Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Майлиндин бети жаңырат

Майлиндин бети жаңырат

Майлиндин бети жаңырат

АЙТЫП БЕРГЕН — МАЙЛИНДИН АПАСЫ

11 жашар Майлиниме, жанымдай көргөн кызыма, эмне үчүн жаңы бет керек? Себебин айтып берейин.

Майлин — экинчи кызым. Ал 1992-жылы 5-августта Кубанын Ольгин шаарында төрөлдү. Көз жарганымда, атасы, эжеси, өзүм — баарыбыз сүйүнүчүбүздү койнубузга сыйдыра албай жаттык. А бирок, каргаша басып, кубанычыбыз көпкө созулган жок: бир нече күндөн кийин эле суу чечек менен ооруп калдым; бир айдан кийин Майлинге жукту.

Башында кызымдын абалы сестентерлик деле көрүнгөн эмес, бирок бара-бара начарлай бергенинен, ооруканага жаткырууга туура келди. Врачтар жакшы карап жатышты, ошентсе да организминин коргонуу касиети начарлап калган экен: инфекция жугузуп алды. Анан эле кызымдын мурдуна бир башкача кызыл так түшкөнүн байкадым. Врачтар анын өтө сейрек кездешүүчү, күчтүү бактериядан улам пайда болгонун аныкташты.

Майлинге дароо антибиотиктерди куя башташса да, бактерия анын бети-башын бат эле жабыркатып жиберди. Врачтар антип-минтип инфекциянын өрчүшүн токтоткуча, кызымдын мурду, эриндери — дээрлик бүтүндөй, ал эми бүйлөсү менен ээги жарым-жартылай желип калды. Бир көзүнүн жанында болсо перфорация — көңдөйчө — пайда болду.

Күйөөм экөөбүз кызыбызды көргөндө кармана албай ыйлап жибердик. Ушу кенедей кызыбызга эмне үчүн мындай балаа жармашты? Майлин бир нече күн бою интенсивдүү терапия бөлүмүндө жатты. Врачтар анын аман каларына шектене башташты. Жолдошум болсо: «Жагдай мындан да начар жагына ооп кетиши мүмкүн»,— деп улам эскертет. Бирок инкубаторго колумду салып, Майлинимдин кичинекей колунан алганымда, ушунчалык тырмыша кармады. Ошондо анын аман каларына көзүм жетип, күйөөмө айттым: «Жок, кызыбыз өлбөйт. Бирок байкушумдун алдында эмне деген жашоо турат?!» Ошентип, күндө эртең менен түшүбүз болуп жүрбөсүн деп ойгонобуз — бирок кайдан...

Биз ооруканада жүргөнүбүздө, алты жашар улуу кызыбыз Майделис таене-таятасыныкында турган. Аныбыздын бөбөгүн көрсөм дегенде эки көзү төрт болуп жүрдү. Бирок кайра көргөндө, мурун көктөй тунук, бакыракай көздүү, куурчактай болгон сиңдиси таптакыр таанылгыс болуп калган: өңү бузулуп, серт эле.

«Эмне үчүн балам мынчалык кыйналышы керек?»

Бир жарым айдан кийин Майлинди ооруканадан чыгарышты. Шаарга барбай туралы дедик, анткени кызыбызды бирөө-жарымга көрсөткүбүз келген жок. Шаардын чекесиндеги ата-энемдин фермасынын жанында чакан бир батирде жашап турдук.

Майлиндин оозу ооз эмес эле, кичинекей тешик болуп калгандыктан, эмчек эме алчу эмес. Ошондуктан сүтүмдү саап алып, аз-аздан ичирип жаттым. Жарааты айыга баштаганда, ал тешиги дээрлик бүтөлүп калды. Аргасыз бөтөлкө менен суюк тамак берип жүрдүм. Анан Майлин бирге чыкканда, Ольгинге кайтып келип, алиги тешигин чоңойтуш үчүн төрт операция жасатууга туура келди.

Башымдан: «Эмне үчүн балам мынчалык кыйналышы керек?» — деген суроо кетпейт. Жооп алуунун далалатында спиритизм борборлоруна барып, диний элес-сүрөттөргө сыйынып жүрдүм. Бирок эч бир жубатуу тапканым жок. Туугандарыбыз менен курбуларыбыздын кээсинин айткандары да катуу тийип, ого бетер бушайман кылат. Кээси: «Кудай ушинтип койгон турбайбы. Эмне үчүн анткенин өзү гана билбесе...» — десе, башкалары: «Муну да Кудайдын жазасы деп бил»,— дейт. Майлинге чоңойгондо эмне дээримди ойлосом, заманам тарыйт. Бир күнү кызым, анда кичинекей эле кези, атасынан: «Эмне үчүн менин мурдум жок, башкалардыкы бар го?» — деп сурады. Атасы жооп айта албай, тамагы буулуп, эшикке чыгып кетти. Айла канча, эптеп бирдеме деп түшүндүрүмүш болдум. Майлин «оозу-мурдуңду кичинекей доңуз жеп кеткен» дечүсүң деп али күнчө эстейт.

Үмүт шооласы

Бир күнү катуу кыйналып кеткенимде, кошуна турган бир аялдын Жахабанын Күбөсү экени эсиме түштү. Ага кайрылып, баламдын азап тартышына Кудайдын эмне үчүн жол бергенин Ыйык Китеп менен түшүндүрүп берүүнү сурадым. «Бул оору менин кетирген күнөөлөрүм үчүн Кудайдын берген жазасы болсо, азапты эмнеге Майлин тартат?!» — дедим.

Кошунам экөөбүз «Сен жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашай аласың» * аттуу китептин жардамы менен Ыйык Китепти изилдей баштадык. Бара-бара башыбызга түшкөн бактысыздыкка Кудай себепкер эмес экенин, тескерисинче, анын бизге кам көрөрүн түшүнө баштадым (Жакып 1:13; 1 Петир 5:7). Ыйса Машайак башчылык кылган асман Падышалыгы аркылуу азап-кайгыны түбөлүккө жок кыларына байланыштуу кереметтүү үмүт бергени үчүн Кудайга ыраазычылыгым улам тереңдей берди (Матай 6:9, 10; Аян 21:3, 4). Билгендерим кайрат берип, Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарына барууга түрткү алдым. Адегенде жолдошум жаңы рухий кызыгуумду жактырган жок. Бирок Ыйык Китепти изилдөө оор жагдайыбыз менен күрөшүүгө жардам берип жатканын көрүп, тыюу салган жок.

Чет өлкөдөн алган жардамыбыз

Майлин экиге чыгып калганда, Мексикадагы пластикалык хирургия жагынан атагы чыккан бир хирург кызыбыздын абалын билип, бекер операция жасап берүүнү сунуш кылды. Биринчи операциялар 1994-жылы жасалды. Майлин экөөбүз Мексикада бир жылча жүрүп калдык. Башында Жахабанын Күбөлөрү менен байланыша албагандыктан жыйналыштарга барган эмеспиз. Ал рухий саламаттыгыма таасирин тийгизбей койгон жок. Анан жергиликтүү Күбөлөрдүн бири келип жолугуп кеткенден кийин, мүмкүнчүлүгүбүз боло калганда ишинемдештерибиз менен байланышып турдук. Кубага кайтып келгенде, Ыйык Китепти изилдөөмдү улантып, рухий жактан кайра бутума туруп кеттим.

Ал кезде жолдошум Ыйык Китепке дале кызыга элек болчу. Анын кызыгуусун туудургум келип, Ыйык Китепке негизделген адабияттардын айрым жерлерин «окуп берчи, жакшы түшүнөйүн» деп сурана баштадым. Ал менин Мексикага көп барганыман улам үй-бүлөбүз бузулуп калбасын деп коркчу, ошон үчүн рухий биргелештигибиз бири-бирибизден алыс кездерибизде жардам болот деген ой менен Ыйык Китепти изилдөөнү чечти. Чын эле, биз үчүн бул чоң жардам болду. 1997-жылы жолдошум, мен, улуу кызыбыз — үчөөбүз чөмүлдүрүлүп, Жахабанын Күбөсү болдук.

Мексикага алгачкы барган кездерибизде Майлин: «Бетимди кичинекей доңуз жеп кетпегенде, атам менен эжемден кетмек эмеспиз»,— деп жүрдү. Чынында эле, бири-бирибиз менен узакка көрүшпөй абдан кыйналчубуз. Ошол кезде Мексикадагы Бейтелге — Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалына — барганыбыз канчалык дем-күч бергени айрыкча эсимде калды. Майлин операцияга (ошол барганыбызда жасаткан операцияларынын бешинчиси болчу) барбайм деп жаткан, себеби тигиштери айыккыча аябай оорутчу. Бирок филиалда кызмат кылган биртуугандар коркпой операция жасатып келсе, кече уюштуруп беребиз деп убадалашканда, Майлин макул болуп калды.

Ошондо кандай сезимде болгонун кызым өзү айтып берсин: «Бейтелде кече болот дегенге аябай кызыгып калдым. Ошон үчүн операция маалында коркпогонго тырыштым. Анан кече аябай жакшы өттү: көп рухий биртуугандар келишкен. Алар мага көп открытка тартуулашты, аларды сактап койдум. Биртуугандардын көңүл бурушу мага башка операцияларды да көтөрүүгө жардам берди».

Байкалуу жылыштар жана жардам

Майлин азыр 11де, бетин калыбына келтирүү үчүн 20 жолу «бычак жеди». Жасалган операциялар бир топ жардам бергени менен, кызым азыр да оозун чоң ача албайт. Ошого карабастан ал — кайраттуу, оң маанайлуу кыз, рухийликти абдан баалайт. Жыйналышта алты жашынан бери Теократиялык кызмат мектебине катышып келатат, ал эми 2003-жылы 27-апрелде чөмүлтүлдү. Анын үч ыйык китептик изилдөө өткөргөн учуру болгон! Мексикада жүргөнүбүздө Майлин бир киши менен сүйлөшүп калып, Ыйык Китепти изилдөөнү сунуш кылганда, ал макул болду. Анан аны Ыйсанын өлүмүн эскерүү кечесине жана башка жыйналыштарга чакырганда, абдан кызыгып катышып кетти.

Майлин үймө-үй кабар айтканда, айрымдар бетин көрүп: «Күйүп калганбы?» — деп сурашат. Майлин аларга келечекте Бейиште Жахаба Кудай ага сөзсүз жаңы бет берерин айтып, ыйык китептик үмүтү менен бөлүшөт (Лука 23:43).

Улам бир операциядан, балдардын шылдыңынан Майлинибиздин канчалык кыйналарын сөз менен жеткирүү кыйын. Ага чөгүп кетпөөгө эмне жардам берет? «Жахаба — менин эң жакын досум. Ал мага баарын көтөрүүгө күч, жардам берет. Бетиме дагы операция жасаткым келбейт, анткени баары бир врачтардын берген жардамы чектелүү: алар мен төрөлгөндө кандай болсом, кайра ошондой кыла алышпайт да. А мен билем, Жахаба мага жаңы заманда жаңы бет берет, ошондо мен мурдагыдай сулуу болом»,— дейт Майлин бекем ишеним менен.

[Шилтеме]

^ 15-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

[26-беттеги кыстырма]

«Жахаба мага жаңы заманда жаңы бет берет».

[27-беттеги кыстырма]

Бара-бара башыбызга түшкөн бактысыздыкка Кудай себепкер эмес экенин... түшүнө баштадым.