Анд тоолорунда да төөлөр барбы?
Анд тоолорунда да төөлөр барбы?
ПЕРУДАГЫ КАБАРЧЫБЫЗДАН
ТҮШТҮК АМЕРИКАДА да төөлөр барбы? Айрымдардын минтип таң калышынын себеби бу чөл жаныбары көбүнчө Африка менен Азияда кездешет. Ал өлкөлөрдү мекендеген төөлөр Түштүк Америкадагы ламалар менен бир тукумга — төөлөр тукумуна — кирет *. Бар болгону, Түштүк Америка ламасы, алыс «туугандарынан» айырмаланып, өркөчсүз. Бою орто бойлуу адамдыкына жетет, бирок сыңар өркөчтүү төө — дромедар — менен айры өркөч төөнүн — бактриандын — жонуна да жетпейт.
Түштүк Америка ламаларына айрыкча Анддан, тагыраак айтканда, Боливия менен Перудан байкоо салуу ыңгайлуу. Аларды Түштүк Американын башка да жактарынан, мисалы, Патагония менен Оттуу жерден (Аргентина менен Чилиден) кезиктирүүгө болот.
Ламалардын кериле басышы, ийкемдүү кыймылы бир укмуш! Алардын аска-тоолорго оңой эле чыгып кетиши да таңыркатат. Таманы жумшак келгендиктен, басыгы жеңил.
Анын туягына азыркы спорт бут кийимдеринин алдыңкылары да тең келе албас.Анд тоолорунун чөбү аз, топурагы жука, арык. Жылкылар менен качырлардыкына салыштырмалуу Түштүк Америка ламасынын туяктары топурак кыртышына зыян келтирбейт. Ошондой эле алардын тиши менен таңдайынын өзгөчө түзүлүшү чөптүн тамырына залал келтирбей оттоого мүмкүнчүлүк берет.
Бийик тоодо жашай алган жан-жаныбар аз. Түштүк Америка ламасынын канында эритроцит көп болгондуктан, ал бийик Анд тоолорунда өзүн жакшы сезет.
Оңой менен отун табылбаган жерлерде анын тезеги укмуш отун болот. Лама өз аймагынын «чек арасын» заңы менен белгилегендиктен, тезегин терип алуудан оңой иш жок. Анын үстүнө, андай отун бакка окшоп кыюуну талап кылбайт, Анддын климаты кургак келгендиктен, бат да кургайт.
Бир кездерде ламалар диний ырым-жырымдар үчүн колдонулган. Мисалы, Перунун түштүгүндөгү Чирибаяда кадимки ламалар менен альпакаларды түлөөгө чалып, үйлөрүнүн астына көмүшчү экен. Тарыхчылардын ырастоосу боюнча, ай жаңырган сайын Кусконун башкы аянты Хаукай-патада — атайы бордолгон ак ламаларды жүздөп, ал эми Инти райми майрамында теңир-күнгө арнап андан азыраак санда түлөөгө чалышкан. Бүгүнкү күндө лама ырым-жырым максатында дээрлик колдонулбайт. А бирок даамы музоонукуна окшош эти абдан бааланат.
Муздаткычтар чыга элек байыркы кездерде инкалар Анддагы температуранын жана аба басымынын төмөндүгүнөн пайдаланып ламанын этин кургатып, сактап коюшчу. Алар андай күлазыкты «чарки» деп аташчу.
Биз бу жаныбарды пайдасы үчүн гана эмес, башка бардык жаратуулардай эле, Кудайга даңк алып келгендиги үчүн баалашыбыз керек (Забур 148:10, 13).
[Шилтемер]
^ 3-абз. Түштүк Америкада ламанын төрт түрү: альпака, гуанако, кадимки лама жана викунья кездешет. Булардан аргындаштыруу жолу менен гибриддер да чыгарылат.
[16-беттеги кутуча/сүрөт]
Гуанако — жаныбардын чыдамдуу жана көтөрүмдүү сулуусу
Бул сымбаттуу жаныбар ары аярлуу, ары камкор мамиле талап кылчудай көрүнөт. Бирок гуанако аба ырайы катаал жактарда — Анд тоолорунун чокуларынан тартып, Аргентина менен Чилинин түштүгүндөгү Патагония менен Оттуу жерге чейин — кездешет. Андай шарттарда жашаган гуанаколор өсүмдүктөрдүн тамыр-сабактарын жеп, сапаты начар суу иче берет. Ал саатына 65 километр ылдамдыкта сүзүп да, чуркай да алат. Анын калың кирпиктери көзүн күн нурунан, шамалдан, чаң-топурактан коргойт. Өкүнүчтүүсү, эти, териси, альпаканыкынан уяңыраак келген жүнү үчүн аларга мыйзамсыз аңчылык көп жасалат.
[Булак]
© Joe McDonald
[16-беттеги кутуча]
Альпака — калың тондуу жаныбар
Суук чучукка жетип, абанын температурасы 50 градус Цельсийге барган жерлерден калың, саксагай жүндүү альпакаларды жолуктурууга болот. Анын уяң жүнү койдукунан бышык. Тумшугу куушураак келгендиктен, Анддагы аска-таштын жарака-коңулунда өскөн тулаң чөпкө оңой жетет, бирок ал үчүн саздактуу жерлердин жаш чөбүнөн өтөрү жок. Ламанын башка түрлөрүндөй эле, альпака суу ичпей көпкө чыдай алат.
[17-беттеги кутуча/сүрөт]
Викунья — «боркоктуу» жаныбар
Викунья Анд тоолорунун абанын температурасы нөлдүн тегерегиндеги бийик жерлеринде жашаса да, жүнү кыска, мындайча айтканда, «кийими» жеңил; жүнү — дүйнөдөгү баалуу жүндөрдүн бири. Омуроосунда, боркок сымал, үлпүлдөк чууда сеңселет. Чоң викунья эки жылда бир кыркылып, бир килограммга жетип-жетпеген жүн берет. Ошондуктан анын жүнүнөн ийрилген жип сейрек да, баалуу да. Андан токулган мыкты нооту кездеменин бир метри 3 000 АКШ долларынан да кымбат турат.
Инкалар доорон сүрүп турган маалда викунья мыйзам тарабынан кайтарууга алынган. Анын жүнүн кыркып алуу үчүн инкалар «чаку» деп атап коюшкан аңчылык каадасын аткарышчу. Андай жүндөн токулган кийимди жолбашчынын үй-бүлө мүчөлөрү гана кийишкен. Акыркы жылдары алиги аңчылык каадасы кайрадан күчүнө киргендиктен, викуньяларга мыйзамсыз аңчылык жасоого тыюу салуучу мыйзамдар кайра кабыл алынды.
Ал аңчылык мындайча жүрөт: жапайы викуньяларды оозу 300 метрче кенен, бирок улам тарый берген кашаага айдап киргизип, четинен жүнүн кыркып алган соң коё беришет.
[Булак]
© Wilfredo Loayza/PromPerú
[17-беттеги кутуча]
Кадимки лама — Андда жашагандардын унаасы
Кадимки лама эшектей күчтүү, жылкыдай күлүк болбосо да, экөөнөн өтөрлүк унаа. Ал 60 килограммга жакын жүк көтөрө алат. Жүгү өтө оор сезилсе, чөк түшөт да, өзү туура көргөн деңгээлге чейин жеңилдетилмейин, ордунан козголбойт. Андайда кимдир бирөө турууга мажбурласа, үч ашказанынын биринчисиндеги ашын кулгуп жиберип, ушундай бир таамай, катуу жаба түкүрөт.
А бирок лама, жалпы жонунан, жоош мал. Ага жылуу-жумшак мамиле кылып, кербен улаштырган адам башка унаалар чыдай албаган кычкылтеги аз бийик ашуулардан өтө алат. Ламалар, негизи, тоолуу жерлерде өзүлөрүн жакшы сезгендиктен жалаң гана Андда эмес, Италиянын Альп тоолорунда да теңдешсиз унаа катары кызмат кылат. Аны комдогондо колдонулуучу аркан, жабдык, кийиз болобу — баарын өзүнүн жүнүнөн жасаса болот.
[15-беттеги сүрөттүн булагы]
Map: Mountain High Maps® Copyright © 1997 Digital Wisdom, Inc.; llamas: © Alejandro Balaguer/PromPerú