Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Уйкунун бузулуусунун олуттуу түрлөрүн аныктоо

Уйкунун бузулуусунун олуттуу түрлөрүн аныктоо

Уйкунун бузулуусунун олуттуу түрлөрүн аныктоо

КЭЭДЕ айрым белгилер уйкунун олуттуу бузулуусун көрсөтүшү ыктымал. Мисалы, бир айдан узак созулган өнөкөт уйку качуу көп учурда депрессия өңдүү оору же кандайдыр бир олуттуу физиологиялык өзгөрүүлөр менен байланыштуу болот.

Уйку маалындагы апноэ

Марионун күндүз уйкусу келе берчү. Машинесин айдап баратканда, көзү илинип кетпеши үчүн, аялы аны ар дайым байкап турчу. Ал эми антип көзүнүн илинип кеткени көбүнчө Марионун эсинде калчу эмес. Түнкүсүн ал катуу, бир калыпта эмес коңурук тартып, кээде ойгонуп кетип, аптыга дем алып кала турган *.

Марионун абалы уктап жатканда кармоочу апноэ оорусуна мүнөздүү. «Апноэ» деген сөз түзмө-түз «дем албай калуу» дегенди билдирет. Ал бир кармаганда он секунддан эки-үч мүнөткө чейин созулат. Апноэ менен ооругандар уктап жатканда дем жетпей, бир түндө бир нече жүз ирет чабалактап ойгонуп, анан кайра укташат. Апноэ үч түргө бөлүнөт.

Борбордук апноэ мээдеги дем алдыргыч борбор дем алууга буйрук бербей калганда кармайт. Обструктивдүү (тоскоолдуу) апноэ кармаганда, жогорку дем алдыргыч жолдордун капталдары дээрлик жабылып, абанын өтүшүнө жолтоо кылат. Бул эки түрү чогуу болсо, ал — аралаш апноэ. Дал ушул түрү кеңири таралган. Апноэ менен ооруган адам эртеси түнү бою кирпик какпагансып, бүткөн бою жанчылып, дармансыз турат.

Андай адамдардын абалы өтө кооптуу, себеби кай жерде болушпасын, эмне кылышпасын — жумуш жасап жатышса да, машине айдап баратышса да — көзү илинип кетиши мүмкүн. Алардын арасында артериялык кан басымы жогорулар жана жүрөк булчуңунун гипертрофиясына чалдыккандар көп; аларда мээсине кан куюлуу жана жүрөк кемтиги өрчүү ыктымалдыгы жогору. Станфорд университетинин психиатры Уильям Дементтин эсеби боюнча, Америкада жылына 38 000ге жакын адам апноэден улам пайда болгон жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларынан көз жумат.

Уйку маалындагы апноэ көбүнесе жашы 40тан өткөн толук эркектерде байкалса да, ага бардык жаштагы адамдар, атүгүл жаш балдар да чалдыгышы мүмкүн. Аны дарылоонун бир нече жолу бар, алар врачтын көзөмөлүндө гана жүргүзүлүүгө тийиш. Уйку маалында дем алуу жолдоруна үзгүлтүксүз аба берип туруучу атайы аппарат колдонуу обструктивдүү апноэ оорусун дарылоонун көптөн бери колдонулуп келаткан натыйжалуу түрү болуп эсептелет. Жатарда адам апноэ кармабашы үчүн керектүү өлчөмдө аба үйлөп турган компрессорлуу чакан беткеп (ар бир адамдын өзүнө ылайыкташтырылып жөнгө салынып берилет) кийип жатат. Эгерде бул ыкма байкалуу натыйжа бербесе, хирургиялык жол менен кийлигишүү талап кылынат. Ан үчүн лазер жана радио жыштыктуу толкундар колдонулуп, коко-кекиртектеги ашыкча эттер жок кылынат.

Нарколепсия

Уйкунун бузулуусунун медициналык кийлигишүүнү талап кылган дагы бир түрү — нарколепсия, күндүзү капысынан уйку кармоочу неврологиялык абал. Буга Бак аттуу бир кишинин абалы мисал. Күндүз анын уйкусу келе берчү. Атүгүл маанилүү иш-чаралар өтүп жаткан маалда да уктап калчу. Ошондуктан ал ачкычын, жерге түшүп кеткенин угуп ойгоноюн деп, дайым колуна алып жүрүп калган. Көп өтпөй анда катаплексия өрчүп кеткени билинген. Андайда, адатта, катуу оң же терс сезимдерден улам күтүүсүздөн тизеде алсыздык пайда болуп, оорулуу адам жыгылып кетет. Анан бара-бара Бакта уйку маалындагы шал абалдын белгилери жана галлюцинациялар пайда болгон.

Негизинен, нарколепсия 10—30 жаштагы адамдарда пайда болот. Аны менен ооругандар көбүнесе көнгөн иш-аракеттерин аткара берет, алар өзүлөрүн кадимкидей эле алып жүргөнсүгөнү менен, убакытты билүү жөндөмү жабыркайт. Өкүнүчтүүсү, көпчүлүк учурда андай оорунун бар экени бир топ жылдар бою билинбейт, натыйжада, айланадагылар аны менен ооруган адам тууралуу жалкоо, кызыктай адам же бир аз кемакыл деген ойдо болушат. Нарколепсия азыркы кезде айыккыс оору катары саналганы менен, анын белгилерин дарылоо, жашоо мүнөзүн жана адаттарды өзгөртүү аздыр-көптүр жардам бериши мүмкүн *.

Уйкунун бузулуусунун башка түрлөрү

Уйкунун бузулуусунун дагы эки түрү (алар кээде чогуу жүрөт) колу-бутка байланыштуу, ал өнөкөт уйку качууну чакырат. Алардын бири — адам уктап жатканда маал-маалы менен бутунун, кээде колунун кыймылдап кетиши. Мисалы, Майкл, жүргүзүлгөн изилдөөдөн билингендей, буттарынын кыймылдап кетишинен улам бир түндө орто эсеп менен 350 жолу ойгонгон!

Дагы бир түрү — тынчсыз буттар синдрому *. Андайда буттун булчуңдарында жана тизелерде жагымсыз сезим пайда болуп, такай кыймылдап турууга түрткү бергендиктен, адам уктай албай кыйналат. Андай синдром кээде кыймыл-аракеттин аздыгына, кан айлануунун бузулушуна байланыштуу болот. Андан тышкары, кээде ага кофеин, спирт ичимдиктерин ичүү да терс таасир этет.

Бруксизм уктап жатканда тиш кычыратуу же катуу тиштенип жатуу менен мүнөздөлөт. Ал көп кайталана турган болсо, адамдын тиш ткандарына доо кетип, жаак мууну ооруп, өнөкөт уйку качуунун пайда болушуна алып келиши ыктымал. Аны бруксизмдин түрүнө жараша хирургиялык жолдон тартып, түнкүсүн тишке кийилүүчү атайы кийме колдонууга чейинки ыкмалар менен дарылашат.

Ошентип, уйку бузулуусунун бир нече түрүн гана карап чыгуу менен тынчсыздандырарлык белгилерге кошкөңүл кароо канчалык кооптуу болорун көрдүк. Дегинкиси, таптакыр дарыланбай койгондон көрө, жөнөкөй жол мененби, татаал жол мененби, дарылануу абзел. Эгер өнөкөт уйку качуудан же уйкунун олуттуу бузулуусунан өзүңөр кыйналып жүрсөңөр же жакындарыңардын бири жапа тартып жатса, көп создуктурбай адистерге кайрылуу туура. Толук айыгып кетпесеңер да, дарылануу жагымсыз натыйжалардын пайда болуу ыктымалдыгын азайтып, абалды жеңилдетиши мүмкүн. Ал эми, Ыйык Китепте убадалангандай, келечекте: «Тургундардын бири да: „Мен ооруп жатам“,— деп айтпайт». Оорулар толук жоюлат, себеби Кудай «бардыгын жаңы» жаратат (Ышайа 33:24; Аян 21:3—5).

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Бир калыптагы, эң чоң зыян келтиргенде бир бөлмөдө жаткан адамды ойготкон кадимки коңурукту апноэ чакырган бир калыпта тартылбаган катуу коңурук менен чаташтырбоо керек.

^ 11-абз. Бул оору жөнүндө кошумча маалымат алыш үчүн, «Ойгонгула!» журналынын 1991-жылдын 8-майындагы санынын 19—21-беттерин карагыла (ор).

^ 14-абз. Бул синдром тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн, «Ойгонгула!» журналынын 2000-жылдын 22-ноябрындагы санын карагыла (ор.).

[10-беттеги сүрөт]

Уйкунун бузулуусун дарылоо врачтын көзөмөлү менен гана жүргүзүлүүгө тийиш.

Коңурук апноэ оорусунун белгиси болушу ыктымал.

[11-беттеги сүрөт]

Нарколепсия менен ооругандарды көбүнчө жалкоо деп ойлошот.

[12-беттеги сүрөт]

Абанын басымын жөнгө салуучу аппараттар уйку маалында апноэ болбоого жардам берет.