Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Намакваленддин жазгы керемети

Намакваленддин жазгы керемети

Намакваленддин жазгы керемети

ТҮШТҮК АФРИКА РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН

Түмөн түстүү жапайы гүлдөр уч-кыйырсыз түздүктүн бетин бербей кулпунат. Намакваленддин жыл сайын кайталануучу бул кереметин көргөнү келгендердин арасында көкүрөгүн тээп чыккан сезимдерин жашыра албагандар көп. Мисалы, алардын бири: «Бир караганда, жер алдынан кызыл сары чок жылжып чыгып, талаанын жылчык-жыбытынан өйдө каптап жаткансыйт»,— дейт.

Бул жердин жазгы жаратылышы эмне үчүн өзгөчө кооз болот? Намакваленд — ТАРдын түндүк-батышынан орун алган кенен, кургак аймак. Түндүк тарабындагы тоодон ары Оранж дарыясын бойлой анын түндүк чеги өтөт. Ал эми түштүк тарабы 200 километр созулуп барып, Кейптаунга такалат. Намакваленд Швейцариядан көлөмдүү: аянты дээрлик 50 000 квадрат километр. Жылдын басымдуу бөлүгүндө эл аз отурукташкан, гранит тектүү бул көрксүз талаада абанын температурасы күндүзү 40 градус Цельсийге көтөрүлсө, түнкүсүн 8 градуска чейин төмөн түшүп кетет. Суу жокко эсе, жер алдындагы суулары да туз даамданып турат. Анткен менен ушул боз талаада жылга кадимки керемет болот!

Жыл сайын августтан сентябрдын ортосуна чейинки жаан-чачындуу маалдан кийин, Намакваленддин түздүгү жанданып, кызгылт сары, чымкый сары, пушту, ак, кызгылтым, көк, кочкул кызыл гүл төшөлгөн талаага айланат. Жаратылыштын бул ажайып кубулушу бир нече гана жумага созулгандыктан, дүйнөнүн булуң-бурчунда көптөр ошол кезди бүйүрү кызый күтүшөт.

Намакваленд талаасынын минтип ажары ачылышынын «сыры» жаан-чачындын жетиштүү түшүп, күндүн берекелүү тийишинде. Ошондо чыгыштан урган ачуу керимсел гүлдөрдүн назик таажы-жалбырактарын куйкалап кетпесе эле, баары жайында болот.

Жаздын бул керемети гүлдөрдүн үрөн-уруктарынын арбындыгынан да болот. Анткен менен гүлдөрдүн көбү жыл сайын өсүп чыга бербейт: алар өнүп, көркүнө толуш үчүн, аба-ырайы ылайык келүүгө тийиш. Айрым уруктар кийинки жылы өсүп чыкса, башкалары керектүү шартты күтүп, бир нече жыл бою деле жер алдында жата берет. «Кээ бир уруктар,— деп түшүндүрөт саякатчылардын бири,— эрте өнүп чыгууга жол бербеген өзгөчө касиетке ээ. Күн ысык болсо, алар биринчи жаан-чачындан кийин дароо өнүп чыкпай, аба салкындап, ным тартканда гана өнүп чыгат. Мындай какшаал шарттарда өсүш үчүн дал ушундай касиет керек».

Жаан-чачын жетиштүү болуп, жандуу-жансызды куйкалап жиберүүчү керимсел келбесе, ар бир жылдын сулуулугу өзүнчө кайталангыс. «Үрөндүн ар бир түрүнүн өнүп чыгышы үчүн ар башка температура талап кылынгандыктан жана алгачкы жаан-чачын кээде апрель—июлда (температурасы айырмаланган айларда) башталышы мүмкүн болгондуктан, алгачкы жаан-чачындын башталган мезгилине жараша, жылына ар башка гүл жарылат»,— деп айтылат Намкаквеленд жөнүндөгү бир китепте («Namaqualand—South African Wild Flower Guide»).

Бул жерден гүлдүн эмне деген түрлөрүн көрөсүң: түзүлүшү, өңү-түсү, өнүп-өсүшү жагынан айырмаланган 4 000ден ашуун гүл кездешет! Кээде 1 квадрат метрлик жерде эле 10—20 түр гүл өскөнүн көрүүгө болот. Намакваленддин табиятынын боёкторуна бир да бир залкар сүрөтчүнүн боёгу тең келе албас. Андагы адеми көрүнүштү сүрөттөй келсек, сөз кунары да жетпес.

Ал сулуулук сүрөтчүлөрдү, акындар менен жазуучуларды шыктантып келет. Түштүк африкалык акын Д. Й. Опперман: «Ал күн Жердин улуу себүү күнү экен, Эгенин куржунунан жылчык чыгып, бир ууч асыл үрөнү төгүлүп кеткен»,— деп жазган. Бир киши көз алдында турган кереметке: «Бу чөлдү күндүн желеси тим эле ар түркүн түскө боёп салгандай»,— деп тамшанат. Дагы бирөө: «Ушул өңдүү түгөнгүс сулуулукту көрүп, Жаратканыбыз Жахабанын чексиз марттыгы менен акылмандыгын ого бетер баалайсың»,— деп сезимин билдирет.

Намакваленддин жазгы керемети — Жаратканыбыздын жер жүзүнө кайрадан Бейиш орнотууга биологиялык күчтөрдү колдоно аларынын дагы бир далили. Ошондо табият сулуулугун баалай билген, Кудайга ишенимдүүлүгүн сактаган адамдар түбөлүк бакытка бөлөнүшөт (Забур 36:10, 11, 29). Дал ошо кезде: «Какшыган жер кайрадан кубанат... нарцисс сыяктуу гүлдөйт»,— деген сөздөр аткарылат (Ышайа 35:1).

[17-беттеги сүрөт]

50 000 квадрат километрлик айдың талаага көз жоосун алган гүлдөр төшөлөт.