Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепке ишенген себебим. Ядро изилдөө тармагындагы окумуштуунун баяны

Ыйык Китепке ишенген себебим. Ядро изилдөө тармагындагы окумуштуунун баяны

Ыйык Китепке ишенген себебим. Ядро изилдөө тармагындагы окумуштуунун баяны

АЙТЫП БЕРГЕН — ОЛТОН УИЛЬЯМС

МЕНИН жашоомдо 1978-жылы эки чоң окуя болуп өттү. Ошол жылы сентябрда ядро физикасы тармагында илимий даражага жеттим, ал эми декабрда Кудайдын кызматчысы, Жахабанын Күбөсү, болдум.

Башкалар менин окумуштуу, ошол эле учурда Жахабанын Күбөсү экенимди билишкенде, илимий билимге ээ болуп туруп Ыйык Китепке кантип ишенип калганыма кызыгышат. Чынын айтсам, өзүм деле көп жылдар бою илим менен Ыйык Китептин шайкеш келерине шектенип келгем. Бирок Ыйык Китептин илимий фактыларга дал келерине кийин көзүм толук жетип олтурат. Эмне болуп андай жыйынтыкка келдим десеңер, кепти кантип окумуштуу болгонуман баштайын.

19 жылдык долбоор

Мен 1953-жылы Жэксон шаарында (АКШ, Миссисипи штаты) төрөлгөм. Он бир баланын үчүнчүсү болчумун. Үй-бүлөбүздүн оокат-турмушу начар эле. Жашаган жайыбызга төлөөгө акчабыз жетпегендиктен, көп жер котордук. Азык-түлүктүн басымдуу бөлүгүн мамлекет субсидиясы катары алчубуз. Апам бирөөлөрдүн үйүн же иштеген жерин жыйнап берчү. Алар бизге кийилген кийимдерин берип турушчу.

Ата-энем бизге жакырчылыктан чыгуунун жалгыз гана жолу жакшы билим алуу деп көп айтышчу. Ошондуктан кичинемде эле алдыма университетке сөзсүз өтүүгө максат койгом. Ошентип, мектептин босогосун 6 жашымда аттагандан тартып 19 жыл тынымсыз окудум. Мага табият илимдери менен математика жакчу, ошондуктан университетке өтөрүм менен окумуштуу болууну көздөдүм.

Университетте окуп жүрүп Дел деген кыз менен таанышып калдым. Бир профессор ага изилдеп жаткан илимий темасы боюнча менден жардам суроону кеңеш кылган экен. Көп өтпөй Дел экөөбүздүн маектерибиз илимий темадан тышкаркы нерселерге өтүп, бири-бирибизди жакшы көрүп калдык. Анан 1974-жылы 10-январда дарстардын ортосундагы эки сааттык танапис маалында үйлөнүп алдык! Андан төрт жыл өтүп, 1978-жылы, мага докторлук даража ыйгарылды.

Оюмда колума эми ийгиликтин ачкычы тийди дедим: окумуштуу болдум, болгондо да, ядро физикасы боюнча! Теориялык ядро физикасы тармагынан илимий даражага жеткен соң, көп жылдар бою талыкпай окуп келгенимдин үзүрүн көрүүгө жол ачылды. Илим тармагында жакшы мансапка жетсем дечүмүн. Анын үстүнө, жеке фирмалардан жана мамлекеттик уюмдардан көптөгөн кызыгарлык сунуштар келип түшкөндүктөн, кандай жумуш жакса, ошонусун тандап ала алмакмын.

А бирок бир нече айдан кийин, 1978-жылдын 30-декабрында, жашоомо жана келечегиме докторлук даражага ээ болуудан да орчундуу таасир тийгизген кадам жасадым: өзүмдү Жахаба Кудайга арнап чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болдум. Андай чечим кабыл алууга мага эмне түрткү берди?

Кызыгуумду ойготкон китеп

Амхерстеги Массачусетс университетинде окуп жүргөнүмдө, 1977-жылдын аяк чендеринде, үйүбүздүн эшигин эки Күбө чертет. Мен үйдө жок болчумун, аялым эки балабыз: үч жашар уулубуз, жаңы төрөлгөн кызыбыз менен үйдө олтурган. Ал Күбөлөрдү үйгө киргизип, жагымдуу маек курушкан соң, алардын Ыйык Китепти изилдөө үчүн жумасына бир жолу келип турушуна макул болуптур.

Аны аялыман угар замат, каршы чыктым. Мен анын дин тутушун эмес, Жахабанын Күбөлөрү менен байланышкысы келгенин макул көргөн жокмун. Мындай караганда, Күбөлөр тууралуу деле кабардар эмес болчумун, бирок эмнегедир алар жөнүндө Ыйык Китеп менен элдин башын айландырган коркунучтуу агым деген ойдо болчумун. Ошондуктан аялымды Күбөлөрдүн таасиринен бошотуш үчүн, илимдин жардамы менен алардын окууларынын натууралыгын көрсөтүүнү чечтим.

Бир күнү университеттеги иштеримди жыйыштырып коюп, аялым менен өткөрүлгөн ыйык китептик изилдөөгө катышайын деп, үйгө эртерээк жөнөдүм. Бирок каалаган убактыман кечирээк келип калдым, Күбө аял жаңыдан кетейин деп жаткан экен. Ал мага «Адам эволюциялык өнүгүүнүн натыйжасында пайда болгонбу же жаратылганбы?» * деген китепти берди. Аялыма болсо эмки изилдөөдө 1914-жылдын көрүнүктүү жыл экенин далилдеген ыйык китептик пайгамбарлыкты талкуулашарын айтты. Дал ошондой мүмкүнчүлүктү күтүп жүргөн элем! Ошон үчүн Күбөлөргө эмки изилдөөдө өзүм да үйдө болуп, талкууга катышарымды айттым. Алардын 1914-жылды эсептеп чыгарууда математикалык жолдорду канчалык так пайдаланарын текшергим келди.

Ошол эле кечте Күбөлөрдүн калтырып кеткен китебин окуй баштадым. Чынын айтсам, мазмуну абдан таасирлентти. Анда эволюцияга байланыштуу көптөгөн илимий маалыматтар келтирилип, логикалуу жазылыптыр. Ыйык Китепте жаралууга байланыштуу мен ойлогондон алда канча так маалымат камтыларын билип таң калдым. Бир нече күндүн ичинде китептин аягына чыгып, Ыйык Китептеги жаралуу тууралуу айтылгандардын баары жердеги тиричилик жөнүндөгү илимий фактыларга каршылаш келбесин моюнга алууга аргасыз болдум.

Карама-каршылык табуу аракетинде

Ошентсе да Күбөлөрдүн окууларына дагы деле сын көзкараш менен карагандыктан, 1914-жылды эсептеп чыгуу жолунун тууралыгын текшергим келди. Мага ишти ушундай нукка салсам, Күбөлөр сестенчүдөй, аялыма болсо алардын көзкарашынын жаңылыш экенин көрүүгө жардам берчүдөй сезилди.

Кийинки жумада баягы аял Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү жыйналышынын аксакалдарынын бирин ээрчитип келди. Бул жолку ыйык китептик изилдөөнү ошол аксакал өткөрдү. Ал Мессия жана Падыша Ыйсанын пайда болушу жөнүндө маалымдалган Даниел китебинин 4, 9-баптарын талкуулады. Мен анын айткандарынан карама-каршылаш, математикалык жактан ката жерлерин кунт коюп издеп жаттым — бирок тапкан жокмун. Кайра ыйык китептик маалыматтын логикалуу экени таңыркатты.

Ошол кезге чейин Кудайга болгон ишеним акылга сыярлык далилдерге эмес, көбүнесе сезимге негизделет деген ойдо элем. Көрсө, абдан жаңылышып жүргөн экенмин. Күбөлөргө мазмундуу талкуусу үчүн ырахмат айтып, Ыйык Китепти изилдөөнү уланткым келерин билдирдим. Ошентип, университетте окуй да, аялыма кошулуп Күбөлөрдүн жардамы менен Ыйык Китепти изилдей да бердим. Андан сырткары, Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залында өтүлүүчү жыйналыштарга бара баштадык.

Бир нече айдын ичинде Ыйык Китептен дагы көптөгөн чындыктарды билдим. Көп өтпөй Күбөлөргө кошулуп үймө-үй кабар айтууга жарап калдым. Ага убактымды көп алып жүргөн докторлук диссертациямдын үстүнөн иштеп бүтөр замат катыша баштадым. 1978-жылы жайында диссертациямды коргогондон кийин, биз Алабама штатына көчүп кеттик. Ал жактын Хантсвиллдеги Алабама айыл-чарба жана техника университетине жумушка орношуп, физикадан сабак бере баштадым. Жаңы «конушубуздан» Жахабанын Күбөлөрүн бат эле таптык. Бир аксакал аялы экөө биз менен Ыйык Китепти изилдөөнү уланта баштады. Ошондон бир нече ай өтүп аялым экөөбүз бир күндө чөмүлдүрүлдүк.

Илимий иштерге да, Кудай ишине да жигердүү катышуу

Окумуштуу болгонум Жахабанын Күбөсү болууга эч тоскоолдук кылган жок. 1983-жылдан тартып Хантсвиллдеги НАСАга (Аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкарма) караштуу Жорж К. Маршалл атындагы космостук борбордо астрофизик катары иштей баштадым *. Ал жактан рентгендик телескоп даярдоо программасынын теориялык жана эксперименттик бөлүктөрүнө катышып калдым. (Ал телескоп — «Чандра» рентген обсерваториясы — 1999-жылы «Колумбия» космос кемесинин жардамы менен орбитага ийгиликтүү чыгарылган). Материалдык Ааламды дагы да көбүрөөк түшүнүү максатында ар кандай жылдыздар менен галактикалар чыгарган рентген нурлануусу изилденгендиктен, ал долбоордун үстүнөн иштөө абдан кызыктуу болду.

Албетте, ишим илимдин татаал маселелерин чечүүгө туура келгендиктен гана эмес, Жараткандын күчү, акылмандыгы улам терең таасирленткендиктен да кызыктырчу. Жахабанын байыркы пайгамбары Ышайа аркылуу: «Башыңарды көтөрүп, асманды карагыла, аны ким жаратты? Ким Анын кошуундарын эсеби менен чыгарып турат? Ал алардын бардыгын өз аты менен атайт: Анын кудуретинин күчтүүлүгүнөн, күч-кубатынын зордугунан эч нерсе жоголбойт»,— деп айткандары мен үчүн өзгөчө маани туюнтчу болду (Ышайа 40:26). Башымды көтөрүп, асманды караган сайын, Ааламдын чексиз мейкиндигин, сулуулугун жана татаалдыгын көргөн сайын, ушулардын баарын жаратып, өз ара шайкеш, ырааттуу аракетин шарттаган мыйзамдарды бекиткен Улуу Жаратканыбыздын акылмандуулугуна абдан суктанам.

Ал кезде илимий журналдарга рентген астрофизикасы тармагында жүргүзүлгөн изилдөөлөр тууралуу макалаларым чыгып турчу. Ошол эле учурда, аксакал болуп кызмат кылып, кабар айтуу ишине ай сайын 20 саатча арнап, жыйналыш иштеринде жигердүү катышчумун. Аялым болсо ыйык китептик агартуу ишине толук убакта катышчу.

НАСАда 4 жылга жакын иштеген соң, адамдарга кереметтүү ыйык китептик билим алууга жардам берүүгө көбүрөөк убакыт арнагым келе баштады. Антиш үчүн эмне кылышым керек эле? Аялым экөөбүз кеңешип көрдүк да, Жахабага тиленген соң, бир нече орчундуу чечимдерди чыгарышым керектигин түшүндүм.

Орчундуу чечимдер

НАСАдагы башчыма барып, иш тартибин өзгөртүп, жумасына 5 эмес, 4 күн иштегим келерин айттым. Албетте, ан үчүн азыраак акча алууга макул элем. Үч күндү Кудайга кызмат кылууга арнагым келерин түшүндүрдүм. НАСАда буга чейин иштеген окумуштуулардын бири да мындай иш тартибинде иштебегенине карабастан, башчым макул болду. Бирок ал өзүнөн жогору турган башчы менен да сүйлөшүп көрүүнү кеңеш кылды. Менин кубанычыма, ал да суранычымды четке каккан жок. Ошентип, 1987-жылы толук убакыттуу кызматка кириштим, башкача айтканда, үймө-үй кыдырып жана башка жолдор менен кабар айтуу ишине 90 сааттан арнай баштадым.

Кийин Хантсвиллдеги Алабама айыл-чарба жана техника университетинен бир жетекчи телефон чалып, мага физика кафедрасында сабак берүүнү сунуш кылды. Мен, эгер ал жумуш убактымдын көбүн Кудайга кызмат кылууга арноого мүмкүнчүлүк берсе, сунушту кабыл аларымды билдирдим. Бирок өзүмдүн диний иштерим акниеттүүлүк менен сабак берүүгө тоскоолдук кылбасына ишендирдим. Ал макул болду. Ошондон тартып ушул күнгө чейин университетте сабак берип, Кудайга толук убакыттуу кызмат кылып келатам. Ал гана эмес, испан тилин үйрөнүүгө да убакыт табылды. Азыр аялым экөөбүз Жахабанын Күбөлөрүнүн Хантсвиллдеги испан тилиндеги жыйналышында кызмат кылып жатабыз.

Илим жана ишеним

Илим менен көптөгөн жылдар бою иришип келсем да, талашсыз илимий фактылар менен каршылаш келген бир да ыйык китептик окууну жолуктурган жокмун. Ал эми каршылаш келгенсиген жерлерде көбүнчө илим жагынан билимдин тайкылыгы же Ыйык Китепте айтылгандардын маанисин толук билбестик себеп болот. Мисалы, айрым окумуштуулар жана башкалар Ыйык Китепте жердеги өсүмдүктөр, жаныбарлар жана адамдар кадимки 24 сааттан турган алты күндө пайда болгон деп айтылат деген жаңылыш көзкарашта. Андай ой белгилүү илимий фактыларга каршылаш. Бирок Ыйык Китепте андай делген эмес. Чынында, Ыйык Китепте жаратуу «күндөрүнүн» миңдеген жылдарга созулганы маалымдалган *.

Кудайга болгон ишеним сезимге гана негизделет деген сыяктуу натуура түшүнүктөрдөн улам да жаңылыш көзкараштар пайда болот. Кудайга жана Ыйык Китепке болгон ишеним текшерүүгө мүмкүн болгон фактыларга негизделет. Ыйык Китепте айтылгандай, «ишеним — бул үмүттөнүп күтүп жаткан нерсенин ишке ашарынан шектенбөө жана көрүнбөгөн нерсеге бекем ишенүү», башкача айтканда, ишенимдүү далилге ээ болуу (Эврейлерге 11:1). Ооба, ишеним далилдерге негизделет. Мурун аткарылган жана учурда аткарылып жаткан пайгамбарлыктар жүздөп саналат. Ошондуктан келечекке байланыштуу ыйык китептик пайгамбарлыктардын аткарыларына илимий ыкмаларды колдонуунун аркасында да толук ынанууга болот.

Ошол пайгамбарлыктардын биринде жакында жер жүзүнө Бейиш орноп, бактылуу өмүр сүрүүгө мүмкүн болору убадаланган. Карылык, оору-сыркоо, өлүм, согуш жана адилетсиздикти пайда кылган ар кандай көйгөй-шарттар жоюлат (Аян 21:3, 4). Ал кезде Жахаба Кудайдын кереметтүү жаратууларын кылдат изилдеп, Аны ардактоо сезимин туудурган материалдык Ааламдагы бекиткен көптөгөн мыйзамдарын таанып-билүүгө убакыт жетиштүү болот.

Мен Жахаба Кудайга чыныгы бакыттын ачкычын — өзүнүн Сөзү Ыйык Китепте камтылган кереметтүү чындыкты, табууга жардам бергендиги үчүн терең ыраазымын. Ошондуктан аны дагы да көптөгөн адамдар, алардын ичинде илим адистери да тапса экен деп тиленем.

[Шилтемелер]

^ 14-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган, учурда басылбайт.

^ 22-абз. НАСА — бул башка мамлекеттик агенттиктерден көзкарандысыз иш жүргүзгөн мамлекеттик уюм.

^ 30-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Камкор Жараткан барбы?» китебинин «Жаратуу жөнүндөгү байыркы билдирүүгө ишенүүгө болобу?» деп аталган 6-бөлүмүн карагыла.

[20-беттеги кыстырма]

Толук эмес жумуш убактысы менен иштеп үй-бүлөмдү багып жатам.

[23-беттеги сүрөт]

«Чандра» (НАСА) рентген обсерваториясы орбитада жана кара көңдөйдүн бинардык системада көрүнүшү.

[Булак]

NASA Photo

NASA/CfA/J. McClintock et al.

[23-беттеги сүрөт]

Аялым экөөбүз Кудайга толук убакыттуу кызмат кылуудан кубаныч алуудабыз.