат жазып, Ыйык Китепти үйүңөрдөн акысыз изилдей баштасаңар болот.