Абайлагыла: «жырткыч» өсүмдүктөр!
Абайлагыла: «жырткыч» өсүмдүктөр!
Улуу Британиядагы кабарчыбыздан
ЖАНЫБАРЛАР, негизинен, өсүмдүк менен азыктанары баарыбызга маалым. Ал эми айрым өсүмдүктөрдүн курт-кумурска менен азыктанарын билчү белеңер? Учурда андай кызыктуу өсүмдүктөрдүн, мурунтан белгилүү болуп келген 550 түрүнөн тышкары, дагы жаңы түрлөрү табылууда. Аларда фотосинтез процесси жүрөт, бирок айрымдарына, топурагы арык жерлерде өскөндүктөн, азот өңдүү зарыл азык заттар жетишсиз. Андыктан ар кандай курт-кумурскалар — алар үчүн маанилүү азык.
Алардын ар түрүнүн олжо кармоо жолу ар башка. Айрымдары жемин — «чаптырмалуу капканга», башкасы сыйгалак «орго» же илээшкек «тузакка» түшүрөт. Аларга түшкөн соң — артка жол жок. Эмесе, курт-кумурска менен азыктанган өсүмдүктөрдүн кээси менен жакыныраак таанышып чыгалы.
Чаптырмалуу капкан
Андай өсүмдүктөрдүн ичинен белгилүүсү — Dionaea muscipula. Ал — Түндүк Америкадагы Түндүк жана Түштүк Каролинанын чым көңдүү саздарында өскөн, бийиктиги 30 сантиметрге жеткен өсүмдүк. Анын курт-кумурскаларды өзүнө тарткан шире бөлүп чыгаруучу безчелүү жалбырактары ачык түстүү, жалтырак келет. Бирок дал ошо жалбырактары коркунуч туудурат, анткени ар биринин ортосунда үч «кароолчу» түкчө жайгашкан. Бейкапар бараткан жандык түкчөлөрүнө тийди дегиче, жалбырак шарт жабылат. Жалбырактын четиндеги тишчелери, кош жаак темир капкан чабылган сыяктуу, олжосу бошонуп кетпеши үчүн, бекем чабылып калат.
Эгер ага шамал айдап келген куурай же кыпын түшсө, бир-эки күндөн кийин кайра коё берилет. А эгер өсүмдүктүн сезгич органдары капканга азоттук бирикмелери бар курт-кумурска түшкөнүн аныктаса, аш болумдуу заттарды сиңирүүгө керектелүүчү ферменттерди иштеп чыгара баштайт. Ал процесс, олжосунун көлөмүнө жараша, 10—35 күнгө созулат.
Кызыгы, «кароолчу» түкчөлөрдүн бири гана кыймылга келтирилсе (мисалы, жамгырдын тамчысы менен), «капкан» чабылбайт. Эки же андан көп түкчөлөрү 20 секунд аралыгында болсо да кыймылдаганда гана жалбырак жабылат.
Жабылуу ылдамдыгы температура менен жарыкка жараша болот. Айрым жагдайларда секунддун үчтөн бир бөлүгүнчөлүк ылдамдык ичинде жабылып калат.«Жырткыч» өсүмдүктөрдүн кээсинин «капканы» андан да ылдам жабылат. Мисалга көбүнесе сууда өсүп, жалбырагы суунун астында жайгашкан ыйлаакчалар тукумундагы Utricularia vulgaris өсүмдүгүн алалы. Анын жалбырактарында бир нече узун түктүү, капкакчалуу ыйлаакча болот. Майда-барат жандыктар, айталы, суу бүргөлөрү, ошол түктөрүнө тийгенде, капкакчасы ачылат. Ыйлаакчанын ичиндеги басым сырттагы басымга караганда төмөн болгондуктан, бүргө ыйлаакчанын ичине сорулуп кетет да, камалып калат. Ал кээде секунддун жүздөн 35 бөлүгүнчөлүк убакыт ылдамдыгында болуп өтөт!
Сыйгалак «ор»
Эң ири өсүмдүк-«жырткычтар» — непентестер тукумундагы өсүмдүктөр. Кээси, мисалы, Азиянын түштүк-чыгышында кездешкендери, бактардын бутактарына чырмалып өсөт. Алардын «капкандары» эки литрдей суюктук көтөрө алат, ошонун эсебинде чоңдугу баканын көлөмүнө жеткен жандыктар да кармалат. Айрымдарына келемиш түшкөн учурлар да болот. «Капкандын» ал түрү кандайча иштейт?
Анын кумура сымал жалбырактарынын ар биринин жаандан коргогон капкакчасы болот. «Кумура» жалбырактын ачык түсү, ичиндеги ширеси курт-кумурсканы кызыктырат. Чети сыйгалак болгондуктан, кандайдыр бир жандык ичиндеги толуп турган ширеге жетүүгө аракеттенгенде сыйгаланып түшүп кетет. Ичиндеги түктөр төмөн кайрылып өскөндүктөн, түшкөн «олжо» «ордон» чыгып кете албайт. Анын үстүнө, непентестер тукумундагы кээ бир өсүмдүктөрдүн ширесинин курамында ичкен жандыктын башын айлантып салма баңгизат бар.
Непентестер тукумундагы өсүмдүктөрдүн эң кызыктуусу — АКШдагы Калифорния менен Орегонанын тоолорунда өскөн Darlingtonia californica. Бул өсүмдүк капталдарын жазып, кол салууга даярданып турган чекир жыланды элестетет. Чымын-чиркей ичине кирип, андагы жылчыкчалардан түшкөн жарыкка алданып,
учуп, чыгып кетүүгө далбас ура берет — бирок куру бекер. Акыры, алы кеткенде суюктукка түшүп, чөгүп кетет.Өзүбүз үчүн жана сатууга өстүрүү
Pinguicula vulgaris өсүмдүгүнүн жабышкак жалбырактары чүмбөт өсүмдүктөрүнө жана бөлмө өсүмдүктөрүнө зыян келтирген чиркейлер менен көпөлөктөрдү кызыктырат. Адамдын зыянкечтер менен күрөшүүдө колдонгон ыкмалары натыйжалуу болсо да, адатта, андайда курт-кумурсканын бардык түрү, өсүмдүктөрдү чаңдаштырган аары же курт-кумурскалар да кырылат. Айтылуу илээшкек өсүмдүк болсо андай ыкмалардан кыйла натыйжалуу, себеби ал эң майда зыянкечтерди гана кармайт.
Түндүк Американын саррацениялар тукумундагы өсүмдүктөрү учурда бакчылар арасында чоң кызыгууга ээ болууда. Башка өсүмдүктөрдөн айырмаланып, алардын гүлдөрү, жалбырактары ажайып кооз; аны өстүрүү да оңой. Маанилүүсү, алар чымындарды көп кармайт. Маалында жалбырактарынын ар бир тобу жүз миңдеген чымындарды кармайт. Ошол эле учурда аарыларга коркунуч туудурбайт, себеби аарылар сарраценияларга кызыкпайт шекилдүү. Эмне үчүн саррацениялар аларды чаңдаштырган жандыктарды «жебейт»? Себеби алар жалбырагы жаңы өсүп келатканда гүл ачат. Жалбырагы өсүп жетилген маалда гүлдөрү эчак куурап калган болот, ошон үчүн чаңдаштырууга катышкан жандыктар үчүн коркунуч туудурбайт.
Дагы бир оңой өстүрүлүүчү, ар кандай температурага байымдуу өсүмдүктөрдүн бири — Австралия росянкасы. «Кечинде эшикте олтурганда чиркейлер тажата берсе, бул өсүмдүк жакшы коргойт,— дейт Лондондогу өсүмдүк өстүрүү боюнча билим берүү борборунун курт-кумурска менен азыктанган өсүмдүктөрдү изилдөө боюнча адиси Крис Хит.— Росянканы себетке олтургузуп, илип койсо, илээшкек ыйлаакчалары чагылышып чиркейлерди өзүнө тартат». Жалбыракка чиркей тийди дегиче, илээшкек талчалары аны «шап» кармайт да, ичине кайрылып, жалбырактын бетине басып таштайт.
«Жырткыч» өсүмдүктөрдү коргоо
Тилекке каршы, курт-кумурска менен азыктанган өсүмдүктөрдүн көбү адамдар жаратылышка зыян келтирип жаткан жактарда өсөт. Айталы, Түштүк-Чыгыш Азияда кыюу жана өрттөө жолу менен токойлорду жок кылып, жер иштетүүнүн кесепетинен улам саррацениянын бир түрү жок болуу коркунучу алдында турат. Башка жактарда саздуу жерлер кургатылууда. Натыйжада өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү жок болуп кетти *.
Силер да ушундай өсүмдүктөрдү өстүргүңөр келеби? Ан үчүн токойго барып издөөнүн зарылдыгы жок, анткени алардын уругунан же клеткасынан өстүрүлүп чыгарылган көптөгөн түрлөрү питомниктерде сатылат. Аларды өстүрүү да татаал эмес: топурагы дайым ным болууга тийиш, жаандын суусу менен сугаруу талап. Алар күндү жакшы көрөт, бирок мээлүүн алкактуу жерлерде өскөндөрү кышкысын салкын жерде турганы абзел. Ошону менен бирге, чыдамкайлык талап кылынат, анткени ал үч жыл дегенде барып чоңоюшу мүмкүн. Бирок бир нерседен кам санабаса болот: алар азыгын өзүлөрү таап «жейт».
[Шилтеме]
^ 19-абз. Курт-кумурска менен азыктануучу өсүмдүктөрдүн кээси Жок болуп бараткан түрлөргө эларалык соода кылуу конвенциясы тарабынан коргоого алынган.
[19-беттеги кутуча]
▪ Козукарындар азыгы
Курт-кумурска менен азыктануучу өсүмдүктөрдүн эң кичинеси — топуракта жашаган микроскоптук жумуру курттар, нематодалар, менен азыктанган козукарындар. Алардын кээсинин талчаларында илээшкек учтары болсо, башкаларынын үч клеткадан турган, жоондугу сантиметрдин миңден бир бөлүгүнчөлүк келген шакекчелери бар. Ал шакекчелер ортосунан капарсыз өтүп бараткан жумуру курттарды кысып калат. Козукарындын жипчелери курттун денесин тешип өтүп, аны бат эле өлтүрүп таштайт. Учурда эгинге зыян келтирип, жылына жүз миллиондогон долларлык чыгашага учуратып жаткан жумуру курттарга каршы биологиялык жол менен күрөшүү үчүн ушул козукарындарды колдонуу жолдорун ачуу максатында изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.
[27-беттеги кутуча]
▪ Курт-кумурскалардын каршылыгы
Курт-кумурскалардын баары эле бул өсүмдүккө алдана бербейт. Мисалы, этчил чымындын буттарында түкчөлөр болот. Алар чымынга, альпинисттин бут кийиминдеги бүдүрчөлөр сыяктуу, саррацениянын ылдый багытталган түкчөлөрү менен жогору чыгып кетүүгө жардам берет. Чымындын жумурткаларынан чыккан бутсуз окуралар саррацениянын ичиндеги өлүк курт-кумурскалар менен азыктанышат. Ал эми куурчакчага айланар алдында алар «кумураны» тешип, сыртка чыгып кетет. Көпөлөктүн малагы болсо саррацениянын түкчөлөрүн желелеп салат. Айрым «айлакер» жөргөмүштөр да ал өсүмдүккө кызыгып келген курт-кумурскаларды кармаш үчүн, жалбырагынын үстүнө желе тартып алышат. Ошондой эле жөргөмүштүн, бери дегенде, бир түрүнүн өзгөчө териси ага коркунуч туулган маалдарда саррацениянын азык эритүүчү ширесине баш калкалай калууга мүмкүнчүлүк берет.
[16-беттеги сүрөт]
Саррацениянын кумура сымал жалбырагы.
[Булак]
Dionaea muscipula
Солдо: чымын жабышкан жалбырак; оңдо: жалбырактын «кароолчу» түкчөлөрү.
[Булак]
Plants: Copyright Chris Heath, Kentish Town City Farm, London
[17-беттеги толук беттүү сүрөт]
Darlingtonia californica гүлү жана анын жетиле элек кумура сымал жалбырагы.
[Булак]
Copyright Chris Heath, Kentish Town City Farm, London
[18-беттеги сүрөт]
Түндүк Америка саррацениясы. Гүлүнүн көлөмү апельсиндей.
[Булак]
Pinguicula vulgaris. Анын илээшкек жалбырактарына чиркейлер менен көпөлөктөр жабышат.
Түштүк Америка саррацениясынын жалбырактары. Тиркеме: чымын уктатуучу шире ичип жатат.
Росянка. Илээшкек түкчөлөргө жабышкан «олжо».
[Булак]
Plants: Copyright Chris Heath, Kentish Town City Farm, London