Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн нике ыйык?

Эмне үчүн нике ыйык?

Ыйык Китептин көзкарашы

Эмне үчүн нике ыйык?

НИКЕНИ ыйык деп эсептейм дегендер бүгүнкү күндө аз эместир. Анда эмне үчүн ажырашкандардын саны мынчалык көп? Кээ бирөөлөр никени махабат сезиминин негизинде бири-бирине убада берүү жана расмий келишим түзүү деп түшүнүшөт. Бирок адамдар үчүн убаданы бузгандан оңой иш жок. Никеге андай көзкараш менен карагандар, үй-бүлөсүндө азыноолок кыйынчылык-келишпестиктер пайда болгондо, көп ойлонбостон эки жакка басып кетишет.

Ал эми Кудай никеге карата кандай көзкарашта? Муну Ыйык Китептен, Кудайдын Сөзүнөн, Эврейлерге 13:4төн билүүгө болот. Ал аятта: «Никеңер адал болсун»,— деп айтылган. «Адал болсун» деп которулган грек сөзү «ыйык тутулсун» деген ойду да камтыгандыктан, кандайдыр бир нерсени баалоону, ардактоону туюнтат. Баалаган нерсебизди биз көзүбүздүн карегиндей сактоого, кокусунан жоготуп албоого аракеттенебиз. Никеге да ошондой мамиле кылынышы талап. Кудайга ишенген адам никесин ыйык тутуп, кенчтей сактайт.

Жахаба Кудай никени аял менен эркектин ортосундагы ыйык түйүн катары негиздеген. Анын никеге байланыштуу көзкарашына ортоктош экенибизди кантип көрсөтө алабыз?

Сүйүү менен сый көрсөтүү

Никени ыйык тутуу үчүн, жубайлар бири-бирин сыйлоого, урматтоого тийиш (Римдиктерге 12:10). Элчи Пабыл Ыйсанын биринчи кылымдагы жолдоочуларына мындай деп жазган: «Күйөөсү аялын өзүн сүйгөндөй сүйсүн, аял болсо күйөөсүн урматтасын» (Эфестиктерге 5:33).

Бирок кээде жубайлардын бири экинчисине тийиштүү түрдө мамиле кылбашы мүмкүн. Ошондо да Кудайга ишенген жары ага сүйүү жана урмат көрсөтүшү керек. «Көтөрүмдүү болгула, бири-бириңерди кечиргиле, эгерде бири-бириңерге нааразычылыгыңар бар болсо, Машайак силерди кечиргендей, силер да кечиргиле»,— деп жазган Пабыл (Колостуктарга 3:13).

Убакыт жана көңүл бөлүү

Никесин ыйык деп эсептеген жубайлар бири-биринин денелик жана эмоциялык муктаждыктарын канааттандырууга убакыт бөлүшөт. Аларга жыныстык мамилелер да кирет. Ыйык Китепте: «Күйөөсү аялына карата, аялы күйөөсүнө карата жубайлык милдетин аткарсын»,— деп айтылган (1 Корунттуктарга 7:3).

Тилекке каршы, айрым жубайлар күйөөсүнүн алыс жакка барып иштеп, көбүрөөк акча таап келишин зарыл көрүшөт. Кээде антип бөлөк жашоо узакка созулуп кетип, аялы менен күйөөсү үчүн олуттуу кыйынчылыктарды туудурган, атүгүл ойноштук кылууга же ажырашууга алып келген учурлар болгон (1 Корунттуктарга 7:2, 5). Ошондуктан Кудайга ишенген түгөйлөрдүн көбү никесин тобокелге салбоо үчүн, колунда бар оокатына ыраазы болуп жашашат.

Кыйынчылыктар пайда болгондо...

Никесин ыйык туткан жубайлар, кыйынчылыктар пайда болгондо, бөлөк жашоого же ажырашууга шашылбайт (Малахия 2:16; 1 Корунттуктарга 7:10, 11). Ыйса: «Ойноштук кылуу себеби менен эмес, башка бир себеп менен аялын кетирген адам аялынын ойноштук кылуусуна себепкер болот; күйөөсү кетирип жиберген аялды алган адам да ойноштук кылган болот»,— деген (Матай 5:32). Ыйык Китепке негизделбеген себеп боюнча ажырашуу же бөлөк жашоо никени ыйык көрбөгөндүккө жатат.

Үй-бүлөлүк жашоосунда олуттуу көйгөйлөргө кездешкен адамдарга берген кеңештерибиз да никеге кандай караарыбызды көрсөтөт. Аларга жагдайды дароо бөлөк жашоо же ажырашуу менен чечүүнү кеңеш кылабызбы? Кээде, албетте, өтө зөөкүр мамиле кылуу же үй-бүлөгө кам көрүүдөн атайылап баш тартуу сыяктуу олуттуу себептерден улам бөлөк жашоого туура келиши мүмкүн *. Мындан сырткары, жогоруда белгиленгендей, Ыйык Китеп боюнча, күйөөсү же аялы ойноштук кылган учурларда гана ажырашууга жол берилет. Ошондо да адамды «тигиндей же мындай чечим чыгар» деп түртүүгө болбойт. Анткени кабыл алган чечиминин натыйжаларын кеңеш берген адам эмес, кыйынчылыкка туш болгон адам тартат (Галаттыктарга 6:5, 7).

Жеңил ойлуулук менен мамиле кылбагыла

Айрым жактарда башка өлкөдө жашап туруу укугун алыш үчүн жалган никеге туруу көп кездешчү болду. Адатта, адам жашагысы келген өлкөнүн жараны менен акчага сүйлөшүп никеге турат. Көп учурда алар аялы-күйөөсү болуп жашамак турсун, достук мамиле да өрчүтүшпөйт. Ал эми өлкөдө жашап туруу укугун алган соң, ажырашып кетишет. Алар никесине ишкер макулдаштык катары гана карашат.

Ыйык Китеп боюнча, никеге андай жеңил ойлуулук менен мамиле кылуу натуура. Никеге кандай максат менен турушпасын, аялы-күйөөсү Кудайдын алдында өзүлөрүн милдеттендирген, ыйык келишим түзүшөт. Андай келишим түзгөндөр өмүрлүк жар катары баш кошот, ошондуктан Ыйык Китепке негизделген себеп жок болсо, ажырашууга жана башка никеге турууга жол берилбейт (Матай 19:5, 6, 9).

Ар бир олуттуу иште талап кылынуучу иш-аракет жана тырышчаактык бактылуу үй-бүлө куруу үчүн да зарыл. Никени ыйык тутпагандар кыйынчылыктарга туш болгондо ажырашып кетиши мүмкүн же алардын үй-бүлөлүк жашоосу начар болуп калышы ыктымал. Ал эми никенин ыйыктыгын түшүнгөндөр Кудай аялы-күйөөсүнүн чогуу болушун каалаарын билишет (Башталыш 2:24). Алар өз ара ынтымак-биримдик өрчүтүүгө аракеттениши менен Кудайды, никенин Негиздөөчүсүн, даңкташарын түшүнүшөт (1 Корунттуктарга 10:31). Андай көзкараш аларга кыйынчылыктарды жеңип, үй-бүлөсүнүн бактысы үчүн күч-аракетин аябоого жардам берет.

[Шилтемелер]

^ 14-абз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 1989-жыл, 1-сентябрь, 14, 15-беттер (ор.).