Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кыска болгону менен, мазмундуу»

«Кыска болгону менен, мазмундуу»

«Кыска болгону менен, мазмундуу»

«Кудай бизден эмне талап кылат?» китепчесине карата бир аял ушундай пикир айткан. Анан эмнеден улам ошондой ойдо экенин мындайча түшүндүргөн: «Бул китепче Глория аттуу улгайган аялдын Ыйык Китепти окууга болгон каалоосун жандандырган. Адегенде ал узакка кунт коюп отура алчу эмес, бирок бара-бара материалды эки сааттай көңүл буруп изилдей алган. Ал өтүлө турган сабактарга алдын ала даярданып, көрсөтүлгөн аяттардын баарын карап чыкчу».

32-беттен турган «Кудай бизден эмне талап кылат?» деген китепченин көлөмү колуңардагы журналдыкындай. Ал китепчеде Кудайдын адамзатка карата кандай ой-ниети бар экени жана анын жактыруусуна ээ болуу үчүн эмне кылуу керектиги айкын көрсөтүлгөн. Анда төмөнкүдөй кызыктуу темалар камтылган: «Кудай деген ким?», «Ыйса Машайак деген ким?», «Кудайдын жерге карата ой-ниети кандай?» жана «Кудайдын Падышалыгы деген эмне?».

Ал китепчени алууну кааласаңар, төмөндөгү купонду толтуруп, журналдын 5-бетиндеги даректердин бирине салып жибергиле.

□ «Кудай бизден эмне талап кылат?» китепчесин ... тилинде алууну каалайм.

□ Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдегим келет.