Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үй тапшырмаларын аткарууга кантип убакыт табам?

Үй тапшырмаларын аткарууга кантип убакыт табам?

Жаштардын суроолору:

Үй тапшырмаларын аткарууга кантип убакыт табам?

«Акыркы класста окуйм, аябай чарчадым... Рефераттардын, оозеки айтып бере турган тапшырмалардын көптүгүнөн башым айланат. Даярданганга убакыт жок» (18 жаштагы кыздын сөзү).

КҮНҮНКҮСҮН күнүгө берилген тапшырмалар мойнуңа артылган оор жүктөй сезилеби? Мектепте окуган балдардын көбүнө ошондой сезилет. «Өлкөдө мектептердин билим берүү деңгээлин жана окуучулардын жетишүүсүн жогорулатуу көздөлгөндүктөн, мугалимдер окуучуларга үстөккө-босток үй тапшырма берүүдө,— деп маалымдалат Американын бир басылмасында.— Жогорку класстарда окуган балдар үй тапшырмаларын аткарууга күнүнө үч сааттан ашуун убакыт жумшашат. Мичиган университетинде жүргүзүлгөн изилдөөдөн аныкталгандай, азыркы балдарга 20 жыл мурун алар теңдүүлөргө берилген үй тапшырмалардан үч эсе көп тапшырма берилет».

Мындай көрүнүш Америкадан башка өлкөлөрдө да бар. Айталы, Кошмо Штаттарда 13 жашар окуучулардын — 30 пайызы, Тайвань менен Кореяда — 40 пайызы, Францияда 50дөн ашуун пайызы үй тапшырмасын аткарууга күнүнө эки сааттан ашык убакыт коротот. «Үй иши көп берилгендиктен кээде суй жыгыла чарчайм»,— деп капаланат АКШнын университетинин студенти Кейти. Марселдеги (Франция) мектепте окуган Мэрилин менен Белинда да өзүлөрүн ошондой сезишет. «Сабак жасоого күндө кечинде эки саат, кээде андан да көп убакыт кетет,— дейт Мэрилин.— Эгер алардан башка да иштерди жасаш керек болсо, убакыт табуу кыйын».

Убакытты кантип табууга болот?

Күн сайын суткага бир-эки саат кошуп коюуга мүмкүн болсо, кандай сонун болор эле: анда сабакты даярдаганга да, башка иштерди жасоого да убакыт кенен жетпейт беле. Бирок ошол өңдүү бир чара көрүүгө болот. Ан үчүн Эфестиктерге 5:15, 16-аяттардагы: «Кандай жашап жатканыңарга көңүл коюп карап, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла. Убакытты пайдалана билгиле»,— деген ыйык китептик принципти колдоно билүү зарыл. Бул сөздөр үй тапшырмаларын аткарууга карата айтылбаса да, алардын негизинде жаткан принцип күнүмдүк жашоонун ар кайсы тармактарында колдонорлук. Кээде бир буюм сатып алыш үчүн, башка нерселерден баш тартууга туура келет. Ошол сыяктуу эле, сен да сабактарыңды аткарууга убакыт табам десең, айрым иштерден баш тартышың керек. Кайсы иштерден?

Жулиан мындай кеңеш берет: «Биринчи кезекте жасай турган иштериңдин тизмесин түзүп ал». Башкача айтканда, эмнелерди биринчи кезекте жасоо керектигин аныктап ал. Башкы орунда Кудайдын элинин жыйналыштары менен рухий иштер турууга тийиш. Ошол эле учурда, үйдөгүлөргө байланыштуу милдеттериңди, үй иштерин жана, албетте, мектептен берилген тапшырмаларды унутпа.

Эми бир жума бою өзүңдүн убактыңды чынында эмнеге кетирериңди текшерип көрүп, байкагандарыңды жазып ал. Байкооңдун натыйжасы таң калтырышы ыктымал. Телекөрсөтүүлөргө, Интернетке, киного барууга, телефон менен сүйлөшүүгө, досторуңа канча убактың кетет? Андан соң ал тизмеңди маанилүү иштериңдин тизмеги менен салыштырып көр. Телекөрсөтүүлөрдү көрүүгө, телефон менен сүйлөшүүгө, Интернетти «казууга» жана башка ушул өңдүү иштерге кеткен убактыңды азайтсаң, көп убакыт бошоору бышык.

Маанилүүсүн мурун жаса

Албетте, айтылгандар эч кандай телекөрсөтүүлөрдү көрбө дегендик эмес. Маанилүү иштерди ар дайым биринчи кезекте жасоону эреже кылып ал. Ыйык Китепте «эң жакшысын», башкача айтканда, маанилүү нерселерди ажырата билүүнүн зарыл экендиги баса көрсөтүлгөн (Филипиликтерге 1:10). Окуу абдан маанилүү, ошондуктан үйдөгү иштерди жасап, жыйналышка даярданып, сабактарыңды жасап бүтмөйүн телевизор көрбөөнү эреже кылып ал. Албетте, жакшы көргөн телеберүүңдү көрбөй калсаң, капаланбай койбойсуң. Бирок өзүң деле айтчы, жакшы көргөн бир эле телеберүүңдү көргөнү олтуруп, бирок кийинкилерине кызыгып кетип убактыңдын баарын «өлтүргөн» учурларың канча жолу кайталанды эле?

Жыйналыштарга баруунун маанилүүлүгүн да түшүнүшүң керек. Айталы, жакында кыйын текшерүү иши болорун же татаал үй тапшырмасы берилерин билсең, кийин жыйналыштарды калтырбаш үчүн, күн мурун даярдана баштасаң болоттур. Атүгүл, рухий иш-чаралар бар күндөрү колуң бош болуш үчүн, мугалимдериң менен сүйлөшүп, жагдайды сылык түшүндүрүп, алдын ала тапшырма беришин сурап көрөттүрсүң. Айрым мугалимдер макул болушу мүмкүн.

Дагы бир пайдалуу принцип Ыйсаны жолдогон Марта жөнүндөгү билдирүүдө камтылат. Ал эмгекчил, мээнеткеч болгон, бирок алгач эмнеге көңүл буруш керектигин аныктай алган эмес. Ошондуктан Ыйса келгенде түрлүү, татаал тамак-аш жасайм деп жатып абдан чарчайт. Ал эми биртууганы Мариям Ыйсанын айткандарын кунт коюп угуп олтурат. Марта Мариямдын жардам бербегенине нааразы болгондо, Ыйса мындай дейт: «Марта, Марта! Сен көп нерсе менен алектенип, убара болуп жатасың. Бирок бир гана нерсе керек. Мариям эч ким тартып алгыс жакшы үлүштү тандап алды» (Лука 10:41, 42).

Бул мисал жашоону татаалдантпоонун маанилүүлүгүн көрсөтөт. Ыйсанын ал кеңешин кантип колдоно аласың? «Көп нерсе менен алектенип», мисалы, сабактан кийин иштеп да, үй тапшырмаларын аткарып да жетишем деп «убара болосуңбу»? Үй-бүлөңөр чынында эле кошумча акчага муктажбы? Же көп деле зарылдыгы жок нерселерди сатып алгың келгендиктен иштеп жатасыңбы?

Айрым өлкөлөрдө өспүрүмдөр машине сатып алууга ынтызар. Орто мектептин кеңеш берүүчүсү Карен Тёрнер түшүндүргөндөй, «учурда өспүрүмдөргө көрсөтүлгөн кысым абдан күчтүү: алардын эси-дарты — акчаны кайдан, кантип тапсам. Себеби машине дегенге далай акча кетет эмеспи». Ошол эле учурда, Тёрнер сөзүн минтип жыйынтыктайт: «Кыйынчылык сыйышпас нерселерди сыйыштырууга аракеттенүүдөн улам пайда болот: ийрим, машыгуу, сабактан кийинки жумуш, андан тышкары, мектепте окуунун милдеттери... Арты келип, окуучу ал-күчтөн таят». Анда чоң муктаждык болбосо, жашооңду татаалдандыруунун кереги барбы? Эгер сабактардан артта калып баратсаң, жумуш маалын кыскартып же иштебей эле койгонуң оңдур.

Мектептен убакыт тап

Балким, мектептен кийинки гана эмес, сабак маалындагы убактыңды да туура пайдалана алаттырсың? «Мен үй тапшырмалардын көбүн өз алдынча иштөө маалында жасап коюуга аракеттенем,— дейт Жошуа.— Ошенткен ыңгайлуу, анткени түшүнбөгөн жерлериңди дароо мугалимден сурап алсаң болот».

Жакшылап ойлонуп көрүп, факультативдик сабактарды азайта алаттырсың. Балким, сабактан тышкаркы кошумча мектеп иштеринин кээсинен баш тартууга туура келеттир. Күнтартибиңе ошол өңдүү бир аз өзгөрүүлөрдү киргизсең, үй тапшырмаларын аткарууга көбүрөөк убакыт бошойт.

Убактыңды текке кетирбе

Кош, ошентип, жасаган иштериңди карап чыгып, айрымдарынан баш тартып, үй тапшырмаларыңды аткарууга көбүрөөк убакыт бошоду дейли. Эми ал убакытты канткенде туура пайдалана аласың? Эгер үй тапшырмасын адаттагыдан эки эсе көбүрөөк жасай алсаң, убактың эки эсе көбөйгөн менен бирдей. Бул боюнча, төмөндө бир нече кеңеш берилди:

План түзүп ал. Үй тапшырмасын аткарууга киришерде буларды ойлонуп ал: кайсы сабактан баштасаң жакшы? Ага канча убакыт кетет? Кандай китеп, дептер, калем, калькулятор... керектелет?

Ыңгайлуу жер танда. Алаксыткан эч нерсе болбосун. «Жазуу үстөлү бар болсо жакшы,— дейт Элис.— Сабакты керебетте жатып алып жасагандан көрө, олтуруп жасасаң, көңүл топтоо жеңилирээк». Сабак жасоого ылайыктуу өзүнчө бөлмө жок болсо, үйүңдөгүлөрдөн сабак жасап жатканыңда алаксытпоону суран. Ошондой эле сейил багына же китепканага барып даярданууну чечеттирсиң. А эгер өзүнчө бөлмөң бар болсо, телевизор же катуу музыка тоскоолдук кылышына жол бербе.

Маал-маалы менен эс алып тур. Сабак жасап жатканда чарчап кетсең, бир аз тыныгып ал.

Кийинкиге калтырба! «Менин баарын ананга калтыра бермей адатым бар. Кыстап келмейин, эч нерсе жасабай жүрө берем»,— дейт жогоруда айтылган Кейти. Эгер сен да өзүңдүн ошондой экениңди байкасаң, ар бир ишти аткарар убактыңды белгилеп ал да, ага карманууга аракеттен.

Үй тапшырмасын аткаруу абдан маанилүү болгону менен, Ыйса Мартага түшүндүргөндөй, баарынан маанилүүсү — рухий иштер. Сабакка даярдануу менен гана алек болуп, Ыйык Китепти окууга, кабар айтууга жана жыйналышка катышууга көңүл бурбай калба. Себеби алардан сенин түбөлүк өмүрүң жана жыргалчылыгың көзкаранды! (Забур 1:1, 2; Эврейлерге 10:24, 25).

[15-беттеги сүрөт]

Көп иш менен алектенгенде, үй тапшырмасын аткарууга убакыт табуу кыйын болот.

[15-беттеги сүрөт]

Жыйнактуу болсоң, үй тапшырмасын аткарууга көп убакыт бошойт.